Добавить статью
7:43, 23 ноября 2012 11656

Кочкордо табак талашуу бийлик талашууга жеттиби?

Кочкордо акимдик «креслону» талашмай бир айдан бери аягына чыкпай, акүй менен көкүйдүн ар кайсы эшигин кайсалап бир тоголок кагазда арыз жүрөт. Көрсө бул арызды жазгандар мурдагы “коррупционерлер” тоюс экс-кызматкерлер жана азыркы учурда иштеп жаткан эзелтен акаевчи, бакиевчи болуп жүргөндөр жалындуу демилге менен чыгып келаткан жаш аким Жылдызбек Шералиевди ээрден шыпыруу аракеттери экен. Бул шоуну уюштуруучулардын ана башчысы болуп Кочкор райондук администрациясынын жетектөөчү адиси болуп эмгектенген 60тан ашкан А. Осмоналиев турат. Мунун тиришумдуктуу “Жинди Асан” деген каймана аты менен кочкор элине таанымал. Жинди Асан 60тан ашып калганына карабастан кызматтан кетпестен жаштардан кызмат талашуу менен алек. Мындан бир канча убакыт мурун “Нарын облусунун ардактуу атуулу” деген наам алып берсеңер эле кызматымдан кетем деген. Аны да алып берсе, кайрадан кызматтан кетүүдөн баш тартып, кайрадан кызмат талашууга өткөнү көрүнүп туру. Акимчиликте иштеп жаткан коюң-колтук алышып жүргөн “мыкчыгерлерди” активдүү уюштуруп, тукуруп азыркы аким Ж. Шералиев менен орун-басар А. Мамырбаевди кызматтан кетирүүнү аракетинде. Ж. Шералиев “Кочкор Ынтымак” коомунан көрсөтүлгөнү маалым. Муну айтып жатканым азыркы учурда бул же тигил партиялардын ортосундагы таймаш катары саясий боёктор менен сүртүлүп жүрбөйбү?.. Болуп жаткан саясий шоуда муну байкоого болбойт.

Акүйдү аралап жүргөн кайрылуу катка көз жүгүртсөк, Ж. Шералиев жаңыдан акимдикке көчүк басып жатканда акимдин орун-басары болуп жүргөн өндүрүшчү Зарылбек Табалдиевди алып салганына нааразычылыгын ачыктан-ачык айтыптыр. Бул мырза туурасында айта кетсек, бул айыл өкмөт болуп иштеп жүргөндө да, акимдин орун-басары “креслосун” мыкчып турганында да кыйратаарлык ишти алып бара албаганын жамы кочкор эли жакшы билет. Ал эми “өндүрүшчү” деп атап алганына да бир четинен күлкүң келет. Эгер ошондой эле өндүрүшчү болсо Кочкор аймагын өнүктүрүп өндүрүш мекемелерин иштетип же алгылыктуу бир жасамак эле да... Кочкордогу кайсы ондурушту айтабыз. Кылычын жайып келаткан кыш мезгилинин астында бу мырза кайдагы өндүрүшүн баштаары белгисиз... Башыңды мыкчыйсың... Таң каласың, таңдайыңды такылдатасың...

Кайрылууда дагы бир кызыктуу кепке туш болдук. “Аким болуп шайлангандан кийин, мен,өз командам иштейм деген саясат менен райондук мамлекеттик администратиясынын (Президенттин алдындагы башкаруу академиясын кызыл диплом менен бүткөн) аппарат жетекчиси С. Чоргоеваны административдик мамлекеттик кызматты ээлегендигине карабастан ачык эле кызматынан кетирүүнүнүн аракетинде болууда” деп жазылып жүрөт. С. Чоргоева кызыл диплом менен бүтсө бүткөндүр анысына эч нерсе дей албайбыз. Болгону акимчиликтеги “бандалар” менен ысык мамиле менен гана алектенип жүргөнүн карапайым калкка чейин жакшы билет.Кеебир айыл башчы эжекелерибиз да журот кол койгондордун арасында,биринчиден эл башкарардан мурун эрге тийип анан эл башкарса дейт экенсин ар кимге коз кыспай.Саясатчылар төшөк мамилелерине чейин кирип кетип жатышпайбы биз ага чейин барбай эле коёлу... Айталы дегенибиз кызыл дипломдон бир эмес эки-үчтөн мыкчып жүргөн тың жаштарыбыз, жумушсуз жүрбөйбү? Ошолорго орун берип, мамлекет үчүн, эл үчүн алгылыктуу иш алып барып Кыргызстандын өнүгүшүнө өз үлүштөрүн кошпойбу деген эле тилек. 60тан ашканына карабастан сакалын сүйрөп алып жаштардан кызмат талашпай...

Дагы бир күлкүлүү бир маалымат бизге келип жетти. Арызга кол койгондордун арасында “чиймечи” болуп эмгектенген байкелерибиз бар Ж. Шералиевге каршы кол койгонун себебин элдерге төмөндөгүдөй түшүндүрүп жүрүптүр; Сөң-Көлдө болуп өткөн тойлордун биринде чиймечи мырза менен акимдин жубайлары кадимки табак (идиш аяк) талашып кайым айтышып отуруп, аягы уруша кетиптир. Аялдар табак талашып кеткендиктен азыркы акимге каршы добуш бергенине каткырыгың таш жарат. Бул чиймечи мырза да аялынын тилинен чыкпаган КРнын мурдагы кашка баш ажосу Аскар Акаевдин кебетесин кийген неме окшойт деп калдык. Бул жерде табак талашуу менен бийлик талашуунун кандай тиешеси бар? Колтойгон суроо туулат десең...

Айыл аксакалдарында ажо менен кол алышса бир жума колдорун жуубай жүрмөй адаты бар эмеспи. Ошол сыяктуу Курманбек Бакиев президент кезинде “Ак Жол” партиясын Кочкор районундагы көмүскө штабын жетектеп келген азыркы акимчиликтин “казыначысы” Акылбек Жапаровдун агасы дагы арызга кол койгондордун катарын толуктаптыр.Баарынардын артынар калбыр экенин унутпасанар .Туугандар!!!

Азыркы кыйын кезең маалда, ааламдашуу заманында жаңыча көз караш менен келген жаштарга орун берүү замандын талабына ылайык келип турат. СССР тушундагы көз караш бир ат чабым артта калганын ким тана алат. Учурда мамлекет үчүн күн-түн дебей эффективдүү иштөө керек болуп турган кезекте жаштардын энергиялуу демилгелерине, маңдай терине муктаж болууда Кыргызстан. Муну менен Кочкор районунун акими Жылдызбек Шералиевди колдойлуу, коргойлуу деген ойдон алыспыз. Болгону таягын араң көтөрүп жүргөн улуу муундун өкүлдөрүнүн, ишин билбей интригага белчесинен баткан, кайсы бийлик келбесин кошоматтануу менен өз кызматы үчүн бутундагы баткагына чейин жалап жүргөндөрдөн арылып иш билги менеджерлерди ишке келиши өлкө үчүн пайдалуу болоорун каңкуулагыбыз келет. Эгер ушул нук менен кете берсе өлкө же мамлекеттик саясат кайда барат? Же “сай-сат” деген гана мамиле боюнча калабы?..

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×