Добавить статью
10:00, 26 декабря 2011 46700

Кыргызстандын Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүүсүнүн натыйжалары

20-декабрда Кыргызстандын ДСУга (Дүйнөлүк Соода Уюму) киргенине 13 жыл болду. ДСУга кирүүнүн кандай жыйынтыктары бар? Кыргызстан 13 жылдын ичинде кандай пайда көрө алды?

ДСУга кирүүнүн биринчи максаттары бул соода режимин либералдаштыруу жана эркин сооданын принциптерин алга жылдыруу болчу. Эркин соода деген эмне жана анын кандай артыкчылыктары бар? Эркин соода элдин берекелүү турмушунун өсүшүнүн негизги факторлорунун бири. Эркин сооданын негизги принциптери бул эркин жасалуучу алмашуу жана өз ара пайда көрүү. Эркин жасалуучу алмашуу катышкан жактардын пайда алуу шартында гана болот. Мындан – соодада болгон тоскоолдуктарды алып салуу деген логикалык жыйынтык чыгат.

Эркин сооданын артыкчылыктары:

1. Элдин берекелүү турмушунун өсүшү

2. Баалардын төмөндөөсү

3. Товарларды жана тейлөөлөрдү кеңири тандап алуу

4. Сооданын көлөмүнүн өсүшү

5. Глобалдык эмгектин бөлүнүшүнүн жана экономикалардагы адистештирүүнүн тереңдөөсү

6. Салыштырмалуу артыкчылыктары бар экономиканын тармактарынын өнүгүүсү

7. Экономиканын өндүрүмдүүлүгүнүн жана инновациялуулугунун өсүшү

8. Атаандаштыктын күчөшү

9. ИДПнын өсүшү

10. Тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн бекемделүүсү

Эркин соода режими менен болгон мамлекеттер глобалдык базарга кошулуп, натыйжада анын элинин кирешелеринин өсүшүнө алпарат. Соодадагы бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салган өнүгүп жаткан мамлекеттер соодада чоӊ тоскоолдуктары бар мамлекеттерге салыштырмалуу өнүгүү ылдамдыгы үч эсе жогору экенин көп жылдык тажрыйба көрсөтүп келет.

Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин арасында ДСУга биринчи кирген. ДСУга кирүү 1998-жылдан баштап экономикада келээрки жетишкендиктерге жардам берген. ДСУга кирүү учурунда Кыргызстандын негизги максаттары бул тышкы сооданы эркиндештирүү, анын көлөмдөрүн чоӊойтуу, экономикалык өнүгүүнү стабилдештирүү жана дүйнөлүк соода агымдарына кошулуу болгон. Кыргызстан тарифтик бааларды азайтып, орто деӊгээлде 5,1% кармаганга бир катар милдеттерди алган.

ДСУнун мүчөсү болуу менен алган негизги пайдалар:

1. Кыргызстандык товарлардын жана тейлөөлөрдүн экспорту бүткүл ДСУ мамлекеттеринде жагымдуу режим менен колдонот, ДСУ мамлекеттери эч кандай башка ДСУ мамлекеттердин кызыкчылыктарына зыян келтирген чек коюу чараларын колдонушпайт жана кыргызстандык товарлар үчүн төмөндөтүлгөн тарифтерди колдонушат, бул улуттук товарлардын башка базарларда болгон атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрөт. Натыйжада, тышкы соода көлөмдөрү 2003-жылдан баштап тез өсүп баштады. 1998-жылдан 2010 жылга чейин 1,4 млрд. доллардан башталып, 5 млрд. долларга чейин өстү. Башкача айтканда 3,5 эседен ашуун өстү. Экспорт 2010-жылы 1998-жылга салыштырмалуу 3,3 эсе өстү. Импорт болсо 3,7 эсе. Бул тышкы сооданын ИДПге салыштырмалуу 1998--2010-жылдар арасында 83%дан 108%га чейин өсүшүнө жардам берди.

2. Акыркы жылдары Кыргызстан Борбор Азиядагы мамлекеттерге жана Оруссияга импорттук товарлардын реэскпортунун регионалдык борборуна айланды. Чоӊ көлөмдүү реэкспорттук соода агымдар Борбор Азиядагы эӊ чоӊ «Дордой» жана «Кара-Суу» базарлары аркылуу өтөт. Дүйнөлүк банктын маалыматтары боюнча «Дордой» жана «Кара-Суу» базарларындагы жалпы сооданын көлөмү 2008 жылы 3,5 млрд. долл. түзгөн же ИДПнын 68%. Реэкспорт «Дордой» жана «Карасуу» базарларында 75% жана 85% түзөт. Бул базарларда түз жана жандатып 500 миӊдей адам иштейт. Же бул сан иштегенге жөндөмдүү калктын 20% түзөт.

