Добавить статью
4:35, 3 декабря 2012 105135

Унутта калып, утук алган генерал

Үтүбүздөгү жылы кыргыз элинин чыгаан уулу, Кытайдагы тунгуч кыргыз генералы Ысакбек Мониевдин 110 жылдык мааракесин Кыргыз Республикасында мамлекеттик деңгээлде белгилөө жөнүндө, атайын чечим Жогорку Кеңеш жана өкмөт тарабынан кабыл алынып, өкмөттүн чечими менен атайын уюштуруу тобу түзүлгөн. Анын алкагында бир катар иш чаралар жүргүзүлүп жаткан кез. Жакында алгачкы генералдан тарыхый-саясий бейнесин толуктаган чөлкөмдүк конференция Ош мамлекттик юридикалык институтта болуп өттү.

Кылым карыткан кыргыз элинин улуу тарыхынын ар түрдүү доорлорунда, мезгилинде коомдук, саясий, социалдык-экономикалык жана маданий тармактарына өзгөчө салымын кошуп өз эли, жери үчүн мыкты эмгектенген далай чыгаан инсандар болгон. Алардын көбү өздөрүнүн жеке сапаттары, өзгөчө көз караштары, омоктуу ойлору, жүйөлүү пикирлери, курч, тунук акылы, бекем эрки, мыкты адамгерчилиги, тигил же бул татаал маселени чечүүдөгү жоопкерчилиги, жетекчилик жөндөмү менен айырмаланаары шексиз.

Мындай тариздеги чыгаан инсандардын катарына кадимки Барс-бег бабабыз баш болгон, Мухаммед Кыргыз, Кубат-бий, Ажы-бий, Атаке-бий, Алымбек-датка, Нүзүп-бий, Ормон-хан, Боромбай, Курманжан-датка, Полот-хан (Исхак молдо Асан уулу), Абдылдабек ж.б. сыяктуу чыгаан инсандарды кошуга болот.

Мына ушулардын катарында көп жылдар бою эстен чыгып, Кеңеш доорунда бир да окуу китебине, энциклопедияга же тарыхый иликтөөлөргө кирбей, «атайылап эле унутта калган», акыркы эгемендүүлүк жылдары гана кайрадан тарыхый-саясий чындык калыптанып, келкели келип, 100, 110 жылдык мааракеси расмий түрдө, мамлекеттик дэңгээлде белгиленип жаткан кыргыз элинин чет өлкөдөгү класссикалык биринчи генералы, чыгаан колбашчы, кытайлык кыргыздардын көрүнүктүү мамлекеттик, аскердик ишмери, кыска өмүрүндө өз эли, мекендештери үчүн көпэмгек сиңирген, башка бир да өлкөлөр тарабынан таанылбаган Чыгыш Туркестан Республикасы үчүн көп иштерди кылган Ысакбек Мониевдин бар экени баарыбызды кубандырат. Кеңеш доорундагы көп эле кыргыз муундары бүдөмүк ойго батып, эмне үчүн биздин элден бир да генерал чыккан эмес деген ой басып келгени да талашсыз далил. Албетте ал кезде кыргыз генералы жөнүндө толук эмес, учкай да маалымат болбогону кашкайган чындык.

Дал ошол Ысакбек Мониев (1902-1949-жж.) ким болгон, качан, кантип саясий аренага чыккан, эмне үчүн анын аскердик-саясий ишмердүүлүгү көпкө созулбады? Эмне үчүн унутта калды? Сыяктуу суроолор өтүп жаткан жылы дагы жаңы маалыматтар менен толукталаары, ар тараптан каралаары талашсыз. Мени кызыктырган дагы бир ыңгайсыз суроо: генерал Ы. Мониев үч ири империянын – Кытай, Англия жана СССР, алардын мамлекет башчыларынын саясий курмандыгы болду дегенге негиз барбы? Болсо, кандайча курмандыгы болуп калды? Ушуларга жана анын бейнесине кээ бир шилтемелерге учкай токтолууга аракет кылабыз. Биз анын өмүр таржымалына токтолбостон, дароо эле кээ бир жагдайларын баса белгилеп кетүүгө аракет кылабыз.

