Добавить статью
20:35, 5 февраля 2020 14572

Ой-пикир: Эне тилибиз жөнүндө эки эссе

1. Эне тил үйдөн, өзүбүздөн башталат

Кыргыз тилинин аянычтуу абалы жөнүндө сөз болгондо нааразы болбогон адамды табыш кыйын. Тилибиздин мындай абалы үчүн ким күнөөлүү деген суроого жооптордон чоң тизме түзсө болот: бала бакча, мектеп, жогорку окуу жайлар, Улуттук илимдер академиясы, терминологиялык комиссия, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, мамлекеттик бардык мекемелер, өкмөт, парламент, мамлекет башчысы, атка минерлер, мугалимдер, окумуштуулар, журналисттер. Кийинчерээк кээ бирлер буга расмий тилди да кошууда... Бирок бул тизмени түзүүгө катышкан адамдардын бири «менин дагы күнөөм бар» дегенин бүгүнкүгө чейин уга да, көрө да элекмин. «Менде күнөө жок» деп ойлогондорго эки эле суроо бергим келет:

1. Сиз орусча сөз аралаштырбай кыргызча таза, сабаттуу сүйлөп, жаза аласызбы?

2. Сиздин үй-бүлөдө баарыңар кыргызча таза, сабаттуу сүйлөйсүңөрбү?

Менин «оптимисттик» божомолум боюнча миңибиздин бирибиз эле 1-суроого «ооба» деп так жооп беришибиз мүмкүн. Ал эми 2-суроо боюнча «оптимист» боло албайм. Себеби ага жүз миңдин ону «ооба» деп так жооп берерине ишенбейм.

Ушуга байланыштуу бир окуя эсиме түштү. Мындан алты жыл илгери мен мурда иштеген мамлекеттик мекемеде мамлекеттик тил боюнча бир айлык өткөрдүк. Бул тармакты тейлеген адис эжебиз мекемеде өтүп жаткан ар бир чогулушка катышып, кызматкерлердин сүйлөгөн сөздөрүн диктофонго жазып жүрдү. Протокол толтуруп, ким кандай сүйлөгөнүн «буюм далил» менен ырастап, жума сайын жыйынтыгын чыгарып турду. Бул мезгилдин ичинде жүздөн ашык адам (баары кыргыз) адистин сынагынан өттү. Жетекчи баш болгон кызматкерлердин арасынан бирөө эле кыргызча сабаттуу, таза сүйлөгөн кызматкер катары таанылып, байгелүү болду. Калгандары алды 10, арты 2 жолу орусча аралаштырып сүйлөгөнү аныкталды. Мына, жогорку билимдүү, тажрыйбалуу делген адистердин мамлекеттик тилде сүйлөө деңгээли.

Эми 2-суроонун айланасында сөз кылалы. Коммунисттик партиянын доорунда орус тилин билүү сабаттуулуктун, билимдүүлүктүн негизги көрсөткүчү болуп саналган. Бул тил артыкчылыктуу орунду ээлеп, аны билгендерге жеңилдиктер берилгени белгилүү. Ошондуктан ал мезгилде көпчүлүк адамдар орус тилин билген адамдарды коомдун каймагы, элитасы, тескерисинче ал тилди билбегендерди интеллектиси анча жетишсиз адам катары баалоо түшүнүгү калыптанган. Баарынан таң калычтуу парадокс жагы – ошондой ой жүгүрткөндөрдүн көбү өзүбүздүн эле кыргыздар болгон. Тилекке каршы, айрымдар мындай психологиядан бүгүнкүгө чейин арыла албай келе жатат. Алар ошол артыкчылыктарга бүгүн да басым жасап, кыргыз тилине жеткиликтүү баа бере албай жатышат. Ошентип, алар үй-бүлөсү – балдары, неберелери менен орусча баарлашып, алардын эне тилин жакшы билбей же такыр өздөштүрбөй калуусуна себепкер болууда. «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат».

Демек, күнөөнү башка жактан таппай, өзүбүздөн издейли. Ушуга байланыштуу мисалдарды келтирейин.

