Добавить статью
3:39, 24 октября 2012 134204

Нарын шаары качан бийиктеп өсөт?

Уланбек Калманбетов мырза 32 жашта. Жакында ал Нарын облусунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгын жетектөөгө ишеним алды. Ага чейин Нарын шаарынын башкы архитектору болуп 2009-жылдан бери иштеп келген. Орто мектепти Кант шаарынан аяктагандыгы менен өзү Нарын шаарында туулуп-өсүп, тоо койнундагы аталган шаарда мектептерде да окуган. Ошондуктан Нарын шаарынын өсүп өнүгүшү жаш жетекчиге чоочун эмес. Натыйжада баарлашуунун негизги өзөгү Нарын шаарына арналды.

- Улан мырза! Сенин баамыңда Нарынды шаар деп атасак болобу?

- Эмне үчүн болбойт, болот. Шаар статусуна туура келген көпчүлүк нерселер бар.

- Минтип бетке чаба сураганга шаардын курулушунун жана архитектурасынын абалы түрткү болду.

- Туура, айрыкча кийинки жылдарда салынган турак үйлөрдүн, дүкөндөрдүн дейли, ар кандай майда барат тейлөөчү жайлардын, айрыкча борбордук базардын айланасындагы курулуштар чынында баш аламан өзүм билемдикте салына берген. Мындайча айтканда ушундай курулуштардын 75-80 пайызы мыйзамсыз десем болот. Ал эми аялдамалар, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы гараждар дээрлик баары баш аламандыкта, өзүм билемдик саясатта курулуп калыптыр. Учурда биз аларды жоюу үстүндө иштеп жатабыз. Бирок аны жоюу өтө чоң кыйынчылыкты жаратууда. Натыйжада туура эмес курулуштарды кургандыктар, мыйзамсыз жерлерди бергендиктер, имараттарды да мыйзамсыз саткандыктар, айтор ар кандай кырдаалдар боюнча азырынча ондон ашуун ишти сотко бердик. Айрымдары аткарыла баштады. Бир мисал айтсам шаардын дал борборундагы Сөң-Көл аялдамасына курулган курулуш буздурулду. Бирок чынында иш ойдогудай аткарылган жок. Ага коомчулуктун, демек жалпы элдин, жергиликтүү бийликтин зор жардамдары керек болууда. Кыскача айтканда иштегенге мүмкүнчүлүк берилбей жатат.

- Демек иштегенге мүмкүнчүлүк жок деп эле алаканды жайып качанкыга чейин олтура беребиз же жаңыланыш үчүн бүтүндөй бир муундун өмүрү өтүшү керекпи?

- Мына мен Нарын шаарында 3 жылдан бери иштеп келе жатам. Чынында колдоо болгондо бөлөгүн айтпаганда да борбордук базардын айланасын ирээтке келтирмекпиз. Кичине иш кылалы десек эле болду, митинг, пикет деген башталат. Элибиз да туура эмес жактарды тез өздөштүрүп алышыптыр. Бирок түшүндүрүү, түшүнбөгөндөргө мыйзам ченеминде иш аткарууга мезгил келмек турсун өтүп бара жатат дегим келет. Мына соңку жылдарда жок дегенде борбордук көчөлөр оңдолуп, тазалана баштадык эле, тургундарыбыз дагы шаар деген ушундай болот турбайбы деп ойлоно баштады. А биздин башкы максат шаарды узун-туурасынан эмес, бийиктигине карай өстүрүү. Буга ансыз деле эки нерсе түрткү болууда. Биринчиси, Нарын шаары менимче жеткен жерине чейин узун-туурасынан жетип бүттү. Батышыбыз Борбор Азия Университетине, чыгышыбыз Теке-Секирикке такалды. Ошондуктан экинчиден шаар бийиктиги менен шаар болуусу керек.

- Өзүң билгендей, шаарыбызда эң бийик үйлөр 5 кабат. Алардын саны болсо беш манжага деле толбойт. Ал эми биз билгенден муниципалдык деле жерлер жокко эсе. Анан кантип көп кабаттуу үйлөрдү курмакчыбыз?

