Добавить статью
4:02, 10 мая 2012 19723

Мен өмүргө экинчи ирет жаралбайм

Акын, Алыкул Осмонов сыйлыгынын ээси Атантай Акбаров менен маек

- Адам болуу кыйынбы же акын болуу кыйынбы?

- Учурунда орус акыны Н.А.Некрасовдун «Акын болбосоң да, жаран болууга милдеттүүсүң!» - деген сабы орус декабристтеринин арасында кеңири тараган. Ошон үчүн ал учкул сөз дагы бир акын-декабрист К.Ф.Рылеевдин сөзү деп да айтылып жүрөт. «Адам болуш аста-аста, айбан болуш бир паста», - деп коёт кыргыз. Ушул эле макалды соңку кездердеги коомдук-саясий окуяларга байланыштырып, куудул Борончу Кудайбергенов: «Президент болуш аста-аста, качып кетиш бир паста...» деп айтып жүрөт. Анын сыңарындай эң ириде адам болуу керек. Бирок, чыныгы адам болуу да оңой иш эмес. Ошон үчүн Будда: «Адам болуу кандай кыйын!..» - деп ыйласа, доорубуздун улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизги лейтмотивин: «Канткенде адам уулу адам болот?!.. - деген собол түзөт. Ошол эле залкар Чыкебиздин: «Эң кыйыны – күн сайын адам бойдон калуу» - деген да кеби бар. Ошентип, пенде чиркин адам болмою тозок. Чындыгында да жакшы адам болбой туруп, жакшы ыр жаратууга мүмкүн эмес. Анан да, дагы бир табышмактуу нерсе – жакшы адамдын баары эле ыр жаза албайт. Ошон үчүн акын болуу, асыресе, чыгаан акын болуу-бул күн сайын өлүп, кайра тирилгенге тете жумуш.

- Балалыгыңыз кай жерде, кандай өткөн?

- Мен «Жер соорусу Чаткалым» - деген ажайып аймакта туулуп-өскөм. Теңирчиликтин пайгамбары Ыдырыс-Атанын күмбөзү орун алган бул ажайып аймактын кооз жаратылышы менин сулуулукка болгон ышкымды өтө эле эрте ойготкон. Балалыгым эч нерседен санаа тартпаган, асманы бийик социализм учуруна туш келип, гумандуу, кыялкеч, эндей киши болуп калгам. Бирок, мага жаккан өзүмдүн бир касиетим – эрким бек. Ага, балким, тоодо торолуп өскөндүгүм, анан да бир ырымда айтылгандай:

«Жылкы жаштай төгүлөт

Жылгалардан сагынган.»-демекчи жылкы багып, чабандес болгондугум себеп болсо керек.

- Акындык шыгыңыздын ойгонушуна эмнелер түрткү болду?

- Акындык касиет бул адамга Кудайдан берилген миссия. Анан ошол касиеттин ойгонуп, жетилишине бала чакта уккан, окуган укмуштуу жомоктор, учкул сөздөр, «Манас» баш болгон элдик эпос, дастандар түрткү болсо керек. Анан да кооз жаратылыш, сулуу кыз, боорукер, эр жүрөк, мээнеткеч ажайып сонун адамдардын таасири болбой койбойт...

- Акындык тагдырыңызбы же эрмегиңизби?

- «Мен өмүргө экинчи ирет жаралбайм,

А жаралсам, акын болбой кала албайм!»-демекчи ыр – менен тагдырым, ал эми обондорум – жан-дүйнөмдүн жаңырыгы. Спорт болсо – сүйлөбөй колдогон сүйкүм досум.

- Жашооңузда кылчайып артка кайтуу мүмкүнчүлүгү берилсе кайсы жылдарга бармаксыз жана эмнелерди оңдомоксуз?

-Эгер мен аркага кайтсам, азыркы кездеги араң жеткен бакты-таалайымдан айрылып калам. Ал эми кемчиликтеримдин баарын оңдосом, анда периште болуп кетишим мүмкүн. (Албетте, бул тамаша...) Ошончүн жөн эле коёюн. Мен дал ушул азыркы ден соолугум, акыл-сезим чабытым менен узакка-узакка жашагым келет. Баса, менин «Тескери өмүр» деген бир ырым бар. Өңүтү келген соң ошону айта кетейин:

«Мен алсызмын, алым жетпейт ажалга,

Музоосу өлгөн бодо болуп өкүрөм.

Кимдир бирөө каза тапса, ошону

Мен өлтүрүп алган өңдүү өкүнөм.

Кызык сезим болот кээде ар кимде,

Андай ойду Сиз да ойлоорсуз кай бирде.

Адам чиркин... алгач миң жыл өлсө да,

Кайгы, түйшүк тык токтосо ал күндү.

Тирүүлүккө анан кайра кайрылып,

Андан кийин болуп көрсө карылык,

Адам уулу карылыкка бой бербей,

Жашарууга турса күндө кам уруп.

Кайран жаштык келип анан буралып,

Ак сүйүүгө турсак жанды сугарып.

«Өлдү!..»-дешип өкүрүшпөй эч кимге,

«Жашарды!..»-деп турса баары кубанып.

Кайкып сүзүп бак-таалайдын көлүндө,

Калсак бүт ээ тирүүлүктө-өмүрдө...

Менин антип ойлогонум себеби,

Адамзатты кыйбайм такыр өлүмгө!

Адамзатты кыйбайм такыр өлүмгө!!!»

- «Туулдуң калдың балаага, турмушуң эшек араба...» деген макалга кошуласызбы?

Омар Хайямдун дагы:

«Бул дүйнөгө жаралабыз азапка»- деген сабы бар.

