Добавить статью
12:05, 10 октября 2011 217218

 Маданиятыбыздын деңгээли табияттын тагдырын чечеби?

Табиятка аяр мамиле жасоого маданиятыбыз жетишпейби? Же адам менен табиаттын ортосундагы эриш-аркак мамилеге доо кетирип жаткан – бул адамдардын өздөрү эмеспи? Жагдайды кантип жөнгө салса болот? Мына ушул маселенин тегерегинде сукбатташуу максатында жакында эле Жалал-Абад санаториясынын конференция залында «Айлана-чөйрөгө карата аяр мамилени Кыргызстандын көчмөн элдеринин маданий адат, салт-санааларынын негизинде жандандыруу» аталышында тегерек стол өткөрүлдү.

Кристенсен фондунун каржылоосу менен уюштурулган бул иш-чарага география илимдеринин доктору, профессор Эмил Шүкүров, «Таалим форум» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Динара Алымова, долбоордун эксперти Азамат Худайбергенов, театровед Жылдыз Тойбаева жана Жалал-Абад областынын маданият, китепкана, театр тармактарынын, шаардык мэриянын, коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Турмуш-тиричиликтен таалимди ажыратан – бул билим. Турмуш-тиричилик тажрыйбасы өнүмү жок билимдердин үстөмдүгүнө (схоластикага) орун бошотуп калды. Адамдын тышкы ддүйнө менен гана байланышы үзүлбөстөн, анын ички дүйнөсүн да жардыланып жатат. Бул өксүк коомдук окуяларда, жараталыш процесстеринде ачык-айкын байкалууда. Мындай ажырымды маданият дүйнөсүнө кайтуу менен же маданият дүйнөсүнүн өзөгүн адамдын айлана-чөйрө менен эриш аркак болуу зарылдыгы түзгөндө гана жоюуга болот. Айлана-чөйрөнү таануу билиминин толук кандуу өркүндөй албашынын өзү ага каршы болууну, тирешүүнү, чабалдыкты, өзүмчүлдүктү, кара ниеттикти актаганга айлана баштады. Билимден билимсиздик келип чыгат. Билбегендик – алсыздык, амалкөйлүк. Маданиат жалаң эле билим алуу жагына бурулбаш керек жана бурула албайт. Билим тиричиликтин маңызы эмес. Анын мааниси маданиятка кызмат кылуу болсо, маданияттын мааниси Тиричиликтин биримдигине колдоо күөрсөтүү деп жана дагы көтөгөн омоктуу ойлорду айтып, отургандарды ойго салуу менен профессор Эмил Шүкүров сөз оболун баштап берди.

-Биздин этно-маданиятыбызда эң мыкты адат, салттар камтылган. Биз табият менен өз ара биримдикте болуудагы тең салмакты жоготуп албайлы десек, маданиятка көңүл бурушубуз керек же бул жааттагы өксүктөрдү маданиат аркылуу толтурууга кам көрсөк болот. Мен айылдарды аралап, улгайып калган адамдар менен маектешип калганымда алар «сен жакшы ишти колго алыпсың, бирок опер-мопериңди, балет-малетиңди койчу, ал бизге жакпайт», - деп калышат. Мунун сыңарындай эле, азыркы, өсүп келе жаткан муун деле биздин ата-бабалардан мураска калган руханий, маданий дөөлөттөрдгө, баалуулуктарга маани бере албай калуу коркунучуна дуушар болуусу турган нерсе. Ошондуктан, буга сыртыбызды салбай, тескерисинче, маданий иш-чаралар, искусство чыгармалары аркылуу адамдардын табиятка аяр мамиле жасоо табитин ойготууга, жандандырууга аракет көрсөк, - деген сунушун айтты Эмил Шүкүров.

Кристенсен фондунун максаты, багыты, анын каржылоосу менен аткарылып жаткан иштерге Азамат Худайбергенов токтолуп кетти.

-Жаратылышты сезимдик эмоция аркылуу туюу: мектеп долбоорун ишке ашыруу таржрыйбасын Динара Алымова долбоор алкагында мектеп окуучуларынын аракети менен тартылган фильмдерди, фото сүрөттөрдү көрсөтүү менен баяндады. Долбоордун максаты - шаардык окуучулардын дем алуу мезгилдеринде айылдык курдаштарынын үйлөрүндө жашоосу, айылдык окуучулардын ошол эле «сценарий» менен шаар чөйрөсүндө жашоосун уюштуруу менен шаарда өскөн балдардын айылдарда жашаган учурунда тиричиликтин маданий традициялары, кол өнөрчүлүк, фольклор, элдик оюндар менен жакындан тааныштыруу. Мындай инновациялык ыкманы биз балдардын көрүүсү, сезүүсү аркылуу айланасындагы жаратылышты жана социалдык чөйрөнү реалдуу туюу жөндөмүн өнүктүрүү үчүн колдонуп жатабыз, - деди Динара Алымова.

