Добавить статью
11:11, 14 марта 2011 177473

И.Раззаков атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылып турса, келечек муундар үчүн чоң тарбия болмок

Ош МУнун илимий иштер жана сырткы байланыштары боюнча проректору, биология илимдеринин доктору, профессор Т.Жумабаева

Советтик доордогу кыска 70 жылдык тарыхыбызда Кыргызстан компартиясынын биринчи кыргыз катчысы, элибиздин чыгаан уулу Исхак Раззаковду баалай албай, аны бөтөн элде кор кылып «чөптү корлосо, көзгө зыян» болот болуп, анын кээси менен президенттерге жалчыбай жаткан жокпузбу?

И.Раззаков 1945-1961 –жылдары согуштан кийинки саясий татаал, экономикалык жокчулук мезгилде кызматка келип, кыргыз эли, кыргыз жери, кыргыз маданияты, кыргыз тили деп күйгөн, кыргыз элинин экономикасын, илимин-билимин, өнөр жайын, айыл-чарбасын көтөрүүгө чоң салым кошкон улуу инсан.

И.Раззаковдун билим берүү, илим жана маданият жаатында жасап кеткен иштеринин ирилерин эле келтирүү менен Кыргыз мамлекетин түптөөгө кошкон эбегейсиз зор салымы бар экендигин баса белгилөөгө болот.

Анын жетекчилигинде Илимдер Академиясы, Кыргыз мамлекеттик (улуттук) университети, кыргыз-кыз келиндер педагогикалык институту (гендерист), дене-тарбия, политехникалык институттары, Ош, Пржевальск пединституттары ошондой эле автожолдор, соода, машина куруу, медициналык, педагогикалык атайын орто окуу жайлары ачылган.

Республикада кыргыз кадрлардын аздыгын байкап, улуттук кадрларды даярдоодо Москва, Ленинград ж.б. шаарлардагы жогорку окуу жайларга кыргыз жаштары үчүн конкурссуз орундарды алган.

Мектептерде 1-3-класстар үчүн бекер тамак берүүнү уюштурган.

Исхак Раззаков кыргызстанда жашаган элдердин биримдигин, достугун, келечегин, илим-билим, маданиятын кыргыз тили менен байланышта карап, республиканын бардык мектептеринде кыргыз тилин предмет катары киргизген жана Фрунзе шаарында алгачкы кыргыз орто мектебин ачтырган.

Эгерде бул чечим туура кабыл алынып, учурунда колдоого ээ болуп, Кыргызстанда жашаган башка улуттар кыргыз элин сыйлап, жерин урматтап анын тилин, маданиятын үйрөнүүгө умтулганда улуттар аралык 1990-жыл, 2010–жылдардагы чоң апаат, жана майда конфликттер чыкмак эмес. Анткени элибизде «Тил билсең, дил билесиң» деген накыл кеп бар эмеспи.

Кыргызстанга келип иштеп жаткан корей улутундагы жигиттин (Сю Ил - Арстан Ош МУ) сөзү: «Мен 10 жылда кыргыз элине урмат катары тилди үйрөндүм, кыргыз тилинде сүйлөй, ал тургай ырдай да алам. Анткени мен бул жерде жашап, иштеп жатам. Ошондуктан Кыргызстанда төрөлүп тилин билбегендерди түшүнбөйм». Демек Кыргызстанда жашап кыргыз тилин билбеген, аны кабыл албаган кадрларды даярдоонун муктаждыгы канчалык зарыл.

Бизге демократиянын үлгүсү болуп көрүнгөн, өнүккөн өлкөлөргө барыш үчүн ушул эле Кыргызстанды жердеген «жердештерибиз» атайын курстарга жазылып алардын тилин үйрөнүп, экзамен тапшырып жатып «Кыргызстанда төрөлүп, жашап, тилин билбегендигине, ага карабастан иштеп, тиешелүү жараандык укуктарга ээ экендигине ыраазы болуп, эмне үчүн ушул тилим менен башка өлкөдө иштей, жашай албайм деп?» жок дегенде бир ирээт ойлонушту бекен? Жараандык укугу кайсыл жерде кенири сакталаарына, демократия кайсыл жерде бар экендигине ынаныштыбы?

И.Раззаков кылган иштери, адамдык сапаттары, басып өткөн жолу боюнча өсүп келе жаткан жаштарыбызга жана камчыга сап мыкты уул-кыздарыбыз үчүн өмүрү өрнөк болуучу бирден бир улуу инсан. Интернационалист, демократ, саясатчы, экономист, менеджер, инженер, педагог, маданият таануучу, адабиятчы (А.П.Чеховдун чыгармаларын өзбек тилине которгон), өтө сөзмөр - чечен адам болгон. Үзөнгүлөштөрүнүн айтуусунда ага кудай өндү да, акылды да, кызматты да аябай берген.

