Добавить статью
5:54, 12 февраля 2013 26863

Тарыхтын бурулушу 7-апрелде болгон

“Тарыхты кайра башкача багыттоого болбойт” дешет. Бул, демек, мурда болбогон нерсени кайра талдоонун кажети жок, себеби, болбогон нерсени болтура албайбыз дегенди билдирет. Бирок, Кыргызстанда азыр болуп жаткан тагдыр чечкен тарыхый окуялар бир башкача көп кырдуулугунан, дагы купуя сырлары эмдигиче так ачыла электигинен улам мындай сенек аныктамага дал келбейт. Ал тургай биздин окуяларды өзүнө ылайыктап, тескери жоругусу келгендер четинен эле чыгууда.

Мунун айкын далили катары 2010-жылдан 7-апрелиндеги окуяны бийликти күч менен алмашкан катары көрсөткөнгө жан далбастагандардын аракетин атасак болот. Ооба, мурдагы оппозициянын айрым жетекчилеринин 7-апрелден кийинки жүрүм-туруму, кылгандары Бакиевдердин кылмыштуу тобуна каршы туруп, канын төккөн мекендештердин ак ниетин каралап, адал максаттарына көө сүртүп койгонун тана албайбыз. Аларга ар кайсы коңулдардан чыга калган талап-тоногучтар шыкак болуп улутту уят кылып, революциянын асыл ой-тилегин булгаганы да бар. Ошентсе да, 7-апрелди өлкө тарыхын аласалдырган көөнө окуя, сейрек учур катары карап көрөлүчү

Революциялык кырдаал кандайча келип чыкты?

Советтик мектептерден эле окуткандай, апрель ыңкылабынын алдында өлкөдө жогоркулар жаңыча башкара албаган, ал эми төмөнкүлөр эскиче жашагысы келбеген классикалык абал түзүлүп калганы анык. Себеби бийликтегилер карапайым элди жетээр чегине жеткире эзип салган болчу.

Бул тууралу тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин мындай деп тактайт: «Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлигин кулатуу – 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптын эң маанилүү майнаптарынан болуп калды. Бул аркылуу келечекте башкаруунун ар кандай кеп кийип алып, үй-бүлө болуп топтошкон түзүмүнө жол бербөөгө жол ачылды». Чоротегиндин пикиринде Жаныш жана Максим Бакиевдер башында турган “үй-бүлөнүн” чектен чыкан жоруктары Кыргызстандагы ыңкылап кырдаалынын башкы себептеринен болгон. “Булардын биринчиси жарым-паша катары саналып, ага караштуу банда бир катара саясатчыларды, депутаттарды жаан журналисттерди өлтүргөн болсо (Медет Садырккулов, Геннадий Павлюк жана башка көптөгөндөр) же дагы көптөгөн башкаларын өлкөнү таштап кеткенге мажбурласа (Сыргак Абдылдаев, Чолпон Орозобекова, Бермет БУкашева, Кайрат Биримкулов, Асыран Айдаралиев, Турат Бектенов ж.б., алардын ичинен Сыргак Абдылдаев көптөгөн бычак саюулардан кийин эптеп жаны калган), ал эми Максим Бакиев экономикалык башкарууда жаралып келаткан либералдык түзүмдү басып алуу жагынан жарып-пашага айланган (ЦАРИИ деп аталган мыйзамсыз түзүм Максим Курманбекович Бакиевдин баскынчылык кыялдарынын жеткен чеги болчу )”. К.Бакиевдин үй-бөлүснүн кылыктарын карап туруп, ал тургай жартылай өкүмдардык Орусиянын жетекчилери да башын чайкаганы бар.

Аналитик Эльмира Ногойбаева да «ынанымында эл - бир макулук, мамлекет - алардын менчиги деп эсептеген бир үй-бүлөнүн жана анын мүчөлөрүнүн жин оорусу мамлекетке карата укукту басып алганга, тышкы оюнчуларды да, элдин өзүн да киши катарына кошпогону, сөз эркиндигин басып салганга жеткирген себептер” элдик ыңкылапка алып келди деп эсептейт.

Ногойбаеванын пикиринде ушундай кырдаалда өлкөнү “үй-бүлө-бийлик-кылмыштуулук” ашташмасы күтүп турган. Ресурстардын баары бир топтун ичинде өз ара бүлүшүлмөк да, алар өз ара ыркырашып, чагышып, бирин бири жеп, урушуп-согушуп, айтор өзүлөрү билген “тамашасын” көрсөтүп коюп жүрө беришмек. Буга жападан-жалгыз бийлик партиясы, бирдиктүү коомдук пикир, бирден-бир жеке менчик-мамлекеттик болуп ашташкан бизнес өкүм сүрүп калмак”, дей талдоочу.

