Добавить статью
3:54, 26 апреля 2013 65475

«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»

Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагындагы эки айыл, атап айтканда Жерге-Тал жана Жалгыз-Терек айылдары айдоо аянттарын агын суудан пайдаланышат. Ал сууга Кум-Бел деп аталган кен байлык чыккан жердеги суулар да кошулат.

Өткөн жылдын июль айынын соңку күндөрү жергиликтүү тургундар ал жерде иштеп жаткан эки фирманын «Рокизол» жана «Кум-Бел ЛТД» ЖЧКлардын унааларын айылга айдап келип камакка алышкан. Жагдайдын келип чыгышына экология бузулууда, жайыттар талкаланууда жана эң башкысы айылдагы маданий өсүмдүктөр өспөй калды деген такилик башкы себеп болгон. Айылдыктар 18 гектар айдоо аянттарыбыз бузулду, 360 миң сом зыян тарттык деп эсеп-кысап чыгаргандыгын айыл өкмөт белгилеген.

Бирок мындан башка себептер да жергиликтүү эл менен кен байлыктарды чалгындап жана иштеткен коомдор ортосунда өз ара келе бакан куу союлду көтөргөнгө кириптер болгон. Анткени 1994-1995-жылдарда кен ылгоо башталгандан тарта бийликтин жана аларга ык алган компаниялардын өзүм билемдиктери акыры элдин чайпалуусун жараткан. Жыйынтыгы олуттуу чыр-чатактардын келип чыгышы менен аяктап, бирок дагы деле кырдаал толук чокондоло элек.

Жерге-Тал айыл аймагынын мурунку айыл өкмөт башчысы Таалай Сейитмамбетовдун айтымында Кум-Белди чалгындап иштетүүгө мамлекет тарабынан 3 компанияга «Рокизолго» 118 гектар, «Кум-Бел ЛТДга»7 гектар жана «Кум-Бел Ресурска» 25,5 гектар жер бөлүнүп берилген. Алар 2007-жылы жана 2009-жылы келишкен. Бирок жергиликтүү эл ошол жылдарда эле алардын келип иштөөлөрүнө каршы болушкан. Элдин таламына бийлик тескерисинен күчкө салуу аркылуу жетишип, ал учурдагы район акими Ишенбек Медетов айылдык кеңештин кезексиз отурумун өткөртүп, 2009-жылы кенди чалгындоого жана иштетүүгө макулдук бердирткен.

«Рокизол» бизге 2 компьютер, фотоаппарат, 170 миң сом, карыларга деп 40 миң беримиш болду. Артынан «Кум-Бел ЛТД» келди. Ошентип башталды», - дейт Т.Сейитмамбетов мырза. Бирок кийинки жылдары компаниялардын элге көрсөтүүчү жардамдары азайып жана өз ара түзүлгөн келишимдер аткарылган эмес. Тескерисинче, курулган дамбадан ыплас тазаланбаган суулар агын сууга кошулуп, ал айылга чейин агып келет. Натыйжада 2012-жылы бир да коом Кум-Белде иштеген эмес. Кырдаалдын келечеги болсо азырынча бүдөмүк.

Жергиликтүү тургун Руслан учурда айылда «Жерге-Тал Кенч» аттуу жабык акционердик коом уюшулуп жаткандыгын, Кум-Белди чалгындоо жана иштетүү ушул гана ЖАК аркылуу жүзөгө ашырылаарын айтат.

«Чынында Кум-Белди мыйзамдуу түрдө иштетүү керек. Экологияны сактап, жер кыртыштарын калыбына келтирип эмнеге иштетүүгө болбойт. Бирок түшкөн киреше теңме-тең айыл эли уюштурган ЖАК менен иштеткен компания ортосуна бөлүнүшү керек. Экинчиден 80 пайыз жумушчулар жергиликтүү элден болушу шарт. Бирок биз мурда иштеп кетишкен 3 компаниянын келишин каалабайбыз»,- дейт Руслан. Бир катар жергеталдыктар негизинен ушундай пикирде болуп чыгышты. Айыл өкмөттүн мурдакы башчысы Т.Сейитмамбетов болсо таптакыр Кум-Белди токтотууга кызыкдар.

