Добавить статью
5:49, 26 мая 2011 22198

Жергиликтүү өнүгүүгө көңүл бурулат

АКШнын Эларалык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) Кыргыз республикасында жүзөгө ашырылып жаткан жергиликтүү өнүгүү прогаммасынын алкагында 2011-жылдын 17-майында Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Жалал-Абад шаарынын вице-мэри А.Элеманов, шаардын мекеме–уюмдарынын, ишканаларынын, жергиликтүү коомчулуктун, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык бетачар аземи болуп өттү.

Бул программа Кыргызстанда жергиликтүү өнүгүүнү колдоо аркылуу тездик менен көп тармактуу, омоктуу экономикалык өнүгүүнү алдыга жылдырууга багытталган, 2013-жылдын август айына чейин жүзөгө ашырыла турган жаңы долбоор экен.

Аземде агенттиктин жергиликтүү өзалдынча башкаруу боюнча адиси Азамат Орозобеков бул долбоордун алкагында жергиликтүү башкаруу жана бизнес чөйрөсүндө - бизнес жана инвестиция үчүн жергиликтүү шартты жакшыртууга, колдо болгон ресурстарды үзүрлүү пайдаланууга жана кошумча ресурстарды тартууга; жеке сектордун атаандааштык жөндөмдүүлүгү боюнча- айылчарба азыктарын сатууну көбөйтүүгө, каржы каражаттарын алууга; тажрыйбаны жайылтууда - кызматташтыкты кеңейтүүгө жана маалыматты таркатууга, ийгиликтүү тажрыйбаны жайылтууга, жергилктүү өзалдынча өнүгүүнү аймактык жана республикалык денгээлде колдоону камсыз кылууга, жер-жерлерде аныкталган артыкчылыктарга ылайык жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү үчүн реформаларга көмөк көрсөтүүгө жардам бериле тургандыгын айтып берди.

Жогоруда аталгандарды ишке ашырууда шаар/айыл өкмөттөрүнүн чегинде абдан натыйжалуу жана заманбап долбоорлорду иштеп чыгуу максатында жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, ишкерлердин жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтун түзүлүп иш алып барышы талап кылынат.

Шаардын, айыл өкмөттөрүнүн экономикалык өнүгүүгө бөгөт болуп жаткан кыйынчылыктар тууралуу жергиликтүү коомчулуктун пикирлерин жана алгылыктуу сунуштарын билүү максатында таркатылган иликтөө баракчасына жазылган көйгөйлөргө, сунушталган идеаларга көңүл бурулуп, татыктуулары тандалып алынып, грант, кредит берүү аркылуу колдоого ээ болору боюнча да түшүнүк берилди.

Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, жергилктүү бизнес, жергиликтүү коомчулук (анын ичинде өкмөттүк эмес уюмдар, аялдар жана жаштар уюмдары), бизнес, ассоциациялары жана кошуундар, окуу жайлары, Кыргыз республикасынын Жогорку Кенеши, Кыргыз Републикасынын өкмөтү, министрликтер жана ведомстволор программанын максаттарын жүзөгө ашырууда өнөктөш катары иш алып барышат.

Мен бул иш-чаранын тегерегинде Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Элеманов Абдималикке кайрылганымда, ал буларга токтолду.

