Добавить статью
6:52, 3 мая 2011 122248

Мамлекеттик тил саясий курал эмес

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү мамлекеттик атка минерлердин кайдыгер мамилесинен улам дале болсо көйгөйгө айланууда. Азаркы учурда кыргыз тили республиканын түндүгүндө орус тилинен «кордук» көрүп жатса, республиканын түштүгүндө өзбек тилинен «ыдык» көрүп келет. Баарынан да мамлекеттик тил – саясый топтун гана куралына айланып жатканы өкүнүчтүү.

«Кыргыз республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесинде жазылгандай, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюм мекемелеринин иши мамлекеттик тилде, зарыл болгон учурларда расмий тилде жүргүзүлөт» деген талабы тескерисинче иштеп, иш кагаздарынын көбү расмий тилде, «зарыл» болгон учурда гана кыргыз тили колдонулууда.

Өзгөчө саясый компанияларда мамлекеттик тилибиз ары-бери түртүлүп соодалашуунун кулу болуп кала берет. Мисалы, эски да, жаңы да Конституцияда «Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары колдонулат» дегенге «орус тили расмий тил катары колдонулат» деп «зордуктап» киргизип алгандары аз келгенсип, 2010-жылы жаңы жазылган Конституцияны мамлекеттин атынан өзбек тилинде котортуп таратып, коомчулуктун арасында кыжырданууну пайда кылды. Кыскасы, мыйзамдын «тишин чаккан», өзү «тууган» мыйзамына депутат Өмүрбек Текебаев түкүрүп салды. Ал өзү кабыл алган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамдын 3-беренесиндеги «Кыргыз тили мамлекеттик тил катары Кыргыз Республикасындагы улут аралык мамилелердин да тили болуп эсептелет» деген талапты аткарган жок. Конституциянын өзбек тилинде чыгып, массалык түрдө таркатылышы, өз кезегинде өзбектердин автономия болобуз деген сеператисттеринин көз карашынын өрчүшүнө таасир этип, өткөн жылдагы июнь окуясынын келип чыгышына өбөлгө болгонун саясатчылар майнуна алабы. Албетте, жок. Социалисттик идеяны аркалаган «Ата Мекен» фракциясы, анын башчысы баягы эле Өмүрбек Текебаев президенттик шайлооунун алдында «дагы бир» оюндун башын кылтыйтып мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам даярдап жатат дегенин угуп, окуп акылым сыйбай жатат. Бул жөн эле «Ата Мекен» партиясы кыргыз тилин колдоп жатат» деген элди алдоо болуш керек, болбосо президентке караштуу мамлекетик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Рыскелди Момбеков кайчы пикирин айтпас эле. Мен деле социалист Ө.Текебаевдин мамлекеттик тилге артык берерине ишенбеймин. Бул шайлоонун алдындагы элди алдоо амалы.

Анысы ал болсун. Учурдагы президентибиз Р.Отунбаева «Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси (мурдагысы О.Карасартов) географиялык орусча аталыштары кыргызча кылабыз» дейт деп, кыргыздаштырууну жерип жатса, алдыдагы президенттик шайлоого карата жер-жерлерде жолугушууларды жүргүзүп жаткан Адахам Мадумаров депутат, төрага кезинде тили байланып калып, кокусунан эле өздөрү кабыл алган Кыргызстандын гимнин текстиндеги «бейкут» деген сөзгө каршы чыгып, миңдеген элдин башын маң кылып, «бейкут» деген сөз «кутсуз» деген сөз, биз эртең менен каргыш тилеп ойгонуп, жатаарда каргыш тилеп жатабыз деп какшап келет. Мындай карама-каршы пикир айрым бир гезиттерибиздин беттеринде да орун алууда буга «Мугалимдер дүйнөсү» гезитинин редактору Токонбай Турганбаевдин «Каргаша сөздү качанга чейин ырдайбыз?», «Мамлекеттен кордук көргөн мамлекеттик тил» аттуу макалалары да мисал боло алат.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мугалими Кадыр Суленов гимндеги «бейкут» деген сөздү «чанган» ырын китебине чыгарды. Эмне үчүн тарыхчы, математик, физик мугалимдер Ааалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларында оң мааниде пайдалганган «бейкут» деген сөздү чанып жатат. Бул боюнча менин көз карашыма туура келген түрколог, окумуштуу Рысбек Алимовдун пикирине, аргументине таянып жооп берип коеюн. Чындыгында жогордагы атуулдар баш болуп бир топтору мамлекеттик гимндеги «бейкут» сөзүнүн тексттен чыгаруу керектигин айтып келе жатышат. Алардын пикири боюнча, «бейкут» деген сөз «кутсуз», «бактысыз» деген мааниге келет. Чынында ушундайбы?

