Добавить статью
4:07, 27 июля 2011 201723

Жалал-Абаддын токойлору жабыркап жатат

Жалал-Абад областынын губернатору Азизбек Турсунбаев өз ишин областтын социалдык-экономикалык абалын иликтеп, маселелерди ичинен түшүнүүгө аракет кыла баштады.

Буга Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын коллегиясында 2011-жылдын 13-июнундагы буйругунун негизинде областтын токой чарбаларында токойлордун абалы, токойду сактоо, өнүктүрүү, токой ресурстарын пайдалануу жана өндүрүштүк, финансы-экономикалык абалы боюнча маселе мисал боло алат.

Коллегияда Агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мурат Өскөнбаев баяндама жасап, Жалал-Абад областынын аймагындагы мамлекеттик токой фондунун жалпы аянты - 737734 гектар, анын ичинен токой каптаган аянт - 298623 гектарды түзөрүн айтып, 15 токой чарбасы, 4 өз алдынча токойчулук, токой сактоо жана коргоо станциясы, токой питомниги орун алгандыгын маалымдады.

2010-жылы башкармалык боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №482-токтомунун негизинде 3500 ижарачыга 9580 га ар кандай токой участкалары келишимдин негизинде ижарага берилген.

Азыркы учурда токой участокторун ижарага берүү боюнча аталган токтом боюнча конкурс уюштуруу менен жаңгак токойлорун ижарага берүү боюнча иш алып барылууда. Жалал-Абад аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистемаларын өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан аткаруучулук тартипти сактоо, чечимдерди кабыл алууну камсыздоо, алардын аткарылышы үчүн кадрлардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүргүлүзүлүүдө. Бирок, бир топ кемчилдиктерге жол берилген.

Токой чарбаларында 2009-жылы 360, 2010-жылы 330, 2011-жылдын ушул мезгилине чейин 58 мыйзам бузуулар катталып, 2008-жылдан бери мамлекетке 8098,8 миң сомдук зыян келтирилген.

Жогоруда белгиленгендей акыркы жылдары областта токой мыйзамын бузуулар азайып жатканы менен кээ бир токой чарбаларында тескеринче көбөйүп жатат.

Мисалы Арстанбап-Ата токой чарбасында 2009-жылы 29, 2010-жылы 66 мыйзамсыз токой кыркуу катталып, жалпы суммасы 542,2 миң сомдук, Каба токой чарбасында 2009-жылы 1даана, 2010-жылы 3 даана жаңгак уюлу кесилип, келтирилген зыян 159,5 миң сомду түзгөн.

2010-жылы Жай-Терек токойчулугунда 3 даана жаңгак уюлу кыркылып, 168128 сомдук, Аксы токой чарбасында 2 даана, Авлетим токой чарбасында 1 даана жаңгак дарагы кыйылып, 54,0 миң сом зыян келтирилген.

2011-жылдын жазгы текшерүү учурунда Авлетим токой чарбасында 21, Аксы токой чарбасында 17, Ала-Бука токой чарбасында 13 өз алдынча токой кыюу фактылары аныкталган.

Азыркы учурда Орток токой чарбасынын жери Кыз-Көл айылдык округуна караштуу токой каптаган аянттарында малдардын жайылуусуна жол берилип, ал жердеги токойлор мыйзамсыз кашага, отун үчүн кыйылып, токойлор жок болуп кетүү абалына жеткен.

Токой чарба кызматкерлеринин кайдыгерлик, туура сактоо жумуштары так аткарылбай жана аларды туура пайдалануу боюнча чечимдер кабыл алынбагандыктан Авлетим токой чарбасында мыйзамсыз кыйылган 206,2 метр куб, Ала-Бука токой чарбасында 106,3 м. куб., Аксы токой чарбасында 33 м куб, Аркыт токой чарбасында 8,3 метр куб ишке жарактуу жыгач бийик тоолуу токой арасында чирип жатат.