И.Раззаковдун Кыргызстандын айыл чарба, өнөр-жай тармактарынын өнүгүшүнө кошкон салымы да эбегейсиз. Ал Чон-Чүй, Кулунду, Отуз-Адыр каналдарын курууда, Орто-Токой, Папан, Киров, Төрт-Күл суу сактагычтары, аба, суу, автоунаа жол (Төө-Ашуу), темир жол (Кант-Рыбачье), катнаштарын кенейтүүдө, таш-көмүр кендерин казып алууда жана Орто Азия республикаларын камсыз кылууга, шахталардын ачылышына, Кара-кече кенин иштеттүүнү жана тездетүүнү да, Сурьма комбинатынын ачылышына жана анын экспорттолуусуна өтө чоң салым кошуп, Ленин, Фрунзе заводдорун, Кыргызавтомаш заводун, камволдук-нооту комбинатын ачкан жана өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө инженердик адистерди даярдоо зарылдыгына токтолуп, борбор калаада политехникалык институтту ачкан.

И.Раззаков Кыргызстан КПБК 1-катчысы болуп турган мезгилде Кыргыз ССРи жетишкендиктери үчүн 2 жолу Ленин ордени менен сыйланып, түрдүү тармакта эмгектенген көптөгөн эмгек алдыңкылары Социалисттик Эмгектин Баатырлары болушкан.

Кыргыз маданиятын жогорулатууга да чоң көңүл бөлүнүп, Опера жана балет театры курулган. Кадрлардын сапатын жогорулатуу менен илимий жетишкендиктери экономиканы түрдүү тармактарын өнүктүрүүгө пайдалануу үчүн Кыргыз илимдер академиясы ачылган.

Манас эпосун да «интернационалисттерден» элдик мурас катары сактап калган жана аны изилдөө ишин мамлекеттик деңгээлде жүргүзө баштаган.

Кыргыз эл акыны А.Токомбаевдин «өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» деген таамай кебиндей жана «Кыргыз Туусу» газетасынын беттеринде жарыяланып келе жаткан авторлордун үнү - элдин үнү, жер жерлердеги жана Ош мамлекеттик университетиндеги И.Раззаковдун 100 жылдыгына арналган илимий конференциялардын кайрылуулары КР президентине, өкмөтүнө, Жогорку Кенешке жетип, анын 100 жылдыгына карата анын Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө кошкон салымдарын эске алынып, Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилгендиги - мезгилдин талабы, элдин баасы. Ошону менен катар эле, мамлектибиздин чыгаан уул-кыздарына Республикалык деңгээлдеги, кыргыз мамлекетин өнүктүрүүгө кошкон мыкты эмгектери, салымдары үчүн И.Раззаков атындагы мамлекеттик сыйлык каралып, ыйгарылып турса, келечек муундар үчүн чоң тарбиялык мааниге ээ болмок.

Кайсы бир айылдын атка минер, тыңчыкмасы иштен түшсө, элин көтөрүп, Ак үйдүн алдын, жолду торой берсе, шайлоо жыйынтыгын бурмалап, элдин добушун эске албай бир нече топ дагы чыкса, бийликти 200-300 «боевиктер», «ОБОНдор» менен кыйкыртырып алмаштыра берсек...

Көптөн күткөн шайлоо да өтүп, партиялардан коалиция октябрь-ноябрь айларында аран куралып, эми андан кийин бийлик жетпей калган парламентичилер «өкмөт, коалиция жакшы иштебеди» деп эл алдында бири-бирин каралоо менен, кайрадан «алтернативдүү өкмөт» куруп, көмүскөдө «папке» бөлүштүрүү менен гана алек болуп жатса “кайран эл» дебеске арга жок, элибиздин келечеги эмне болот деген гана бүдөмүк түйшөлүү?!

Эзелтен эле байлык, бийликтен рухту бийик баалап, ыйман нарктарын ыйык тутуп, жашоо эрежелерине айланткан кыргыз элибиздин келечеги жана бактысы - эл ынтымагы, журт биримдигинде экендигин унутпастан, алакандай кыргыз элибизди бөлүп жарган саясаттан алыс болуу менен «Эл байлыгы – адилет, таянычы –калыстык, келечеги –акыйкат» деп, элибиз башкарууда туу тутуп келген Адилет, Калыстык, Акыйкатты ар кимибиз жашообуздун туткасы кылып кабыл алсак.

