Добавить статью
9:14, 18 декабря 2012 29782

Өкмөттү эле күнөөлөй бербей, өзүбүздү да теске салбайлыбы?

Жыл сайын кылычын сунуп кыш келгенде электр энергиясына байланыштуу көйгөйлөр жаралат. Жаз чыгаары менен унутуп калабыз. Эшикте 20 градустун тегерегинде суук жалаңдап турганда дагы ошол көйгөй башталды.

Борбор шаарыбыздын айрым аймактарында электр жарыгы маал маалы менен өчүрүлүп, көгүлтүр отун убактылуу берилбей, карапайым эл карайлап турат. Кантип ысык чай кайнатып ичерин билбеген шаар тургундары баягы эле көнгөн адаттарынча жол тосмойго өтүштү. Бирок, жол тосуу менен бардык маселе чечилип калбашын турмуш өзү далилдеп келатпайбы? Ага болбой эле «көнгөн адат калабы..» болуп жатат да. Электр жарыгы өчсө да, кандайдыр бир кылмышкерди камакка алса да өкмөттү жамандап жатып алганга үйрөнүп алгандайбыз. Андан көрө турмуштун ачуу чындыгына тилибизди тийгизип, даамын татып көрбөйлүбү деген эч ким жок. «Биз эмне себептен электр жарыгысыз калуудабыз?» деген суроону өзүбүзгө-өзүбүз коюп көрбөйлүбү? Мындай суроого айрымдар дароо эле: «Өкмөт начар иштеп жатат» деп жооп узатышы мүмкүн.

Бирок, ансыз да ат тезеги кургай электе эле алмашып жаткан өкмөт кантип эле өзүн жаман көргөзүп, элди электр энергиясы жок отургузуп койгусу келсин? Кептин бардыгы башка жакта болуп жатпайбы! Маселен, электр энергиясына болгон бааны бир аз көтөрүп жиберсе эле, чуру-чуу түшүп, бийликти кетсин деп кыйкырып чыгабыз. Ал эми аны өндүрүү үчүн канча мээнет, канча каражат керек экендиги менен башыбыз оорубайт. Ошол эле учурда көгүлтүр оттун баасы акыркы 10 жылда 900 пайызка, көмүрдүн баасы 600 пайызка, мазуттун баасы 400 пайызка кымбаттаганы менен ишибиз жок. Булардын баасы биздин эле мамлекетте эмес, бардык эле мамлекетте кымбаттап отурат. Электр энергиясына болгон баа да көтөрүлгөн. Ал эми биз болсо бийликти дал ушул талуу жеринен кармап алгандайбыз. Анткени, электр энергиясы биздин өзүбүздөн өндүрүлөт деген түшүнүктү бетибизге бекем кармап алганбыз. Ал аз келгенсип, ошол арзан баадагы электрдин баасын дагы төлөгөндөн качабыз.

Электр энергиясын уурдай коюу өнөкөтү бизде дагы деле бар экендигин кантип жашырабыз? Кыш келгенде электр энергиясын кадимки эшекке жүк жүктөгөндөй токубай туруп эле «минип» алабыз. Маселен, тамакты дагы электр энергиясы менен жасап, жылуулукту дагы электр энергиясынан алабыз. Башка телевизор, муздаткыч, үтүк өңдүү муктаждыктарыбызды айтпай ак коелу. Анан ансыз да эскилиги жеткен аба линиялары, трансформаторлор, кабелдер, генераторлорго күч келбегенде эмне болот? Арзан деп эле бардыгыбыз электр энергиясын «минип» алгандын натыйжасы бүгүнкүдөй суукта ашыкча көйгөй жаратып жатат да. Адистердин тили менен айтканда, өндүрүлгөн электр энергиясына караганда пайдаланылган энергия көптүк кылып кетүүдө. Экөөнүн ортосундагы баланс жоголгон. Анан дагы Бишкектин четтеринде жаңы конуштарга байыдык. Алар дагы электр энергиясын колдонот. Ошондо электр энергиясына күч келип, кыштын кыраан суугунда электр жарыгысыз калып жатабыз. Аны өкмөт атайын өчүрүп жаткан жок. Электр энергиясына бардык муктаждыктарыбыз менен минип алган өзүбүздүн катачылыгыбыздан улам авариялык өчүрүүлөр болуп жатат. Ал эми алардын баарын жаңылап турууга олчойгон каражат кетет. Айрым шаар тургундары кыштын ызгаарында жарыксыз калып: «Эмдиги жылы кандай болгон күндө да сөзсүз көмүр албасам» дегендери бар. Мындай сөздү жыл сайын эле суукта тоңгондо айтып калышат.

Бирок, тээ илгери эле Тоголок Молдо атабыз «иттин доолдай чепкен тиктирем» дегенин таамай жазып койгон экен. Жаз келгенде эле эсибизден чыгып кетип жатпайбы. Ошон үчүн күнөөнү өкмөттөн эмес, өзүбүздөн издеп, «ильич шамын» үнөмдүү пайдаланганды үйрөнсөк кантет, ыя?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×