Добавить статью
4:18, 4 марта 2013 78702

Кандай жол менен болсо да бийликке келиш керек!

Макала Дело № гезитине жарыяланды.

Кандай жол менен болсо да бийликке келиш керек! Канчалык жаман болсо, … ошончолук жакшы.

Бийлик үчүн күрөшкөндөрдүн бул эски лозунгун азыркы айрым кыргыз саясатчылары курал кылып алгандай. Алар менен катар Кыргызстанда өзүнүн оюнун жүргүзүп келген сырткы оюнчулар да бар.

Кыргызстандын парламенти «Камбарата-1» ГЭСин жана Жогорку Нарын каскаддарына ГЭСтерди куруу жана пайдаланууга берүү тууралуу кыргыз-орус келишимин 21-февраль күнү кеч кирип калганда ратификациялап беришти.

Бул күндү тарыхый күн деп атасак эч качан аша чапкандык болбойт.

Көп жылдан бери туманда адашып аткан Кыргызстан үчүн бул нерсе чынында эле сезиле турган реалдуу өнүгүү жолу. Экономикалык жактан өнүгүү жана алдыга жылуу. Эң башкысы бул нерсе өлкөнү энергетикалык кризистен алып чыгып, Кыргызстан өзүнө бай, энергетикалык жактан көз карандысыз республика деген статусун кайтара алат.

Жогорку Кеңештин 77 депутаты келишимди ратификациялоо үчүн «макул» деп, 7 депутат «каршы» деп добуш беришти, калган 36 эл өкүлү жыйынга катышкан эмес. Алар болгондо кандай добуш беришмек белгисиз.

Бул эбегейсиз долбоорлордун тагдырлары бычактын мизинде турган деп айтууга болбойт. Бирок, бардык нерсени күтүүгө болот эле… Кыргыз-орус келишимдеринин айланасында көптөн бери түшүнүксүз ар кандай ызы-чуулар болуп аткан. Келишимдерге каршы турган кандайдыр бир күчтөр бар экени даана сезилип калган болчу. Бирок, алар көшөгөдөн бери чыккан эмес. Сахнага болгону үч чакты депутат алардын долбоорлорун ачыкка алып чыгып, торпедо болуп чыкты. Айрыкча, «Ата-Журттун» депутаты Жылдыз Жолдошева бул маселе боюнча «жылдыз» болуп атты.

Кыргыз-орус энергетикалык долбоорлоруна каршы чыккандар «бул келишимдер Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы түзүлдү» деп чыгышты. Ал эми салмактуу серепчилер «Кыргызстан мынчалык өзүнө ыңгайлуу эл аралык келишимди көптөн бери түзө элек болчу» деп белгилешти.

Бул долбоорлордун маңызы кандай?

Камбарата-1: ал Кыргызстанга эмне үчүн керек…

«Камбарата-1» ГЭСи кубаттуулугу боюнча Токтогул ГЭСинен кийинки орунду ээлейт. Аны куруу СССРдин убагында эле пландалган болчу, Токтогул ГЭСине кошумча күч болсун дешкен. Акылдуу совет энергетиктери кошумча күч болбосо болбой турганын алдын ала билишкен – алар алдыңкы 10 жылды көрө билген.

«Камбарата-1» эки чоң көйгөйдү чечет. Биринчи көйгөй – суу. Бул гидроэлектр станциянын алдында 5 млрд.куб суу бата турган суу сактагыч курушат. Эки чоң суу сактагыч – Токтогул менен Камбарата биригип, жайында 24 млрд. 500 млн. куб метр сууну чогултуп, кышкы дефицитти жаба алат. Эгер бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард кубду түзүп атса (өткөн жылдарда суунун көлөмү мындан да аз болуп, энергетикалык катастрофага жетейин деп калган эле), «Камбарата-1» ГЭСинин пайда болушу менен кыштын аяк жагына 15 млрд. куб метр сууну сактоого болот. Ошентип Кыргызстан суу аз калды деп коркпой калат.