-Айтылган пикирлерди толук колдойм, адамдардын маданий деңгээлин көтөрүүдө, айлана-чөйрөгө карата туура мамилени бала чагынан калыптандырууда маданияттын, искусствонун орду абдан эле чоң, муну биз ар бир чыгарманын, ар кандай иш-чаралардын өзөгү катары кароого жана элге жеткирүүгө милдеттүү экенибизди дайыма сезе жүрүшүбүз керек. Чынында чыгармачылыкка чын пейилден (искренне) мамиле жысоо талабы күчтүү, биз сахнага чыкканда көрүүчүнүн, угуучунун сырткы көрүнүшү менен гана арбап калуудан этият болуп, алардын көркөм табитин өнүктүрүүгө көпүрө болушубуз зарыл. Эми көөдөнүбүздө чыгармачыл эргүүлөр болуп турганы менен, аны ишке ашырууда баягы эле акча каражатынын жетишпестигинен чыга албайт экенсиң. Бюджеттен болсо жыл ичинде белгиленүүчү 7 майрамдык иш-чараны өткөрүүгө гана акча бөлүнөт, - деген арманын Жалал-Абад шаардык мэриясынын маданият бөлүмүнүн башчысы Абдирашит Султанбаев айта кетти.

Сөз учугун андан ары театровед Жылдыз Тойбаева жаратылышты коргоо темасын театр искусствосунда чагылдыруу тууралуу улап, театр ишмерлеринин бул маселеге да астейдил көңүл бура баштагынын, айрым бир жетишкендиктер болуп жатканын, маселен, жакында эле «Учур» театрынын чыгармачыл тобу драматург Султан Раевдин «Меккеге карай узак жол» чыгармасынын негизинде койгон спектакли Москва шаарындагы Чехов театрында өткөрүлгөнүн фестивалда өтө татаал, кыйын сыноолородон өзүнүн көрүүчүлөргө унутулгус элестерди калтырганы жана адам баласын ойлонууга түрткү бергендиги менен ийгиликке ээ болуп кайтканын, бирок көп иштерди аткаруу алдыда экенин айтып кетти.

«Мен мурдагы, бала кезимдеги жазды, жайды, күздү, кышты акыркы учурларда байкабай келем. Алардын керемети менин оюмда жашап келет, же мен өзгөрдүмбү, же табиат өзгөрүп жатабы, билбейм, - деп кадимки театр сахнасында роль аткарып жаткандай үн менен сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайыр Мамбетова эже чыгармачыл адамдардын табиятка карата көз карашы жөнөкөй адамдардыкына караганда башкача болорун, айлана-чөйрөгө карап көп нерсеге жүрөкзаада экенин белгилеп кетти.

Жалал-Абад областындагы экология жаатында иштеп жаткан бейөкмөт уюмдардын ролу тууралуу Жалал-Абад шаарындагы «Green Light» коомдук фондунун директору Азизбек Умарбаев, бул аймактагы жер кыртышынын абалы, жарга айланып жаткан жерлерге дарактардын көчөттөрүн отургузуу иштерин слайд аркылуу көрсөтүп, мындай ишке жалпы коомчулук көңүл бурушу зарылдыгына токтолду.

Китепкана өкүлдөрү болсо, бул тема же козголгон маселелер биздин и- планда дайыма орун алып турат, - деп кошумчалашты.

Төрт мезгил тең төп келген, табияты керемет, кооздугу көз жоосун алган Жалал-Абад аймагында мындай иштердин өтөсүнө эмнеге чыгууга болбосун? - деген шыктануу менен иш-чара соңунда катышуучулар каралган маселелердин тегерегиндеги сунуш-пикирлерди, Кыргызстандын маданият ишмерлеринин табият менен эриш-аркак болуу адат, салттарды маданият иштеринде жандандыруу туурасундагы кайрылуусун (манифест) камтыган резолюция кабыл алышты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

29-11-2012
Укук билген уттурбайт
137774

15-06-2012
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу канткенде өнүгөт?
126004

27-10-2011
Падыша жана жакыр бала.  Же президент балдардын колундагы балыктарды сатып алабы?
77009

15-09-2011
Буудай талаалары чөп чабынды болуп калабы?
135529

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×