«Компаниялар иштеп турган 2009-жылы айыл өкмөткө жалпысы 1,5 миллион сом түштү. Эски клуб бүттү, мончонун орду тиричилик жайга айландырылды, оорукананын үстү чатырчаланды. Бирок ызы-чуусу жок эле тынчтык керек болуп жатат. Биз ушундай каражатты башка донорлорду издеп деле табат элек»,- деген пикирин айтат кечээки айыл өкмөт аке.

Экинчи үшкүрүк, Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагынын тургундарына туура келет. Бирок мындагы калк катмары негизинен тынчтык абалда күн кечиришүүдө. Анткени айыл аймакка таандык Кичи Кара-Кужур өрөөнүндөгү Солтон-Сары алтын кени чыккан жердеги Бучук деген коктуну чалгындоого кытайлык компания келген. Алар тарабынан айыл өкмөткө жардамдар көрсөтүлгөн. Ошондой болсо да айыл тургандарынын арасында пикирлер эки ача.

82 жаштагы карыя Дүйшө Солтонкулов Солтон-Сарыны иштетүүгө каршы эмес. «Солтон-Сарыны басып жатып алганда эмне пайда. Иштетиш керек. Мына бизге 7 миллион сом келди эле ошол кендин аркасы менен, минтип техника алып алдык. Чөп чапканда, жыйнаганда элге пайдасы аябай тийди», - дейт карыя.

Ал эми экинчи бир айыл тургуну Сонун айымдын баамында, кенди иштетүүнүн кереги жок. Айылдык мугалим болсо түшкөн кирешени теңме-тең бөлүү аркылуу, экологиялык абалды сактоо менен кенди иштетүү зарыл деп эсептейт.

Өзүн Кубат деп тааныштырган жаран кытайлыктарга берүүгө катуу каршы. «Солтон-Сары эмне чоңдордун кекиртеги эле да. Алар алып туруп бере беришет. Мисалы биз кытайларга бергенге каршыбыз. Эгер европалыктар келсе, анда макулбуз. Болбосо чыр чыгып кетиши мүмкүн. Айыл өкмөт 7 миллион сом алдык деп айтып жатат, ошол акча толук келдиби же келе элекпи. Ал акчага чынында канча техника алынды чындап келсе эч ким билбейт, балким айыл өкмөт жеп жатабы», - дейт ал.

Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Турар Шоңкоев негизи кенди иштетүүнү жактайт.

-Мамлекет бекем тартипке кен байлыктарды иштеткенге барышы керек. Болбосо ушинтип эле өлбөстүн күнүн көрүп жүрө беребизби. Кудай берген байлыктын үзүрүн эл көрсүн да,- дейт.

Нарын районундагы Эмгекчил айылындагы абалдын оор бойдон сакталып турушу Нарын районунун үчүнчү үшкүрүгү катары кала берүүдө. Элдин катмары экиге эмес, бир нече жикке бөлүнүп калгандыгы байкалат.

Биринчи тараптагылар, ушул жол менен эле айылга Солтон-Сарыдан таштарды алып келип, жапайычылыкта алтын ылгап алууну колдошот. Алар ушундай иштөө менен айыл эли өнүгүп, өсүп жатат деп эсептешет. Маселен алардын айтымдарында учурда айылдагы 600 түтүн элдин 250 түтүнү үйүнөн суу чыгарганга жетишкен. Айылда 2 кабаттуу, а түгүл 3 кабаттуу үйлөр салынууда.