Мындан сырткары 2005-2006-жылдары кыркылып, калдык катары калган Аксы токой чарбасындагы 12 даана, Авлетим токой чарбасындагы 7 даана, Кара-Алма токой чарбасындагы 42 даана, Орток токой чарбасындагы 22 даана, Урумбаш токой бөлүмүндөгү 12 даана жаңгак уюлдарынын сакталышы талапка жооп бербегендиктен чирип жок болуп кетүү астында турат. Жогорудагы жаңгак уюлдары бухгалтериядан чыгыш болгон эмес.

Ал эми Арстанбап-Ата токой чарбасында 2009-жылы 4 даана жангак уюлу мыйзамсыз кыркылып, 355,0 миң сомдук зыян келтирилген. Анын ичинен бир даана жаңгак уюлу уурдалып кеткен.

Жогоруда белгиленген мыйзам бузуулар негизинен арендага берилбей калган жана жаңгак түшүмүн алуу үчүн гана ижарага берилген токой аянттарында орун алган. Токой фондунун жерлерин КР өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы №482 токтомунун негизинде ижарага берүү менен мыйзамсыз токой кыюларды токтотууга мүмкүнчүлүк бар экендигине карабастан, токой кызматкерлеринин өз милдеттерине салкын көз карашы бул токтомду ишке ашырууда тоскоол болууда.

М.Өскөнбаевдин айтымында, жогоруда белгиленгендей областтын токой чарбаларында көчөт өстүрүү, отургузуу пландары толук аткарылып жатканы менен бул багытта да бир топ кемчилдиктер орун алган.

Мисалы Тоскоол-Ата токой чарбасында көчөттөр отургузулган жерлерде атайын мамычалар орнотулган эмес жана таксациялык китепчелерди толтурууда кемчилдиктер кетирилген.

Ал эми Кара-Алма, Тоскоол-Ата токой чарбасындагы жана Урумбаш токойчулугундагы питомниктерде көчөттөр өз убагында пайдаланылбай калгандыктан, көчөт деңгелинен өсүп кеткен.

Токойду сактоо үчүн токой фондунун жерлерине мыйзамсыз үй салууларды токтотуу зарыл экендигине карабастан акыркы он жыл ичинде Арстанбап-Ата токой чарбасында 134 үй, Каба токой чарбасында 91 үй, Ачы токой чарбасында 35 үй мыйзамсыз курулган. Ал эми Урумбаш токой бөлүмүндө 1998 жана 2002-жылдардын аралыгында 14 мыйзамсыз турак жайлар курулган. 2008-жылы бул турак-жайлардын үстүнөн акт, протоколдор жазылып, Сузак райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Анын ичинен 3 жаранга кылмыш иши козголуп, Сузак райондук соту тарабынан ал үйлөрдү бузуу үчүн чечим чыккан. Калган 11 жаран өз ыктыяры менен бузууга макул болушкан. Бирок тилекке каршы азыркы учурда ал турак жайларда адамдар жашап жатышат.

«Жогоруда белгиленген токойду сактоо, токой мыйзамын бузуулардын алдын алуу жумуштарын аткаруу үчүн токойчулар бөлүнүп берилген токой аянттарында такай көзөмөл жүргүзүп туруусу зарыл», - дейт М.Өскөнбаев. Бирок токойчулар токойго ар дайым көзөмөл жүргүзүп туруу үчүн Аксы, Аркыт, Авлетим, Тоскоол-Ата токой чарбаларында мингич ат менен толук камсыз болгон эмес жана кызматтык кийимдери жок.

Токойчулардын мингич ат менен толук камсыз болбогондугунун негизги себеби токой чарбаларында көмөкчү чарбаларды сактоо, өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иш алып барылбайт. Акыркы үч жылда токой чарбаларында кулун алуу планы болгону 51-58 % аткарылган. 2011-жылдын 1-январына карата кулун алуу планы Авлетим, Аксы токой чарбаларында 33,3 %, Арстанбап-Ата токой чарбасында 36,3 % араң аткарылган.

Ал эми токой чарбалардын киреше булактарынан болгон бал челектер чирип, жылдан-жылга азайып жатат. Аларды сактап калуу үчүн ремонттоо, сырдоо жана жаңы бал челектер менен камсыз кылуу жумуштары жүргүзүлбөйт. 2008-жылы 12208 бал челек болсо, акыркы үч жылда 1181 бал челекке азайган. Бал челектердин азайып жаткандыгынын негизги себеби Токой чарбасы менен бал челектерди ижарага алуучулардын ортосундагы келишим туура эмес түзүлгөндүктөн, келишимдеги шарттар эки тараптан тең толук аткарылбайт.