- Таптакыр жок эмес, муниципалдык жерлер деле бар. Эмне үчүн РТСтин чыгыш жагындагы бош жерлерге 6 жана 9 кабат үйлөрдү жанаша курууга болбосун. Батыш тарапта дагы канчалаган бош жерлер турат. Аларды кайсы бир чиновниктер ээлеп тургандыгы менен алар пайдаланган жок да. Мындай эч кимге пайдасыз жерлер четтен чыгат. Экинчиден, шаар бийлиги бизге каражатты чечип берсе, биз шаардын башкы өнүгүү планын иштеп чыкканга даярбыз. Аны иштеп чыкмайын шаар эч качан шаар катары өнүкпөйт. Үчүнчүдөн, бюрократия деген тап катары жоголмоюун ушул таз кейпибизде кала беребиз. Натыйжада шаарда эч кандай плансыз курулуштар курулуп келе жатат. Төртүнчүдөн, сурооңузга жооп бере кетейин, 5 кабаттуу үйлөрүбүз эле бар саналуу деп айта кеттиңиз. Туура, алар беш манжага толбойт. Бирок азыр технология деген өнүктү да. Дүйнөдө биздей эле тоо арасындагы шаарларга канчалаган кабаттуу турак-жайлар салынып жатат. Биз эски көз караштан арылышыбыз керек. Эң башкысы, дагы кошумчалап айтууга туура келүүдө, жергиликтүү бийликтин чоң жардамы зарыл. Менимче коммуналдык жана жашылдандыруу сыяктуу мекемелерди, жылытуу жана суу канал ишканаларды күчтүү бир мекемелерге айландырып, шаардын тейлөөсүн арттырууга болот. Айтор негизи эле шаар деген бийиктик жактан өскөндүгү, тазалыгы, кооздугу менен шаар да.

- Шаардын чыгышын жана батышын кеп кыла кеттиң. Тилекке каршы ал чөлкөмдөрдө ыплас суулар агып өтүүчү түтүктөр жок. Жаштын тилегин берет демекчи, ойлогон ойлор ишке ашып, ошол жактарга өзүң айтмакчы көп кабаттуу үйлөр салына баштаса, анда жаңыдан пайдаланууга берилген асфальт жолдор кайрадан талкаланат да?

- Биз ушундай деп ойлонуп көнүп калганбыз. Маселен чет мамлекеттерде жер алдынан өткөн бардык трассалар арыкчалардын, жөө кишилер өтүүчү жолдордун алдыларына жайгаштырылган. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдө негизги унаа жолдор эч качан кайра-кайра казылбайт. Демек биз дагы ошондой тажрыйбаларга өтүшүбүз керек. А бизде болсо жада калса парктарды дагы талкалап, бөлүп жарып анан жепирейген жеке турак жай салганга кесип бергенге чейин барганбыз.

- Ушул кебиңдин өңүтүнөн улам бир суроо келип чыкты. Деги Нарын шаарынын ушундай абалга келгенине архитекторлор канчалык абалда жоопкер?

- Толук кандуу жоопкер десем кесиптеш ага-эжелерим таарынышпас. Алардын айрымдары үч күндөп камалганга чейин барышыптыр. Улуу муундагылардын көзү өтүп кетти. Бирок эң башкысы системанын жоктугу, жогоруда айтып кеткенимдей бийликтин бюрократиясы, зомбулугу жеке эле Нарын шаарына эмес, өлкөдөгү башка шаарларды да ушундай таз кейипке алып келип салды. Архитектуралык долбоорсуз эле, мындайча айтканда:-«давай жерди кес, чиймени чий, айтканды аткар» деген өкүм зордук болуп келген жана болууда десем да жаңылышпаймын. Ошондуктан биз шаардын жаңы башкы планын иштеп чыгалы деп мерияга кайра-кайра кайрылуудабыз. Сүйүнүчтүүсү шаардык бийлик болжолдуу 4,5 миллион сомду 3 жыл аралыганда чечип берүүгө аракет кылууда. Баары ошол планга жараша аткарылышы абзел. Ансыз сиз айтмакчы шаар шаар эмес же кыштак эмес аралашкан, баш аламан абалда курулуштары салына берген өткөн доордогу айылдардай абалда кала берет.

- Эми соңку суроо, райондордун борборлору тууралуу. Аларга качан кол жетет?

- Облустардын борборлору, шаар деген атка ээ болгон жерлерде ушундай абал болсо, райондор борборлору анан кандай болот, айтпаса да түшүнүктүү. Бирок ушул бойдон эле калмак белек. Мен жакында буюрса ар бир район борборуна атайын иш сапарлар менен чыгам жана абалды жеринде таанышам. Азыр мыкты иштеген айрым айыл өкмөттөрдө айылдарды куруунун архитектуралык пландары ишке ашырыла баштады. Мисалы мен уккандан Кочкор, Ак-Талаа райондорунун кээ бир айылдарында башкы пландар иштелип чыгууда. Ошондуктан райондук бийлик, ошол район борборунун жетекчилиги да алдыга карай жаңыча иш алып барганга көңүл бурушат деп ойлоймун.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
72304

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
59236

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
92755

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
64213

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
66064

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
72291

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
102085

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
171798

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
123754

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
115584

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×