Добавить статью
5:13, 17 июня 2013 65217

Нарын дайра башатынын наары

2012-жылдын 27-октябрь күнүндөгү окуя 2013-жылдын 12-июнунда жүзөгө ашканга арыш салды. Анда Нарын облусунун Нарын районундагы Орток айыл аймагынын Мерген Жар деп аталган Нарын дайранын секичесине Жогорку Нарын суу электр бекеттеринин курулушун баштоого арналган атайын кутуча (капсула) салуу жана «Эстелик ташты» ачуу жөрөлгөсү болуп өттү.

Ал эми ушул жылдын 12-июнь күнүндө болсо дал ошол жерден төмөнүрөөк Саске же болбосо элдик экинчи аталыштагы Марал Кечүү деген Нарын дарыясынын жээгине Нарын-1 СЭБнин курулуштарын баштоо үчүн эң алгачкы аралашманы атайын унаадан салуу жараяны өткөрүлдү. Ачылыш аземге президент Алмазбек Атамбаев, «Русгидро» федералдык ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Евгений Дод, ЖК депутаттары, жергиликтүү тургундар, ЖМК өкүлдөрү катышышты.

 20 жыл мурда мерчемделген иш жана «кайран элдин» биринчи сериясы

 Ушул күн Алла Тааланын буйругу да жагымдуу болду. Эртең менен саат 08:00дөр чамасында Нарын өрөөнүнүн жогорку алкымдарына күн бүркөлүп, жаан жаай баштады. Бирок жарым саатка жетпей асман көрүнүп, күн чайыттай ачылды. Ал эми Нарын шаарынан таң эртеден тарта ар кыл үлгүдөгү унаалар чыгышты карай жөнөп жатышты. Мен да ошол тарапка баруучу жол жээгинде жарым сааттай келүүчү унааны күтүп туруп, ушул маалда бери дегенде 100гө чукул унаалар өткөндүгүнө күбө болдум. Алардын арасында беш манжага эптеп толгону кечээки замандын «Москвичи» же «Жигулиси» жана бир нечеси «Нива» унаасы эле болбосо, калгандары киргиздерче айтканда жалаң иномаркалар. Алардын да ар бир 4-5-унаалары килейген «Жиптер». Албетте алардын дээрлик 90 пайыз жүргүнчүлөрү Нарын-1 СЭБинин курулушунун ачылыш шаанисине ашыгып бара жаткандар экендиги белгилүү. Ошентип суудай аккан унаалардын шуулдап өтүп жаткандыктарын көргөндөн кийин дагы бир жолу дүйнө жүзүндө «Кыргыз» деген аталыштагы мамлекет бар экендигин, бирок эларалык уюмдар жана дүйнө мамлекеттери тарабынан Кыргыз Республикасы эң кедей өлкө катары саналат дегендерине кошулгуң келбей кетет. Ошондо «кайран эл» «сыртыңан калтыраксың, ичиңен жалтыраксың» деп аргасыз баа берет экенсиң. Чынында 20 жылдан бери эл үчүн бийлик ынанымдуу иш кылбаса да, элдин жашоо тиричилиги ушунчалык өстү. Ошондо ушундай курулуштар эгемендиктин алгачкы жылдарында кулач жайса, азыр мамлекетибиз кандай абалда болоорлугун элестете албай да турган кербезибиз. Бирок ушунусуна да шүгүр. Андай каниет кылууга Нарын шаарынын тургуну, ардагер, 38 жылдык өмүрүн электр тармактары үчүн арнаган Сулайман Токтосунов аксакалдын кеби түрткү болду.

«Мен 1970-жылы институтту бүтүп келгенден тарта Нарын облусунда электр тармактар систамасында иштеп, анда ПЭС деп койчубуз ошол облустук электр тармактар ишканасынын жетекчисинин орун басары да болдум. Ал эми 1984-жылы ушул ГЭСтерди куруу үчүн алгачкы изилдөө«Салоомалейкум»,-деп саламдашкан Е.Дод, бул иш персоналдык жоопкерчилик экендигин билдирди. «Азыр Кыргызстанда чоң иштер жүрүүдө. Жогорку Нарынга каскаддарды салуу биздин компаниянын персоналдык жоопкерчиликтүү иши. Эми мен ишенем, бизден кийин да көптөгөн орусиялык жана түркүялык, кытайлык инвесторлор Кыргызстанда тынчтык, туруктуулук болсо келишет деп. Келечекте Нарын шаары гүлдөгөн шаар болот. Бүгүн болсо Орусиянын улуттук майрам туулган күнү. Дал ушул күнү иштин башталганы бизге абдан жагымдуу болууда», - деди Е.Дод.