Этикалык негиздерден улам мен атын атабаган досум да, жубайы да кыргызчаны жакшы билишет, бирок үй-бүлөсүндө дайыма орусча сүйлөшөт. Балдары дагы расмий тилде баарлашат, кыргызча сабаттуу сүйлөй албагандыктан, айылдан келген орусча билбеген улгайган кишилер менен сүйлөшкөндөн жаа бою качышат. Мында, албетте ал балдардын күнөөсү жок. Мен досума сын-пикиримди айтсам, ал: «Бала бакчада ушинтип атпайбы, мектепте жакшы окутпай атпайбы» деп, өзүнүн буга эч кандай тиешеси жоктой сезет. Мен досумдун жогоруда айтылган психологиянын, аң-сезимдин чеңгээлинен чыга албай жүргөнүнө көзүм жетти.

... Менин таякемдин беш баласы Совет доорунда орус тилдүү бала бакчаларда тарбияланып, орусча мектептерде окуп, орус тилдүү жогорку окуу жайлардан билим алышкан. Бирок баары тең кыргызча сабаттуу сүйлөшөт. Бала бакча, мектеп же жогорку окуу жайы, же болбосо мамлекет күнөөлүү бекен?!

Алыс барбай эле өзүм көрүп-билген, күбө болгон дагы эки мисалды келтирейин. Ишенбай атам (атамдын бир тууган агасы) Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Украинада фашисттерге каршы салгылашкан. Улуу Жеңиштен кийин ошол республикада аскердик кызматын улантып калган. Софья аттуу украин кызына үйлөнүп, бир уул, бир кыздуу болушкан. Кыргызстанга көчүп келгенине 70 жылга жакындап калды. Ишенбай атам каза болгонуна 30 жылдан ашты, Софья апабыз 92 жашка чыкты. Алар көчүп келип эле көл жээгинде негизинен орус улутундагылар жашаган чакан айылда жашап калышкан. Ошондуктан болсо керек, Софья апабыз бүгүнкүгө чейин кыргызча түшүнөт, бирок жакшы сүйлөй албайт. Жөнөкөй гана сөздөрдү сүйлөйт. Таякелерине окшош Борис абам да, Алтынкыз эжем да кыргызча түш жорушат. Алар деле орус тилдүү бала бакчаларда тарбияланып, орусча мектептерде окушкан. Кыргызча билбей калса ошол агам, эжем билбей калат эле да?! Мен Ишенбай атамдын балдары менен орусча сүйлөшкөнүн уккан эмесмин.

Үй-бүлөсү кыргызча сүйлөмөк тургай, кыргызды көрбөгөн америкалык ыктыярчы (волонтер) Жексон кыргыз мектепте же курста окубай эле, менин классташым Кубандын үйүндө бир жыл жашап, кыргыз тилин жакшы өздөштүрүп алган. Бирөө тамашалап, «кыргызча таза сүйлөйт экенсиң, Жексонго эмес, Жекшенге окшойсуң» десе ал бул ысымды жактырып, өзүн башкаларга Жекшен деп тааныштырып калат...

Мындай мисалдар көп кездешет. Бир чындыкты моюнга алууга тийишпиз: эне тил үйдөн, өзүбүздөн башталат.

Дегеле «үйрөнөм» деп ниет кылган адам аракеттенсе эле тил үйрөнө турганы белгилүү. Кыргыз тилинде жыш колдонулган сөздөргө изилдөө жүргүзгөн Улуттук илимдер академиясы 50 миңден ашык кыргыз сөз корунун үч миңге жетпеген сөзү гана такай колдонуларын аныктаган. Андай болсо, кыргызча такыр билбеген адам күнүнө 3 эле (!) сөздөн жаттаса, 3 жылдын ичинде (!) кыргызча сайрап чыгат экен!

Албетте, мамлекеттик тилибизге дайыма олуттуу көңүл бурулуп, тиешелүү мамлекеттик мекемелер, кызмат адамдары бул багытта тутумдуу, ырааттуу, план ченемдүү, жоопкерчиликтүү иш жүргүзсө, көйгөй маселелер азаймак, кыргыз тилибиз мындан да өркүндөмөк. Эч болбоду дегенде «башкалар күнөөлүү» деген мекендештерибиздин аң-сезими өзгөрмөк.