Генерал Ы.Мониев Кытайдын Синьцзянь чөлкөмүндөгү этникалык кыргыздардын негизги жетекчилеринин бири катары тарыхый-саясий аренага XX к. 30-40-жж. чыккан. Бир катар элдик көтөрүлүштөрдүн, боштондук кыймылдардын, боштондук армиянын жетекчилеринин бири.

Кээ бир маалыматтарда ал Кеңеш өкмөтүнүн чалгындоо уюмунун жашыруун «Буйга» аттуу Кытайдагы резиденти, дал ушул сыпатта Чыгыш Туркестандагы боштондук кыймылдын жетекчилеринин жана уюштуруучуларынын бири катары да айтылат.

Ал 25 жашында Кызыл-Суулук кыргыздардан атайын отряд топтоп СССР - Кытай чек арасынан өткөн басмачылар топторуна каршы ийгиликтүү күрөшкөн. Анын мындай кадамын, өз кызыкчылыктары үчүн, убагында Кеңеш өкмөтү да, борбордук Кытай өкмөтү да ар тараптан колдоп, керектүү убакта курал-жарак, ар түрдүү жабдык, каражаттар менен камсыз кылып турган. Ошол каармандыгы үчүн Гоминдан өкмөтү тарабынан 1937-ж. 35 жашында бригадалык генерал аскердик чинге татыктуу болгон. Бул наам азыркы полковниктен жогору, генералдан төмөнүрөөк даражада болгон.

Ы.Мониев бир катар элдик көтөрүлүштөрдүн, боштондук кыймылдардын жетекчилеринин бири. М., Синьцзяндагы (1931-33-жж.), Кумулдагы (30-жж.), Или, Алатау, Тарбагатай (1944-ж.) көтөрүлүштөрдөгү негизги жетекчилердин бири.

Тарых барактарынан белгилүү болгондой, 30-жж. башында борбордук кытай бийликтеринин көп түрдүү салык эзүүсүнө, кытай чиновниктеринин өзүм билемдигине, ар тараптуу кысымына жана борбордук Кытайдын Синзянды (Кытайлык Чыгыш Туркестан чөлкөмү – авт.) колонизациялоо саясатына чыдабаган жергиликтүү калк 1931-ж. көтөлүшкө чыккан. Көтөрүлүштү 3 негизги күч уюштурган: 1. Кожонияз башында турган уйгурлар, казах, кыргыз кедей-кембагалдарп тобу; 2. Генерал Ма Чжунин башында турган – хуэйцзу – кытай мусулмандары; 3. Кашгарлык уйгур панисламистер жана пантюркистер.

Ошол көтөрүлүштө кытайлык кыргыздар кайсы тарапты колдогон? Кыргыздардын көпчүлүк бөлүгү Кожониязды колдоп кетишкен. Алардын ичинде Уча уездининин тоолуу аймактарында кыргыз атчандар отрядын түзгөн, кыргыздардын лидерлеринин бири, кол башчы болгон Ы. Монуев да бар эле.

Ошол эле кезде кытайлык кыргыздардын бир тобу жогоруда аталган 2-3-топко киришкен. М., Жыпар Хаджибай ЧТИР өкмөтүнүн төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Сөзүбүз толук болсун.

Көтөрүлүшкө чыккан үч топтун ичинен Генерал Ма Чжунин башында турган топ Синзянда өз алдынча көз карандысыз мамлекетти түзүү идеясын көтөрүп чыккан. Бул идеяны Кашгарлык панисламистер жана пантюркистер да колдошкон. Ошентип, 1933-ж. 12-ноябрда Кашгарда Сабит молдо (доммулла – авт.) расмий түрдө Чыгыш-Туркестан Ислам Республикасынын (ЧТИР – авт.) түзүлгөндүгүн жарыя кылган. Ошол жаңы түзүлгөн мамлекет өз иш-аракетин тезинен жандандырып, өзүнө өнөктөштөрдү, жактоочуларды көбөйтүүгө кескин аракеттерди баштаган. Алардын ичинде ири кыргыз феодалдары, диний ишмерлери, басмачылык кыймылдын кээ бир башчылары да болгон. Эң көрүнүктүүсү кыргыз феодалы Жыпар Хаджибай болуп, ал өзү башка ири кыргыз феодалдары менен биргеликте ЧТИР колдошкон, ал эми Жыпар Хаджибай өкмөт башчынын орун басары болуп дайындалган.