Экинчи жактагылары мындай пикирлерге каршы. Алардын айтымдарында учурда айылда келиндер алсыз, оорукчан, жетилбеген балдарды төрөй баштады. Билинбеген менен айылдын элинин ден соолуктарына зыян келип эле жатат. Түбөлүгү жакшы эмес болууда экендиктерин астыртадан айтышат ушул топтогулар. Ошондуктан алтын чайкоону таптакыр токтотуу зарыл деген ниетте турушат алар.

Үчүнчү топтогулар алтынды айылдан эмес Солтон-Сарыдан чайкап алуу керек дешет. Бирок бир гана шарт менен «Кыргызалтын» иштетип, айылдык балдарды мөөнөт менен жеринде иштегенге шарт түзүү зарылдыгын айтышат. Кытайлык же башка мамлекеттерге кенди берүүгө булар тумтак каршы. Алар ошол эле учурда түшкөн кирешенин тийиштүү бөлүгүн айылга которуу керек деп санашат. Алардын пикиринде эми Солтон-Сарынын эч ким токтото албайт, жаап салуу дегеле мүмкүн эмес. Эгерде мамлекет кенди мыйзамдуу негизде жеринде иштетпесе, анда элдин барып таштарды алып келип алтын чайкаганы чайкаган, ошон үчүн көп күттүрбөй «Кыргызалтын» ишти толук колго алсын деген пикирди билдиришет.

Эмгекчил айылынын дагы бир тобу эч кимге, «Кыргызалтынга» да, мамлекетке да ишеним артышпайт. Алардын баамдарында мамлекет деле алтындын кызыкчылыгын өздөрү үчүн гана алганга барышат. Элди эч ким ойлобойт деп санашат ушул топтогулар. Бирок булар аз санда экендиги эшитилди.

Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Жакып Өскөнбаев жеке өзү арабөк абалда калгандыгын жашырбайт. Быйылкы жылы «Кыргызалтындын» көмөгү менен айылдагы кулап калган клуб 300 орунга ылайыкташтырылып жаңы салынган.

«Чындыгында Солтон-Сары иштегенден тарта айылга бир тыйын да жардам бербептир. Элдин айткандары да чындык. Мына былтыр болсо клуб бүтүп калды. Негизи ушинтип ынтымакта эле иштеген туура менимче. Эң башкысы элди алдабаш керек. Бардыгын чын айтса эле эл түшүнөт», - дейт өкмөт башчы.

Төртүнчү, бирок өтө кооптуу үшкүрүк - бул айылдар ортосундагы тымызын от алган жаңжал. Көрсө айрым жергиликтүү тургундар эртеңки күндөгү жашоо тиричиликтен чочулай башташыптыр. Же болбосо Миң-Булак айылы менен Эмгекчил айылынын ортосунда бири-бирине муштум көрсөтүүнүн старты башталыптыр.

Миңбулактык педагог айылга Эмгекчилден кайсы бир топтогу балдары келип, «силер эмне кытайларга Бучукту бересиңер, 7 миллион сом менен алданбагыла, андан көрө биздей болуп өзүңөр айылга алып келип алтынды чайкагыла», дешип демитишип, коркутушуп кеткендигин маалымдады. Ошол эле учурда Миң-Булак айылдык мектептин 11-классынын окуучусун эмгекчилдик окуучу балдар келип сабап кетишкен.

«Биздин окуучу Нарынга барып неврологияга жатып чыкты. Эми Бишкекке барууга аргасыз болууда. Чындыгында Солтон-Сарыга байланыштуубу же башка жагдайгабы билбейбиз, бирок минтип эки айылдын ортосунда окуучулар урушчу эмес. Деги мамлекет тартипти камсыз кылыш керек да. Кен байлык үчүн эки айылдын балдары, минтип окуучулар карама-каршы болбош керек», - дейт мугалим.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
74071

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
60410

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
94822

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
67306

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
73546

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
103939

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
175394

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
126344

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
117698

16-11-2012
«Калкка кеңеш» галстукчандарга эмне деп кайрылат?
76550

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×