Чоротегин 7-апрелдеги элдик ыңкылаптын кайткыс зарылдыгын тарыхый жагдайдан мындайча ырастайт: “ Балким бир аз кечирээкпи, же башкача түрдөбү, баары бир, бул окуя болмок деп ойлоймун. 2010-жылдын 6-апрелинде Таласта болгон окуялар Курманбек Бакиевдин саясатына карата жалпы элдин нааразылыгынын бир жарылышы болчу. Андан мурда Ош, Нарын облустарынынын тоолуу аймактарындагы окуялар башат болуп берген. Ал тургай 7-апрелге караган түнү оппозицядагы патиялардын көптөгөн жетекчилери шашылыш камакка алынса да, карапайым адамдар Бишкектин көчөлөрүнө чыгышкан. Ал гана эмес, жөн эле кызыгып “Ала-Тоо” аянтына чыккандар да нааразы болгондорду кыйыр колдошуп, ыңкылапчыларга дем берип турушпадыбы”.

«Эгерде элдик ыңкылап созулуп кеткен болсо, анда Мсоква менен Астана Бакиевдин бийлигине карата обочолонуу саясатын киргизмек, - деп улайт Чоротегин. – Анткени, Жаныштын “чоң муштум” желдеттеринин колдоосу астында кылмыш дүйнөсү гүлдөп кетмек. АКШ ансыз да К.Бакиев менен ымалашып кеткен (АКШнын ошол кездеги элчиси ал учурда бийликтеги топтун үгүт ишин жолдошу Медет Садыркулов өлтүрүлгөндөн кийин да башкара берген Оксана Малеваная менен ынак болчу дешет)». Ал эми экономикалык жактан болсо, италиялык мафия менен байланышкан кызыл кулактар менен шойкомдуу кишилерди кыргыз экономикасына аралаштыруу аркылуу от менен ойногон Максим Бакиевдин кылыктары өлкө ичинде гана эмес, тышкы экономикалык карым-катыштарга да өтө жоболоңдуу, ал тургай кыйраткыч кесепеттерга алып келээри анык эле. Бул Кумтор кенинен алынган алтынга карата акаевдик саясаттан да ашып түшкөн жоболоңго алып келмек (аталган “алтын икаясы” А.Акаевдин кайтып келээр-келбесине, аны жергиликтүү кийинки саясий элита кечирээр-кечирбесине карабастан, кыргыз коррупциясынын тарыхына жазылып кала берет ).

Саясат иликтөөчү Марс Сариевдин пикиринде мындай саясаттын арты Кыргызстан үчүн мамлекет катары бардык жагынан кудуретинен толук ажырап калуу менен аяктамак экен. “Кыргызстан эл аралык мамилелерде обочолонуп калышы ыктымал эле. Эсиңердеби, бийлиги Конституцияга каршы деп эсептеп, Бакиевди бир дагы өлкө расмий сапарга чакырбай келген. Экономикалык жактан алганда уламдан-улам машташкан мафиялык мамлекетке айланган Кыргызстан арам акчалар “адалданган” баңги зат алынып өткөн жана Кытай товарлары тынымсыз контрабандаланган капсалаңдуу аймактын кейпин кийип калган. Өлкө кылмыштуулар өкүмдүк кылган ээнбаштардын талаасына айланган”.

Көптөгөн жылдар бою тартип сактоо органдарында кызмат кылган саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев да Бакиевдин бийлиги улана берсе, анда Кыргызстан эл аралык мейкиндикте БУУнун бир дагы уставына ылайык келбеген кайыптай болгон өлкө болуп кетээрине ишенет. “Бакиевдин жетегиндеги Кыргызстан аймактарын улам бир кертип сата берген, табигый жана минералдык байлыктарын жарыбаган пайдага тартуулаганга маш өлкөгө айланган. Өлкөбүз Максим жана анын табакташтары тарабынан сатылып койгон, ал эми калган жерлерибиз Кокон хандыгына окшогон бир жүдөгөн кейипке келмек. Өлкө бытырап, феодалдык түзүлүш орномок”.

Кесепеттери

Кыргыз жигиттери канын төгүп Бакиевдердин кылмыштуу тобун алып түшкөн тарыхый учурдан бери үч жыл өттү. Ошондон баштап, өлкө саясий туруксуздуктан арылбай келет. Андан бери түштүктө болуп өткөн кайгылуу окуялардын тагы жүрөктөн кете элек. Өлкөдө референдум, парламентти, президентти шайлоо болду. Коррупция менн күрөш катуу башталып, бийлик ашынган улутчулдуктун тамырын кыркуу тууралуу дайыма айтылууда. Сөз эркиндигинин нугунда бардык маалымат каражаттарынан сын агылып турат. Бирок, ошентсе да, Кыргызстандагы тынчсыздануу кетпей, коомчулук өзүн коомай сезгендей. Эмне себептен?