Белгилей кетчү жагдай, дал ошол Чыгыш-Туркестан Ислам Республикасын материалдык-каржылык жактан Англия колдоп турган. А бул мамлекет тээ илгертен эле Кытайдын да, мурдагы Орус империясынын (кийинки СССР) да туруктуу аскерий-саясий атаандашы болгон. өз натыйжалуу аракеттери аркылуу Англия Кытайдын ошол чөлкөмүндө өзүнүн экономикалык, саясий-стратегиялык кызыкчылыгын бекемдөөнү көздөгөнү айгине болгон. Мындай колдоо Кытайдын борбордук бийликтерине да, Советтер Союзуна да жаккан эмес жана алар үчүн эң ыңгайсыз колдоо болгону айкын. Айрыкча СССР Англиянын Синзяндагы көтөрүлүшчүлөрдү активдүү колдоосу аркылуу аталган чөлкөмдө өз позициясын бекемдөөсүнө жол бермек эмес. Мындай абал СССРдин аскердик-стратегиялык кызыкчылыгына, коопсуздугуна туура келмек эмес. Ошондуктан Советтер Союзу ЧТИР турушуна каршы болуп, аны, ал аркылуу чөлкөмдөгү Англиянын таасирин жоюга бүт аракетин жумшаган. Демек бул жолу да үч ири империянын кызыкчылыгы кайчылаш болуп калган.

Тез эле ЧТИР кытай-советтик чек аралык мамилелерге таасир тийгизе баштаган. Ал жакка өтө качкан басмачылар көтөрүлүшчүлөргө кошулуп кетишкен, массалык миграция, аткезчилик (контрабанда – авт.), кеңештик Кыргызстан, Казахстандын колхоз, совхоздорунун көптөгөн малдарын айдап өткөн учурлар, чек аралык келишпестиктер көбөйгөн. 1932-33-жж. көтөрүлүшчүлөрдүн иштиктүү жана натыйжалуу аракеттери расмий өкмөттү Кожонияз жана генерал Ма Чжунин менен келишим түзүп, Советтер Союзунан аскердик жардам суроого мажбур кылган. Мындай өтүнүчтү Советтер Союзу тез эле канааттандырып, аскердик жардам көрсөтүп, расмий Гоминдан өкмөтүнүн күчтөрү менен бирдикте ЧТИР талкалап, анын борбору Кашгарды ээлкешкен. Ошентип эки тараптуу колдоонун натыйжасында кыска мөөнөт өкүм сүргөн, таанылбаган Чыгыш-Туркестан Ислам Республикасы жоюлган. Ошол кездеги кырдаалга жараша, бир аз мурда ЧТИР түзүлүшүнө көмөк көрсөткөн Ы. Монуев өз отряды менен эми ЧТИР талкалоого катышкан. Көп өтпөй анын отряды да таркатылып, болочок генерал мамлекеттик кызматка өтөт.

Кийинки жылдары биз аны мамлекеттик ишмер катары да көрөбүз. 1935-жылы Ы. Монуев кыргыз атчандар отряды таркатылгандан кийин Урумчу өкмөтү Улуу Чат мамлекеттик администрациясынын башчысы кылып дайындайт. Ошону менен катар эле 1937-44-жж. кыргыз коомчулугунун лидери катары кыргыз-казах маданий борборунун жеткечиси болгон. Дал ушул жылдары ал көрөгөч мамлекеттик ишмер катары этникалык кыргыздар, казахтар үчүн бир катар мектептерди, окуу жайларды, маданий борборлорду түзүүгө жетишкен. Сөзүбүз толук болсун үчүн айта кетчү нерсе дал ошол жылдары Ы. Монуев бир катар социалдык-экономикалык өзгөртүүлөргө жетишип, кытайдагы кыргыз, казах эли, алардын келечеги үчүн чоң ийгиликтерге жетишкен. Кыргыз, казах сыяктуу Кытайдын улуттук азчылыктар үчүн биринчи жолу атайын ликбездерди (ликвидация безграмотности – авт.), 300дөн ашык бала окуган мектептерди, СССРдин Орто Азия республикаларынын университеттеринде кытайлык кыргыз, казах жаштарын окутууга уруксат алган. Кытайлык 4 кыргыз жаштары Советтер Союзунун башка университеттеринде билим алуусуна шарт түзгөн. Алардын ичинде болочок жазуучу, драматург Абдыкадыр Токторов да бар эле. Бул ошол кездеги кытайлык кыргыз, казахтар үчүн чоң жетишкендик эле. Кытайлык кыргыздардын жана казахтардын келечеги үчүн мындай кадамдар чоң рол ойногон.

