Добавить статью
7:57, 13 февраля 2013 4931

Бузукулуктун да чеги болуш керек

Жакында, оппозициялык деп эсептелген гезиттердин биринде учкай бир кабар окуп калдым. Андагы жазылгандарга ишенсек, ыңкылап-мыңкылапка, аңтарыш-төңкөрүшкө тойбогон, бийликке жетсем дегенде ичкен ашын жерге койгон бузуку бирөөнүн оюнда, эмдиги төңкөрүштө кайсы бир жаштар кыймылы адатынча “Ак үйдү” талап-тонобостон, дал ошол жерде иштегендердин, дегеле мамлекетти сактап, аны өнүктүрүш үчүн аракеттенген кызматкерлердин үй-жайын аңдып билип алып, ошолорду талап-тоношот имиш. Буга чейин мындай бузукулукту көрбөгөн жаным, муну окуп алып, түтөдүм. Кыргыз эли, анын ичинде жаштарыбыз мындайга эч качан барчу эмес эле, бул кимдин “табылгасы” болду экен деп ой толгодум. Анан маалымат айдыңында жүрүп жаткан жаңылыктарды казып кирдим. Көрсө, баягы эле бийликке жетпей калгандырды көкүткөн, ар кандай оппозиция болумуш эткен ичитарлар менен көрө албастарды кийинтип-тоюнтуп, колуна акча берип туруп, ит тукургансып “Ал, Балтегим!” деп мыйзамдуу бийликке агытып тургандар турбайбы.

“Тү-үү, атаңгөрү”, деп калдым. Ошол бузукулар өзүнө жакпаган улам бир президентти карапайым эле мокочо кылып көрсөтүп атып, аларды кубалачусун кулабап, түшүрчүсүн түшүрүп, айтор, мамлекетти тактеке кылып эле келатышат. Каалагандай оромпой тээп, ичи өтүп, даараты сынып калса деле ага “Ак үйдөгүлөрдү” күнөөлөп, урук-тууганын, дос-курбуларын, куда-сөөгүн, дагы бир тобун алдап, башын айлантып, колуна бирдеме карматып, митинг-пикеттерге алып чыгышат. Өзүлөрү четте маашырланып карап турушат. Ушунун баарын саясатка айлантып өнөр да, бизнес да кылып алышканы курусун. Деги мамлекет болобузбу же ыркырашып-чыркырашып, жек-жаатташып, улам бир бузукунун колунда калтек боло беребизби?

Президент, өкмөт деле жалаң уурулардан, куу кекиртектерден турбаса керек. Билишимче ал жерде да илим-билимдүү, эл, мамлекет үчүн ак ниети менен эмгектенгендер көп, Ырас, “бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, арасында мажирөөлөр, чала сабаттар, жөлөп-таяп келгендердин аркасы менен иштемиш эткендер да бар. Эми мындайлар акыры өзүнөн-өзү жоголуп, иш билген эр-азаматтар ишти колго ала башташты. Коом, мамлекеттик кызмат деле деле адамдын пейили сыяктуу нерсе, дароо тазара, агарып-көгөрө койбойт. Анда да ар кандайлар отурат, бирок мамлекеттки кызматчылардын баарын тең тиги мажирөө, блатнойлор аркылуу баа бергенге болбойт да. Болбосо, эбак Африкадагы ич ара уруш-согуштан арылбаган, же бийлиги, же эли жок эптеп эле өлкө сымактанган түзүмдөргө окшоп калбайт белек. Кудайга тобо, эгемен мамлекет катары өз туурубуз, туубуз бар. Акырындап, демократиялык укук өлкөсүнө айланып, бул жагынан кошуналарга караганда алда канча илгери турганыбызды эл аралык коомчулук, ошол эле Америка, Бириккен Улуттар уюму баса белгилеп келатышат. Биринен бири талашып, Орусиясы да, Батышы да, Чыгышы да Кыргызстан менен мамиле түзгөнгө ашыгышат.

Ушинтип, кыяматтын кыл көпүрөсүндөй кыйын өзгөрүш мезгилди баштан кечирип жатсак да мамлекет, эл катары сакталып, өнүгүп-өсүп келатабыз. Ал тургай көзү ачыктар деле көп жылдардан бери “кыргызга кут конду”, “эми өнүгө баштайбыз” деп сүйүнчүлөп келатышканы качан. Ошого каниет кылбай, жаштарыбызды, дили, пейили таза карапайым кыз-жигиттерибизди бузуп, жогорудагыдай бирин-бирине тукуруп, коркутуп-үркүткөндөрдүн жоругу жолдо эле калсын. Анын үстүнө, азыркы кыргыз жаштары, ар кимдин сөзүнө кире бергидей, айдактаган ит эмес. Билимдүүлөрү чет өлкөдө окуп, иштермандары Орусия баштаган дос өлкөлөрдө токоч таап, оокат кылып, урук-туугандарын, үй-бүлөсүн багып, калганы Мекенинде жапжакшынакай эле адал жүрүшөт. Оппозиция десе эле, таптакыр чээнден чыгып, элди элге, жаштарды жаштарга тукуруп, башын айлантканды кесип кылып алгандар да бар экен, тобо-о.

Урмамбет Каримжанов, Бишкектеги “Ош базарынын” дилери.

"Кереге" гезити, 13-февраль.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×