Экинчи көйгөй – электр энергиясы. Кыргызстан кыйын кырдаалга келип такалды – электр станциялардын кыймылдаткычтары Кыргызстандын керектөөчүлөрү канча электр энергиясын керектесе, ошончолук эле көлөмдү өндүрүүгө жетишип жатат. «Камбарата-1» болжол менен кошумча бир жарым миң мегаватт энергия иштеп чыгууга шарт түзөт. Аларга Акбулуң, Нарын-1, Нарын-2, Нарын -3 ГЭСтеринен турган Жогорку Нарын каскаддары иштеп чыккан 190 мегаватт электр энергия да кошулат.

Буга «Датка-Кемин» электр линияларын кошсок (Бул линия Нарын электр станцияларынан республиканын түндүгүнө кошуна өлкөлөрдүн жардамысыз эле түз алып келүүгө шарт түзөт, учурда өзүбүздүн электр энергиябызды түндүккө кошуна өлкөлөр аркылуу алып келип, жолдо эле көп энергия жоготууга дуушар болот) – кыргызстандыктар электр дефицити дегенди унутат.

Дагы бир нюанс. Бакиевдин учурунда аябай мактанып куруп (бюджеттен миллиард сомдон ашык каражатты максатсыз коротуп), кийин Роза Отунбаеванын тушунда чоң помпа менен ачылышын жасаган «Камбарата-2» - такыр кереги жок объекти экен. «Камбарата-1» ГЭСин курбаса. Себеби, кичинекей суу сактагычы бар бул «Камбарата-2» ГЭСи жөн гана Токтогул менен «Камбарата-1» ГЭСтерин байланыштурчу нерсе экен.

Атамбаев эмнени макулдашты

Путин менен…

Гидроэлектр станцияларын куруу кыйын, өз алдынча курганга Кыргызстандын андай акчасы жок. Ыңгайлуу шартта кимдир бирөө акча берүүгө даяр болсо, бул Россия гана болот. Канча жылдан бери жылбай бир орунда туруп калган «Камбарата-1» жана Жогорку Нарын каскаддарындагы ГЭСтерди куруу ушул жылдын сентябрынан баштап алдыга жылып баштады. Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапары учурунда кол коюлган өкмөттөр аралык бир катар келишимдердин катарында ушул эки келишим да бар болчу. Алардын шарттары мындай.

«Камбарата-1» ГЭСинин курулушун «Камбарата-1» деп аталган Жабык акционердик коом жүргүзөт. Анын түзүүчүлөрү – Кыргызстандын атынан «Электр станциялары» ААКсы жана Орусиянын атынан «Интер РАО ЕЭС» ААКсы. Эки тарап тең 50%дан акцияга ээ.

ГЭСтин курулушу үчүн биздин өлкө болгону жер бөлүп берет. Келишимге ылайык, Кыргызстан өзү эки жылдын ичинде «Датка-Кемин» электр линияларын куруп башташы керек. Бул тапшырма ашыгы менен аткарылды десек болот, анткени, кытайлар куруп аткан бул линия 2015-жылы даяр болуп калат.

Каржылоону толугу менен орус тарап колуна алган. Алгач ТЭОсун – долбоордун техникалык экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу каржыланат, бул күзгө даяр болушу керек. Ошондо бул ГЭСти курууга канча акча кетери так билинет, алдын ала долбоор 4 млрд. долларга бааланууда. Бул чоң каражатты Россия «Камбарата-1» акционердик коомуна 2,5% жылдык үстөк менен карыз кылып берет. (Салыштыруу үчүн: 2009-жылы ушундай эле келишимге ал кездеги премьер-министр Игорь Чудинов 3% үстөк кошуп берүүгө макул болуп, кол койгон).

