Добавить статью
10:41, 21 апреля 2011 42797

Мамлекеттик символика тууралуу

Дүйнө өлкөлөрүн айырмалап турган эң башкы белгилер – алардын мамлекеттик символдору. Тактап айтканда, өлкөнүн туусу, мамлекеттин гимни жана ага өлкөдө расмий түрдө таанылган мамлекеттик тилди кошуп кетүүгө болот. Акыркы мезгилде ушул символдордун айланасында ар түркүн сөз болуп, телеберүүлөрдө айрым ачык пикирлер айтылып жатат. Мен дагы четте калбай өзүмдүн жеке оюмду айтып кетүүнү туура көрдүм. Себеби, карапайым калк ичиндеги ачык кепти угуп туруп, четте калуу туура эмес деп ойлойм.

Алгач, мамлекетибиздин Туусун кабыл алууда анын түсүн талкуулап, кийин күндүн тик чачыраган нуруна токтолушкан. Натыйжада, түсү – кызыл, нурлары – бир тарапка иймектелип берилген. Азыркы талаш эмнеде? Дагы эле ошол түсүндө жана нурунда болуп жатат. Талкуулоо чөйрөсү: айрым саясатчылар жана интеллигенциянын айрым өкүлдөрү. Ал эми элдин оюу, пикири кайда? Алыс кетпей акыркы мезгилдеги эле маанилүү окуяларды алалы. Спортто: ар кандай масштабдагы олимпиада оюндарында биздин жаштар бир нече жолу “кыргыз желегин” желбиретип, өлкөбүздү дүйнөгө таанытып келе жатат. Саясатта: расмий делегациялар чет өлкөгө барганда дал ушул желек илинип, ал гана эмес Бириккен улуттар уюмунун алдында да желбиреп турат. Биздин элди ушул желек аркылуу таанышат эмеспи. Дүйнө элинин көзүнө азыркы желегибиз каныгып калды. Билим берүүдө: мугалимдерибиз Герб менен бирге Туубуздун философиялык маанисин мектеп окуучуларына, студенттерге талыкпай, терең ой жүгүртүү менен чечмелеп, түшүндүрүп келе жатат. Жаштарыбыз 20 жыл ушул философиялык ойлорго сугарылып келди. Ал гана эмес, бийликке болгон нааразычылыктан улам, элибиз ушул “тууну” колго алып, өлкөнүн жакшы турмушу үчүн өз жанын курмандык кылышкан, аскердик кызматтагы эки жоокер аянтта ушул желекти коргоп, өз ыйык милдетин аткарышкан.

Жаштар арасында патриоттук сезимди көтөрүү жана улуттар арасында ынтымакты чыңдоо максатында борбор калаабызда жана республиканын аймактарында кыргыз желегин кабыл алуу күнүнө карата жөө жүрүш акциялары болуп өттү. Эгерде эл ичинде “желегибизди” өзгөртүү же аны алмащтыруу ниети болсо, мындай иш-чаралар көпчүлүктүн колдоосу менен өтпөйт эле. Жаштарыбыз “өлкө желегинин” элеси түшүрүлгөн саркеч кийимдерди кийип, кол баштыктарын көтөрүп, баш кийимдерин кийип көчөдө баспайт эле.

Ал эми Гимн тууралуу айтсак, айрым адамдар “колумду төшүмө койбойм, ансыз деле өз элимдин патриотумун” десе, кээ бир бийлик жетекчилеринин гимн менен дегеле иши жоктой. Эгер эл башында турган жетекчилер ушундай мамиле кыла турган болсо, жөнөкөй эл жөнүндө айтып деле кереги жок окшойт. Кандай гана болбосун, балдар бакчасындагы тарбиячыларга, мектептеги мугалимдерге терең ыраазычылык айтуу керек. Алар жаш муунга тарбия берүү менен ушул Туубуз сүйгөнгө, гимнибизди жатка билип, ыйык сезим менен ырдаганга үйрөтүп келишет. Азыркы учурда “желектин” кызыл жана көк түсүндөгү, “гимндин” саптарындагы сөздөрдүн философиялык ойлору канчалык маанилүү? Эгер ал философиялык ойлор чындыгында эле өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүнө, элибиздин жыргал турмушта жашап кетүүсүнө ачык шарт түзсө, анда ал чечимге барууга болот. Бирок, ал ойлор экономикалык негизди түзгөн теория же өнүгүүнүн формуласы эмес да. “Бул символдорду алмаштырсак эле, эртеңки күнү бардыгы өнүгүп, жыргап жашап кетет” деп ким кепилдик бере алат. Эч ким бере албайт! Же бул дүйнөлүк практикада колдонулган, жыйынтык берген нерсеби? Андай так далил да жок.

