Добавить статью
4:53, 14 марта 2011 10515

Кыргызстанга демократияны Акаев эмес, Бакиев эмес, ошол «кодо», «жети жүздүү» Эшимканов орнотту

Мелис Эшимкановтун «Шыпыр» аттуу макаласына маданиятсыз пикир жазгандар өз ойлорун жарыялаптыр. Эшимканов ким да, ошолор ким? Эшимканов Кыргызстандагы демократия күзгүсү. Чындыгында Кыргызстанга демократияны Акаев эмес, Бакиев эмес, ошол «кодо», «жети жүздүү», «полит...проститутка» Эшимканов орнотту. Бүгүнкү улут «кеменгерлери» - Атамбаев, Текебаев, Бекназаров ж.б. ыйы, кезегинде кудайга, ушу Эшимкановтун колу менен жетип турганын ким танат экен?

Саясаттагы өзүнөн улуу «акшакалдардын» тилин алам деп жүрүп, жанагындай ой жүгүртүүсү баш сөөгүнөн сыртка чыкпаган түркөйлөргө жек көрүнүп олтурат, байкуш. Ал эми дүйнө таанымы жогору, жашоонун ак-карасын ажырата билгендердин, Эшимкановго көз карашы мурдакыдай эле. Ошондуктан жанагындай, тилине ээ боло албаган көчөдөгүлөрдүн пикирин жарыялоодо бир аз абайласаңыздар, сиздерден сураныч?

Тек гана Эшимканов жөнүндө эмес, жалпы эле эл оозунда жүргөн инсандарыбыздын атына жазылган пикирлерди таразалап туруп, анан жазсанар?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×