Ал эми мен болсо, анын тескерисинче:

«Өлүмдү канча ыйык деп санабасын,

Теңебейм тирүүлүктүн таманына!..»-деп жазып келатам.

«Оо мен сени акылдан тыш сүйөмүн,

Кокусунан сен түшүмө кылт этсең,

Тозокто да бийлеп, ырдап киремин!»-деп жазып келатам.

- Жашоо сиз үчүн эмне?

- Кудай адамга акыл-эс, талант, жаштык, тирүүлүк деген бакыт берип туруп: «Эми сүйүүдө нени каалайсың, жашоодо нени самайсың ?-ошого үлгүрүп кал. Мына сага жаратмандык зор кудурет бердим, жашоону жакшылыкка бургуң келеби, анда чамдап кал!..Болбосо шайтаныңдын кулу бол да, жайрап кал!..»-деген оюнга окшош, бирок, олутту сыноосу. Жашоо –мен үчүн ошондой.

- Азыркы жаштар эмнеден өксүп жатат? Келечегибиз кандай нукта өнүгөт деп ойлойсуз?

- Азыркы жаштардын көбү диплому болгон менен билими жок болгон үчүн өзүнө ишеними жок. Бирок, кыргыздар мындан кыйын учурда да сыноодон өтүп, бутуна тура келген. Ошончүн менин элиме, анын келечегине болгон ишенимим жогору.

- Ыр кайсы маалда жазылат? Эргүүлөрдүн эшигин эмне ачат?

- Ыр мезгил тандабайт, күн менен түндү да тандабайт. Негизи ыр илхам келгенде жазылат. Акылга салып жазылган ыр жарымжан болуп калат. Эргүүлөрдүн эшигин сүйүү ачат, сулуулук ачат. Акын кээде кайгыдан кубаныч, жамандыктан жакшылык жасайт. Мисалы, менин оппоненттерим 2006-жылы мен тууралуу: «Атантайдын иммунитети түгөнүп калыптыр. Жакында жайрат экен...» - деген ушак чыгарышкан. Ал ушакка ишенип алган айрым түркөйлөр мага кол берүүдөн коркуп жүргөн маалда мен өзүмдү колго алып, спорт менен кайра достошуп, натыйжада мен тууралуу ушак таратып жүргөндөр буту менен басып баратып да чалынып жыгылып жүргөндө мен аккробатиканын элементтерин үйрөнүп, колум менен басып, ал түгүл бийлегенге үйрөндүм. Алгач:

«Ушак айтуу адам этин жегендей» - деп өкүнүп жазып жүрсөм, кийин түркөйлөрдүн ушагына көңүл бурганга да убактым болбой калды. Демек, акын турмуштун ар кандай жагдайларынан улам да ыр жазып калышы мүмкүн. Негизи, ыр жазуу эч кандай эрежеге багынбайт.

- Сизге чейин жашап өткөн акын-жазуучулардан кимисин баалайсыз?

-Алар өтө эле көп. Алыкул баш болгон чыгаан акындардын көпчүлүгүнө арнап ыр жазып да келатам. Улуу манасчылар, төкмө акындардан тартып Омар Хайям, У.Шекспир, Асан-Кайгы, Чыңгыз Айтматов сыяктуу кереметтерге кантип таазим кылбайсың?..

- Өзүңүздү кандай адаммын деп ойлойсуз?

- Жуда керемет!.. (Ха-Ха-Ха!..Тамаша!) Мен өтө эле алпейим, кыялкеч, жөнөкөй, анан сабырдуу адаммын. Бирок, мен патриот болгондугума байланыштуу менин сабырымды текшерип, жиниме тийүү опуртал...

- Кекчилсизби?..

- Кектен Кудай сактасын! Мен кечиримдүүмүн. Бирок, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө каршы иштеп жаткандарды кечирбеймин.

- Досуңуз көппү же душманыңыз көппү?

- Биринчиден, менде кас жок. Көралбастар эле бар, алар иттин кара капталынан. Дос албетте, аз болот. Татаал турмушта досту сактап калуу өтө кыйын. Бирок, менин идеялаштарым, курбуларым жана жакшы санаалаш жолдош-жоролорум абдан арбын. Ошого шүгүр.

- «Жинди суу» менен кандайсыз?

- Отуз жаштан кырк жашка чейин жакшы эле ынак болчубуз.. «Шайтан деле даалдаган, ичинде карасы жок жакшы неме...» - деп ырааматылык Мелис Турусбеков тамашалап айтмакчы, аракты ким менен, качан, канча ичүүнү билүү керек. Мен 2007-жылдын 1-январынан бери ичимдик ичпей калгам.

- Кайгырган, жашоодон аша кечкиңиз келген мүнөттөр болобу? Андайда өзүңүздү эмне менен алаксытасыз?

- Сезимтал, кайдыгер эмес кишилерде өз нугуңдан чыгып кеткен кездер болот. А түгүл ушактарга чыдабай эле жашоодон аша кечкиң келген убактар болот. Бирок, «Ачуу-душман, акыл-дос!», «Жаманга теңелип, жаныңды отко салба» - деген кыргыздын макалдарын эстей жүрүү керек. Мен:

«Үмүт да кээде ичкерет үзүлгөнсүп,

Жүрөгүң муштум болуп түйүлгөнсүйт.

Бүгүн мен ачка жүрөм, тыйыным жок,

Ажалым, болсун сенин курсагың ток!..»-деген да ырларды жазганым эсимде...

Назгүл Осмонова, журналист

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

31-01-2012
Тил – бул мамлекет туткасы!
56112

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×