Добавить статью
6:53, 10 июня 2011 58575

Мамлекеттик тил мамлекеттик кызмат жаатында канткенде өнүгөт?

Жакынкы күндөрдө Өкмөт үйүндө мамлекеттик кызматты модернизациялоо концепциясынын долбоорун жумушчу тобунун талкуулоосу өткөрүлдү. Талкуулоо жүрүшүндө мамлекеттик кызмат көйгөйү коом үчүн абдан актуалдуу болуп саналат. Бул сунушталган концепциянын максаты мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлерге элдик ишенимди кайтаруу болуп саналат. Бул үчүн башкаруу системасын жакшыртуу зарыл, аны сапаттуу жана ийкемдүү кылуу менен коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу болуп саналат. Кийинки учурда кесипкөй мамлекеттик кадрлардын көпчүлүгү жеке структураларга же эл аралык уюмдарга кетүү агымы байкалууда

Мамлекеттик кызмат жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик программаларга ылайык кызматкерлердин адистигин жогорулатуу, кайра даярдоо боюнча мамлекеттик заказдарды иштеп чыгуу, "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө, мамлекеттик кызматты жакшыртуу боюнча стратегия түзүү ж.б. Бирок, белгилүү болгондой, кадрлар кызматынын түзүлгөнүнө аз эле убакыт болду жана көп маселелер боюнча ишмердүүлүгү тийиштүү деңгээлде болбой жаткандыгы мыйзам ченемдүү десек болот.

Акыркы кездерде мамлекеттик кызмат жаатында реформалар жүрүүдө, бирок алдыга коюлган көп милдеттер бар. Албетте, мамлекеттик кызматка кабыл алуу критерийлери дагы өзгөрүүгө муктаж. Паракорчулук система, же болбосо тууганчылык, уруучулук, жердешчиликти колдонуу бүгүнкү биздин шартка туура келбейт, себеби бул жолду 20 жылдан бери баштан кечирүү менен эки ирет революцияны баштан кечирдик.

Менин бул макалада козгоюн деген маселе мамлекеттик кызаткерлер арасында мамлекеттик тилди колдонуу маселесине токтолгум келет

Улуттун эң негизги белгиси – анын улуттук тили экендиги баарыга маалым. Ар бир улуттун улуттук тили өз улутуна кызмат кылат. Улуттук тил жоголсо, улут да жок болот, улут болбосо, анын тили да болбойт.

1989-жылы өз алдынча эгемендүүлүккө ээ болуп, өлкөбүздүн алгачкы президентин шайлады. Ага удаалаш эле 23-сентябрда кыргыз тили Кыргыз мамлекетинин мамлекеттик тили деген статусуна ээ болду.

Эми ошол мыйзам кабыл алынгандан бери 20 жыл өтүптүр.20 жыл аралыгында мамлекетибизде мыйзамдын статьяларындагы талаптар иш жүзүндө ишке ашырылдыбы деген ойго келесиң. Албетте, толук кандуу мыйзам талаптары аткарылган жок, себеби 5-статьянынын 1-пунктундагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили – кыргыз тили деп кашкайта жазылганы менен 2007-жылкы кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясында мамлекеттик тилге байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор болгон, тактап айтсак 5-статьянынын 2-пунктунда Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили пайдаланылат. Орус тилине расмий статус берилүү менен көпчүлүк мамлекеттик уюмдарда мамлекеттик тил ордуна колдонууну шарттап турганы айкын болуп турат.

Мамлекеттик тилди үйрөнөбүз, өнүктүрөбүз, шарт түзөбүз деги койчу баарын эле айтып тим болобуз, бирок иш жүзүндө чогулуштар, конференцияда мамлекеттик тилге мамиле ушундай болуп жатат деп гана айтып-айтып кала беребиз. Ал эми ишке ашыруунун конкреттүү механизмдери мыйзам менен так аныкталган эместей сезилет. Мамлекеттик тилди үйрөнөлү деген кызыкчылык менен муктаждыктын, чөйрөнүн жоктугун моюнга алышыбыз зарыл.