Кыргызстан курулушка бир тыйын акча коротпостон «Камбарата-1» ЖАКсын тең башкарууга ээ болуп отурат. Бул акционердик коомдун директорлор кеңешинин курамына 3 кыргыз тараптан өкүл, 2 орус тараптан өкүл кирет, ал эми башкаруу курамына, тескерисинче, 2 кыргыз өкүлү, 3 орус өкүлү кирет. Директорлор кеңешинин жана башкаруунун төрагасы орус тараптын көрсөтмөсү менен шайланат. Бирок негизги маселелерде директорлор кеңешинин беш мүчөсүнүн добуш берүүсү менен чечилет, өзүңүздөргө белгилүү болгондой директорлор кеңешинин курамында кыргыз тараптын өкүлдөрү көбүрөөк. Ал эми «Камбарата-1» ЖАКсы Орусияга ГЭСке кеткен каражатты төлөп бүткөндөн кийин кыргыз тарап өзүнүн өкүлдөрүн директорлор кеңеши менен башкарууга төрага кылып шайлай алат.

«Камбарата-1» ГЭСи курулуп бүтүп, иштеп баштаганда, электр энергиясын Кыргыз мамлекети койгон тарифтер менен гана сатат. Муну менен катар Кыргызстан жылына 2,3 миллиард киловатт-саат электр энергиясын чет өлкөгө экспорттой алат – бул көлөм жылуулук берүү сезону учурунда жылуулук станцияларына көмүр менен мазут сатып алуу үчүн керек.

Орус тарап өзүнүн акцияларын каалаган жагына сатып жибере албайт, «Камбарата-1» ЖАКсынын ар бир мүлкү Кыргыз өкмөтүнүн уруксаты менен гана сатылат. Тараптардын ар бири (эгер экинчи тарап өзүнүн милдеттерин так аткарбаса) келишимди жокко чыгара алат. Мындай учурда орусиянын акциялары Кыргызстанга гана калат. Ушундай болуп калса, анда Кыргызстан Россиянын фактылык чыгымдарын гана, мисалы, курулуш үчүн орус тараптын жиберген самосвалдарынын гана акчасын төлөп берет. Бул пункт болбогон эле майда-барат нерсе, демейде мындай инвестициялык долбоорлордо мүлктү рыноктук баада сатып алышы, олчойгон айыптарды төлөшү тууралуу жазылат.

Эксперттердин айтымында, Россиянын башка КМШ өлкөлөрү менен электр энергия жаатындагы келишимдерин Путин менен Атамбаевдин «Камбарата-1» боюнча түзгөн келишимдери менен салыштырып болбойт – бул келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы бекем сакталган. Мисалы, Арменияда курулуп аткан Армян АЭСинин акциялары 100% бойдон ошол эле "Интер РАО ЕЭС" ишканасына берилген. Ушул эле орус компаниясы Раздан ГЭСинин 90% акцияларына ээлик кылат – жана сатып жиберүүгө да укуктуу. Кала берсе, акыркы учурда Түркия эч нерседен коркпостон энергосекторлоруна инвестицияларды тартып, мамлекеттик активдерди чет өлкөлүк инвесторлорго, аны менен катар орус инвесторлоруна кармата салып атат. Мисалы, курулуп аткан газ электр станциясынын 90% акциясы «Газпромго» таандык. Бул электр станциясы өзүнө Стамбул менен Босфор булуңун камтыган эң ири Мрамордук районду электр жарыгы менен камсыз кылат.

Ошондуктан, Кыргызстан 50-50 кылып келишим түзүп, коопсузданып алды десек болот.

