Добавить статью
10:16, 19 декабря 2012 17037

Тарых илиминдеги трайбализм

Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан кийин, элибиздин улуттук аң - сезими ойгонуп, өз тарыхына болгон кызыгуусу жогорулап, тарыхыбызды терең изилдөө, анын ак тактарын толтуруу, адилетсиз унуткарылган тарыхый инсандардын ишмердүүлүгүн ар тараптуу изилдеп, алардын эмгегине обьективдүү баа берүү багытында бир топ алгылыктуу иштер жасалды, илимий китептер чыкты. Бул, албетте кубанычтуу көрүнүш.

Бирок, ошол эле учурда, бул жооптуу иште бир жагынан миф жаратуучулукка жол берилсе, экинчи жагынан уруулук - патриархалдык аң - сезим туткунунан дале болсо чыга албай , тарыхыбызды изилдөөдө, айрыкча тарыхый инсандардын ишмердүүлүгүнө улуттук деңгээлде адилет баа берүүдө аксап тургандыгыбыз, трайбализм деген оору көк желкебизден ныгыра басып тургандыгы оркоюп байкалып калды. Бул абдан өкүнүчтүү.

Мына профессионал тарыхчылар да, профессионал эмес “тарыхчылар” да жамыраган “баатырларды”, “хандарды”, “улуу инсандарды” таап чыктык. А бирок, алардын тарых – таржымалын тереңирээк изилдеп, жасаган иштерин калыс талдай келсең, көпчүлүгү кокту - колоттун чегинен чыга албаган, тактап айтканда өз уруусунун гана “ханы” же кыргыздын дагы бир уруусун чаап, талап – тоногон бир өрөөндүн “баатыры” болуп чыга келет.

Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, белгилүү журналист А. Мониев белгилегендей, “кой болсо да, өз короомдон кочкор салам” принцибин туу туткан ар бир уруу, урук өздөрүнөн “улуу инсан” таап чыгып, аны жалпы улуттук масштабга зордоп чыгарып, мамлекеттик деңгээлде даңазалап, тарых китептерине күчтөп киргизүү аракеттери жасалып жаткандыгы. Ошол эле учурда кайсы бир тарыхый инсан тарыхыбызда эл үчүн, мамлекет үчүн опол тоодой эмгек жасаса да, артында колдоп - сүрөөр уругу болбосо, же чоң мамлекеттик кызматта иштеген тууганы, уруулашы болбосо жогорудагы “улуу инсандардын” фонунда белгисиз бойдон калып келүүдө. Бул көрүнүш өкүнүчтүү эле эмес, коркунучтуу да. Бул көрүнүш, тенденция күн сайын күч алууда.

Аталган көрүнүш эмнени каңкуулайт, бул биринчиден, элибизде, улуттук интеллигенциябызда, анын ичинде өзгөчө тарыхчыларыбызда, саясий элитабызда тарыхый инсандардын эмгегин, ишмердигин ар тараптан таразалаган акыйкат, калыс тарыхый аң - сезимдин, эс - тутумдун жок экендигинен кабар берет!!! Мындан кыргызда, айрыкча улуттук интеллигенцияда, тарыхчыларда, саясий элитабызда азыркы күнгө чейин улуу тарыхый инсандарга улуттун сыймыгы катары мамлекеттик деңгээлде кам көрүү салты, маданияты калыптана элек деген тыянак чыгарууга болот. Экинчиден, бул көрүнүштү али да болсо кыргыздын трайбалисттик, күнкарама, кулчулук психологиядан чыга албай жаткандыгы менен түшүндүрүүгө болот.

Эми жогоруда айтылгандардын куру сөз эмес экендигин тастыктоочу фактылардын айрымдарына токтололу.

2002 - ж. Кыргыз Республикасынын ошол кездеги президенти А. Акаевдин Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата “Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана “Манас” элдик эпосу” аттуу абдан кооз жасалгаланган китеби басмадан жарык көрдү. (Албетте, бул китепти республикабыздын белгилүү бир тарыхчылары жазып бергендиги жөнүндө ой туулбай койбойт.) Китептин Совет дооруна арналган бөлүмүндө, Кыргыз улуттук советтик мамлекетинин башатында турган, элибиздин белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин тарых - таржымалы сүрөттөрү менен берилген. Бирок, ушул бөлүмдө аталган доордо кыргыз мамлекетинин эң жогорку мамлекеттик кызматында иштеген А. Орозбеков жок. Ал, 1925 - 1927жж. Кыргыз автономиялык облусунун эң жогорку мамлекеттик бийлик жана башкаруу органы болгон аткаруу комитетинин (облисполком) жана анын Президиумунун төрагасы, 1927 – 1937жж. Кыргыз АССРынын БАКынын жана анын Президиумунун төрагасы кызматында иштеп, кыргыз улуттук мамлекетинин калыптанышына жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон инсан. Замандаштары “аксакал” деп урматташкан, белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер А. Орозбековдун китеп барактарынан орун таппай калышын “белгисиз автордун (балким авторлордун – С. С.), ошондой эле китептин “автору” президент А. Акаевдин кандай позициясы менен түшүндүрүүгө болот. Албетте, А. Орозбеков түштүктүк болгону үчүн китепке адилетсиз кирбей калган го деген ой туулбай койбойт.

Ошол эле учурда азыркы күндө жогорку окуу жайларында колдонулуп жүргөн Кыргызстан тарыхы боюнча окуу китебинде, элине эч кандай эмгек жасабаган, тескерисинче элди кордоп, эзген зөөкүр Үмөтаалынын (Ормон хандын уулу), кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн тарыхый инсан катары сүрөтү менен киргизилиши жогоруда айтылгандарды даана тастыктап турат.

Кечээ эле (2011 - ж.) өткөн Уркуя Салиеванын 100 жылдык мааракеси ошол аймактын кулуну, ЖКнын депутаты А. Сулаймановдун демилгеси менен өткөрүлгөндүгү, нарындыктар тарабынан Соң – Көлдө Куйручуктун 145 жылдыгынын белгилениши, баргы уруусунун башчысы Тилеке бийдин ашынын берилиши д. у. с. толуп жаткан аш – аракеттер, тарыхый инсандарды изилдөө иши саясатташып, андан да коркунучтуусу трайбалисттик мүнөзгө өтүп бараткандыгын айгинелейт.

Мындай абалдан чыгуу үчүн төмөнкүлөрдү ишке ашыруу архимаанилүү:

1. Тарых илимин саясатчылардын кол баласына айландырбоо.

2. Тарыхты изилдеген жана жазган илимпоздун жогорку профессионалдык даярдыкка, илимпоздук жогорку этикага, жогорку ички маданиятка ээ болуусу .

3. Далилдүү тарыхый булактарга негизделген, күчтүү илимпоз тарыхчылардын тобу тарабынан Кыргызстан тарыхынын академиялык басылмасын даярдоо жана басмадан чыгаруу. (Кыргызстан тарыхынын академиялык басылмасы мындан 28 жыл илгери 1984 -86жж. чыккан. Андан бери чыга элек).

Мына ушул шарттар аткарылганда гана учурдун оорусу болгон тарыхты бурмалоо, мифтештирүү, саясатчылар тарабынан аны өзүнүн тар трайбалисттик кызыкчылыгына пайдалануу көрүнүштөрүнө бөгөт коюлат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×