Добавить статью
7:39, 12 декабря 2012 29478

Президенттин “Жол картасы” долбооруна сунуш

Президент Алмазбек Атамбаев 24-ноябрда экономиканы туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүү жардыгына кол койгон. Улуттук кеңештин 7-декабрда өткөн алгачкы отурумунда президент беш жылга белгиленген өлкөнүн стратегиясын коомчулукка сунуштап, аны эмне үчүн өкмөт эмес, өзү түзүп жана алып чыгып жатканын маалымдады.

Президенти тарабынан “Жол Картасы” деп аталган 2013-2017-жылдарга белгиленген бул стратегияда ички дүң жыйымды эки эсе көтөрүү, 350 миң кошумча жумушчу ордун түзүү, орточо айлык акыны 26 миң сомго жеткирүү каралган.

Мен Президенттин бул кадамын колдоймун. Президентибиз кыргыз элинин эконмикасын оңдоо үчүн жана элдин жашоо тиричилигин жакшыртуу үчүн көп жумуштарды жасап жатат. Ал тарыхта биринчи жолу Манас атабыздын эстелигин Россиянын борбору Москвага орнотту. Бардык кыйынчылыктады Президентибизге эле жүктөп койбостон жалпы эл мамлекетибиздин өнүгүүсүнө аракет кылышыбыз керек,жардам беришибиз керек.

Мен биздин ички ресурстарыбызды иштетүү менен бюжетибизди үнөөмдөө максатында өзүмдүн бир канча долбоорлорду жаздым. Ошол долбоорлорумдан бир-экөөнү коомчулукка сунуш кыламын.

Биринчи долбоор

Мамлекеттин бюджетинин суммасы орточо эсеп менен 20 млрд. сомдон ашыгы бюджеттик мекеме-ишканаларга буюм алганга жумшалат. Мисалы, мектептерге стол, парта, отургуч, доска, көрсөтмө курал жана башкалар. Ал турсун швабра, шыпыргыч, тряпкасына чейин өкмөт базарда кандай баада болсо, ошондой баада алып берет. Ошондой эле ооруканаларга, милицияларга, коргонууга да ушундай эле жол менен чарбалык зарылдыктар камсыздалат. Мына ушул каражатты үнөмдөп калсак болот. Ал үчүн бюджеттик тармактагы бардык ишканаларга түрмөнү байланыштырышыбыз керек. Азыр түрмөдө жумуш жок баардыгы бекер отурушат. Биз алардын жаткан жерин ысытабыз, тамак беребиз, ооруса дарылайбыз, ошолорду караган офицерлереге,кызматкерлерге кийим беребиз, айлык төлөйбүз. Ал жерде да өкмөт чоң чыгым кетирип жатат. Эми ошол бош жаткан түрмөдөгүлөр бюджеттик мекемелерге зарыл болгон эмеректерди, жабдууларды, керектелүүчү бюмдардын баардыгын жасатыш керек. Механизими Төмөндөгүдөй: өкмөт ГУИНди буюм чыгарганга керектелүүчү материалдар менен камсыз кылат. Ал жерде буюм жасалат. Даяр буюм мектептерге, ооруканаларга, аскер бөлүктөрүнө милицияга жана мамлекеттик мекемелереге муктаждыгынча бекер жөнөтүлөт. Мисалы, парта 5 миң сом турса, өзүбүз ГУИнде жасатсак 3 миң сом гана чыгым кетет. Буюмдун түрүнө карап 40-50 % өкмөт бюжеттик акчаны үнөмдөй алат. Натыйжада 20 млрд. сомдун 8 млрд. сомун үнөмдөп калса болот. Андан кийин бул система өз алдынча иштей баштайт. Жылдан жылга өнүгөт жана чеберчилиги ашат. Натыйжада мамлекеттин каражаты Кытайга, Россияга жана башка чет мамлекеттереге кетпей өлкөдө калат. Чоң суммадагы акча өлкөдө калса Кыргызстандын өнүгүшү тездейт.

Албетте, эмеректерге материалдарды каяктан алуу керек деген суроо туулат. Алардын керектүүлөрүн сатып алыш керек. Ал эми шаарлардагы санитардык кыюулар аркылуу далай жыгачтар ит бекер болуп, отунга айландырылууда. Германияда, Японияда, Кытайда бир чырпык да иштетилбей калбайт. Бизде деле ошол кыркылган жыгачтарды ГУИНге берип, иштетиш керек. Ал жыгачтар 30 % керектөөнү чечет.