2. Башка тилди сыйлайлы, бирок ага сыйынбайлы

Мен мурдагы макаладагы ойлорду айтуу менен расмий тилди үйрөнүү же билүү зарыл эмес дегенден алысмын. Тил саясаты жөнүндө сөз болгондо расмий тилди мамлекеттик тилге каршы коюп, тилибиздин өнүгүүсүнө тоскоол болгон фактор катары белгилөө фактылары орун алууда. А түгүл, аны Баш мыйзамдан алып салуу идеялары дагы айтылууда.

Бул маселе бүгүн ошончолук эле актуалдуу жана чечилиши реалдуу болуп саналабы?

Мындай пикирлер ал жобо Баш мыйзамга киргизүү сунушталган мезгилден тартып эле айтылып келатат. Демек, бул жаңы идея эмес. Анын мезгил-мезгили менен козголуп жатышынын ар кандай себептери бар. Анткени тил маселеси – улуттун иденттүүлүгүнө, ар-намысына, кадыр-баркына, келечегине, тагдырына тиешелүү, патриоттук сезимдерге олуттуу таасир этүүчү маселе. Андыктан аны козгоп жаткан адамдардын пикирлеринен кыйкым таап, алардын ойлоруна бир беткей баа берүү туура эмес.

Экинчи жагынан, ал демилгеде көбүнчө саясат роль ойноп жатканын моюнга алуу керек. Себеби Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселе – бул чоң саясат. Ушуга байланыштуу расмий тилди Баш мыйзамдан алып салууну демилгелегендер айрымдардын «саясий упай топтош же дагы эле саясатта бар экенин эскертип коюш үчүн козгоп жатышат» деген айыптоосуна дуушар болууда.

Менимче, демилгечилер ал идеянын ишке ашуусу бүгүн реалдуулуктан алыс экенин, андай өзгөртүү негизинен Кыргызстан менен анын стратегиялык өнөктөшү болуп эсептелген мамлекеттин ортосундагы мамилеге тескери таасир этиши мүмкүн экенин өздөрү деле жакшы түшүнөт.

Ушуга байланыштуу: «Расмий тилди Баш мыйзамдан алып салуу ошончолук эле зарылбы?» деген суроо туулат. Макул, алып салдык дейли. Ошондо эле мамлекеттик тилибиз дүркүрөп өсүп, өнүгүп, өркүндөп кетеби?

Чындыкка реалдуу, калыс карап, расмий тилди күнөөлөбөй, эне тилибизди өзүбүз сыйлап, ардактап, өздөштүрүп, өнүктүргөнгө күч-аракетибизди жумшабайлыбы?!

Маселенин практикалык өңүтүнө көңүл бурсак, орус тилинин учурдагы ролуна жана ордуна маани бербөө кыргыз калкы үчүн зыян натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Башкасын айтпаганда да орус тилин билбеген кыргыз интернетти жогорку деңгээлде пайдалана алабы? Илим, техниканы, жаңы технологияларды, алардагы жаңылыктарды, жетишкендиктерди кайсы тилде окуп, өздөштүрө алат? Пушкин, Толстой, Чеховду, өзүбүздүн Айтматовду түп нускада окуп, түшүнө алабы? Россияда миллионго жакын мекендештерибиз – кыргыз мигранттар жүрүшөт, бул мамлекетке көчүп кетип жаткан же барып оокат кылам деп даярданып жүргөн замандаштарыбыз азайдыбы? Алар орус тилин жакшы билбей кор болуп жатышкан жокпу же көчүп барса кор болбойбу?! Ушул айтылгандар башка чет тилдерге дагы тиешелүү.

Башка тилдерди дагы сыйлайлы, бирок аларга сыйынбайлы. Биз орус тилинин расмий макамына кайта-кайта асылып, жаштарга аны жерүү психологиясын сиңиргендин ордуна көпчүлүк кыргыз мектептеринде, башка окуу жайларында бул тилди окутуунун сапатын жакшыртууга күч-аракет жумшообуз зарыл.

Мен буларды расмий тилди коргоюн деген максатка айткан жокмун (бул пикирлерим үчүн мага сын такчулар четтен чыгаарын да билип турам). Эл аралык тилдердин бири болуп эсептелген орус тили коргоого муктаж эмес. Муну эстен чыгарбай, анын позитивдүү жактарын (алар өтө көп) колдон келишинче пайдалануубуз абзел.

Жыргалбек Турдукожоев, публицист

05.02.2020

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×