Мындан башка Улуу Чат мамлекеттик администрациясынын башчысы катары көчкүнүн алдында калуу коркунучу болгон Сарыкол, Бостон-Терек, Терек, Тоюн айылдарынын тургундары Кызыл ой болуштугунун коркунучсуз аймагына көчүрүлүп, аларга расмий бийликтер тарабынан ондон кой, экиден уй жардамга берилген. Өз элинин, мекенинин партиот уулу, даанышман, көрөгөч жетекчиси катары өз элинин, менкендештеринин келечеги үчүн жан үрөп иштеп, кам көргөн чыгаан инсан Ы. Монуев болгонуна жогорудагылар далил.

Ы. Монуевдин тагдырында бурулуш орунду ээлеген дагы бир окуя экинчи жолку түзүлгөн Чыгыш-Туркестан Республикасы (ЧТР - авт.). 30-жж. ал Кытайдагы Кумул көтөрүлүшүндө, кийинки атуулдук согушта Гоминдан өкмөтүн колдоп күрөшсө, кийин саясий келишпестиктердин натыйжасында Или, Алатау, Тарбагатай чөлкөмүндөгү көтөрүлүштө (ноябрь 1944 г.) эл тарапта Гоминдан өкмөтүнө каршы күрөшкөн. Ошонун натыйжасында ал Гоминдан өкмөтү менен келише албай Алма-Атага кетүүгө аргасыз болот.

Ошентип, Ы.Монуев башында турган кыргыздар дагы бир улуттук боштондук көтөрүлүшкө активдүү катышкан. 1944-ж. ноябрь айында Синьзяндагы (Или, Алтай и Тарбагатай чөлкөмдөрү) казах, кыргыз, уйгурлар көтөрүлүп, анын натыйжасында убактылуу Чыгыш Туркестан Республикасы жарыяланып, башында Ахметжан Касими турган өкмөт Кулжада түзүлгөн. Кытайлык кыргыздардын абройлуу жетекчилеринин бири болгон, генерал-майор Ы. Монуев ошол өкмөттүн куралдуу күчтөрүн жетектеген, т.а. Коргоо министри болгон.

Аталган Чыгыш Туркестан Республикасын бир дагы дүйнө өлкөсү тааныган эмес, бирок Чан Кайшинин өкмөтү менен күрөшүү максатында аны СССР да, Кытайдын коммунисттик күчтөрү да тымызын колдоп келишкен. 1949-ж. Кытайда коммунистердин жеңиши айкын болуп, алар бийликке келген. Кытайдын коммунистери жеңишке жетишкенден кийин ЧТР расмий түрдө жоюп, анын ордуна СУАР түзүлгөн. Ошентип ЧТР таанылбастан тарыхтын капчыгына түшкөн.

Дал ошол кезден баштап, саясий оюндун шайтандары күчөп, ЧТР, анын өкмөтү, жетекчилери улуу державалар үчүн ыңгайсыз боло баштаган. М., Сталин менен Мао Цзедун ич ара саясий келишимге келгенден жана кээ бир чек ара маселелерин өз пайдасына чечкенден кийин, алардын саясий амбициясы таанылбаган ЧТР кутулуунун максат кылышкан. Кытайдын аймактык бүтүндүгүн таанууга убада берген СССРдин жетекчилигине жана Кытайдын жаңы коммунисттик бийликтерине колтуктун жарасындай болгон таанылбаган ЧТР кереги жок эле. Мындай жаңы мамлекеттин түзүлүшү эки империянын тең кызыкчылыктарына да, саясий амбициясына да туура келген эмес. Натыйжада, таанылбаган ЧТР аталган эки империянын саясий курмандыгы болуп калган.