Мисалы келишимде ижарага алуучу жыл сайын бал аарысына 10% өсүш берүүсү керектиги белгиленген, бирок бал челек менен эки тараптын кимиси камсыз кылуусу көрсөтүлгөн эмес. Келишимде бал челектерди сырдоо, оңдоо жумуштары көрсөтүлбөгөндүктөн алардын сакталуусу начар абалга жеткен. План боюнча белгиленген 5 кг балдын ордуна 3,9 кг алынууда. Бал өндүрүү планы акыркы үч жылда 63-79% жогору аткарылган эмес. 2010-жылга белгиленген план Орток токой чарбасында 40%, Кара-Алма токой чарбасында 47%, Аксы токой чарбасында 54% аткарылып, областа эң төмөнкү көрсөткүчтү камсыз кылышкан. Ошол эле Аксы токой чарбасынын Иринжит токой бөлүмүндө малдан адамдарга жугуучу коркунучтуу оорулардан болуп саналган Сибирь кулгунасынын очогунун жарымын сел алып, ачылып калган жана бул кооптуу маселе боюнча эч кандай жумуштар аткарылган эмес.

Ал эми эң чоң өрт коопсуздугу бар болгон Кочкор-Ата, Тоскоол-Ата токой чарбаларында атайын өрт өчүрүүчү техникалар жок болуп кеткен. Азыркы учурда мисте токойлорун өрттөн сактоо жумуштары начар абалда. өрт коопсуздугун камсыздоочу тилкелер боюнча жумуштар начар жүргүзүлгөн. өрт өчүрүүгө өз учурунда баруу үчүн жолдор салынган эмес. Тамеки тартуучу жайларды даярдоо жана башка өрт коопсуздугу боюнча пландары толук аткарылбаган.

Учурдагы дагы бир чоң көйгөйлүү маселе токойду зыянкечтерден сактоо иштери бир гана токой коргоо жана сактоо станциясына тиешелүү деген түшүнүктө токой чарбалары тарабынан малак куртунун жумурткаларын терип, дарылап жок кылуу боюнча эффективдүү иш жүргүзүлбөгөндүктөн, Тоскоол-Ата токой чарбасында 2800 га, Кочкор-Ата токой чарбасында 3000га мисте токойлорун, Кара-Алма токой чарбасында 1000га, Орток токой чарбасында 1000га, Аксы токой чарбасынында 500га токой аянттарындагы токойлор малак куртунан толугу менен жабыркаган. Мындан сырткары Жалал-Абад шаарына караштуу 2га жана Сузак токой бөлүмүнүн 1,5 га мисте токой аянтында өтө көп санда малак курту пайда болгон.

Токой чарбалардын балансасындагы имараттар, гараждар, техникалар, кампалар көп жылдардан бери кароосуз калып, ремонттон өткөрүлбөй жана жаңыланбай келгендиктен, азыркы учурда өтө начар абалга жеткен. Мындан сырткары токой чарбаларында токойду, жаныбарлар дүйнөсүн жана токойду өрттөн сактоо боюнча көрнөктөр жокко эссе.

Область боюнча токой чарбалардын кредитордук карыздары 2010-жылдын 1-январына карата 2871,9 миң сом болсо, 2011-жылга карата 7952 миң сом болуп өсүп кеткен.

Ал эми дебитордук карыздар 2011-жылдын 1-январына карата 10836 миң сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 4,4 эсеге өсүп кеткен. Жогоруда белгиленгендей акыркы жылдарга чейин токой чарбалары тарабынан отчеттордо жаап жашыруулар болуп келгендиктен дебитордук жана кредитордук карыздары көбөйүп, токой чарбалардын финансы-экономикалык абалы өтө начарлап кеткен.

Мисалы Ала-Бука токой чарбасында кредитордук карыздар 2010-жылдын 1-январына карата 96 миң сомду түзсө, 2011-жылдын 1-январына карата 305 миң сомго жеткен.