Эларалык уюмдар менен Кыргызстан өзү 1994-жылдан бери кызматташып келе жатат. Көптөгөн долбоорлор ишке ашты. Албетте биз мындай программалардын колдоосун туура багытта, натыйжалуу пайдаланууга көнүл буруубуз зарыл. Бул бетачар аземи бардык чөйрөнүн өкүлдөрү үчүн ачык-айкын, маалыматтар тиешелүү денгээлде болду. Атайын баракчаларда экономиканын алдыга жылышына бөгөт болгон терс көрүнүштөрдү айтуу сунушталды. Алар боюнча иш алып баруу жергилктүү өз алдынча башкаруунун башкы, биринчи кезектеги милдети болуш керек. Ошондой эле бардык сунуш-пикирлерди, алгылыктуу идеаларды айтууга да мүмкүнчүлүк берилди. Эгерде программа өз максатына жетип, иш жүрө баштаган болсо көптөгөн ишканалар ачылып, жумушсуз жүргөн адамдар иш орундары менен камсыз болуп, жумушсуздук маселеси жергиликтүү экономиканын өнүгүүсүнө карай чечиле берет деген үмүттөбүз. Бул жерде долбоордун бир компоненти катары инвесторлорду тартууга жардам берилет деп айтылбадыбы. Биз азырынча кандай гана жакшы долбоор болбосун, инвесторлорсуз жүзөгө ашыра албайбыз. Ошондуктан биз үчүн бул программанын мааниси чон.

Инвесторлор акчасын жумшап жатканын өлкөдөгү бюджеттин ачык-айкындуулугуна көңүл бурат эмеспи. Биздин шаардын бюджети канчалык денгээлде ачык айкын?

Шаардын бюджети шаардык кенеш тарабынан бекитилет жана аткарылуусу көзөмөлдөнөт. Шаардык бюджетти бекитерден мурда шаардын тургундарынын катышуусунда алдынала талкууланып, коомдук угуудан өткөрүлөт. Мэрианын коллегиясында квартал сайын отчет берилип турат. Шаардын каалаган тургуну келип, бюджеттин аткарылышын билгиси келсе маалымат берүүгө даярбыз. Ошондуктан шаардын бюджети толук ачык-айкын, -деп айтууга негиз бар.

Анда кимдерге отчет берилет жана бюджеттин аткарылышын билгиси келип, кайрылган жарандар болобу?

Жергиликтүү кенешке жана коомчулукка отчет берилет да. Жарандар бизге ар кандай маселелер менен кайрылышат, анын ичинде, жеке маселелерден тышкары, шаардын инфраструктурасы боюнча да бизге телефон чалып же өздөрү келип сунуштарын айтышат. Маселен жакында эле бир тургун чалып, шаардагы №14-мектеп-гимназиянын жанында аң турат, бул балдар үчүн кооптуу, деп кайрылган, биз ага планда бул иш каралганын жана ал аткарыла тургандыгын айттык.

Бүгүнкү күндө эларалык уюмдардын колдоосу боюнча шаарда кандай иш-аракеттер жүзөгө ашып жатат?

Жалал-Абад шаарына караштуу Муниципалдык менчикти башкруу комитети менен бирге шаардын көчөлөрүн түнкүсүн жарык менен камсыз кылууга тиешелүү жабдыктарды алып, орнотуу боюнча долбоорубуз USAID агенттигинен 9 млн. сом суммасында грант алууга колдоо тапты, азыр тендер өткөрүү иши жүрүп жатат, ал эми арыктарды тазалап, оңдоого 6,5 млн сом жумшалып, иштетилип жатат. Европа Реконструциялоо жана өнүктүрүү банкынан 18 миң. АКШ доллары суммасындагы грант шаардык мамлекттик автоинспекциясынын райондор аралык экзамен алуу бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чындоого жумшалды, сууканалы ишканасынын техникалык маселелерин чечүүгө 8,5 млн. евро алуу боюнча тиешелүү жактардын үч тараптуу келишимге кол коюсун күтүп жатабыз, анын 4,5 млн.евро грант, калганы кредит катары иштетилет.

Дагы кандай пландардын үстүндө иш жүрүп жатат?

