Добавить статью
8:51, 6 июня 2012 37903

Малдан жуккан оорулардан корк

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын ичинде Нарын жана Жумгал райондорунда жапайы айбанаттар алып жүрүүчү кутурма оорусунун эки окуясы катталды.

Нарын районундагы Шоро деп аталган айылга кутурган карышкыр түнү менен таң аткыча айылды аралап, жолундагы малга, иттерге кол салган. Түнкү саат бирлерде иттери чуру-чуу түшүп, тынымсыз үрүп жатканынан улам айылдын тургуну ардагер Жолоочу Молдоисаев эшикке чыга калса, короосунда жүргөн кутурган карышкыр анын ээгинен тиштеп алган. Кутурган жырткычтын жолуна ошол күнү эрте менен эрте мектепке барганы туруп эшикке чыккан айылдын 7-классынын окуучусу Акжол Жумабек уулу да кабылып, карышкырдын кол салуусуна кабылган.

Дагы жакшы башка адамдар кичинекей бала-чакалар кабылбай. Айылга кирип келген кутурган карышкырды ал күнү айыл эли түп көтөрүлө издешип, Кур-Сай деген участкадан кубалап жүрүп жыга чаап өз убагында жок кылганга үлгүрүштү. Ал түнү кутурган каршыкыр айылдагы бир нече короого кирип малдарга жана иттерге кол салып, майда жандыктарды кекиртектеп өлтүрүп бир топторун жарадар кылган. Айылдыктар короодогу, талаадагы малдарын түгөлдөп карышкыр тиш салган 29 койду, 18 эчкини, 4 жылкыны, 3 уйду аттырып, көмгөнгө аргасыз болушту. Ошондой эле каршыкырдын тиши тийген эшектер иттер да атылып көмүлдү.

Кутурма жеке эле айбанаттар үчүн гана эмес адамдар үчүн аягы өлүм менен аяктаган эң эле коркунучтуу жугуштуу оорулардын бири катары белгилүү. Ал кутурма менен ооруган жапайы айбанаттар болгон түлкү, чөө биз сөз кылып жаткан карышкырдан жана биз багып жаткан үй жандыктарынан тагыраак айтканда иттен, мышыктан уйдан жылкыдан жугат. Мындан сырткары да адамдардын ден соолугу үчүн коркунуч туудурган жана өмүр бою майып кылып кое турган бруцеллез, эхинококкоз, шарп, сибирь кулгунасы, чума сыяктуу бир катар жугуштуу оорулар бар.

Бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлигинин айыл чарба долбоорлорун турмушка ашыруу бөлүмү тарабынан жалпы жонунан зооноздук оорулар деп аталган мал жана башка айбанаттардан жугуучу оорулар жөнүндө атуулдарыбызга кенири маалымат жеткирүү максатын көздөгөн үч айлык долбоор республикабыз боюнча иштеп жаткан.

Бул проектинин максаты же көтөрө турган жүгү, деди КРдин айыл чарба министрлигинин долбоорлорду реализациялоо бөлүмүнүн директору Майрамбек Таиров. «Биринчиден долбоор мал чарба тармагында эт жана сүт азыктарын даярдап сатуу менен иштеп жаткандарга мал арасында жугуштуу оорулардын жайылбоосуна жана ал ооруларды өздөрүнө жуктуруп албоо чараларын көрүүгө багытталган. Муну менен катар эле мал кармаган атуулдарыбыз малдарын карап багууда ветеринардык талаптарга ылайык өздүк гигиеналарын сактоо боюнча да маалыматтарын жогорулатуу милдети да ушул долбоордун негизги максаты болуп эсептелет.

2.

Акыркы жыйырма жылдан бери республикабыз бир системадан экинчи бир системага өтүп, коомдук менчиктин ордун эчак эле жеке менчик ээлеген. Айрыкча тоолуу райондордо жашагандардын кирешелеринин негизги булагы бүгүн бир гана мал чарбасы бойдон калууда. Маалыматтарга таянуу менен илгертеден эле мал киндиктүү аймак деп аталган Нарын облусу боюнча учурда элдин колунда 128929 баш мүйүздүү ири мал, 90 миңден ашык жылкы жана 800 миңден ашык кой, 190 миңден ашуун эчки багып жатышкан. Ал акыркы он жыл аралыгында мүйүздүү ири мал 30 миң башка, жылкы 3,1 башка 231 мин 1 башка көбөйгөн. Демек, жыл өткөн сайын малдын башы менен аны баккандардын саны да акырындан көбөйүп жатат дегендик.