Ал эми Арстанбап-Ата токой чарбасынын кредитордук карыздары 2009-жылдын 1-январына карата 31,5 миң сом болсо, 2011-жылдын 1-январына карата 679,2 миң сомго жетип, жыл сайын өсүп кеткен.

Жогоруда белгиленген кемчилдиктердин келип чыгуусунун негизги себептеринин бири токой чарбасындагы жетекчилердин тез-тез алмашып туруусу жана жетекчи болуп дайындалган токой чарбанын экономикалык-финансылык абалы начарлагандан кийин башка токой чарбага жетекчи болуп которулуп, иштеп жаткан жетекчилер кайрадан эле токой системасынын жетекчилик кызмат орундарына дайындалып жаткандыгынан болууда.

Мисалы Мамбеталиев Кумар Абылкасымович Авлетим токой чарбасына 2010-жылдын 20-апрелинде директор болуп барган мезгилде, токой чарбанын кредитордук карызы - 336,9 мин сом болсо, токой чарбасын 2011-жылдын 17-мартында башка жетекчиге өткөзүп берген мезгилде кредитордук карызы - 817,3 миң сомго жетип, 2,4 эсеге өсүп кеткен.

Авлетим токой чарбасында иштеп жаткан учурда карызы жок токой чарбанын кредитордук карызын 336,9 миң сомго жеткизген Токтоболотов Шадыбек Анашович азыркы учурда которуу жолу менен Ала-Бука токой чарбасынын директору болуп иштеп келүүдө.

Кемчилдиктер иш кагаздарын жүрүзүүдө да орун алган. Айрым өздүк делолордо кадрдык учет жүргүзүү баракчалары толук толтурулган эмес. Аппарат кызматкерлеринин кээ бирлеринин дипломдорунун көчүрмөлөрү жок. Президенттин 2007-жылдын 22-февралындагы №71 Жарлыгынын «Аткаруу бийлик органдарында жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарында жарандардын кайрылуусу менен иштөөнүн абалын жакшыртуу жөнүндөгү» жана 2007-жылдын 4-майындагы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамды аткарууга алууда бир топ кемчилдиктер орун алган.

М.Өскөнбаевдин айтымында, текшерүү мезгилинде жеринде жараандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана арыз каттар менен иштөөнүн тартиби жөнүндө методикалык жардамдар берилип, арыз каттардын түп нускасы сакталышы жөнүндө эскертилген.

Жогоруда белгиленген кемчилдиктерди жоюу жана көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча комиссия иликтеп чыгып төмөндөгү иштерди алып барууну сунуш кылган.

Областын токой чарбасынын аймагындагы токойлорду сактоо максатында электр энергиясынын баасын арзандатуу, токой чарбаларынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана, токой эгүү, коргоо, сактоо жумуштарын мамлекттик бюджеттен каржылоо, токой кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча өкмөткө маселе коюу менен жогорудагы көйгөйлүү маселени чечүү зарыл.

Токой чарбаларын өрт өчүрүүчү жана токой илдеттерине, зыянкечтерине каршы каражаттар менен камсыздоо, токой кызматкерлерин атайын кызматтык кийим менен камсыз кылуу, токой чарбаларынын финансы-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн атайын каражаттан алынуучу 20% төлөмдү 10% кыскартуу, токой чарбаларга өздүк атайын каражаттарынын эсебинен курулуш куруу, ремоттоо иштерине жана эмерек, компьютердик оргтехникаларды сатып алууга уруксак берүү, токой чарбаларына сметаларды өз убагында берүү боюнча өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигине маселе коюу керек. М.Өскөнбаев областтын аймагындагы токойлорду сактоо, өнүктүрүү максатында иш-чаралар иштелип чыккан.

Коллегияда жогоруда белгиленген көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн тийешелүү мекеме-уюмдар иш-чарада белгиленген жумуштарды аткаруу боюнча иш алып баруусу зарылдыгы белгиленди.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

17-04-2012
Пахта эккендердин мээнети кайтпай калып жатат       
164492

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×