Белгилей кетчү жагдай, 1945-ж. күзүнө чейин ал өкмөттү СССР ар тараптан (материалдык-техникалык, каржылык) жактан кызуу колдоп келген. ЧТР армиясынын курамына генерал Ы. Монуев жетектеген кыргыз отряддары да кирген.

Мындан башка Ы.Монуев баш болгон 3 кыргыз 1948-ж. Синьзянда түзүлгөн «Тынчтык жана демократияны коргоо союзунун» Бобордук бюросуна мүчө болушкан. Бул уюмдун негизги максаттарынын бири Бүткүл Кытайдын элдик саясий консультативдик кеңешке өз мүдөөлөрүн, максат, тилектерин жеткирүү болгон. Дал ошол максат менен 1949-ж.27 августта Пекинде өтө турган Бүткүл Кытайдын элдик саясий консультативдик кеңешине бара жатып Ы. Монуев жана анын жолдоштору авиакатастрофадан каза болгон. Кээ бир маалыматтар самолет чындап эле техникалык катастрофага дуушар болгон десе, кээ бирлери (М., Судоплатов) авиакатастрофа Сталин менен Мао Цзедун келишимге келгенден кийин, ЧТР өкмөтүнүн толук курамы бара жатканда атайын кызматтар тарабынан уюштурулган деп айтылат. Кантсе да дал ошол авиакатастрофада башкалар менен катар эле кыргыз элинин тунгуч генералы, чыгаан мамлекеттик ишмери, чыныгы мекенчил уулу Ы. Монуев да бар эле. Кандай болсо да ошол катастрофа эки максатты аткарган:

1. Башка өкмөт мүчөлөрү менен катар ЧТР коргоо министри, мамлекеттик, аскердик ишмери Ы. Монуев да жок кылынган;

2. 2. Кытайдагы кыргыз коомчулугу, этникалык тобу өз лидеринен ажыраган, б.а. саясий жетекчиси жок калган. А бул кырдаал ошол учурдагы коммунисттик расмий бийликтерге ыңгайлуу жана пайдалуу болгон.

Ошентип, биздин тунгуч генерал бир эмес эки жолу, эч ким таныбаган Чыгыш Туркестан Республикасы, анын келечеги үчүн ири державалардын мамлекет башчыларынын саясий амбицияларынын курмандыгы болуп калды дегенге толук негиз бар.

Акырында дагы бир сөз, Ы. Монуев И. Сталин менен жолуккан деген ацыз кеп бар. Ал жөнүндө так документтер жок. Бирок, анын 1943-ж. сентябрь айында Москвага барганы чындык. Тилекке каршы ал жакта качан, кимдерге жолукканы тарыхта белгисиз. Москвадан келгенден кийин ага Кытайда аскердик-диверсиялык иштерди жүргүзүү үчүн атайын «Буйга» жана «Баатыр» отряддарын Кыргызстанда, ушундай эле 2 диверсиялык отряд Казахстанда, бир отряд өзбекистанда түзүү вазыйпасы жүктөлгөн. Алардын катарына диверсиялык иштерди мыкты өздөштүргөн кыргыздар, казахтар, уйгурлар, дунгандар, өзбектер тартылган. Демек бу жагынан да ал өз авазыйпасын толук аткарган.

Кантсе да аскер адамдарынын тагдыры тайкы, өз жолунда оош-кыйыштары көп болоору, кай бир учурларда тигил же бул аскердик аракети үчүн биротоло унутта калып кеткендери көп эле кездешет. Ошол таризден алганда Ысакбек Монуев көп жылы унутта калып, акыркы жылдары утук алып, жаркын элеси тарых беттерине кайрадан орун алып жатканы албетте бизди кубандырбай койбойт.

Демек үстүбүздөгү жылы биздин республикалык жетекчилерибиздин мамлекеттик деңгээлде Ы. Мониевдин 110 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндөгү чечими, анын алкагында бир топ маданий массалык иштердин, илимий-практикалык конференциялардын өткөрүлүшү, анын жаркын элесин, тарыхый-саясий бейнесин кыргыз журтчулугуна, айрыкча жаш муундарга кеңири жеткирүү жакшы жөрөлгө экенин эске алуу зарыл. Тилекке каршы расмий чечим болгонуна карабастан, республикалык деңгээлде тиешелүү иш-чаралар солгун жүрүп жатканын да эске алуу абзел.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×