Добавить статью
5:33, 8 ноября 2012 50086

Өрдөк жокто чулдук бий

Акматбек Келдибеков өзүн депутаттардын айлакери катары сезет окшойт. Парламентте кандайдыр бир чатака байланыштуу иштер  каралып калса тим эле жантыгынан жата калып сүрөп кирет. Кемчиликтерин улам чукуп, айыбын ачып сүйлөгөн депутатка башын ийкеп коштоп турат. Бирөөнүн үстүнөн каралоо, экономикалык кылмыштуулуктун чети кылтыйса эле болгону Келдибековдун күнү тууйт. Күнөкөрдү табыш керек да?Табылбаса ким күнөөлү? Албетте укук коргоо органдары. Алар иштебей жатышат. Бул кылмыштуулукка өздөрү да аралашкан. Аларды  кызматтан четтетүү зарыл. Мына Келдибековдун карманган    принциби.өзүн сүттөн  ак деп санаган Келдибековдун да артында калбырлары калкып чыга баштады…

 Атап айтсак, А.Келдибековдун ай мончоктой колуктусу Токтоматова Аида Кант шаарындагы жеке медициналык институту уюштуруучулардын бири болуп саналат. Ал жерде чет өлкөлөрдөн келген студенттер  контракттык негизде билим алышат. Токтоматовадан  башка  дагы  бир  уюштуруучу бар. Ал «СССР» саясый партиясынын лидери Аман Тентишев. Бул партияга Келдибековдун кошкон салымы атан төөдөйбү, бир кездеги кыргыздын «ленини» аталган Ишенбай Кадырбековду акырын  оордунан жылдырып ордуна А.Тентишевди Акматбек өз колу менен  койгон. Себеп? Себеби эки варианты айкын болду. Биринчиси, чоң суммадагы чет элдиктердин  контрагынан түшкөн акча Аида  айым менен Аман мырзанын ортосундагы өзүнчө  бир купуя  сыр  катары сакталат. Экинчиси, «СССР» саясый партиясы анын айтканынан чыкпашы керек. Лидери болсо өз колунда. Келдибеков мындай жүрүш менен оппозициянын майда партияларын бир блокко  бириктирип  оппозициянын лидери болом деген жаман ою бар. Партиялашы Камчыбек камалып жатса бир басып барууга  жарабаган Акматбек «өрдөк жокто чулдук бий» деген позицияны карманып кайсалап туру. Адамгерчилимги нөлгө барабар Келдибековду ким колдойт? Аны мезгил көрсөтөөр?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-12-2012
Садыр Жапаровдун ишмердуулугу жонундо
77596

25-11-2012
Ит үрө берет, кербен жүрө берет
14574

25-11-2012

Ач айкырык, куу сүрөөн

66790

19-11-2012
А.Келдибековго А.Сулайманов эмне карыз? 
25723

19-11-2012
Сырткы жана ички саясий күчтөрдүн курмандыгына ким байланды?
40228

08-11-2012
Кыргызстанды кимдер чайпалтат?
40854

08-11-2012
«Кумтөр», Ташиев, Жапаров, Мамытов
28131

02-11-2012
Келдибековдун тизгинин ким тартат?
39532

25-10-2012
Кыргыз укук коргоочулары гранттык каражаттарды кантип уурдап жатышат?
68297

24-10-2012
АКШнын батасын, Бакиевдердин буйругун алып келген ким?
50042

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×