Добавить статью
11:08, 9 февраля 2012 22806

Жаратылышты канткенде сактап кала алабыз?

Адам баласынын басып өткөн тарыхын барактасак, ал жаратылышты жөн гана таанып билбестен, аны өзгөртүүгө да жетишти. Жаратылыш байлыктарын пайдаланып гана тим болбой жана илимий-техниканын тынымсыз өнүгүшү менен жаратылыштын баштапкыкы калыбынын өзгөрүүсүнө алып келди.

Байыркы мезгилдерде адамдар жаныбарларга аңчылык кылып, таш, таяктар менен жаракат алдырып кармап жешкен. Кийинки мезгилдерде дыйканчылык,  мал чарбачылык өнүгө баштады. Анда жапайы жаныбарлардан пайдаланып, үй жаныбарларын кармашты. Ал эми өсүмдүктөрдөн болсо, мурда жаратылышта кездешпеген жаңы сорттор пайда болду. Ошол сорттун түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бир химиялык затты пайдаланса, отоо чөбүн жоготуу максатында дагы башка химиялык затты пайдаланат.

Азыркы мезгилде адамбаласы  өз  кызыкчылыгынын негизинде, мындай уулуу химиялык заттарды кеңири колдоно баштады. Бирок, бул заттар жалаң эле пайда бербестен, жаратылышты аёосуз кыйроого да учуратууда. Андан сырткары химиялык лабораториялар да синтетикалык буюмдарды, дарыларды пластикалык пакеттерди,  бөтөлкөлөрдү жасап жатышат, булардын калдыктары: чирибегендиктен, же илимий тил менен айтканда микроорганизмдер менен аракеттенишпегендиктен, жер кыртышын бузуп жатат.

+нөр жайдын өнүккөнүнө сүйүнгөнүбүз менен алардан  бөлүнүп чыккан газдан–  атмосфера,  иштелип чыккан сууларынан – гидросфера,  таштандыларынан – литосфера жабыркоодо. Айрыкча радиактивдүү заттардын таштандылары өтө коркунучтуу. Ага мисал:  Майлуу-Суудагы  уран  калдыгынын таштандыларынын жакшыбекилбей  калганы. Булар көзгө көрүнбөгөн  уулуунурлар. Анын таасиринен  ар түрдүү коркунучтуу оорулар пайда  болот, мисалы:  балдардын тубаса майып төрөлүшү, нерв  ооруларынын пайда болушу сыяктуулар, ал эми булганыч сууларды пайдалануудан: ич өткөк, тиф,сарык ооруулары жана башкалар пайда болот.

Албетте, техниканын өнүгүшү биздин аң-сезимибизди  өстүрдү жана ишибизди жеңилдетти. Ар бирибизде  чөнтөк  телефон, компьютер,  ноутбук, машиналардын түрлөрү. Бул – эң жакшы. Бирок булардын да терс жактары болуп жатпайбы, мисалыга  чөнтөк  телефон  менен  көп сүйлөшкөн  адамдын угуу жана  нерв  клеткаларынын жабырланышын айтсак болот.. Компьютерде  көп  отурганадамда: көз нурунун начарлашы, остеохондроздун пайда болушу байкалат. Ал  эми алыскы жолду жакын кылган машиналарыбыз өзүнөн бөлүп чыгарган түтүн аркылуу атмосфераны булгап жатышат.

Акыркы мезгилдерде атмосферанынб улгануусу кескин  өсүүдө.  Абанын составы өзүнүн мүмкүн болгон концентрациясынан  (МБК)  жогору болуп жатат. Мисалы, республикабыздын аймагында  257 ар кандайо бьектилердин  5260  атмосфералык абаны булгоочу булагы  бар. Алардан  бөлүнүп чыккан булганыч заттардын  көлөмү  1 жылда  47 миңт оннадан ашык. Андан сырткары абадаг ыбулганыч заттар жаан менен жер бетиндеги суулардын,  топурактардын экинчи жолку булгануусун пайда кылууда. Атмосфералык абанын булгануу  деңгээлин  көзөмөлдөөчүлөрдүн маалыматына таянсак, Бишкек, Ош, Токмок, Кара-Балта  шаарларынын абасы бензопирен  (биринчи орундагы коркунуч келтирүүчү концерогендик зат) менен чоң өлчөмдө булганууда.  Акыркы эле 10 жылдын ичинде Бишкекте бензопирендин максималдуу өлчөмү мезгил-мезгили менен 60 МБК, Ошто 36 МБК, Токмокто 50 МБК, Кара-Балтада 15 МБК  болуп тургандыгынан  ыкташкан. Андансырткары Бишкек, Ош,Токмок, Кара-Балта шаарларынын аба мейкиндиктеринде көп өлчөмдөгү күлдөр кездешүүдө. Натыйжада экологиялык кырдаал системалуу түрдө  начарлап жатат.