«Бейкут» кездешкен сөздүк жана тексттерде анын мааниси мындай берилет. Юдахиндин сөздүгү боюнча «бейкут» фарсча сөзүнөн алынганда спокойный, безмятежный; спокойно, без­мятежно; бейкут турган Гүлай чочуп карай койду (до того) спокойно стоявшая Гюлай испуганно взглянула.

Бейкуттук, бейкутчулук; безмятежность, покой; бейкутчулукка сал; успокоить, привести в безмятежное состояние. Э.Абдылдаев, «Кыргыз тилинин түшүндүрмө» сөздүгүнөн 95-бетте:

a) Бейкут – сын атооч: жайбаракат, мемиреген, тынч, ыракатта жаткан. Бейкут жаткан койлор будуң-чаң боло калышты (Аалы). Согуш бейкут турмуштун ыркын бузат, бүлгүн түшүрөт (Касымбеков).

б) Бейкуттук – зат атооч: ыракатчылык, тынчтык, жайбаракаттык. Бейкут – сөзү кездешкен тексттердин көбүндө: тынчтык, бейпилдик сөздөрү менен бирге синоним катары же паралель колдонулат. Мындан сырткары, бул сөз кездешкен тексттерде анын маанисинин контекстте: тынч, рахат, бейпил экени да көрүнүп турат. Мисалы: Бакырган бакшы, бүбү жок, Түнүбүз бейкут таң атат. («Мидинге кат», Б. Сарногоев)

Бейкут жаткан эл будуң-чаң түшүп, кол арага жараган жигиттердин бардыгы мекенди коргоо үчүн согушка аттанышты. (Ч. Айтматов). Бул мисалдар «бейкут» деген сөздүн «кутсуз» деген мааниде эмес экендигин ачык айкын көрсөтүп турат. Р.Алимов ошентсе да, «бейкут» сөзүнүн «кутсуз» деген мааниге келбей турганын кошумча аргументтер менен тактоого аракет кылган.

«Бейкут» сөзүнүн кутсуз дегендердин негизги таянагы бул сөздө кездешкен «-сыз» маанисине келген фарсча «бей» - префиксинин колдонулушу. Бирок, бул пикирди колдогондордо жаңылган бир нерсе бар. Фарсча «бей» - префикси эч убакта төл сөздөр менен колдонулбайт. Мисалы: бейадеп, бейал, бейбак, бейвапа, бейдаарат, бейдарман, бейесеп, бейжай, бейкабар, бейкайрат, бейкам, бейкапар, бейкасам, бейкүнөө, беймаал, беймаза, беймана, беймалал, беймар, бейменчек, бейнаар, бейпай, бейпарасат, бейпарзант, бейпешене, бейпил, бейтаалай, бейтап, бейтарап, бейтартип, бейшарим, бейыйман ж.б. Бул мисалдардагы экинчи компоненттердин баары же фарсча, же арапча сөздөр.

Кээ бирөөлөр анда бейбаш же бейтааныш сөздөрүн кантип түшүнсө болот, бул сөздөрдөгү экинчи компонент кыргызча эле «баш» жана «тааныш» сөздөрү эмеспи деши мүмкүн. Бул пикирди колдоп, мисалы К.Сейдакматов да Кыргыз тилинин кыскача этимологиялык сөздүгүндөгү «бейбаш» сөзүн иликтеп жатып: «бейбаш» сөзмө-сөз которгондо «башсыз» деген маанини берет. Иранча (фарсча) бей- приставкасы кабыл алынган айрым сөздөр менен кошо кыргыз тилине кирсе (мисалы: бейкам, бейкүнөө, беймаза ж.б.), бейбаш, бейтааныш деген сөздөрдө болсо, кыргыз тилинин өзүнүн «баш», «тааныш» деген сөздөрүнүн алдына келип улана турган абалга жеткен (50-б.) дейт.

