Добавить статью
7:20, 8 июня 2011 18708

Кыргызстан: Өнүгүүнүн бутактары

Күнүмдүк көптөгөн сенсациялар, өлкөдөгү саясий окуялар курчуп, шайлоого даярдыктар кызуу жүрүп жатканда балким айрымдар үчүн социалдык маселе негизги суроо катары эсептелинбей калса керек. Ошентсе дагы өлкөнүн келечегинин туруктуу өнүгүү жолу бул - социалдык саясат деп эсептөөгө толук негиз бар. Бүгүнкү учурда Кыргызстандын коомдук туруктуулугу жана өнүгүүсү мамлекеттин эң негизги маселеси болууга тийиш.

Албетте, социалдык саясат ар бир учурда ар түрдүү милдеттемелерди аткарып келген. Совет доорунда ар бир адамдын турмушу төрөлгөндөн баштап мамлекеттин камсыздоосунда болгон, ал эми перестройка деген учур келгенден баштап, андан соң суверендүүлүктү алгандан кийин, мамлекет адамдын социалдык муктаждыгын камсыз кылуудан баш тартканы байкала баштады. Көпчүлүк биздин жарандардын эсинде болсо керек, айлык маяна айлап-жылдап кечигип келгени, дүкөндөрдө шекер, май деген негизги азыктар карточка менен алынып калганы, пенсия, пособияга, акча берилбей айрым учурда жогору баа менен ун, же болбосо кереке жарабаган майда-чүйдө берилип калганы.

Азыркы учурда мамлекеттин карызы олчоюп осуп баратканда, экономикалык, каржылык каатчылыкта жашап жатканда Кыргызстан кайра эле ошол кездегидей таз кейпине туш болуп калбаш үчүн эмне кылыш керек деген суроо туулат экен. Албетте, айрымдар ишенбестик менен кутуп жатышат, башкалар болсо, өлкөнү таштап акча табуу аракетинде чет өлкөлөргө, ошол эле Россияга, Казакстанга кете баштады. Ал эми ушул бойдон калса анда эмне болот? Өнүгүүгө жол башташ үчүн биринчи кадам кандай болуш керек? Бул багытта эң негизгиси болуп өнүгүү саясатын кабыл алуу зарыл. Ал үчүн негизги шарт өкмөт тараптан кыргыз элинин көрөнгөсү болгон инсандарга иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп, жардам берүүсү абзел. Бул багытта ишкерлер үчүн кордоо эмес, колдоо мыйзамдарды иштеп чыгуу жана жашоого синдирүү өтө зарыл. Албетте, окурмандар үчүн суроо туулат, кайсыл жол менен бул ойду аткарыш керек деп?

