Добавить статью
10:20, 20 марта 2012 47312

Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү, тоскоолдуктар жана аны чечүү жолдору

Өзүнүздөргө жакшы маалым болгондой кооперативдердин кыймылы советтик системанын урашы, өлкөдө жер жана агрардык реформанын жүргүзүлүшү, колхоз – совхоздордун жоюлушу менен пайда боло баштады. Жер жана агрардык реформаны жүргүзүүнүн натыйжасында жер үлүшү жана мүлк менчиктери аныкталып, ар бир айылдык тургун чарба жүргүзүүнүн каалаган түрүн тандап алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, фермердик - дыйкан чарбалар жана айыл чарба кооперативдери түзүло баштады.

Бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык республика боюнча 1428 кооператив катталган. Өлкөдөгү түзүлгөн кооперативдер кыймылынын учурдагы өнүгүүсү алсыз болуп, бул кыймыл экономиканын өз алдынча сектору катары жоюлуп кетүү коркунучун башынан кечирип турган учуру. Бир жагынан алып караганда, кооперативдер кыймылынын өнүгүүсү үчүн экономикалык, социалдык жагдайлар баары эле каралган сымал, ошол эле учурда кооперативдер кыймылы өзүнүн өнүгүү жолунда экономикалык бир кыйла кыйынчылыктарды моюндап келет.

Алсак:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кооперативдерди колдоо боюнча, аларды узак мөөнөткө финансылык каражаттар менен камсыз кылуу системасынын жоктугу;

Кооперативдердин инфраструктураларын өнүктүрүүгө жана жүгүртмө каражаттарын алууга инвестиция же жеңилдетилген кредиттерди алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишпестиги;

Кооперативдерди башкарууда кесипкөй адистердин жетишсиздиги;

Кооперативдердин өзүлөрүнүн өндүргөн продукцияларын пайдалуу сатуудагы кыйынчылыктары;

Үрөн, минералдык жер семирткичтерди алууда мамлекеттик колдоонунун жоктугу;

Айыл чарба техникаларын, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча жабдууларды алуу үчүн коммерциялык банктардан кредиттик каражаттарды алуунун кыйынчылыктары;

Айыл чарба продукцияларын мамлекеттик сатып алууда ачык-айкындыктын жоктугу;

Дыйкан, фермерлердин талаачылык, мал чарбасы, өндүрүлгон продукцияны сатуу боюнча жана чарбанын иштерин башкаруу боюнча билим, тажрыйбасынын жетишсиздиги;

Айыл чарба техникаларынын жетишсиздиги жана эскилигинин, натыйжасында агротехникалык иш чаралардын убагында жүргүзүлбөшү жана өндүрүштүк чыгымдардын көбөйүшү.

Мындан тышкары кооперативдердин өнүгүшүнө бирден бир тоскоолдук болуп жаткан дагы төмөнкү элементтерди айтсак болот.

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинде “Айыл чарба товар өндүрүүчүлөр”, “Товардык-сервистик айыл чарба кооперативи” деген түшүнүктөр бар, булар Кошумча нарк салыгынан, Сатуудан түшкөн салыктан жана Пайдадан түшкөн салыктан гл. 31, ст. 212, гл. 38, ст. 315, 239 ылайык бошотулган. Ал эми “Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү кооператив”, “Өндүрүштүк кооператив” жана “Айыл чарба кооперативи” деген түшүнүктөр аталган Салык Кодексинде жок;“Товардык-сервистик айыл чарба кооперативи” деген түшүнүк Салык Кодексине 2010 жылы киргизилген. Ал эми “Товардык-сервистик кооператив” деген ат менен каттоодон өткөн, “айыл чарба” деген сөзү жазылбаган бардык кооперативдер салыктын бардык түрлөрүн төлөөгө мажбур болуп жатышат. Кооперативдик системадагы мындай көрүнүш, анын жүздогөн өкүлдөрүнө көптөгөн кыйынчылыктарды алып келүүдө.

Кыргыз Республикасынын “Кооператив жөнүндө” Мыйзамына ылайык 1 гл. 1ст. 9п. “Кооперативдик төлөмдөр – кооперативдин мүчөлөрүнүн ортосундагы чарбалык ишине алардын катышуусуна жараша, уставда каралган шартта бөлүштүрүлүүчү кооперативдин кирешелеринин бөлүгү”, деп жазылган. Ал эми Салык Кодексинин 153 ст. “Кооперативдик төлөмдөр” дивиденддин (пайданын) бир бөлүгү, деп көрсөтүлгөн. Мына ушундай кайчы түшүнүктөрдүн айынан товардык-сервистик кооперативдер бухгалтердик балансын түзүүдо кооперативдик төлөмдөрдү таза пайда катары көрсөтүүгө мажбур болушууда. Мунун себебинен алар пайдадан түшкөн салыкты төлөөгө дуушар болуп жатышат. Мындай жагдай дагы кооперативдер арасында көптөгөн нааразычылыктарды жаратып жатат.