Техниканын өнүгүшү менен космоско учуулар  да көбөйдү. Алардын жардамы менен башка планеталар изилденип, жаңы-жаңы  маалыматтар алынууда. А бирок космос кемеси учуп өткөн аянттагы озон катмарынын жылчыктарычы. Озон катмары жер планетасына канчалык денгээлде керек экендигин биз билебиз го.

Урматтуу окурмандар, менин сиздерге кайрыларым: «Биз канткенде жаратылышты бузбай кийинки муундарга бере алабыз?»   

Абдыкеримова Айгүл эжекебиз:

Мунун бары жан дүйнөмдүн жанырыгы,

Жаратылыш онтосо түтөйт ко  каңырыгың,-дегендей, чындыгында эле экологияны антропогендик күчтүн таасири астында ошончолук  деңгээлде бүлүндүрүп жатсак, анда эмне үчүн анын санын таптакыр жок кыла албасак да  азайтууга болбосун? Мисалы, машиналардын түтүн  бөлүп чыгаруучу трубаларына,  печкелердин морлоруна, заводдордун түтүн чыгаруучу жайларына газдарды тазалоочу аппарат жасасак болобу? Кыргыз Республикасы сууга бай, ГЭСтердин санын көбөйтүп, электрэнергиясын  көбүрөөк иштеп чыгып, жылытуу системасына электрэнергиясын пайдалансак, аба мейкиндигиндеги күлдүн саны азаят беле. Мүмкүн болсо машиналардын да ток менен заряддап жүрө турганын ойлоп тапсак, жакшы болмок. Биздин жашообуздун негизин түзгөн  кычкылтекке байытуучу жаратылыштын жашыл  бөлүктөрүн жайылтууга биз кош  көңулбүз, тескерисинче кыйратуудабыз. Мисалы,  өз  кызыкчылыгыбыз үчүн токойлорду кыйып пайдаланабыз, кала  берсе  адамдардын  саны көбөйдү,  жер жетишпейт деп чоң-чоң  короо -жайлардысалабыз, а  бирок  ошол жердеги токойлор, өсүмдүктөр канчалык деңгээлде пайда келтирээрин эске албайбыз. Жаратылыштын баарын бүлүндүрүп алып анны кайра  жасоого караганда, табигый жаратылышты сактап  калган туурадыр. Ушул маселенин негизинде мен экологдорго да кайрылгым келет. Урматтуу жаратылышты коргоочулар! Сиздердин кызматыныздар келечек муундар үчүн негизги орунда тураарын биз билебиз. Ошол оор жүктү эске алып, өз  ишиңиздерди жандандырсаңыздар  эң жакшы болмок… Ошондой эле ата-энелерге  да  кайрылгым келет. Ар бир ата-эне балдары үчүн кандай ганаж акшылык болсо, ошонун баарын каалашат. Алар үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, мал-мүлк жыйнап балдарына калтырышат эмеспи. А  бирок  ошол байлыктын эмне кереги  бар, эгер балдарыбыз экологиянын таасири тийип ден-соолугунан ажырап олтурса. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) да:  «Эртең  кыямат болот  дегенди уксаң  да, көчөт  олтургуз»,-деп айтып кеткен эмеспи. Ал  көчөттүн мөмөсүн жебесек да, андан  бөлүнүп чыккан кычкылтек менен дем алып жатпайбызбы. Ошондуктан  ар  бир ата-эне балдарыбыз, неберелерибиз, келечек муундарыбыздын ден-соолугу үчүн, жаратылыштын жашыл бөлүктөрүн өстүрүүгө аракет кылалы. Келечек муундардын астында уят болуп калбайлы!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×