Добавить статью
3:26, 19 апреля 2012 37911

Мамлекеттик тилдин душмандары кимдер?

Кыргыз элинин жалпы аброюна шек келтирген, басынткан сын-макалаларды, сын-пикирлерди ар бир кыргыз өзүнө кабыл алышы керек болсо да, “бул мага тиешеси жок” деген тейде угуп көнүп алганбыз. “Өзү кыргыз ушундай” деп өзүбүз деле сындай беребиз, а чындыгында “өзү мен ошондоймун” деп сүйлөш керек. Кыргыз деген ким? Ал мен, сен жана ал.

Кыргыздын эмне деген асыл сапаттары бар:

кең пейилдик;

меймандостук;

сабырдуулук;

акылмандык;

даанышмандык;

кечиримдүүлүк ж.б. айта берсе түгөнгүс...

Башка элге таптакыр окшобогон таза, баалуу жактары көп.

Мына ошол сабырдуулугунан, кең пейилдигинен тилинин абалы дагы ушундай абалга келип олтурат. Эгер эгоист болуп, эч кимди тоготпой, жанына жакын жолотпой, башка тилдерди жээрип турганда, тили мындай абалга келмек эмес. Мына ушундай асыл сапаттарыбыздын залалын алиге чейин тартып келатабыз.

Эми кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары иштеп кетишине кимдер каршы деген суроого жооп издеп көрөлү:

балдары орусча окуган ата-энелер. Алар балдарын эртеңки күнү ишсиз калат деп коркушат.

балдары же өздөрү кыргыз тилин билбеген окумуштуулар, илимпоздор, мугалимдер, медиктер, керек болсо, акын-жазуучулар, журналисттер, жалпысынан алганда – кыргыз интеллигенциясы;

өздөрү кыргыз тилин билбеген мамлекеттик жетекчилер;

мекеме-уюмдарда иштеген кыргыз тилин билбеген кызматкерлер ж.б.у.с. санай берсе толуп жатат.

“Бүгүнкү күнү интеллигенция абдан алсыз болуп жатат” деген сынга дагы тымтырс отурганыбыз ошондон...

Бирок ошентип отуруп ортодо же кыргыз тилин, же орус тилин жарытпаган муунду өстүрдүк. Буга да азыркы интеллигенция күнөөлүү.

Социализм мезгилинде советтештирүү саясатынан элдик баалуу көп сапаттарыбыздан куру жалак калсак, (азыркы учурда жомокко айланган жайчылык ж.б. билимдерибиз унутта калган), бара-бара кыргыз элинин аты-жыты да калбай калабы деп чочулоо пайда болот.

Кийинки муун “кайдан акча таап, кантип курсак тойгузуп, кантип адамдарды алдоо керек” сыяктуу жаман сапаттарды абдан сиңирип бараткандай сезилет. Баары эле космополит болгулары келишет. Космополит болгон Европа өлкөлөрү мамлекетине башка улуттар толуп кетип азыр алапайын таппай жаткан убагы. Аны эске алган адам жок.

Ошондуктан, ата-бабадан калган тилди жерип, тилге душман болгонду токтотуу зарыл.

Анан дагы кээ бир мамлекеттик мекемелердин жетекчилери “мамлекеттик тилде жаза баштадык” деп элди алдап койгонду үйрөнүп алышты.

Мамлекеттик тил өз вазийпасын аткара баштагандан бери эле бала бакчадан чыкпай келатат.

Улам жаңы келген мамлекет башчысы “мамлекеттик тилди балдар бакчасынан баштоо керек” деп коет, ошону менен же ал башталбайт, же уланбайт.

Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынып, мамлекеттик тилге өтөбүз дегенибизден бери 23 жыл өттү. Анда төрөлгөн бала 23кө толду.

Мамлекеттик тил болсо дагы эле балдар бакчасында жүрөт.

Ушул жагынан алганда абдан чабал болдук го...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×