Биз келечекте шаарда муниципалдык кызмат базасын өнүктүрүү багытын көздөп жатабыз, маселен, муниципалдык базар, дүкөн, ашкана, нан жабуучу цехтерди, үй куруучу ишканаларды, мончолорду куруу, муниципалдык милиция кызматын сунуштоо максаттары бар. Бир эле мисал, эгерде мунципалдык мончо курууда бир адамга 20 сомдук чыгым жумшалат экен, аны биз колдонууга берүүдө ар бир адамга баасын 40 сомдон аныктасак, бул базар баасынан кыйла төмөн болуп, шаар калкынын аз камсыз болгон катмарынын санитардык-гигиеналык маселелерин чечүүгө салым кошот. Ал эми муниципалдык транспорт маселесин кандайдыр бир денгээлде чечип алдык десек болот, шаарда азыркы күндө 15 автобуз элге кызмат көрсөтүүдө, чоңдор үчүн акы ар бир адамга 5 сом, ал эми 1-5 класска чейинки мектеп окуучулары атайын күбөлүктөр менен акысыз тейленишүүдө.

Мунципалдык кызмат базасы кайсы каражаттардын эсебинен өнүктүрүлөт же жогоруда аталган программанын чегинде гана деп жатасызбы?

Мында 2011-жылга жергиликтүү бюджеттен 6 млн. сом акча каражаты бөлүнгөн, анын ичинен жаштардын экономикалык өнүктүрүү программасын колдоого 2 млн сом бөлүнгөн. Мында эларалык уюмдарга да долбоорлор менен кайрылабыз.

Муниципалдык менчик менен иш алып баруунун азыркы абалы кандай?

Чындыгында, муниципалдык менчик менен иштөө, анын кызмат көрсөтүүсүнөн түшкөн кирешелерди максаттуу пайдаланууну жолго коюда иштер өз денгээлинде жакшы жүргүзүлбөй жатканын танууга болбойт. Азыркы учурда бардык пайда түшүүчү мекеме-ишканалар менчикке берилип, жергиликтүү бийлик алардан кандайдыр бир денгээлде көзкаранды болуп калган. 2010-жылдагы коогалаңда өзүбүз күбө болдук, менчик базар, дүкөн, ашканалар жабылып калып, элди талашып ташыган бусиктер менен таксилердин карааны сейрек болуп, алар каалаган бааны коюп иштеп жатышты.

Буйруса, муниципалдык менчикти башкаруу ишинин сапаты артып, база чындалса, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын көбөйтүүгө да шарт түзүлөт, ашкере өсүп жаткан баалар ооздукталып, өтө байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырым кыскармак, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иши жарандарга ачык-айкын болмок жана жарандардын бийликке карата ишеними да калыбына келе баштамак.

P.S. Мен бул бетачарга журналист катары чакырылып эмес, шаардык орус тилинде чыгуучу «БГ плюс»,- деген гезиттен бетачар болору тууралуу кыргыз тилиндеги маалыматты окуп катыштым. Анда USAID жергиликтүү өнүгүү программасы 14 шаардагы жана айылдык округдагы долбоордун ачык бетачарына, б.а. эгерде сиз активдүү жарандык позицияны ээлеп, шаарыңыздын же айылыңыздын тагдырына кайдыгер карабасаңыз, аймактагы жашоо денгээлин жакшыртууга жана өнүктүрүүгө катышкыңыз келсе, анда сизди ачык бетачарга чакырабыз, деп жазылган.

Маалыматтын мазмунуна үңүлүп карап, «Бизге бийлик кайдыгер карайт», деген пессимизмден жогору көтөрүлүп, ар бирибиз өз жашаган жерибизде жарандык ордубуз (позициябыз) менен активдүүлүктү өнүктүрсөк, көчө бойлоп илинип турган «Эл бийлик үчүн эмес, бийлик эл үчүн иштеш керек»,- деп жазылган сөздүн иш жүзүндө көрүнүшү ажеп эмес го, деп ойлоп калдым.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

12-09-2011
Муниципалдык менчик - бул негизги ресурс
13818

23-07-2011
Ишенимди жараткан жылуу сөздөр
65373

07-07-2011
Бюджет тартыштыгынан туберкулин жетишпейт
19925

21-06-2011
Зыян тарткан дыйкандар жер салыгынан жана ижара акысынан бошотулабы?
18840

06-06-2011
Ишкерлердин колу-бутун мыйзам менен чырмап, тоноп жатышат
71705

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×