Кубаттуу, күчтүү, дөлөттүү, намыстуу кыргыз элибиздин көрө албаган душмандары – алар элди алдап, аны карызга батыргандар, эскичил жанычыл, капитализм-социализм деп тапка бөлүп ыдыраткандар, либерал-социал, демократ ж.б. жүздөгөн партияларды түзүп элди бөлгөн саясатчылыр, «акыл айтып, кеңеш берип» аңдып турган байкоочу, тынчылар ж.б.

Акыркы окуялар жаштарда жашоодогу негизги жол катары байлык топтоого жана байлык аркылуу бийликке келүүгө (любой ценой, даже ценою жизни других людей!) ар кандай жолдор менен умтулуу басымдуулук кылып калгандыгын көрсөттү, (б.а. кандуу жол болсо да, кайра тартпастан), ал эми кээ бир саясатчылардын буга көмөктөш болгондугу кайгыртпай койбойт.

Материалдык байлык биринчи орунга коюлуп, мансап, акча, амал – шайтан азгырыгы жаштарды чырмап турган учурда, мамлекеттин биринчи байлыгы бул – анын адамдык ресурсу экендигин, ар бир инсан коомдун өлчөөсуз байлыгы экендигин унутуп бара жаткандык албетте өкүнүчтүү.

КР президенти Р.Отунбаева да бекеринен айтпады окшойт «бизде эл өтө саясатташып кеткен» деп. Келгилечи ар кимибиз бирөөлөрдү эле сындабастан, өз кемчилигибизди да көрө билип, «мен кантип Кыргызстанымды көтөрүүгө, элди жыргалчылыкта жашоого, экономикасы өнүккөн алдыңкы мамлекеттердин катарында болууга салым кошо алам» деп, багыт алып, ойлонолу, ойлорубуз, долбоорлорубуз болсо сунуштайлы.

Эл чарчады талаштан, митинг, кыйкырыктардан, «элдик революциялардан», куруу убадалардан.

Биз саясатчы, мамлекеттик чиновник, экономист, менежер, башкаруучу же депутат да эмеспиз. Эмне кылып, кандайча Кыргызстанды ондоого салым кошо алабыз?

Билим берүү жаатында эмгектенген, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуучу, анын бүтүндүгүн сактоочу адам катары:

Кыргыз элинин экономикасын көтөрө ала турган, компетенттүү, келечектүү кадрларды даярдоого салым кошуу менен;

Элин, жерин сүйгөн, эч кандай баалуулуктарга Ата-Журтун алмаштарбаган Мекенчил жаштарды тарбиялоо аркылуу;

Билимдүү, компетенттүү адистерди даярдоо үчүн зарыл болгон окутуу усулдарын, жаңы технологияларын, билим берүүнү уюштуруу жана башкаруу системаларын жаңыртуу жолдорун изилдөө жана Кыргызстандын билим берүү системасын реформалоо аркылуу келечек муундарга таалим тарбия берүүдө да, жаштарга карата өзгөчө улуттук баалуулуктарды, мекенин сүйгөн патриот жаштарды тарбиялоого үндөөчү идеологияны иштеп чыгуу зарыл деп эсептейбиз.

Кыргызстандын келечекте саясий, социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн ар түрдүү тармакта билимдүү компетенттүү кадрлар сөзсүз керек. Демек билим берүү системасы толук түп тамырынан реформалоого муктаж. Мугалимдин статусун көтөрүү, айлыгын жогорулатуу - бул зарылдык. Совет доорунда айылда той болгондо мугалим төрдө болсо, учурда төр бай-бардар коммерсанттыкы. Жаштар, бүтүрүүчүлөр педагогикалык адистиктерге окууну да каалашпайт, анткени рыноктук шартта мугалимдин алган айлыгы анын күндөлүк жол киресин да актабайт. Ошондуктан, билим берүү жаатында «коррупция» да жашап келет. Коомду тазалагыбыз келсе бала бакчадан, мектептен башташыбыз абзел.

Ар кимибиз өз багытыбызда тапшырылган жумушубузду так жана таза аткарсак «Коом бул – сен жана мен. Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот» деген И.Раззаковдун сөзүн туу тутсак Кыргызстанды, кыргызстандыктарды жаркын келечек күтүп тураарына ишенүүгө болот.

Дегеле Кыргызстаныбызда ата-бабаларыбыздан келе жаткан эркиндигибизди, эгемендүүлүгүбүздү, элибизди, жерибизди сактап, экономикасы көтөрүлгөн, жаркын жашоо жаштарыбызга буюрса экен!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-03-2011
 Микроскоп алдында жаралган өмүрлөр
120031

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×