Добавить статью
6:05, 20 сентября 2012 63341

Мамлекеттик тил күнү тууралуу: “бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат”

Элдин улуттук-патриоттук сезимин козгоо, кыргыз тилин сактоо, анын мамлекеттик тил катары өсүп-өнүгүүсүн камсыз кылуу, элдин элдүүлүгүн сактап, андан ары өнүгүү үчүн кыргыздын ушул таамай сөзү азыркы учурда аба менен суудай керек болуп турат.

Чындыгында Кыргыз мамлекети Кыргыз Республикасы деп аталып, өз алдынча эгемендик алгандан бери канчалаган жылдар өттү. Азыр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили – кыргыз тили, расмий тили – орус тили.

Алгачкы Президентибиз Аскар Акаевдин убагында кыргыз тили мамлекеттик тил катары статус алып, “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, бала бакчаларда, мектептерде кыргыз тили окутула баштады.

Бирок ошондо да кыргыз тилинин душмандары чыгып, анын өсүп-өнүгүүсүнө бут тосуулар болду. 1999-жылы кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам иштебей, анын урунттуу жерлери алынып салынып, 2004-жылы жаңы “кыргыз тилинде, же орус тилинде” жазса да, сүйлөсө да боло берет деген мыйзам кабыл алынды.

Кыргыз тилинин колу-буту дагы бир жолу буулду.

Мыйзамды ишке ашырбоодогу негизги шылтоо – эл али даяр эмес, иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүүгө мекемелер даяр эмес... деген шылтоолор болду.

Кийинки ажобуз Курманбек Бакиевден да көп нерсени үмүттөнгөнбүз. Мамлекеттик тилди өнүктүрсө бир ушул киши өнүктүрөт ко деп да күткөнбүз. Ойлогон оюбуз таш каап, ал киши кыргызча сүйлөгөнү менен, кыргыз адабий тилинин деңгээлинде сүйлөбөй, диалектилерди кошуп, тилдин ашмалтайын чыгарбадыбы!

Радио-теледеги журналисттер дагы “бобойт”, “кебейт” деп калышты. Ошону менен кыргыз тилин шылдыңдоо да, басынтуу да күчөдү. Ал аз келгенсип, ажобуз “кыргыз тилин бала бакчадан баштоо керек” деп койду. Демек, дагы деле мамлекеттик тилде жазууга, сүйлөөгө даяр эмес экенбиз.

Ошентип мурдатан эле кыргыз тили илимдин, техниканын тили боло албайт дегендердин “чырагына май тамды”.

Акырында айтаарыбыз, мамлекеттин башына келген жетекчилерибиз, алар бийликтен кеткенден кийин өзүнүн артында кала тургандай иштесе деп ойлойсуң. Бирок “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” болуп, күнүмдүк тирилик менен алек болуп өмүр өтүп кете берет экен.

Анткени, кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун алып берген, ошол мезгилдеги легендарлуу парламенттин депутаттары, “кыргызча сүйлө” деп депутаттарга сөөмөйүн кезеп турчу Камбаралы Бобулов, кыргыздын нарк-насилин мыкты билген жазуучу Төлөгөн Касымбеков, кыргызды ааламга тааныткан жазуучу Чыңгыз Айтматов, Кыргыз Республикасынын Гимнин жазган Жалил Сыдыков ж.б. тил деп күйгөн канчалаган патриотторубуз бул дүйнөдөн өтүп кетти.

Ал эми убагында кыргыз тилинин өнүгүп-өсүүсүнө чындап кызмат кылбай койгон чоңдорубуз азыр кайда жүрүшөт?!.

“Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет эл калат” деп элибиз бекеринен айтпайт. Ошондуктан, урматтуу калайык-калк бул жетекчиге жакпайт экен, кыргыз тили жөнүндө сөз кылбай эле коелу дебей, өз арабабызды өзүбүз тартып, кыргыз тилинин келечектеги жүгүн өзүбүз көтөрө берели! Анткени кыргыз тилин өнүктүрүү – баарыбыздын милдетибиз!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×