Мындан сырткары бюжеттик мекемелереге атайын адистик (спец) формалар керек. Алар - медиктердин халаты, милициянын кийими, аскерлердин кийими, окуучулардын мектептик формасы. Биз булардын баарын чет өлкөдөн сатып алабыз. Мисалы, Парламент менен өкмөт мектеп окуучуларына бирдиктүү мектеп формасын мыйзам катары киргизсе, Кыргызстандагы окуучулар орточо эсепте ар бир окуучу 3 - 6 миң сомго чейин кийим алган болсо, жалпысынан 2, 4 млрд. – 4,8 млрд сомдук кийим алышат. Ал формаларды аялдардын түрмөсүндө тиктирсек болот. Анда да жарым каражат үнөмдөлөт. Ал эми 1-сентябрга карата ата-энелер кийим алуу үчүн 2,4-4,8 млрд. сом каражатты өкмөттүн бюжетине төгөт. Ал каражатка өкмөт жүндөн , пахтадан кездеме токуучу алдыңкы технологиядагы фабрикаларды курса болот. Жаңы фабрикалар курулса өзүбүздүн пахталарды, жүндү ийрип, токуп иштеткенге мүмкүнчүлүк ачылат.Жаңы жумуш орундары пайда болот да өзүнчө системага айлана баштайт. Натыйжада бул тармактан да өкмөт чыгымды үнөмдөп, пайда ала баштайт.

Мисалы, Кыргызстан боюнча канча чака керектелет. Ошол чакаларды бир эле станок менен үч-төрт киши бир нече күндө эле 100 миңди жасап коёт. Азыр ал чака Кытайда жасалат. Жол киреси кошулат. Базарга келет. Ортомчу баасын кошот. Бюджеттик мекемелер тендер өтөрөт. Алар да үлүшкө “отурушат”. Ошентип өздүк наркынан бир нече эсе кымбат баада өкмөт чака сатып берип жатат. Алгандагы баасы менен өздүк наркынын ортосундагы айырма 100 пайызга жакын болот. Эгер түрмөдө жасалса уурдалбайт, ортомчу кошо албайт. Түз эле мектепке барат.

Дагы бир орчундуу маселе. Бюджеттин эң көп акчасы бензинге, күйүүчү майга кетет. Ооруканалардын, тез жардам кызматтарынын бензини, аскерлердин бензини, милициянын бензини, айыл өкмөттөн баштап Жогорку Кеңеш, Президентке чейинки мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин бензини өкмөттөн кетет. Ал эми бензин сырттан алып келинет. Бензиндин баасын биз көзөмөлдөй албайбыз. Анткени күйүүчү майдан баасын чыгагандар коет. Ошондуктан биз бензинди өзүбүздөн – көмүрдөн чыгарсак болот.

Көмүрдөн бензин чыгаруучу технология 1932-жылы чыккан. Согушта Германия 20 млн. аскеринин күйүүчү майын көмүрдөн чыккан бензин менен камсыз кылган. Анткени Германияда нефт болгон эмес. Кийин Россияда арзан нефть чыккандыгына байланыштуу бул технология колдонулбай калып кеткен. Азыр нефть кымбаттап жатат. Ал эми көмүрдөн бензин чыгаруучу заманбап технологиялар бар. Германия жана башка өлкөлөрдөн буюртма менен жабдууларды алса болот. Мисалы, ошол жабдууну сатып алып Кызыл-Кыядагы түрмөгө койсо, көмүрдү түрмөдөгүлөрдүн бир бөлүгү казса, бир бөлүгү иштетсе түштүк региондогу бардык бюджеттик мекемелер бензин менен камсыз болмок. Мыйзамга бир аз өзгөртүүлөр кирсе, ошол түрмөдө отурган адамдарга жакшы иштешине да түрткү болот.Мисалы, камактагы адам иштеп өкмөткө 300-400 миң сомдук пайда келтирсе, мөөнөтү кыскарып 5 жылдын ордуна 3 жылда чыгып кете бериш керек. Аларды 5 жылга чейин багып отуруштун кереги жок. Анткени алар да биздин жарандар. Мамлекетке пайда келтирип жатабы чыгарыш керек. Эң негизгиси түрмөдө уурдалбайт, тонолбойт. Катуу көзөмөлдө болот. Андан сырткары көмүрдү бензинге айлантып жатканда өтө көп жылуулук чыгат. Ошол жылуулукту шаардын жылуулук түйүнүнө кошуп пайдаланса болот. Мектеп, ооруканаларын жылытса болот. Ушундай эле агрегатты түндүккө да орнотсо ушундай эле натыйда берет. Ошондо менин эсептөөлөрүм боюнча бери болгондо эле Кыргызстандын акчасы 30 млрд. сомдон ашык үнөмдөлө баштайт. Система түзүлүп калса, жылдан жылга өнүгөт, чеберчилик ашат. Бюджеттик мекемелерди мектеп формалары, эмерек, бензин менен камсыз кылгандан кийин токтоп калбай кийинки жылга чейин рынокко да иштеп, түрмө өзүнүн чарбасын, базасын өнүктүрсө болот. Акыры толук кандуу системага айланат. Бул долбоор боюнча толук эсептелген анализим,эсептөөлөрүм бар. Ал эми бул ишти толук ишке ашыруу Президенттин, Парламенттин жана премьер-министрдин гана колунан келет. Мыйзам жана чечим кабыл алынса эки, үч министрлик биргелешип эле ишке ашырса болот.