Албетте, таяктын эки учу бар дегендей бир жагынан алганда жыл сайын малдардын жугуштуу оорулары элдин төрт түлүк малынын санынын андан аркы көбөйүүсүнө да кедергисин тийгизип келет. Бул биринчиден мал кармагандар дагы эле болсо мал арасындагы жугуштуу ооруларды алдын-алуу боюнча маалыматтарынын жетишсиздигинен келип чыгып жаткандыгы айтпаган күндө да белгилүү болууда. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн мисалдарга кайрылсак, жыл сайын айрыкча ача туяктуу малдар ооруган шарп оорусу жыл сайын Нарын облусунун тигил же бул райондорунда кайталанып, тездик менен тараган бул дарттан шилекейлери куюлуп чөп жей албай калган бүтүндөй бир айылдагы үзөнгү бабанын тукумдарын дарылоого туура келүүдө. Арийне оорусу өтүшүп кеткендери мал ээсине чыгым алып келип жаткан фактылар да жок эмес. Шарп оорусунун кайра кайра кайталанып жаткандыгынын негизги себеби - шарп менен ооруган малды дарылаткандан кийин мал ээлеринде мал биротоло айыкты деген түшүнүктөрдүн орун алып жаткандыгында.

Ал эми ветеринариянын тили менен айтканда ал таптакыр андай эмес экен. Шарп менен ооруган малды дароо жоготуу керек. Болбосо ал жогоруда белгилеп кеткендей шарп оорусунун кайра кайра пайда болушунун очогу болуп кала берет. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн ветеринария илиминдеги жугуштуу бул оорунун так аныктамасына кайрылып көрөлү.

«Шарптын вирусу тышкы чөйрөгө малдын шилекейи, сүтү, кыгы, заарасы аркылуу тарайт. Шарп менен ооруп айыккан мал вирусту алып жүрүүчү болуп саналат. Ал 400 күнгө чейин же бир жылдан башка таза малга орууну жугуза алат. Же таза мал жанына келсе дароо ооруйт. Андыктан бир жашка чейинки жаш төлдүн дээрлик 60-80 пайызы чыгымга учурайт. Айрыкча 3 айга чейинки музоолор ооруну жуктуруп алган бир күндүн ичинде эле өлөт. Башка аймактарга ооруган малды транспорт аркылуу ташыганда алар менен аралашкандардан ошондой эле аба аркылуу да жугат. Мал ооруганда оозуна тилине жана эмчектерине жаралар чыгат. Өз убагында дарылабаса туяктары шишип, терисинен түшүп калат. Шарптын вирусу малдын туягын, жүрөгүн жана булчуң системасын жабыркатат. Шарптын вирусу ар кандай климатка абдан ынгайлашкандыктан кар алдында болсун, мейли кургакчылыкта болсун көп убакытка чейин жашай берет».

3

Арийне өнүккөн мамлекеттерде шарп оорусунун очогу катталса, ал жердеги малдын баары карантинге алынып, дароо өрттөлүп жок кылынып көмүлөт. Фермер ээсине мамлекет же болбосо, мал ээси камсыздандыруу боюнча тиешелүү уюмдар менен келишим түзүп, акчасын төлөп келсе, алар тиешелүү компенсациясын төлөп беришет. Бизде болсо кайсы бирөөнүн жалгыз ую шарп же бруцеллез менен ооруса ал малды дароо жок кылганга айыл өкмөттүн, айылдардагы ден соолук комитеттердин жана ал малды дарылаган ветврачтын да мыйзам чегинде укугу жок. Тек гана мал ээси жугуштуу оору менен ооруп жаткан малын жашыргандыгы жана союп сатып жаткандыгы аныкталса, административдик жоопко тартуу жагы каралган. Бирок, мал арасында жыл сайын жугуштуу оорулар кайталанып жатканын эске алсак, жугуштуу оору менен ооруган малын жашырып койгон бир дагы мал ээси жоопко тартылган фактыны эч бир айылдан күндүз да чырак менен издеп таппайсың.

Демек, мына ушундан улам республикабыз боюнча мал арасындагы жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча жумуштар кандай жүрүп жаткандыгын аныктап койсо болот. Албетте, мында жогоруда биз белгилеп кеткен мыйзамдын жоктугун сөссүз түрдө эске алуубуз керек. Андыктан Жогорку Кеңеш тарабынан зооноздук оорулардын алдын алуу боюнча тиешелүү мыйзам кабыл алуу маселеси күн тартибиндеги кечиктирилгис маселелердин бири катары турууда десек жанылышпасбыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

24-02-2016
Ыйман ызааттын деградациясы
61543

07-08-2012
Нарын губернатору жарым жылдын отчетун берди
31917

18-07-2012
Айтылуу Соң-Көл камкордукка муктаж
38173

17-02-2012
Чек арада үзүлгөн өмүр…
32954

09-02-2012

Нарында билим берүүнүн сапаты жакшырат

40353

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×