3. Ички соодалык жана салык мыйзамдары ДСУнун эрежелери жана нормалары менен туура келтирилген. Муну менен дүйнөлүк сооданын 97% иштейт. Мыйзамдарды мындай туура келтирүү экономикага инвестицияларды тартуу жана сооданын өнүгүүсү үчүн жардам берген режимдерди коюу үчүн зарыл болгон. Чет өлкөлөрдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 2010-жылы 234 млн. долл. түзсө, 1999 жылга салаштырмалуу 5 эсе өстү. Мындай инвестициялар 2001-жылдан 2008 жылга чейин тез ылдам менен өсүп жатты. Ал эми 2008 жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тартып – 377 млн. долл. эӊ бийик көрсөткүчкө жетти.

4. Соодалык саясатты либералдаштыруу жагына өзгөртүү бюджетке бажы төлөмдөрдөн түшкөн кирешелерди азайткан жок. Экономика жана тескөө министрлигинин маалыматтары боюнча, либералдуу пошлиналарды киргизген учурдан баштап 9 жылдын ичинде бажы төлөмдөрдөн түшкөн кирешелер 3 эседен ашуун өстү.

5. Импорттун түзүлүшүндө өндүрүүгө керектүү ортодогу жана инвестициялык товарлар 60% ашык бөлүгүн түзөт. Бул кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн конкуренцияга жөндөмдүүлүгүн сактап калыш үчүн төмөн тарифтердин мааниси чоӊ экендигин көрсөтөт. Мисалы, кийим тигүү тармагынын тез өнүгүүсүнүн негизги себептеринин бири – бул Кытайдан, Түркиядан жана башка мамлекеттерден келген арзан кездемелерди төмөн тарифтер менен алып кирүү. Кийим тигүү продукциясынын өз наркында кездемелер 50% түзөт.

6. ДСУга кирүү менен Кыргызстан өзүнүн эл аралык имиджин көтөрдү жана конкуренцияга жөндөмдүү базар экономикасын курууга тарап алган реформалардын кайра артка кайтарылбасынын декларациясын камсыздады.

7. Улуттук өндүрүүчүлөр жана инвесторлор үчүн соода тармагында жана тейлөө тармагында белгилүү режим орнотулган. 2000-жылдан баштап тейлөө тармагы тез өсүп, 2010-жылы ИДПнин 45% ашуун бөлүгүн түзөт.

8. Бүткүл ДСУ мамлекеттери аркылуу товарлардын эркин транзити. Бул учурда кыргызстандык товарларга пошлиналар, салыктар жана чектөөлөр колдонулбайт.

ДСУнун мүчөсү болуунун артыкчылыктарын толук колдонууга жол тоскон проблемалар:

1. Географикалык алыстык. Жагымдуу базарлардын жана ДСУ мамлекеттеринин алыстыгынан, транспорттук инфраструктуранын жетиштүү өнүкпөгөнүнөн жана транспорттук чыгымдардын көп болгондугунан, товарлардын көпчүлүгү бул базарларга кымбат болуп барат же өтө аз ташылат.

2. Улуттук продукциянын төмөн сапаты, көбүнчөсү чыгымдары чоӊ технологиялар жана эскирген жабдуулар менен чыгарылат. 20 жылдын ичинде өкмөт жагымдуу бизнес абалды түзө алган жок, экономиканын үстүнөн тескөөнү азайта алган жок, бюрократияны жоготуп, жергиликтүү өндүрүүнү өнүктүргөнгө чет өлкөдөн конкуренцияга жөндөмдүү технологияларды тарта алган жок.

3. Чет өлкөлүк инвесторлордун жетиштүү эмес кызыкчылыгы, мунун себептери – мүлктүн укуктарын алсыз коргоо, мыйзамдардын туруксуздугу, өкмөттүн чечимдеринин кескин өзгөрүүшү, алсыз инфраструктура жана башкалар.

4. Тышкы сооданын формалдуу либералдуу режими тажрыйбада бюрократия жана коррупция менен байланышкан формалдуу эмес чектөөлөр менен кезигет. Эл аралык Doing Business рейтингде Кыргызстан эл аралык соода жүргүзүүнүн оӊойлугу боюнча 183 мамлекеттен 171 орунду ээлейт, бул абдан төмөн көрсөткүч.

5. ДСУнун мүчөсү болбогон кошуна жана башка мамлекеттер аркылуу транзит проблемасы. Кыргызстандын ДСУга кирүүсү балким зыянына караганда экономикага көбүүрөк пайда алып келди. Экономикалык жакшы тенденцияларды сакташ үчүн эркин сооданын принциптерин бекемдөө керек, айрыкча бажы пошлиналарын азайтуу, тарифтик эмес жана административдик тоскоолдуктарды алып салуу жана бажы процедуралардын эл аралык стандарттарына өтүү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×