«Камбарата-1» ГЭСине таянып, орустар Кыргызстандын суу ресурстарына кол сала алабы? Жок, сала албайт. Кайсыл учурда, канча сууну Нарын гидроэлектр станцияларынын трубиналарына (анын катарында Камбаратага) жибериш керектигин мурункудай эле КРнын энергетикалык министрлиги жана «Кыргызстан электр тармактары» ААКсы чечет – Борбор Азиядагы энергетикалык шакекчеге ылайык суу колдонуунун режимин ушул мекемелер гана көзөмөлдөйт. Аларга кайсы бир үчүнчү тарап көрсөтмө бере албайт. өзбекстан менен Казакстандын «кыргыздар менен орустар биригип алып «кургак» диетага отургузуп коет» деген коркунучун жоюу үчүн келишимде «Камбарата-1» ГЭСин курууда үчүнчү тараптар дагы катыша алат деп кошулган.

Ушундай эле шарттар курулушуна Россия 480 млн.доллар каражат салып аткан Жогорку Нарын каскаддарындагы ГЭСтерди куруу жана иштетүү боюнча келишимде да каралган.

Кимдин пайдасы көбүрөөк?

Эгерде бул ГЭСтерди куруудан Россия пайда көрүп аткан болсо – бул саясый гана пайда. Москва Борбордук Азиядан кетүүнү каалабаганын ачык демонстрациялап, негизги түйүн катары Кыргызстанды тандап атат.

Ошондуктан, Россияга стабилдүү Кыргызстан керек.

Кремлдегилер бул тоолуу республиканын эң башкы кепилдиги энергетикалык коопсуздугу экенин түшүнүштү.

Экономикалык жактан алганда, Россияга бул долбоордун такыр кереги жок. Электр энергияга болгон азыркы тариф менен эсептегенде «Камбарата-1» ГЭСи өзүн 12 жылдан 20 жылга чейинки аралыкта гана актап бүтөт. Ошол эле 4 млрд. долларын Россия андан көрө башка жактагы, мисалы, Баренц деңизинин жээктериненби нефтегаз иштөтүүгө жумшаса пайдалуураак болмок – ал жактан сарптаган акчасын 5 жылдай убакыт аралыгында кайра чыгарып алмак. Жок, бизнес мындай жасалбайт…

Экономикалык пайданы бул жерден Кыргызстан көрөт. Даяр гидроэлектр станциялар – бир, экинчиден, аларды куруу үчүн канчалаган курулуш материалдарга, товарларга, кызматтарга муктаждык пайда болот! Канчалаган жумуш орундары түзүлөт! «Камбарата-1» ГЭСин курууда 10 миңге чейин, Жогорку Нарын каскаддарындагы ГЭСтерди куру үчүн 5 миңге чейинки жумуш орундары түзүлөт. Бекеринен Нарын облусунун эли бул кабарды сүйүнүү менен кабыл алган жок да, анткени, кедейчилик менен араң күрөшүп аткан аймакта өнүгүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп атпайбы.

Бирок, бүткүл Кыргызстанга (анын ичинде нарындыктарга) пайдалуу болуп аткан нерсе, айрым депутаттарга пайдасыз болуп аткан көрүнөт.

Торпеда максатка карай түз баратат…

2012-жылдын 22-ноябры. Санкт-Петербург шаарында ЖККУ өлкөлөрүнүн парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйыны өтүп аткан. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинен барган делегациянын спикер Асилбек Жээнбеков баштаган курамында депутат Жылдызкан Жолдошева да бар болчу. Бул эл аралык иш чаранын алкагында депутат айым кызыктай иштерди жасаганга жетишет…

Биринчи эле жыйындан кийин Жылдызкан Жолдошева Орусиянын парламенттик делегациясынын жетекчиси – Мамдуманын төрагасы Нарышкинге келип тет-а-тет жолугушуу керектигин айтат. Ал саат 17де кабинетинен кабыл алууга макул болот.

Эми Жолдошева өзүнүн сунуштарын айтып баштаганда Нарышкин аны парламенттик ассамблеянын жооптуу катчысы Петр Рябухинге жиберет.

