Кыргыз тилин өнүктүргөн жападан-жалгыз мекеме болуп саналган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын оозун бийликтегилер Азимжан Ибрагимовду жумуштан алып салып эле жаап коюшкан. Ошондон баштап, аты бар, заты жок комиссиясы иштеп жатат.
“Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” болуп, тил жөнүндө ооз ачкандарды улуулук, сулуулук, ыйыктык, баалуулук жөнүндө билгилери да келбеген “жүжүр” айдакчылар (илгерки жүжүр чалдардын ордун баскандар) айдактап жатып калышат.
Тил комиссиясынан башка мекемелер кыргыз тилин өнүктүрүү биздин жумуш эмес деп эсептешет (Болгону ишти кыргыз тилинде жүргүзүү керектигин билишпейт).
Республикалык министрликтерде, мекемелерде, агенттиктерде иш кагаздары кыргызча жүргүзүлбөйт, орус тилинде жүргүзүлөт. Мунун негизги себеби мекемелердин биринчи жетекчилери (директор, орун басар, статс-катчы) кыргызча билбегендигинде.
Мекемелерде кыргыз тилин, кыргыздын каада-салт, үрп-адатын мыкты билген адистерге жетектөөчү орун берилбейт.
Мекемеде иштеген кыргыздардын көпчүлүгү кыргыз тилин билбегендиктен, тилди өздөрү жээрип турушат.
Акырында келип кыргыз эли экинчи планга жылдырылып келе жатат.
Элдин мүдөөсү эне тилинде сүйлөп, ата журтун сактап, турмуштун агымы менен алга жылуу болуп саналат.
Жогоруда аталгандар дагы кайталана бере турган болсо, кыргыз тили, кыргыз эли экинчи планга жыла бере турган болсо, кыргыз элинин дагы бир толкуусун пайда кылары турган иш. Эл мүдөөсү менен эсептешпеген бийлик кыйроого дуушар болуп калышы мүмкүн.