Добавить статью
7:24, 22 июля 2011 70672

«Ысык-Көл» – Орто Азиянын бермети же туризм аймагындагы экологиялык абал тууралуу

Ысык-Көл кыргыздар үчүн абдан кереметтүү, ажайып бир кооз жер болуп саналат. Көлдүн күнгөй жана тескей жээгинде көптөгөн эс алуу үйлөрү жайгашкан жана жергиликтүү калк өздөрүнүн үйлөрүн да жатакана катары туристтерге акыга беришет. Көлдүн күнгөй жагы абдан өнүккөн десек болот. Анткени, совет учурунда көптөгөн эс алуу жайлар күнгөй тарапка курулуп, эс алуучулардын дээрлиги бул жакта эс алышат. Бирок, акыркы 5-10 жылдын ичинде көлдүн тескей жагы да өнүгүп баштады. Бул жакка жаңы эс алуу үйлөр ачылып, туристтер келе башташты.

Окумуштуулардын, эколог-адистердин айтууларына караганда, Ысык-Көлдүн экологиялык абалы тегерегиндеги маселелер боюнча аткарылуучу иштер козголбогон дың боюнча калууда. Менчиктештирүү өнөктүгүнүн мезгилинде коруктарга жана корукчаларга тиешелүү айрым жер участкалары кожолукка ыйгарылып кеткен, же узак мөөнөткө ижарага берилген. Андыктан, мамлекеттик корукчаларды тактоонун зарылчылыгы келип чыгууда, башкача айтканда, биосфералык аймакта жер ресурстарын мыйзамдуу түрдө пайдалануу маселесин чукулунан чечүү керек. Ошондой эле, Кыргызстандын экологиялык Кодексин кайра карап чыгуу зарылчылыгын мезгил талап кылат.

Ысык-Көлдүн келечегин жайкы туризмден гана көрүүгө болбойт. Анын пайдаланылбаган башка мүмкүнчүлүктөрү толуп жатат. Айрыкча, аймакта дарылык касиети мол жылуу суулар, майда көлдөр, ыйык мазарлар, тактап айтканда, көлдүн тескей жагындагы Манжылы-Ата ,туздуу көл сыяктуу ыйык жерлер абдан көп. Аларды заманбап деңгээлинде калкка, туристтерге болгон кызмат көрсөтүү жагын ийгиликтүү ишке ашырса мамлекеттин бюджетине, жергиликтүү калк үчүн жумушчу орундары камсыз болоору анык. Буга кошумча жергиликтүү калкка киреше булагы камсыз болуп, сезилерлик материалдык каражаттар түшүп турмак.

Бул аталган дарылык касиети бар суулардын, майда көлдөр боюнча илимий изилдөөлөр азыркыга чейин колго алына элек. Биосфералык аймак боюнча табигый жана маданий ландшафттык пландаштыруу дээрлик жокко эсе. Көлдүн экологиялык сыйымдуулугу аныктала элек. Ысык-Көлдүн айланасындагы майда көлдөрдүн ар биринин тизмесин түзүүгө мезгил келип жетти. Көлгө куйган агын суулардын майда-чоңуна карабай сапаттык курамдарын аныктоо зарыл. Бул болсо Ысык-Көлдүн суусунун абалына байкоо Ысык-Көлдө туризмди, айрыкча, экологиялык туризмди жайылтуунун чоң мааниси бар экендиги тууралуу да ой-пикирлер айтылып келгени менен иштиктүү эч кандай иштер жасалбай келет.

Мындан тышкары, табигый радиоактивдүү заттардын курчап турган чөйрөнү булгоосунун деңгээлин, андан элди коргоонун жолдорун изилдөө учурдун талабы экендиги тууралуу толуп жаткан талаш-тартыштуу маселелер да арбын.

«Жакын арада Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүү тармагын колго алуу менен биргеликте иш алып барсак болот», - деп Япония элчиси Шин Маруо айтты. Ал келечекте көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгилеген. Ал эми бул маселе жаатында Ысык-Көл облусттук администрация тараптан туризм тармагын өнүктүрүү үчүн бир канча программаларды бирге иш жүзүнө ашырууга даяр экендиги айтылганы менен конкреттүү иш-чаралар ишке ашырылбай келүүдө.

Быйыл Финляндия өлкөсү тарабынан Ысык Көлгө био чөйрөсүн калыбына келтирүү үчүн 8 млн евро бөлүнөөрү тууралуу өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Токтогулович Бабанов билдирди. Анын айтуусу боюнча, чабак, осман жана маринка сыяктуу мурда көлдө болгон балык түрлөрүн популяциялоого бул каражаттар жумшалат.

Албетте, бул аталган иш-чаралар Ысык Көл аймагы үчүн жетишсиз. Андыктан, келечекте көл өрөөнүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү менен бирге чечилбей келген, жогоруда баяндалган көйгөйлөрү мамлекеттик деңгээлде чечилсе өлкөнүн бюджетине туризмден эбегейсиз каражаттар түшмөкчү.Аны төмөндөгү фактыдан баамдап билсек болот. Алсак, 2006-жылы Ысык-Көлдө эс алуу үчүн 1 млндон ашуун турист келип, андан түшкөн киреше Кыргызстандын ички дүң продукциянын 4%ын түзгөн.

Туризмди талаптагыдай өнүктүрүүгө жетишсек Ысык-Көл облусунун бюджетине жана жергиликтүү элдин капчыгына гана эмес, мамлекеттик бюджетке да белгилүү бир өлчөмдө киреше түшөрү 2006-жылдын туризмден түшкөн пайдадан улам белгилүү болуп турбайбы.

Андыктан, табият тартуулаган белекти кастарлап албасак, Орто Азиянын бермети делген Ысык-Көлүбүзгө учурунда жетиштүү кам көрбөсөк, эртеңки келечек ээлери болгон кийинки муун бизди кечирбейт демекчимин.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

29-11-2011
Тогуз коргоол улуттук оюну тегерегиндеги көйгөйлөр
43279

10-06-2011
Мамлекеттик тил мамлекеттик кызмат жаатында канткенде өнүгөт?
58578

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×