Дегеле, “улуттук экономика”, “улуттук каада-салт”, “улуттук стратегия” деген сөздөр эл ичинде дагы, расмий иш-чараларда дагы кеңири айтылып, колдонулуп келет. Ал эми, “кыргыз тили” жөнүндө сөз болгондо эле, “улутчул” деген сөздөрдү жармаштыра коюу адатка айланып бара жаткандай. Бул өтө таң калыштуу нерсе. Биринчиден, кыргыз тили улуттук тил эмес – “мамлекеттик тил”. Ал эми биздин мамлекет көп улуттуу өлкө. Экинчиден, өлкөбүздүн калкынын дээрлик көпчүлүгү кыргыз тилинде - өз “эне тилинде” сүйлөшөт. Тил боюнча адам укуктары, мамлекеттик тилдин колдонулушу боюнча Баш мыйзамда жана “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамда өтө кеңири жана түшүнүктүү жазылган. Бул ишти терең саясатка аралаштырып, оң-тескерин талдоого алуунун өзү туура эмес. Турмуш чындыгын карап көрсөк, “жаманбы-жакшыбы” тилибиз өнүгүп, кеңири кулач жайып жатат. Ага мисал, Жалал-Абад областтык тил комиссиясы мамлекеттик тил көйгөйүнө байланыштуу кыргыз элине кайрылуу жасады (10.02.2011), борборубуздагы жаштар уюмунун бири бийликке кыргыз тилин өнүктүрүү, мамлекеттик кызматчылардын милдеттүү түрдө кыргыз тилин билүү талабы менен расмий түрдө кайрылды, бүтүндөй аймактарда тилди өнүктүрүү боюнча семинарлар өтүп жатат. Эгер эл өзү каалап, колдоо сурап жатса, бийлик эмне үчүн каршы туруусу керек. Мен өзүм мектепти дагы, жогорку окуу жайын дагы орусча окуп, ачыгын айтканда, кыргызча жакшы түшүнүп, жакшы сүйлөшө албайт элем. Ал учурдун талабы башка, азыркы учурдун талабы башка болуп жатат. Өз алдынча “мамлекеттик тилди” үйрөнүп, билимимди өркүндөтүп жатам. “Кандай адам интеллигент, жогорку маданияттуу адам боло алат” деген суроого бир улуу даанышман адамдын жооп айтканы эсимде. “Эң алгач өз эне тилин, өзү жашаган өлкөнүн тилин, тарыхын жана маданиятын мыкты билип, андан соң башка элдин тилин жана маданиятын үйрөнүүгө дилин койгон адам гана жогорку маданияттуу адам боло алат” деген эле. Азыр болсо, каалагандар үчүн дүйнөнүн башка тилин үйрөнүүгө кеңири жол ачык. Ага эч бир адам тыюу сала албайт. А бирок, мыйзам түрүндө кабыл алынган “мамлекеттик тил” башка терс сын-пикирлерден алыс болуп, чагымчыл идеялардан четтеп, өз күчүндө болууга тийиш деген ойдомун. Анын коомчулук үчүн эч кандай зыяны жок. Бардык көйгөйдү туура жол таап, чечүүгө болот. Болгону, эл пикирин эске алсак...

Мен бул сөзүмдө Тууну жана Гимндин текстин талкууга албастан, жалпы элдин гана пикирин билдирсем деген ой болду. Балким, ушул сөздөрдөн кийин мага карата айтылган сын-пикирлер же колдоого ала турган сөздөр болоор. Сөзүмдүн акырында айтаарым, турмуштун, мезгилдин өз агымы болот. Ага каршы чыгуу – ашыкча көйгөйлөрдү жаратуу дегенди түшүндүрөт. Азыркы учурда элдин жашоосун оңдоо, экономикабызды алдыга жылдыруу, эл биримдигин сактоо биздин милдетибиз. Кыргызстандын жараны катары менин да эң башкы милдетим.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

09-06-2011
Жарандык жана мамлекеттер аралык мамиле...
30535

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×