Добавить статью
5:03, 2 ноября 2012 11020

Кыргыз «Бериясынын» жүзү

Мурда-кийин коомчулукта аты-жыты көп угула бербеген, ара чолодо саясый окуяларга пикирин билдире калган экспертсымак Кубатбек Кожоналиевдин ысымы 3-октябрдагы окуядан кийин «дүң» дей түштү. Укук коргоо органдары аны бийликти мыйзамсыз басууга аракет кылды деген шектин алкагында абакка жаткырышты. Буга удаа эле анын күч түзүмдөрү жайгашкан мекемелерди жардырууну пландаган террористтик топтун анабашчылары менен телефон аркылуу байланышып турганын улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) жарыялады.

Кебибизди мындан ары улантардан мурда Кожоналиевдин өмүр таржымалын учкай баяндай өтөлү. Биздин карман 54 жашта, качкын президент Аскар Акаевдин жердеши. Дал ошол жердешчилиги маанилүү ролду ойногонбу, айтор, Акаевдин убагында майлуу-сүттүү кызматтарды аркалаптыр. Ошондой эле карьералык өсүшүнө «темир генерал» Феликс Куловдун таасири чоң дешет. Маселен, кайсы бир мекеменин бөлүм башчылыгынан дароо аскер прокуратурасынын жетекчилигине дайындалышына Феликс Шаршенбаевичтин салымы зор болгон экен. Ал эми Кубатбек мырза «темир генералдын» бул жакшылыгына жакшылык менен жооп бердиби? Тилекке каршы, жок. 2000-жылдары башпрокурордун орунбасары, аскер прокурору болуп турганына карабастан устаты Куловду коргомок тургай, аны карабай кеткенин саясатчылар жөө жомок кылып айтып жүрүшөт. Мындан улам, Кожоналиевге тегин жерден «Берия» каймана аты ыйгарылбаганына ынанасын. Себеби, аны жакындан тааныгандар анын Бериядай куу, интриганын ичегисине кан куйган, иши бүткөн соң кан досун да ара жолго таштап кеткенден кайра тартпаган адам катары сыпатташканын угуп жүрөбүз. Бул К.Кожоналиевдин адамгерчилик «сапатынын» бир көрүнүшү.

Колдогон кожосу Акаев Маскөөнү көздөй сызгандан кийин илимий иштер менен алектенип кетти. Кубатбек Кожоналиевдин Бакиев режимине каршы сын айтканын укпаптырбыз. Башын тонуна катып унчукпай шүк отурчу. Ал эми апрель революциясынан кийин бир жылдай улуттук университеттин ректорунун кеңешчилигин аркалап, жаңы бийликти мактагандай маанайдагы ойлорун ортого салар эле. Башкы кеңешчиликтен ыргыган соң дароо оппозиция жээгине өтө качып, 3-октябрдагы митингдин уюштуруучулардын бири болуп чыга келип атпайбы.

Дагы укук коргоо органдары адамгерчилик кылып, саламаттыгынын начарлаганына байланыштуу Кожоналиевди үй камагына чыгарышты. «Көнгөн адат калабы…» дегендей, кайран Кожоналиев мындай ырайымдуулукту сезгендин ордуна, өзүнө тагылган айыптардын бири менен да макул эместигин билдирип маалымат жыйынын өткөргөнгө жетишти. Анын айтымында, жалгыз өзү гана апакай, эч бир күнөөсү жок, террористтер менен байланышпаган имиш. Ошол эле учурда УКМКнын тергөөчүсү Улан Садырбековдун “Азаттык” радиосуна курган маегине көз чаптыралы. Анда ал минтет: Азыркы күндө Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгы тарабынан уюшкан террорчул топтун үстүнөн кылмыш иши козголгон. Бул боюнча тергөө амалдарын жүргүзүлүп жатканда генерал Кожоналиевдин террорчул топтун лидери менен байланышы бар экени аныкталып жатат. Бүгүнкү күндө тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүп жатабыз. Бул чындыкка жатат. Анткени, ал сүйлөшкөн сөздөр бар».

Кезинде Куловду “кидайт” этип, Бакиев бийлигине каш кайтара албаган, Чыңгызханды туурап 20 “желдети” менен Ак үйдүн кашаасынан секирип түшүп баратып алаасын тилдирген, “төңкөрүш” жасагысы келген Камчыбек Ташиевди жандаганын да танган Кожоналиевге ишенебизби же расмий күч органы болгон атайын кызматтын өкүлүнөбү? Актангандын да чеги болушу керек го. Эртеңки күнү атайын кызмат Кожоналиевдин жанкечтилик топтун лидери менен телефондук сүйлөшүүсүн коомчулукка жарыялап салса эмне болот?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×