Добавить статью
7:35, 18 января 2012 6910

Сарамжал аркылуу сапатка

Кыргызстанда Сарамжал менен өндүрүү (Кайдзен) жана Эл аралык стандартты (ISO) жайылтуу боюнча долбоорду колдоп келе жаткан ЕБРРдин ишкердик консультанцияларды колдоо (ВАS) программасы жана Германиянын эл аралык кызматташтык уюму (GIZ) Жалал-Абад шаарынын өндүрүштүк ишканаларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жакында Мөл-Мөл мейманканасынын имаратында практикалык семинар өткөрдү.

Анда cарамжал менен өндүрүү багытындагы көз карандысыз практик-консультанттар Дубовикова Марина жана Алыбекова Гүлзат катышуучуларды тиешелүү маалыматтар менен тааныштырып, практикалык иштерди ар кандай талдоо жүргүзүүлөр менен үйрөтүштү.

Консультант Дубовикова Марина сарамжал менен өндүрүүнүн концепциясы япониянын Кайдзен менеджмент системасынын компоненти болуп саналарын, Кайдзен - бул япония философиясы жана практикасы экенин, ал өндүрүш, иштеп чыгуу, көмөкчү иштер, башкаруу, ошондой эле жашоо-турмуштун бардык аспектилеринин үзгүлтүксүз, тынымсыз өркүндөө процесстерин камтый турганы тууралуу түшүндүрдү.

Сарамжал менен өндүрүү концепциясына ылайык, ишканалардагы иштерди керектөөчү үчүн баалуулук берилген жана берилбеген операциялар жана процесстер, деп бөлүүгө болот. Ошондуктан, сарамжал менен өндүрүү көз карашынан алганда, керектөөчү үчүн баалуулук берилбеген иш аракеттердин бардыгы жоготуу катары каралат жана мындайга жол берилбөөгө тийиш.

Ошентип Кайдзендин максаты - аракеттерди жана процесстерди стандарттык алкак менен алдыга жылдыруу аркылуу жоготуусуз, коромжусуз өндүрүүгө, б.а. жумушчу күчүн, жабдууларды, убакытты, өндүрүш аянттарын аз сарптап, сарамжал менен өндүрүүгө жетишүү экендигин таржымалдап берди.

Ал эми, көрсөтүлгөн роликтердеги Кыргызстандын айрым өндүрүштүк ишканаларынын иш процесстериндеги ар бир урунттуу учурга кандайча маани берүү керектиги, эмнелерге көнүл бурулбай калгандыгы тууралуу консультант-практик Алыбекова Гүлзат талдоого алып, түшүндүрдү.

Андан ары бул иш чаранын жүрүшүндө катышуучуларга оюн түрүндөгү тапшырма берилип, тактап айтканда, эки топко бөлүнгөн катышуучуларга заказчы тарабынан ар бир топко үч (ак, жашыл, сары) түстөгү кагаздар таркатылып, самолеттун макетин жасоо сунушталды.

Шартка ылайык, оператордун ишти уюштуруп, заказды сапаттуу өткөрүп берүүсү үчүн ар бир жумушчуга бирден функцияны аткаруу эле. Колдон-колго өтүп самолеттор даяр болду. Натыйжада бир топко берилген 12 даана кагаздан 1 самолет, экинчи топтон 2 самолет гана учууга жарайт,- деп заказ берген ишкер араң кабыл алды.

Натыйжада, эки топко берилген 24 кагаздын 21 биринен жасалган самолет жараксыз деп табылып, 21 кагаз коромжуга учурады.

Иш жыйынтыгында буга ким күнөөлүү, кандайча жол берилгендиги тууралуу катышуучулар өздөрү талдоого алышып, жумушчулардагы кесипкөйлүктүн төмөндүгү, убакытка маани берилбей калгандык, оператордун уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү төмөн, ж.б. сыяктуу себептер иштин сапаттуу жана толук аткарылышына кедерги болгонуна ынанышты.

Ошентип, сарамжал менен өндүрүүнүн инструменттери аны туура колдоно билген көптөгөн ишканаларга өндүрүмдүүлүктү арттыруу, чыгымдарды азайтуу, иш процесстерин жакшыртуу, персоналдардын иштин мыкты аткарылышына көңүл бурушу, маани берүүлөрү өңүтүнөн кыйла эле жардам берери түшүнүктүү болду.

Демек, өндүрүштө жоготууларга, коромжуга жол бербөө үчүн тынымсыз жакшы жакка умтулуу – окуу, билим алуу, жаңыны өздөштүрүүгө ынтызар болуу иштин сапатын да арттырып, керектөөчүнүн да купулуна толору, ушунун өзү өндүрүштүн өнүгүп турушуна салым экени дагы маалымдалды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

29-11-2012
Укук билген уттурбайт
83952

15-06-2012
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу канткенде өнүгөт?
81594

28-11-2011
Муниципалдык менчиктин мааниси эмнеде?
10111

27-10-2011
Падыша жана жакыр бала.  Же президент балдардын колундагы балыктарды сатып алабы?
55360

10-10-2011
 Маданиятыбыздын деңгээли табияттын тагдырын чечеби?
145738

15-09-2011
Буудай талаалары чөп чабынды болуп калабы?
108029

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×