Эң бир кооптоно турган нерсе — бүгүнкү күндө өлкөнүн алдында турган коркунуч бул - коомдун түзүлүшүнүн бузулганы жана маданияттын көрөнгөсү жоголуп баратканы. Коррупциянын өсүшү, мыйзамсыз жол менен акча табуу, криминалдык көрүнүштөр, жердештик мамилелер күчөп турган учур. Жыйырма жылдан бери Кыргызстан базардын мыйзамы менен жашап жатат. Баардыгы сатылат- баарын сатып алса болот деген ураан жашоонун философиясы жана идеологиясы болуп калды. Мамлекеттин аброю жок эсеге түшүп калган учурда жашап жатабыз. Эн негизгиси мамлекеттин баркын көтөрүү зарыл болуп жаткан учур. Ал үчүн эң биринчиден саясий туруктуулукту камсыз кылуу өтө маанилүү. Тилекке каршы, коррупция, паракорчулук, жердешчилик, акаевчил-бакиевчил болуп бөлүнүү-жарынуу көйгөйлөрүн азыркы убакытта чечкиндүү түрдө күрөшкөн күч дагы, эрк дагы жок болуп жаткандай. Мындай шартта демократиянын өнүгүүсү, мамлекеттин экономикасынын пайдубалын сапаттуу курууга шарт түзүлбөйт. Эң негизгиси, экономикалык чөйрөдө конкуренциянын жок эсе болгону өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Ошондуктан, экономиканы өнүктүрүүнүн бир булагы бул - конкуренцияга шарт түзүү болуп эсептелет. Кыргызстан үчүн бүгүнкү абалда өнүгүүнүн негизги бутактарын тактап алуу өтө маанилүү. Биринчиден мамлекетте жарандык демилгеге зор маани берүү керек. Ал үчүн өкмөт, президент, Жогорку Кеңеш, сот структуралары совет доорундай болуп команда берип иштөөнүн ордуна, коомдогу аркыл жарандык уюмдар менен тыгыз иштешүүсү зарыл. Жыйырма жылдан бери мамлекеттик структуралар демилгени өзүнө алып, коомдогу ар кыл жарандык уюмдарга, социалдык жактан чыгармачлык дем берүүнүн ордуна, алар үчүн чечим чыгарып келүүдө. А бирок, ал чечимдер көп учурда аткарылыбай келе жатат. Эмнегедир кыргыз коомунда ар бир жарандын укугу, чыгармачылык демилгеси, жана мүмкүнчүлүгү эске алынбастан баардыгын бир система катары санап, көп учурда, элдин мүдөөсүнө туура келбеген чечимдер кабыл алынууда. Бул патернализм болуп эсептелинент. Экинчи маселе - саясий бийликти акыл-эс менен аркалоо, эмоция же болбосо ар башка кызыкчылыктарды жокко чыгаруу зарыл. Бүгүнкү учурда чечимдин баарын бийлик бутактары өздөрү кабыл алып андан соң өздөрү кайра аткарууга мажбур болуп жатышат. Ал эми эгерде коомдо көз карандысыз агенттиктер, терең талдоо жүргүзгөн борборлор иштешсе, анда алар аркылуу бийлик бутактары эл менен тыгыз байланышып, жарандардын муктаждыгын так билүүгө шарт түзүлмөк. Мисалы, Англияда эки жүздөн ашык өкмөттүк эмес агенттиктер мамлекет менен жарандардын ортосунда иш жүргүзүшөт. Алар коомдогу көйгөйлүү маселелерге өкмөттүн көңүлүн бурдуруп, чечим чыгарууга көмөк көргөзүшөт. Бийлик бутактарында отурган аткаминерлерге коррупциянын кесепетин, паракорчулук, жердешчилик көйгөйлөрүн жеткизүүгө көз карандысыз агенттиктердин ролу абдан чоң болот. Дагы бир өнүгүү бутагы бул - билим берүү системасы. Бүгүнкү күндө мамлекет тараптан башталгыч жана орто билим берүү системасына өтө аз көңүл бурулууда. Кыргызстанга келечек үчүн сабаттуу жаштарды тарбиялоо эң негизги стратегиялык максат болуш керек. Тилекке каршы, мугалимдердин абалы, мектептердеги китеп тардыгы, керектүү жабдыктардын аздыгы, жана так билим берүүнүн талаптары жоктугунан, бул жаатта көптөгөн кыйынчылыктар келечекте туулушу мүмкүн. Ал эми жогорку билим берүү системасында өтө көп коркунучтар туулуп жатат. Көпчүлүк жаштар бүгүнкү учурда билим эмес, диплом алууну көздөп, ошондуктан билимдин баркы түшүп кеткен учур. Мамлекеттин өнүгүүсүнүн эң бир маанилүү маселеси бул - социалдык саясатка терең көнүл буруу. Эгерде бүгүнтөн баштап бул жаатта чечкиндүү кадамдар кабыл алынса, албетте, Кыргызстандын келечегинде жаны, жарык кадамдар пайда болот.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

02-06-2011
Непотизм жана кадрдык саясат
9027

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×