Р.Алимовдун пикиринде бирок, Сейдакматов да «бейбаш», «бейтааныш сөздөрүнүн этимологиясын туура эмес иликтейт. Себеби жогорудагы сөздөрдүн баш жана тааныш компоненттери канчалык кыргызча сыяктанса да, алар да чынында фарсча сөздөр болуп эсептелет дейт. «Бейбаш» - сөзүн мисал алалы. Бул сөздүн фарсчасы «бии-бас» деген сөздөн келет. «Бей» -сыз деген мааниде, ал эми «бас» болсо, мааниси: тез-тез, жалгыз, дагы, жетиштүү, туура, туптуура ж.б. көп мааниге келет. Бас – сөзү бей- префикси менен колдонгондо: «жетишсиз, контроль этилбеген» деген мааниге келет, бул бейбаштын кыргызчадагы : тентек, тартипсиз, ээнбаш маанисине шайкеш.

Экинчи мисал: бейтааныш. Бул сөздүн да экинчи компоненти да кыргызча тааныш менен байланышы жок. Экинчи компонент фарсча даанистен «билүү», «тануу» деген этиштин билинген, таанылган маанисине келген -дааниш формасындагы атоочтук. Кыргызчадагы -тааныш сөзүнө мааниси жана фонетикалык жагынан окшошуп кеткендигинен улам анын этимологиясын айрым изилдөөчүлөр туура эмес талдашат. Демек «бейтааныш» сөзү да «бейдааниш»- «билинбеген, тааныла албаган» деген фарсча сөздүн кыргызчаланып кеткени.

Жогоруда келтирилген мисалдар тактагандай эле, бей- префикси кыргызча төл сөздөр менен бирге колдонулбайт. Мындан улам талкууга алынган «бейкут» деген сөздөгү кут компоненти да төл сөз эмес, башкача айтканда берекет, бакыт, ырыс маанилерине келген кыргызча -кут менен эч кандай байланышы жок.

Анда бейкуттун чыныгы чечмелениши жана этимологиясы кандай?

Бейкут фарсча бей- префикси менен худ - «өз, өзү» деген ат атоочтун биригишинен келип чыккан. Фарсчада бии-худ сөзүнүн мааниси: «өзүн жоготкон, мемиреген, кыймылсыз; ээси оогон, ээсин жоготкон» деген мааниге келет. (Francis Johnson, Dictionary of Persian, Arabic and English, London 1852, 266a)

«Кыймылсыз, мемиреген» деген мааниден азыркы кыргызчадагы: тынч, мемиреген, ырахат, жайбаракат - деген маанилери келип чыккан.

Ошондуктан билип билбей эле обу жоктонуп, саясый упай топтоо үчүн өзү адашып жүргөндөрү аз келгенсип, элди да адаштырып кыргыздын каймагы болгон дүнүйөнү дүңгүрөткөн Чынгыз баш болгон залкар жазуучу, акындарды келесоо кылып, ансыз да өлкөбүздүн атуулдарын эли-жерибизди даңазалаган гимнди ырдата албай жатсак, каргаша деп өгөйлөй берүүнүн кажети канча? Биз өзүбүздү байыркы элбиз деп төшүбүздү кага берип, бирок кыргыз тили жоюлуп бараткан тилдердин катарына кирип калгандары мамлекетти башкаргандар ойлонобу? Башканы кой, орусташып кеткен казак боордошторубуз деле тилин кайрып алып өнүктүрүп жатат го! А бизде кашайып мамлекеттик тил коргоого эле эмес, колдонууга да муктаж болуп жатпайбы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

14-05-2013
Бабанов бала бакчадан баш тартабы?
64703

13-05-2013
Сузак районунун жетекчилеринин жоопкерсиздиги
74215

19-06-2012
Кредит алгандар бергендерге нааразы. Эмне үчүн?
108102

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×