Мамлекет менен түрмөнүн ортосундагы система практикада болгон. Европанын өлкөлөрүндө жана СССРде бул ыкманы колдонушкан. Мисалы, Жалал-Абаддын түрмөсүндө танканын кошумча бөлүктөрүн чыгарат эле. Калдыктарынан кашыктар чыкчу. И.В. Сталин СССРдин экономикасын өнүктүрүү үчүн ушул ыкманы колдонгон. Натыйжада СССРдин экономикасы жылына 149 эсе өсүп турган. Ал эми азыр бизде болгону 4,5% гана өсүш берди.

Экинчи долбоор

Кыргызстандын бюджетин талкуулодо Парламент 22 млрд. сомду өнүгүүгө коюп жатат. Бул каражатты чоң долбоорлорго ( ГЭС ж.б) жумшашат. Бирок ошол эле убакта ири обьекттер элдин баарын жумуш менен камсыз кыла албайт. өлкөнүн эмгекке жарамдуу адамдарынын көпчүлүгүн иш менен камсыз кылуу үчүн айылдарга, шаарларга көптөгөн кичи ишканаларды ачыш керек. Азыркы күндө жарандар өнүктүрүү фондуна долбоор жазып, кредитке каражат алып четтен техника алып келип ишке киргизгенче жарым жыл, бир жыл өтүп кетет. Антип мынтип иштеткиче кредиттин мөөнөтү келип, анан банротко учурайт. Ошондуктан мамлекет акча бербей даяр кичи завод бериш керек. Мисалы, 1 млн. сомго 5-10-15 адамды жумуш менен камсыз кылган чакан ишкана курса болот. Ал ишкана үйлөргө деле батат. Электр энергияны деле аз талап кылат. өнүгүүгө бөлүнгөн 22млрд. сомдун 10 пайызына б.а. 2.2 млрд сомго 2200 чакан даяр ишкана( микро завод) чет өлөдөн сатып алып ишкер жарандарга ипотеканын негизинде берүү керек. 2200 чакан ишкана 22 - 35 миң адамды жумуш менен камсыз кылат. Оточо эсеп менен 2200 чакан ишкана жылына 26, 4 млрд сомдук товар чыгыра алат. Мындан чыккан салык 3,2 млрд сом, соцтөлөм 336 млн сомду түзөт. Азыр биз ширенкеден баштап самолетко чейин баардыгын сырттан сатып алып жатабыз. Сатып алып жаткан товарлардын түрү 20 миңден ашат,ошондо 2200 чакан ишканабыз биздин керектөө муктаждыгыбыздын 11 пайызга канаатандырат. Башкача айтканда товар өндүрүүнүн мүмкүнчүлүгү кенен.

Кытай ушундай система менен катуу өнүгүп жатпайбы. Көпчүлүгү Кытайдыкы арзан деп ойлошот. Алар менен биз тең баада же бир аз арзан кылып койсок болот. Контрабанданы токтотсо Кытайдын баасы деле кымбаттайт. Анткени биз жол кире ж.б чыгымдарды үнөмдөп калабыз.

Биздин элдин ресурсу абдан жогору. Мыкты билимдүү жарандарыбыз көп. Биздин чыгарган продукцияга Россия ж.б өлкөлөр кардар болоруна толук ишенем.

Ушул долбоорлоду ишке ашыруу жана өнүктүрүүгө Президентибиз маани берип,өзүнүн өнүгүү долбооруна пайдаланса болот. Долбоордун толук анализи, эсептөөсү бар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×