Добавить статью
3:49, 30 августа 2012 112185

Жогорку Кеңешти шайлоо» туурасындагы мыйзамды түп тамырынан бери өзгөртүү абзел

«Кыргыз Ата» элдик партиясынын саясий кеңеши  Кыргыз парламентин чукул арада таратуу боюнча демилгени биринчилерден болуп көтөргөн эле. Ал коомчулук тарабынан дароо колдоо таап, азыр бул маселе Кыргызстандын жалпы калкынын башын оорутуп турган чак.

Тактап айканда, акыркы саттарда  Жогорку Кеңештеги «Ата Журт» фракциясынын лидери Садыр Жапаров «Туугандар, жакшылыкча маскара болбой тарап кетели!» деп ачык эле айтты. Ал эми ошол эле парламенттеги «Республика» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Фракцияларга, топторго бөлүнүп атып, калк арасында кадыбырызды ылдыйлатып алдык. Ушундан көрө сыйыбызча тарап кетели» - деди.

Ал эми Жогорку Кеңештин бир кездеги спикери, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жана былтыркы Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын орун басары Азимбек Бекназаров бул демилгени дароо кубаттап, бирок, парламентерийлердин тарап кетүүсүнө ишенишпей, Жогорку Кеңешти токтоосуз таратуу боюнча кыймылдарды уюштурушту.

Буга улай Бишкектеги «Мекен шейиттери», «Апрель байрагы» жана башка коомдук бирикмелер ушундай пикирлерди чын ыкластан кубаттап жатышат. ачык айтышууда. Ушундай демилге Нарын жергесинде дагы кеңири колдоого алынып жатат.

Бирок, ошого карабастан Кыргыз парламенти жанталашып президент Алмазбек Атамбаевдин амири менен коалиция түзүүгө жандалбастап жатат. Ушуга караганда кийинки келе турган Өкмөттүн деле ишмердиги  сөзсүз Өмүрбек Бабановдун Өкмөтүнүн таз кейпин кийет. А түгүл кургуйга кулап бараткан Кыргызстанды ого бетер  тунгуюкка кептеши толук ыктымал.

Ошентип, азыркы Кыргы парламенти «Титаниктин» кейпин кийээри күтүлүүдө. Депутаттардын ар кимиси ушул тапта кимдин этегин кармашты билбей баштары маң.

Деги ушундайда кайран элди көтөрүлүштөн кудай сактасын! Жаалданган карапайым калк бул сапар Ак үйдү жыйыштырып, эми жалаң гана байлардын, ага удаа тың жашагандардын бардыгынын үй-мүлктөрүн катарынан тоношу күтүлөт.

Анткенибиз, ушул тапта 2010-жылдын 7-апрелинде ыңкылап жасагандардын ал-акыбалы абат эмес. Дал ошол кезде өзүнүн кызыкчылыгын баарынан бийик койгон ач көздөр элин уруп ойнобой, кайран Бакиевдердин өлкөдөн чыга качышын чыдамсыздык менен өлө күтүп,  ал эми Максим Бакиевдин үйүн сагалагандар ошондо талап-тоноочулукка баргандарын угуп-көрүп, «Биз деле ошондо ушулардай кылбаппыз, аттиң!» дегендер толтура. А түгл ошондо «Бекер эле эл үчүн майып болуппуз!?!» дегендер да чекеден табылат.

Эми жаза тайып ыңкылап жүз берсе, бул жараян чукул арада жүзөгө ашырылгандыктан, Кыргыз бийлигинин башына эч ким дайындалбай, тоз-тополоңчулар жолбашчысыз калышы толук ыктымал. Анткени, үмүтү өчкөн эл бул сапар мурдагыларды укпай коет. Ал эми арабызда элди баштап кетчү азырынча Кыргызстанда бычакка сап бирөө калган жок.

Ошондуктан, чукул арада «Жогорку Кеңешти шайлоо» туурасындагы мыйзамды түп тамырынан бери өзгөртүү абзел! Анткени, алдыдагы шайлоолор мурдагыдай мыйзам бузуулар менен коштолсо, мурдагы эле акеввилер жана бакиевчилер миллиондогон каражаттарды чачып, Жогорку Кеңешке кайра шайланып келип алышат. Буга учурда каржы катчылыгына кабалган калк аргасыздан моюн сунуп беришет.

Ошон үчүн Жогорку Кеёеш шайлоосуна чейин эле бул сапар элдик демилге менен депутаттарды шайлоо боюнча мыйзам долбоорун чукул арада белендеп, элге сунуштоо абзел.

Анда сөзсүз түрдө: талапкердин  жана анын тууган-уруктарынын бизнестери,ишкердик тармагы болбош керек, парламент бул жөнөкөй элдин өкүлү болушу кажет,  шайлоо фонду таптакыр кыскартыш абзел,  шагыратып шайлоочуларды стадион-филармонияларга жана коомдук жайларга топтоп, аларды ташыганга каражат коротпой, акча таратууну токтотуу абзел. Буга улай кафе-ресторандарда казы-карта тартканды, улак тарткандарды, дегеле спорт оюндарынын түрлөрүн өткөргөндөрдү дана ага демөөрчүлүк кылгандарды токтотуу абзел.

- көрүнөө жерлерде кымбат баалуу баннерлерди, көрнөктөрдө илүүнү тыюу зарыл;

- күнү-түнү адам аягы үзүлбөгөн хан сарайларды штаб кылууну токтотуу зарыл;

- депутаттыкка талапкерликке күрөө коюну бул адам укугун чектөө менен барабар. Ушунун өзү накта коррупция;

- бардык партия мүчөлөрүнө мамлекет бирдей шарттарды түзүүсү абзел;

- шайлоочуларды жана алардын добуштарын сатып алгандарга административтик гана чара колдонбостон, аларды  кылмыш жоопкерчилигине тартуу абзел;

- уюшкан кылмыштуу топтордун жана алардын тууган-уруктарынын талапкерлигин депутаттыкка каттабоо жөнүндө беренелер камтыш керек.

 Учурда Кыргыз элинин 90% өп-чап турмушта жашаса, 10% ти гана бардар турмушта жашашат. Ошондо булардын   арасынан 120 депутат парламентке келиши кыйын. Ошондуктан, Жогорку Кеңешке  бул ирет жөнөкөй элдин өкүлдөрү гана келиши кажет. Ошондо депутатка мынча депутатка KG номердин дагы, 4-5 «Жип» унаасынын, 10-15тен жоон моюн жансакчынын, анан жардамчы, катчы, кеңешчи сөрөйлөрдүн кереги жок болуп калат. Анткени, Жогорку Кеңешке накта эл үчүн күйгөндөр барып олтурат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×