Добавить статью
5:21, 16 мая 2011 62418

Өзгөчө кырдаалдар министринин көчмө коомдук кабылдамасынын аткарган иши

Автор: А.Бекилов

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин көчмө коомдук кабылдамасынын 2011-жылдын апрель айында жасаган жумушу боюнча маалыматты министрдин көчмө коомдук кабылдамасын уюштуруу боюнча комиссиясынын мүчөсү А.Бекилов билдирет.

1.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Борбиевдин катышуусу менен 2011-жылдын 1-апрели күнү Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушуу болуп, анда негизинен жол, суу, сел өтүүчү сайларды тазалоо маселелери жергиликтүү калк тарабынан көтөрүлүп алардын дээрлик баары жеринде чечилди. Жолугушуу шаардын үч жеринде болуп ага жалпысынан 120 дай адам катышты.

2. Министр Б.Борбиевдин 2011-жылдын 1-апрели күнү Лейлек районунун калкы менен болгон жолугушуусунда райондун төмөнкү зонасы эсептелген райборбордон 100 чакырым алыстыктагы төрт айыл округуна өрт өчүрүү кызматын ачып берүүнү өтүнүштү. Андан сырткары райондун аймагында жүрүп жаткан сел каналдарын тазалоо, жээктерди бекемдөө жумуштарын тездетип берүүнү суранышты. Жолугушуу райондун 4 калк жашаган айылдарында болуп ага жалпысынан 170 адам катышты.

3.Министр Б.Борбиев 2011-жылдын 1-апрелинде Баткен облусунун Кадам-Жай районунун калкы менен жолугушту. Анда негизинен райондун калкы 2010-жылдын июнь айындагы каргашалуу окуясынан жабыркаган Акпаралы уулу Жусупбекке өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан көрсөтүлүп жаткан камкордуктарга ыраазычылыгын билдиришти. Жолугушууга жалпысынан 70 тей адам катышты.

4.2011-жылдын 6-апрели күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиевдин катышуусу менен министрдин көчмө коомдук кабылдамасы Ош облусунун Ноокат районунда болуп, ага аталган райондун бардык активи жана жергиликтүү калк катышты. Жолугушууга жалпысынан 400 дөй жарандар катышышты.

5.Министрдин көчмө коомдук кабылдамасы Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиевдин катышуусу менен 2011-жылдын 11-апрели күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Октябрь айылында болду. Жолугушууга катышкан 50 дөй жаран Октябрь айылына өрт өчүрүү кызматын ачып берүүнү өтүнүштү. Министр Б.Борбиев элдин суроо-талабына жооп катары ошол эле күнү өрт өчүрүү кызматынын фундаменти башталаарын айтып жумуш башталды. Ошондой эле аталган райондун Көк-Жанак шаарынын эли менен болгон жолугушууда шаардын Чыгыш тарабында жер көчкү коркунучу бар экендигин айткан жергиликтүү жарандар министрден тиешелүү чара көрүп берүүнү суранышты. Калктын пикирин уккан министр Б.Борбиев бул боюнча министрликтин мониторинг департаментинин директору Касымбек уулу Шайлоого аталган маселе боюнча сунуш берүүнү тапшырды. Жолугушууга жалпысынан 40 дай адам катышты.

6.Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын калкы менен министр Б.Борбиев жолугушуп, бул жолугушууда майлуусуулуктар негизинен уулуу заттардын калдыктары тынчсыздандырып жаткандыгын айтышты. Андан сырткары Шаардын чок ортосундагы Майлуу-Суу дарыясы дарыянын жээгин жеп күндөн-күнгө турак-жайларга жана жолго чоң коркунуч жаратып жаткандыгын айтышты. Жогорудагы маселелер боюнча министр өзүнүн орун басары Б.Жолчиевге тапшырмаларды берди. Жолугушууга 30 дай адам катышты.

7.2011-жылдын 12-апрели күнү көчмө коомдук кабылдама Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айылдык округунун калкы менен жолугушуу аркылуу уланды. Анда жолугушуу үч жерде болуп жалпысынан 100 дөй адам катышты. Жергиликтүү калк дамбаларды куруп берүүнү, сел өтүүчү сайларды тазалоону, көпүрөлөрдү оңдоп берүүнү министрден өтүнүштү. Бул боюнча министр тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

8.Ала-Бука районунун калкы менен 2011-жылдын 12-апрели күнү райондун борборунда жана Өрүктү айылында жолугушуу болуп, ага жалпысынан 130 дай адам катышты. Аталган райондун калкы министр Б.Борбиевге Жол жана транспорт министрлиги тарабынан салынган унаажолдун туура эмес салынып калгандыгын айтышты. Аталган жолдун туура эмес салынгандыгынан улам, жыл сайын сел келгенде көпүрөгө суу батпай турак-жайларга коркунуч жаратып жаткандыгын билдиришти. Ал эми Өрүктү айылынын жашоочулары Өзгөчө кырддаалдар министрлигине жөө адамдар өтүүчү беш көпүрө куруп бергендиги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

9.Министрдин калк менен жолугушуусу 2011-жылдын 12-апрели күнү Чаткал районунун Шакафтар жана Сумсар шаарчалык өкмөттөрүнүн калкы менен жолугушуу аркылуу уланды. Анда жергиликтүү калк уулуу заттардын коркунучу күндөн-күнгө көбөйүп бараткандыгын билдиришти. Жолугушууга 20 дай адам катышты. Министр бул боюнча тапшырманы министрликтин атомдук-радиациялык коопсуздугу агенттигинин директору Д.Кушбаковго тапшырмаларды берди.

2011-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин көчмө коомдук кабылдамасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиевдин катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында болуп ага жалпысынан 1130 жаран катышты. Ал эми калк тарабынан негизинен министрликтин жүргүзүп жаткан жумуштарына ыраазычылыктар айтылып, калкты жана аймактарды коргоо багытындагы жумуштарды тездетип берүү жагы суралды. Көчмө коомдук кабылдамада калкка ыкчам кызмат кылуу үчүн ӨКМнин Жалал-Абад облусунун Аксы жана Алабука райондук жана Жалал-Абад шаардык бөлүмдөрүнө жеңил автоунааларды тапшырды. Ал эми Сузак районунун Октябрь айылына өрт өчүрүү бөлүмү үчүн жаңы өрт өчүрүү бөлүмүнүн имараты курулуп башталды. Баткен облусунун Кадам-Жай районунда Ош окуясынан жабыркаган Акпаралы уулу Жусупбекке турак-жай курулуп бүткөрүлдү. Ала-Бука районундагы Өрүктү айылына жөө жарандар өтүүчү беш көпүрө курулуп ишке берилди. Баткен облусунун Лейлек районунун төмөнкү зонасына өрт өчүрүү бөлүмүн ачуу боюнча атайын тапшырма берилип, жумуштар башталды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-12-2012
Мамтил маселесинде маңкурттуктан арыла албай жатабыз
25528

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×