Токтогул Какчекеев бул боюнча мындай дейт: «Мындай туруксуздук өз бийлигин курал менен болсо да коргоймун деген Бакиев тарабынан башталган. Мунун өзү Бакиевдердин баарынын, алардын айланасында үйүгүшкөн урук-тууганлдарын жана жан-жөкөрлөрүнүн ынанымы болуп калган. Алар жашоону башкача элестете алышкан эмес. Убактылуу өкмөттүн бир кемтиги Бакиевдин бйилигин башынан эле кылмыштуу катары ачык жарыялабагандыгында. Эми болсо, алар мурдатан эле Бакиевдерге жан-дили менен кызмат кылган, алардын жоболоңдуу иштерине жана кылмыштарына тике жаан кыйыр катышкан соттордун илең-салаңдыгынан, атайын создуктурганынан пайдаланып, бүгүн да дал ошол өзүлөрүн актаган соттордун жардамы менен ар кандай кызматтарды ээлеп турушат. Демек, Бакиевдердин көптөгөн обьекттери өлкөдөн акчаны кожоюндарынын чөнтөгүнө кылмыштуу схемалар аркылуу чыгарып берүүдө.

Т.Какчекеевдин айтымында Бакиевдердин кишилери кайрадан бийликке келиш үчүн ар кандай кол топтоодон жана 7-апрелдеги окуялар боюнча сотторду кысымга алуудан баштап жапырт маалымат согушуна чейинки демилгелерди көрсөтүүдө. “Албетте, Бакиевдер мунун баарын шайкештеп, азыркы алсыз бийликти жаманатты кылуунун бардык мүмкүндүктөрүн пайдаланышууда. Алар ошондой эле бийликке, күч, тартипс актоо жаан сот түзүмдөрүнө өтүп кетишүүдө. Бул - өч алуунун камылгасы. Чындыгында эле көпчүлүгү акыйкаттыкты жана чындыкты каалаган кишилердин Коргоо кеңешине жазган ачык каты - бакиевчилердин белгиленген аракеттеринин бир гана көрүнүшү”, деп эскертет саясат иликтөөчү.

Элмира Ногойбаева болсо, эки ыңкылап окуясынан кийин коом эми адилетсиз бийликти жөн гана алып түшүү жетишсиз, бакшысы – бийлик алмашткандан кийин анык өзгөрүүлөр башталышы керектигине ишенет. “Дароо эле эбегейсиз чоң секирик болооун күтүү акылсыздыкка жатаар эле”. Паралменттик түзүм бийликке жулунган жа анда турган саясий топторго бирин-бири көзөмөлдөшүнө шарт түзөт, баары тең бир көлмөдө түрүшөт. Ошол аркылуу өз ара тазаланышат. Багыттанмалары да акырындык менен өзгөрөт. Мурда эмнеси болсо да иши кылып жеңип чыккандар ак деген аныктама бар эле. Эми болсо, таза жеңип чыккандар гана бийликке татыктуу деген жобо пайда болду. Кыймыл башталып, жылыштар акырындык менен болсо да туруктуу мүнөзгө ээ болду. Алсак, бизде кол тийгистер бүгүн жок. Өмүрбек Текебаев ыңкылаптын кыймылдаткычтарынын бири, ал эми Азимбек Бекназаров ыңкылаптын жүгүн артынгандардан болуп саналса да, алардын жосунсуз жоруктары тууралуу маалыматтар жана далилдер ачык билдирилүүдө. Ошентип отуруп, баары тең мыйзам алдында бирдей жооптуу болгудай кырдаал түзүлүүдө”, деп эсептейт саясат иликтөөчү Марс Сариев.

Тарыхчы Чоротегин азыркы бүдөмүк абалдан чыгуунун бир жолун жаңы парламенттик шайлоодон көрөт. “Өлкө жаңы парламентти шайлоосуз оңолбойт го. Бирок, азыркы парламент да бир жагынан учурдагы парламенттик-президенттик түзүмдү чыңдоо үчүн мыйзамдардын тутумун жана колдонуудагы мыйзамдарга алымча-кошумчаларды киргизүүгө, экинчиден, алдыдагы шайлоодо анын жыйынтыктарын бурмалоого болушунча жол бербеген механизмди түзүүнө көмөктөшүүгө тийиш. Ошондуктан, кийинки парламент шайлоо элге будамайланган эмес, айкын-ачык добуш берүү аркылуу азыркыдан сапаттуу жана жашыраак саясий элитаны алып келгенге көмөк болушу керек. Жаралып жаткан жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну жеткире түшүнбөй, заматта эле Швециядагыдай жашоо болбой калганы үчүн гана жаңыдан жаралып келаткан нерселерди буттан чалып муунтуп салгысы келгендердин чырагына май тамызууда”, деп жыйынтыктайт тарыхчы.

Ал ортодо жаз жакындап, демек, өлкөдө жарандык жигер артып, митингдер жана саясий тиреш көрүнүштөрү күтүлүүдө. Дагы эле мурдатан калыптанып кеткен көйгөйлөр, саясатчылардын өз ара таарынмайы, ыйкы-тыйкылары, ич күптүлөрү сыртка тээп чыгат. Буга көнүп деле бүттүк. Эң башкысы, ошол саясий талаптардын жана кыр көрсөтүүлөрдүн айынан өлкөнү дагы бир коогалаңдуу ыңкылапка алып келип такап албасак болду. Анда Кыргызстан көптөгөн жылдарга артка кетип, бүтпөс чакчелекей, будуң-чаң болобуз да калабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×