Добавить статью
5:56, 9 июня 2011 33743

Жарандык жана мамлекеттер аралык мамиле...

Июнь окуясы... Биздин мамлекетибиздин тарых барактарында калчу кайгылуу окуялардын тизмесин жыйынтыктап тургандай. Буга чейин Аксы окуясы делип, ага күнөөлүү адамдарды тактоо, териштирүү аягына чыкпай жатса, 2011-жылдын июнь айындагы окуя ага кошумча болуп турат. Жалпы Кыргызстан эли эмес, дүйнө коомчулугу бул окуянын жыйынтыгына кандай баа бере турганын күтүп жаткан учурда, көз караштар бир пикирге токтолбой, ар түркүн ойлор, талаштар жаралып жатат. Анын себептерин аныктап, “кимдер күнөөлүү” дегенде, бир топ ой пайда болууда. Аны Парламенттин отурумундагы телеберүүдөн жалпы эл көрө алышты. Негизинен сепаратисттик күчтөр окуянын от алышына таасир тийгизди делсе, айрым ойлор ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн бийлигинин күчсүздүгү дешет. Ал гана эмес ортодо бийликтин солгундап турган учурунда, өзбек туугандардын саясий аренадагы жетекчилеринин автономия алабыз деген өңдүү кептери да бул окуянын себептеринин бири деп айтылып жатат. Эмнеси болсо да, болгон иш болду, өткөн иш өттү. Эми, жалпы элдин тилеги тынчтыкта жашоо, Өкмөттүн милдети эл биримдигин камсыз кылып, алардын ынтымагын бекемдөө. Июнь окуясынын болгонуна туура бир жыл болот. Ошол күндөрү бейкүнөө курман болгон биздин жарандарыбызга, бир туугандарыбызга куран багыштап, аларды эскерүү тирүүлөрдүн парзы. Саясий баш аламандыктардын, кайгылуу окуялардын курмандыктарын эскерип, аларга “жаткан жериңер жайлуу болсун” демекчимин. Ким болбосун, кайсы улуттан болбосун, Кыргыз Республикасынын жараны болгондуктан, анын коопсуздугун камсыз кылуу бийликтин түздөн-түз милдети. Мындан ары, ушул өңдүү чыр-чатактарга жол берилбей, элибиз тынчтыкта, бакубат турмушта жашасын.

Бул окуя жана Комиссиялардын ишинин жыйынтыктары боюнча эл арасында, коомчулукта кызуу талкуу жүрүүдө. Биз дагы өз шайлоочуларыбыз менен жолугушууларга катышып, жеринде алар менен сүйлөшүп келдик. Коогалаңдан кийин Жалал-Абад, Ош шаарларынан, анын чет жактарындагы жарандар башка жерлерге, башка өлкөлөргө көчүп кетип жатышкан экен. Алардын көбү коңшулаш өлкөлөргө кетишип, ал мамлекеттин жарандыгын алып жатышат. Бул биздин өлкө үчүн кандайдыр бир мааниде чоң “жоготуу”. Ушундан улам бир ой жаралат. Элибиздин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдары кайсы бир мезгилде “өз мекениндеги” тууган-уругуна келип, капыстан бир чыр-чатактан, же кырсыктан жапа чегип калса, анда коомчулукта кандай сөз пайда болот? Анын туулуп өскөн жери Кыргызстан болгону менен чөнтөгүндө башка өлкөнүн паспорту турса, ал башка өлкөнүн жараны болсо, ушул нерседен “жумурткадан кыр таппай турган” айрым эл аралык саясатчылар коомчулукта башкача сөздөрдү жаратышы мүмкүн. Алсак, ал адам башка өлкөнүн жарандыгын алган болсо, анда эки мамлекеттин ортосундагы мамилеге залака тийгизүүгө аракет кылышы да мүмкүн. Дегеле, жарандарыбыздын өз Мекенинен кетишине эмне себеп болуп, эмне түрткү болууда? Албетте, алардын белгисиз келечеги, коопсуздугуна кепилдиктин жоктугу, жакырчылыкта жашоосу, жумушсуздук, социалдык жактан камсыз болбогондук биринчи себептерден болуп жатат. Ошол себептен, тез аранын ичинде эл ичиндеги ынтымакты бекемдөө, экономиканы алдыга жылдыруу, жаштарыбыз үчүн жумуш орундарын камсыз кылуу, чакан ишканаларды өнүктүрүү эң негизги милдеттердин бири. Ал үчүн, эң башкысы, өкмөттөгүлөр, эл ишеним көрсөткөн депутаттар жеке көз караштарын четке коюп, эл менен жакындан иштешип, саясий “жаңы оюндарды” болтурбоого алдын ала чара көрүүсү зарыл. Анткени, элибизге кепилдик берип, элибиз тынчтыкта болсо, бардыгыбыз биригип, өлкөбүздү алдыга жылдыра алабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

21-04-2011
Мамлекеттик символика тууралуу
46427

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×