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинде салыктан бошотулган субъекттер болуп “Айыл чарба товар өндүрүүчүлөр” жана “Товардык-сервистик айыл чарба кооперативи” киргизилген деп жогоруда көрсөтүп кеттик, ал эми “Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү кооператив”, “Өндүрүштүк кооператив” жана “Айыл чарба кооперативи” деген түшүнүктөр Салык Кодексинде каралбагандыктан бул кооперативдер толук түрдө салык төлөөгө мажбур болуп жатышат.

Дагы бир чон тоскоолдуктардын бири, бул кооперативдерди каттоодон өткөрүү учурунда кабылып жатышат. Юстиция министрлигинде “Товардык-сервистик айыл чарба кооперативи” деп жазыштын ордуна “Товардык-сервистик коммерциялык кооперативи” деп, жазууну сунуштаганы болуп жатат. Мунун негизинде каттоодон өткөн кооператив башка статуска ээ болуп, салыкчылар Салык Кодексине ылайык салыктын бардык түрүн төлөөгө мажбур кылып жатышат.

Социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча кооперативдер фермердик-дыйкан чарбалар менен бирдей укукта болбой, юридикалык жак болгондуктан, чарбалык иштерди жүргүзүүдө жумушчуларды жана адистерди иштеткендиги үчүн социалдык төлөмдөрдү экинчи жолу төлөөгө аргасыз болуп жатат. Анткени коопертивдин мүчөлөрү өзүлөрүнүн жер үлүштөрү үчүн жана ортодогу кооперативдин жери үчүн бул төлөмдөрдү салык төккөн учурда анын суммасына барабар акча каражаттарын социалдык төлөмгө деп төлөп жатышат. Мындай көрүнүш менен кооператив ашыкча чыгымга учурап, кооперативдик кыймылдын артыкчылыгын жокко чыгарып жатат.

Өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө кооперативдер кыймылынын урунттуу таасири бар, деп айтуу азырынча эртерээк экендиги, кооперативдер кыймылынын өнүгүүсүнө сарыэсеп салууда ачык көрүнүп турат. Ошондой болсо дагы өлкөдөгү экономикалык кризисти жоюда, ошону менен бирге өлкөнүн азык-түлүк коопсуздук маселесин чечүүдө кооперативдер кыймылынын тиешелүү таасири бар экендиги талашсыз.

Жогорудагы көйгөйлөрдү жана тоскоолдуктарды чечүү үчүн Агробизнес борбору Кыргызстан Кооперативдер Союзу жана Айыл чарба министрлиги менен бирдикте «2011-2015 жылдарга Кыргыз Республикасынын кооперативдер кыймылын өнүктүрүү» боюнча Мамлекеттик Программанын долбоорун иштеп чыгышкан. Ошондуктан аталган долбоорду кайрадан толуктап Кыргыз Өкмөтүнө сунуштап, тез аранын ичинде ишке киргизүү мезгилдин талабы болуп саналат.

Мамлекеттик программаны ишке ашыруу кооперативдердин кыймылын өнүктүрүү боюнча бир топ алгылыктуу иш-чараларды камтып, жогорудагы тоскоолдуктарды жойгонго мүмкүнчүлүк түзүп берет эле, алсак бул программада:

Кооперативдердин укуктук нормативдик документтерин бирдей түшүнүккө алып келүү;

Бардык кооперативдердин салык төлөө маселесин жана социалдык төлөмдөрдү фермердик жана дыйкан чарбалары менен барабар акыбалга алып келүү;

Мамлекеттик мекемелердин ички керектөөлөрүнө айыл чарба продукцияларын сатып алууларды уюштурууда кооперативдерге жеңилдик берүү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө кооперативдерге инвестициялык кредиттерди тартуу боюнча өзүнчө шарт түзүп берүү;

Узак мөөнөткө (лизинг) айыл чарба техникалары менен камсыздоо;

Страхование системасын калыптандыруу, азык-түлүк коопсуздугун жана кооперативдик системаны стабилдештирүү, ошондой эле мүмкүн болуучу финансылык тобокелчиликти азайтуу жагы каралган;

Бош жаткан объекттерди кооперативдерге өткөрүп берүү, айыл чарба жерлерин кайра иштетүү фондунан кооперативдерге жер бөлүп берүү жеңилдетилген салык жана социалдык төлөмдөрдү жүргүзуу;

Атайын жана жогорку окуу жайларында кооперативдерди башкаруу боюнча атайын курстарды ачуу, бул маселеге мамлекеттин жардамы көрсөтүлүшү керек;

Кооперативдердин продукцияларын фьючерсный келишим аркылуу Агропродкорпорацияга сатып өткөрүү, ж.б.

Жогорудагы аталган программадагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу менен, кооперативдердин иштерин мындан ары өнүгүп, өсүүсүнө эбегейсиз жардам берилип, ылайыктуу шарт түзүүлөр эле.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×