Добавить статью
10:35, 24 апреля 2013 81353

«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?

Кыргыз Республикасында өткөн жылы мүлдө мамлекеттик капчыктын (бюджеттин) чыгашасынын 11 пайызы саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн экен. Ошону менен катар тармак жалпы чыгашалар жагынан өсүү үстүндө келүүдө. Же болбосо саламаттыкты сактоого 2009-жылы 6 миллиард сом берилсе, 2011-жылы 9,4, 2012-жылы 11,4 миллиард сом болүнгөн. Ал эми калк катмары өздөрүнүн ден соолугу үчүн башка дагы каражаттарды кошумчалашат. Кеп кенемтемесин Нарын облусунун алкагынан алып карасак.

Чөнтөгүң канча Теңир Тоо?

Нарын аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу корунан (ММКК) алынган маалымат боюнча облустагы бирдиктүү төлөм системасы киргизилген саламаттыкты сактоо мекемелерине өткөн жылы консолидацияланган бюджет аркылуу 587 527,5 миң сом каржыланган. Бирок бул сан саламаттыкты сактоо тармагынын жыл жыйынтыгы чыгарылган кеңешмедеги маалыматта 585 338,8 миң сом деп көрсөтүлөт. Кеп төркүнүн ММККнын эсеп-кысабы аркылуу алып карасак, жалпы каржылоо 2011-жылга салыштырмалуу 129 204,4 миң сомго көбөйгөн. Чыгымдалган акчанын 504 794,5 миң сому бюджетке, 69 709,9 миң сому милдеттүү камсыздандырууга, 10 268,2 миң сому кошумча төлөмгө жана 2 754, 9 миң сому атайын каражаттарга туура келет. Облустук алкактан алганда берилген мүлдө акчанын 78 пайызы эмгек акыга, 7,7 пайызы дары-дармекке, 2,6 пайызы тамак-ашка, 2,4 пайызы коммуналдык тейлөөгө жана калган акчалар башка чыгымдарга жумшалган. Бирок райондордогу аймактык ооруканаларда (АО) жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ) акчалар ар кандай көрсөткүчтө чыгымдалгандыгы кызык. Маселен, Кочкор АОсунда алынган акчанын 67,3 пайызы эмгек акыга, 12,3 пайызы дары-дармекке, 7,2 пайызы тамак-ашка керектелсе, Ак-Талаа АОдо эмгек акыга 81,8, дары-дармекке 9,7 жана тамак-ашка 3, ал эми Жумгал АОдо дарыларга 7,5, тамак-ашка 2,7 гана пайыз бөлүнгөн.

Берилген акчанын бекип калышы

Бир катар ак халатчан адистердин баамдарында жыл өткөн сайын саламаттыкты сактоо тармагын каржылоо жагында алга илгерилөөлөр орун алууда. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Мурат Атбаев мырза калктын ден соолугу үчүн суралган акчалар а түгүл инфляциянын өсүшүнө жараша берилгендигин айтат.

«Бир учурларда чынында айласыз эле абалга келгенбиз. Ооруканалардагы бөлүмдөрдү оңдомок турсун, дары бере албаган күндөрдү да өткөрдүк. Азыр жылыш болуп эле жатат. Жаткан дарылануучулардын тамак-ашы үчүн акча 45 сомго жетти. Шейшептер жаңыртылууда. 30 жыл мурунку үстөлдөр алмаштырылып жатат. Керебеттер 25 пайызга жаңыланды. Өткөн жылы бизде эле бир миллион сомго ар кандай оңдоо жумуштар жасалды.Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу 10 миллион сомдук аппараттарды алдык. Эң башкысы курулуштар жанданды. Мисалы неврология бөлүмүнүн жаңы имаратын салуу үчүн былтыркы жылы 10 миллион сом келип, жер төлөсү казыла баштаган. Быйыл ага дагы 17 миллион сом берилүүдө», - дейт М.Атбаев мырза. Бирок ММККнын жетекчилиги дагы деле айрым алешемдиктер орун алып жаткандыгына тынчсызданышат.

«Бирдиктүү төлөм ситемасы киргизилгенден тарта саламаттыкты сактоо мекемелеринде акча каражаттарды пайдалануу бир өңчөй жолго салынды. Бирок мамлекеттик гарантиялар жана кошумча пакет менен берилген акчалар толук пайдаланылбай калууда. 2012-жылы кошумча пакет програмасы боюнча каралган акча каражаттын өткөн жылы 99,3 пайызы аткарылды. Мындан Миң-Кушта 77,6, Ак-Талаа районунда 92,8, Нарын шаарында 93,6 пайыз же болбосо облус боюнча жалпысынан 73 миң сомдук бөлүнгөн лимит жарандарга берилбей калды. Экинчиден медициналык кызматтын сапатын жакшыртууда дарылоодогу кемчиликтер, негизсиз дарылоолор орун алууда. Натыйжада өткөн жылы жалпысы АОлорго жана ҮМБларга 821,9 миң сомдук каржылык айыптар коюлду. Анын 546 миң сому негизсиз жаткырууларга тиешелүү»,- деп билдирет ММКК Нарын аймактык башкармалыгынын директору Сыйнагүл Шамеева айым.

Ошол эле учурда калктын ден соолугу үчүн каражаттар көбөйгөндүгүнө карабастан айрым бир оорулар да көбөйгөн. Облустук саламаттыкты сактоо мекемелеринин жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешмесинде бир катар маалыматтар келтирилди. Эгерде 2011-жылы ар кандай оорулар менен облус боюнча жалпы 130 миң адам медициналык жардам алууга кайрылса, көрсөткүч 2012-жылы 172 миң адамды түзгөн. Кант диабет оорусунун биринчи жолу аныкталышы бир жылда 37 пайызга өскөн. Залал шишик дарты 1021ден 1080 учурга, жалпы жугуштуу оорулар 3,6 пайызга көбөйгөн.

Башка тармактарга кыскача баам

Белгилүү болгондой облустук бириктирилген жана аймактык ооруканалар, облустук жана райондук үй-бүлөлүк медицина борборлору, айрым медициналык жайлар болуп жалпысы Нарын облусу боюнча 14 саламаттыкты сактоо мекемеси бирдиктүү төлөм системасы аркылуу ММКК тарабынан каржыланат. Ал эми түздөн түз КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен каржы алган да медициналык уюмдар бар жана алардын бири бул Нарын райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору. Борбордун башкы дарыгери Туратбек Мурадилов каржылоо жагынан өксүктөр жоктугун кеп кылды.

«Биздин борборго өткөн жылы жалпы статья менен 9,510 миң сом берилди. Анын 75 пайызы же болбосо 7 миллион 74 миң сому эмгек акыга жумшалды. Айтор суралган акчалар берилбей калбайт. Алардан сырткары гранттар менен иштеп жатабыз. Аларга мебелдер, лабораториялык жабдыктар алынып келүүдө. Эми бизге реактивдүү лаборатория ачылып ишке кирсе, анда биз цианит сыяктуу заттарды да ушул жерден эле аныктай алат элек. Себеби биздин борбор 2012-жылы эл аралык стандарт боюнча акредитациядан өттү»,-дейт Т.Мурадилов мырза.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
85475

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
67870

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
108586

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
73620

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
75948

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
116191

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
198971

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
142862

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
132288

16-11-2012
«Калкка кеңеш» галстукчандарга эмне деп кайрылат?
83932

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×