17 саат 40 минутада: Жолдошева Рябухиндин кабинетинде. Кеп Кыргызстанда курула турган ГЭСтер тууралуу эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн келишим тууралуу жүрөт. Кызык сүйлөшүү… Кыргызстандын мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү ЖККУнун парламенттик ассамблеясынын жооптуу катчысынан Кыргызстан үчүн жардам сурабайт. Ал Россиянын жетекчилигине анын айткандарын жеткирүүсүн суранат: «Акчаңарды асманга эле сапырып калбагыла, азыр дүйнө жүзүндө климат ысып атканына байланыштуу Кыргызстанда жакында мөңгүлөр калбай калат» деп баштаганда кабинетке Мамдуманын депутаттары келип калып, сүйлөшүү үзгүлтүккө учурайт. Бирок, Жылдызкан Жолдошева Петр Рябухинден эртең сүйлөшүүнү уланталы деп суранат.

23-ноябрь, күндүзгү саат 12. Жолдошева кайрадан Рябухиндин кабинетинде, алардан сырткары дагы бир катар орус депутаттары бар. Жолдошева Рябухинден жеке сүйлөшүүнү суранганда, ал аябай маанилүү коноктор отурганын айтып, визиткасын беримиш болуп, Жолдошеваны акырын узатып коет.

Андан соң ассамблеянын жыйыны учурунда Жылдызкан Жолдошева РФтин Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун жанын койбой, жолугуп сүйлөшкүсү келип атканын айтат. Матвиенко аны менен жолуга албай калып (же жолуккусу келген эмеспи) Жолдошеваны КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык ассамблеясынын катчысы Алексей Сергеевге жиберет. Рябухин укпай койгон Жолдошева эми Сергеевдин кабинетине келет.

Алексей Сергеев келген коногун 20-25 мүнөт кунт коюп угат. Жолдошева болсо баягы эле сөзүн саймедиреп «Акча бергенге шашпагыла, мөңгүлөр боюнча маалыматты адегенде текшергиле» деп айтат, аны менен гана тим болбостон, партиялаштары Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун, Талант Мамытовдордун камалганы боюнча айтып, Кыргызстандын Башпрокуратурасында башаламандык болуп атат деп арызданып өтөт. Сергеев Федерация Кеңешинин жана Мамдуманын жетекчилигине анын айткандарын жеткирерин убада кылат.

Ошентип, Жылдызкан Жолдошева Кыргызстанда гидроэлектр станцияларын куруп аткан орустардын бул аракетин эптеп бузганга жандалбастайт. Орустардын акчасы үчүн кабатыр болуп, бул үчүн түзүлгөн келишимди да бузууга даяр экен. Кыргыз депутаты эмне мынча башка өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн күйдү экен?

2012-жылдын декабры. Кыргызстанга кайтып келген Жылдыз Жолдошева кыргыз-орус энергетикалык долбоорлоруна ачык чабуул кое баштайт. Чынында, бул жолу орустардын акчасы бекер эле асманга сапырылып калат деген сөзүн айтпайт. Тескерисинче, орустар кыргыздарды алдап атканы боюнча айтып чыгат. «Келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлгөн» деп мүмкүнчүлүк боло калган жерден эле – өзүнүн «Ата-Журт» фракциясынын жыйынында да, Жогорку Кеңештин пленардык жыйынынан да кыйкыра баштайт. Атамбаев менен Путин түзгөн бул келишимдин бардык шарттары Жолдошевага жакпайт – «Камбарата-1» ЖАКсынын директорлор кеңешиндеги орундардын бөлүштүрүлүшү, электр энергияны сатуудан түшкөн акчанын бөлүштүрүлүшү, курулуш жүрүп аткан учурда Орусия салыктан бошотулары да. Мындан улам ал кала берсе келишимди дагы жарытылуу окуп чыккан эмес, эптеп эле ызы-чуу салып турушу керек окшойт деген ойго келесиң.

