Добавить статью
7:01, 17 июня 2011 55892

Кыргыз тилин билиш үчүн кыргыз элин сүйүш керек...

Кыргыз тилин билиш үчүн кыргыз элин сүйүш керек, кыргыз элин сүйүш үчүн анын тарыхын билиш керек...

Мына барып-барып эле маселе элдин тарыхына такалат.

Тарыхты тактап алмайын келечекке жол жок эмеспи.

2200 жылдыкка карата кыргыздын тарыхы жөнүндө 7 китеп чыгарууга катышып калбаганымда, мен дагы маңкурт боюнча, өз элимдин ким экенин билбей, анын кадырын, ата-журттун ыйыктыгын сезбей өтүп кетет белем, ким билет. Кудайга тообо кылам. Мен болгону анда кыргыздар жөнүндө учкай эле кеп кылынган китептерди окугам.

Биздин тарыхчылар, кыргыздын тарыхын казып жазуусу үчүн көп тилди билиши керек. Индиянын, арабдардын, кытайдын ж.б. коңшу мамлекеттердин тарыхында биз жөнүндө эмнелер жазылып калганын издеген тарыхчы жок.

Ташка жазылган жазуулар эле кыргыздын ким экенин тастыктап турат.

Бизде болгону СССРден берки тарыхыбыз бар.

“...Октябрь революциясына чейин кыргыздар сабатсыз болгон, жазганды билишкен эмес, тоо-ташта эле көчүп-конуп жашап жүрө беришкен...” деп жазып, окутуп атып, ошого өзүбүз дагы ишенип алганбыз.

Мына ошондуктан өзүбүздү өзүбүз сыйлабай, эмне дейт экен деп, ар кимдин оозун карап, жакшы көрүп жатабы, же жаман көрүп жатабы деп ар кимдин көзүн карап басынып калганбыз.

Кыргыз тили келегей, кыргыз эли жалкоо десе, “ооба” деп башыбызды жерге салабыз, же башка эле бирөө жөнүндө сүйлөп жатат дегенчелик, өзүбүздөн сырт кетиргенге аракет кылабыз.

“Казак эли Пекинге барып, жатып алып, өздөрүнүн тарыхын жазып жатышат. Биздин дагы бийлик башындагылар, илимпоздорго шарт түзүп, кыргыздын тарыхын жазып чыгышы керек. Кытайдын тарыхында кыргыздар менен кандай мамиле болгону, кыргыздардын үрп-адаттары, хандары ж.б. жазылып калган” деп какшаган эле Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга келгенде Кытайдагы тарыхчыбыз Макелек Өмүрбай.

Аны уккан эч ким болбоду. Казактар болсо тарыхын жазып бүтүштү.

Мунун баары биздин интеллигенция чөйрөсүнүн алсыздыгы деп айтаар элем. Ага кимдер кирет? Жөнөкөй кызматкерден жетекчиге чейин, жөнөкөй мугалимден илимпозго, жөнөкөй жазуучудан депутатка чейин... билимдүү деп папке көтөргөнүбүздүн баарыбыз киребиз.

Илгери бир абышкадан канча уулуң бар деп сураса:

– Бир жарым, – деп жооп бериптир.

– А эмнеге бир жарым деген суроого:

– Бир уулум бар элдин жүгүн көтөрүп, эл үчүн иштеп жүрөт, ал бир уулум, эки уулум бар өздөрүнүн тирилигин эптеп өткөрүп жүрөт – ал экөө биригип жарым уул деген экен.

Андыктан өз башыбыздын эле камын көрө бербей, тилди да, элди да көтөрө турган мезгил келди.

Акырында айтаарым, мына мобул бир ууч топурак менин ата-бабадан калган топурагым, мына бул көчөдөгү жүргөн момун кыргыз менин кыргызым деген бир туугандык сезим козголмоюн, тилдин да, ата-журттун да ыйыктыгын сезбей өтүп кете берерибиз анык.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×