Мамлекеттик масштабдагы мыйзамдар, токтомдор, укуктук актылар жана башка ушул өңдүү документтер алгачкы варианты орус тилинде даярдалып, анан мамлекеттик тилге которулат. Ошону менен мамлекеттик тил өнүгүүдө деп түр көрсөтүп келүүдөбүз. Анан качан биз өз тилибизде ойлонуп, өз тилибизде документтер даярдоого киришебиз деген омоктуу суроо туулат.

Мындай абалдан чыгуунун жолу мыйзамдуу түрдө ар бир кызматкерге жоопкерчиликтүү талаптар коюлса, кызматтык орун ээлеген кызматкер өзүнөн -өзү мамлекеттик тилде тигил же бул документти даярдоого белсенип киришмекчи. Бул жерден айта тура турган бир маселе кызматка алынуучу адамга мамлекеттик тилди билүү талаптарын, өзгөчө жаштарга бекем тартипте коюлса ар бири башка чет тилдерди өздөштүргөн сыяктуу өз эне тилинде оюн айта, жаза билүү талаптары коюлса кандайдыр-бир жыйынтык чыгат болуу керек деп ойлоймун. Андан тышкары, ар бир уюмда, мекемеде кезектеги аттестация, сынакка катышууда мамлекеттик тил боюнча суроолор жана тапшырмаларды киргизүү зарыл. Мамлекеттик кызматка кирүү талапкерлери мамлекеттик кызмат Агенттигине караштуу тестирлөө борборунда өткөрүлгөн тесттердин ичине адистик боюнча гана суроолор эмес мамлекеттик тил боюнча суроолор киргизилүүсү зарыл.

Эң башкы маселе эне тилге болгон мамиле үй- бүлөдө калыптанууга тийиш. Ар бир үй бүлө баласына кыргыздын салт-санаасын, маданиятын сыйлоо менен тарбияласа кантип ал үй бүлөдөгү бала өз эне тилинде сүйлөбөй кое алат. Бизде шаардык интеллигенттердин көпчүлүгү балдарын орус тилдүү мектептерге окутушат. Эмне үчүн? Себеби кыргыз тилиндеги окутуу сапаты жана окутулуучу сабактардын окуу куралдарынын мазмунунун жаңы ыкмада эместигин, ошондой эле окутуу талаптагыдай эмес дешет. Бул бир беткей түшүнүк дээр элем, себеби эң цивилизацияга жетишкен Жапон өлкөсүндө ата-энеси баласынын башка тилдерди билүү менен катар, үйүнө келгенде башка үй бүлө мүчөлөрү менен өз эне тилинде, өз элинин улуттук кийимин кийип алып өз тилинде сүйлөшүп, өз каада-салтын бекем карманганы менен белгилүү экендигин баса белгилегим келет. Бизде деле дал ушундай принципти карманса эмнеге болбосун дегиң келет.

Эмнеси болсо да кыргыз тилинде сүйлөө, жаза алуу үчүн эң оболу - ыклас-ниет коюу керек жана мекенин сүйсө, өз тилин урматтап өнүктүрөт деп деп айткым келет.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө окумуштуулардын, жазуучулардын, ошондой эле ар бир тармакта иштеген котормочу адистердин ролу зор, себеби котормочу адис кайсы гана жаатта иштебесин ошол жаатта колдонуучу активдүү терминдерди жөнгө салып, кыргыз тилинде билимдүү колдонууга өбөлгө түзөт эле дээр элем.

Өркүнү өскөн коңшу Казакстан мамлекетинде казак тилин өнүктүрүү жаатында эбегейсиз мол иштер аткарылууда, себеби өлкөнүн экономикасы өнүккөн. Ал эми биздин азыркы мамлекетибиздин экономикалык абалында дагы эле мамлекеттик тилге болгон мурдагыдай мамиле орун ала береби же башкача болобу ал башка чоң маселе дээр элем.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

29-11-2011
Тогуз коргоол улуттук оюну тегерегиндеги көйгөйлөр
43275

22-07-2011
«Ысык-Көл» – Орто Азиянын бермети же туризм аймагындагы экологиялык абал тууралуу
70669

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×