Келишимди ратификациялоонун убактысы канчалык жакындаган сайын, депутат салган ызы-чуу ошончолук көбөйө баштайт. 2013-жылдын 19-февралында – добуш берүүгө бир күн калганда – парламенттик угууда абсурддук бирок аябай эффективдүү билдирүү жасады: «Биз «Камбарата-1» ГЭСин түп тамырынан бери жоготуп ала турган тобокелчиликке барып атабыз, себеби, бардык укуктар жана акциялар Россияга берилип атат! Бул келишимди ратификациялоо менен биз өзүбүздүн эгемендүүлүгүбүздү жоготобуз! Россиянын макулдугусуз Кыргызстан өзүнүн элинин муктаждыгы үчүн электр жарыгын ала албайт».

Эгерде Жылдыз Жолдошеванын бул сөздөрүнө ишене турган болсок, бул келишимдердин авторлорунун «кыйтылыгын» жалгыз эле ал түшүнүптүр. Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн Жолдошева гана күйүп атыптыр. А жок, көшөгө артынан дагы башка «чыныгы патриоттор» да көрүнө баштады.

Алардын бири – «Ата-Журт» фракциясынан депутат, парламенттин бюджет жана финансы комитетинин жетекчиси Акматбек Келдибеков. Россияга кандайдыр бир «жеңилдиктердин» берилишине каршы чыгып, оригиналдуу сунуш айтты: «Келиңиздер насыя алып, ГЭСтерди өзүбүз куралы. Буга чейин жолдорду оңдош үчүн насыя алып, өзүбүз эле жасабадыкпы».

Кандай жасаганыбызды бүгүнкү жолдордун акыбалынан көрүүгө болот. «Камбарата-2» ГЭСин деле өзүбүз «куруп салбадыкпы», алиге чейин криминалдык-финансылык чатактан арыла албай келет…

Бирок финансист Акматбек Келдибеков кыргыз чиновниктерине эч кандай жеңилдик, акция, алар уурдалып кетпеши үчүн көзөмөл кылууну сурабай, 4 миллиард доллар насыяны ким эле берүүгө даяр турганын да айтып берсе жакшы болмок. Аны менен катар асмандан акча жаадырып алганды да үйрөтүп койсо жакшы болмок. өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, өткөн саныбызда биз тизмелеп берген кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө кантип жетсе болору тууралуу тажрыйбасы менен бөлүшсө жакшы болор эле. Жеке байуу боюнча бул ишин Келдибеков аябай мыкты аткарыптыр. Биздин гезит чыккандан кийин өзүнүн айтканына караганда, жумушсуз отуруп калган бир жылдын ичинде эле (?!) ишкерлик менен алектенип ошол байлыгынын баарын топтоого жетишиптир. Ооба, Келдибеков гениалдуу ишкер экен да, көрсө! Анда эмнеге өзүнүн сүйүктүү мекени үчүн ошол ГЭСтин курулушун каржылап берип койбойт? Эмне үчүн акчасын кымбат квартиралар менен кымбат автоунааларды алганга сарптай берет?

Дагы бир «чыныгы патриот» өмүрбек Текебаев дагы кыргыз-орус келишимдерине каршы болуп чыга келди. «Ата Мекендин» лидеринин «Ата-Журт» фракциясы менен (Келдибеков жана Жолдошевалар менен жеке мамилеси да) ит-мышыктай эле. Бирок, эмнегедир, бул жерде кызыкчылыктары бир жерден чыкты.

Кызыгы, келишимди ратификациялоого келгенде өмүрбек Текебаев «макул» деп добуш берди. Акматбек Келдибеков болсо добуш берүүгө катышкан жок. Кыргыз саясатчылары кыйын кырдаалдарда алдыга аялдарды тизип койгонду адат кылып алышкан. Себеби, аялдардын ойлонбой айтылган эмоционалдуу сөздөрү, аракеттери кечириле берет да. Ошондой эле Жылдыз Жолдошева дагы бүгүнкү күндө депутаттардын ичинен ар кайсы маселелер боюнча чатак салып кыйкырып келет – торпеданын ролун алган сыяктуу.

Алар жеңгенде эмне болмок?

Ратификация болбой иш созулуп кетсе, же кыргыз-орус келишимдери бузулуп калса эмне болорун элестетүү да кыйын эмес.

Россия мамлекети ыңгайсыз абалда калмак. Россияда дагы Кыргыстан менен түзүлгөн энергетикалык долбоорлорго каршы чыгышып, коммерциялык жактан пайдасыз экенин айтып чыгышкан эле. «Камбарата-1» ГЭСин курууга акча табуу үчүн Орусия "Интер РАО ЕЭС" ААКсынын "Иркутскэнергодогу" акцияларынын 40%ын саткан. "Интер РАО ЕЭС" ишканасы болсо бул акчага башка пайдалуураак нерсе табууга болорун айтып, өжөрдөнүп аткан. Кыргыз парламенти бул келишимди ратификациялоодон бир аз убакыт мурда эле орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев тиешелүү жарлыкка кол коюп, алардын акцияларын сатууга мажбурлап эле саттырып салды десек да болчудай.

Орус-кыргыз мамилелери кескин начарлайт. Расмий Бишкектин (тагыраак айтканда, Жогорку Кеңештин) тескери жообун алган Кремль кыргыз бийлигин сөзүнө турбайт, ишенимсиз деп айыптап чыкмак. Эки өлкөнүн мамилеси 2009-2010-жылдардагы Бакиевдердин кландарынын эки жүздүүлүгүнөн улам ири масштабдагы долбоорлор бузулуп, Россия менен Кыргызстандын ортосунда «муздак согуш» жүрүп турган учурдагыдай жагдай түзүлмөк.

Кыргыз экономикасына урулган сокку. «Энергетикалык» долбоорлорду бузуу менен биз Россия жоюп жиберген жарым миллиард доллардай карызыбызды кайра мойнубузга илип алмакпыз. Себеби, булардын баарына бир пакет менен кол коюлган. Балким, «Кыргызгазды» «Газпромго» сатуу боюнча сүйлөшүүлөр да токтоп калмактыр. үч жыл мурдагыдай Россия ГСМге болгон бажы пошлинасын киргизип коймок, анын арты менен Кыргызстандагы бензиндин, күйүүчү майлардын баасы, ага катар башка товарлардын баасы да кымбаттап кетмек. Анан дагы Россиядагы мигранттарыбызга болгон саясат да катууламак.

Революциялык кырдаал түзүлө баштамак. Кыргыз өкмөтүнүн жана президент Атамбаевдин кадыры эл аралык аренада гана эмес, Кыргызстанда дагы түшүп кетмек. ГЭС курула турган аймактагы жумуш орундарын күтүп аткан эл өзүн алданып калгандай сезип, бийликке ишенбей калмак. Экономикалык кырдаалдын начарлашына эл бийликти гана күнөөлөйт. Россиядан кайтып келген миңдеген мигранттарыбыз дагы нааразы болгондордун катарын толуктамак. Жарыла турган нерсе жазгы убакка даяр болуп калып, күкүрттүн эле жагылышын күтүп калмак…

Балким, кыргыз-орус энергетикалык долбоорлоруна каршы чыгып аткан айрым кыргыз саясатчылары (алардын артында турган күчтөр) окуянын ушундай өнүгүшүн күткөндүр?

«өлкөгө канчалык жаман болсо, бизге ошончолук жакшы» деген дал ушул лозунгду тээ илгерки замандагы «революциячылар» карманышкан. Алар элдин турмушунун жакшырышы үчүн эмес, эптеп бийликке жетиш үчүн аракет көрүшкөн. Бул максат үчүн экономиканы бурчка такап, элди башаламандык менен кедейчиликке алып баруудан да кайтышкан эмес. өздөрүн «патриот» деп санаган айрым кыргыз саясатчылары дагы ушул лозунгду карманып, ушуну менен иш алып барып жатабы?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×