 Эл арасындагы пикирлер же «кайран элдин» үчүнчү кыскача сериясы

 Салтанатка катышкан президент дароо тик учак менен кайра учуп кетти. Эл арасында болсо мамлекет башчынын айткан сөздөрү жана ишмердиги талкууга алынып кирди.

«Эгерде Бакиев болгондо азыр бир Боз үйгө кирип алып, болушунча ичип, артисттерди улам чакырып ырдатып турмак. Атамбаев болсо келди да, кетти», - деди облустук тармактын бир жетекчиси.

«Бакиевдики туура да. Кан болгондон кийин ошентип доорду сүрүш керек. Азыр эмне президенттен кеткенден кийин андай жашоо жок да», - дейт дагы бир облустук жетекчи. Эх, кайран эл ай, кайран эл.

 Кыскача саптар

 «Русгидро» ААК ишканасы 2011-жылы Нарын дайрасынын жогорку агымдарына СЭБдерди куруу үчүн техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана ыңгайлуу жайларды тактоо жумуштарын жүргүзкөн.

Негизги алгачкы жүрүш 2012-жылдын 20-июль күнү жасалган. Ал күнү ушул эле «Русгидро» компаниясынын башкармасынын төрагасы Евгений Дод жана андагы КРнын Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев Тик учак менен Камбар-Ата СЭБинен тарта Нарын дайраны бойлой учушуп, ошол эле күнү күндүн экинчи жарымында президент А.Атамбаев Чолпон-Атада алар менен көзмө-көз сүйлөшкөн.

2012-жылдын 19-20-сентябрь күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин келип, анда эки өлкөнүн Энергетика министрлери Жогорку Нарын каскаддарынын курулуштарын куруу жана пайдаланууга берүү тууралуу биргелешкен кызматташууга кол коюшкан.

2012-жылдын 27-октябрь күнү Нарын районундагы Орток айыл аймагындагы Мерген-Жар деген Нарындайрасынын кашатына «кутуча» салуу жана «Эстелик ташты» ачуу өткөрүлүп, ага президент Алмазбек Атамбаев жана «Русгидро» ААКнын башкармасынын төрагасы Евгений Дод, коомчулук катышышкан.

Алдын ала болжолдоо боюнча 4 СЭБдин курулушунун долбоорлору үчүн жалпысы 410-425 миллион доллар сарпталмакчы.

Долбоор Орусиянын энергетика жана КРнын энергетика жана өнөр-жай министрликтери тарабынан координацияланат.

Долбоорду «Электр станциялар» ААК (Кыргызстан) жана «Русгирдо» ААК (Орусия) ишканалары жүзөгө ашырат.

Маалыматка таянсак, долбоорду «Жогорку Нарын ГЭС» жабык акционердик коому ишке ашырат жана аталган коом берген маалымат боюнча жалпы 4 СЭБтин кубаттуулугу 237,7 МВт болуп, жылына орточо 942,4 млн. кВт.саат электр энергия өндүрүп чыгарып турушат.

Нарын-1,2,3 СЭБдери үчүн Нарын дайрасы 15-20 метр бийиктикте тосула турган болсо, Ак-Булуң СЭБи үчүн Нарын суусу 75 метр бийиктикте бөгөлөт.

Жалпы 4 СЭБдерди куруу 6 жылда аяктайт жана Нарын-1 СЭБинин алгачкы агрегаты 2016-жылы ишке кирмекчи. Мында эки миңге жакын адам курулуштарда иштешет. жумуштар башталды. Ошондо эле дал ушул жерлер чалгындалып, изилденип, 4 ГЭС курса болоорлугу аныкталган. 1991-жылы Төө-Жайлоо деген ушул аймактагы капчыгайга «Ташкентгидродолбоор» институтунан атайын вагондор алынып келинип, иш башталган. Тилекке каршы анан союз жоюлуп кетип, иш ошол бойдон токтоп калды. Болбосо 90-жылдарда эле ушул ГЭСтер салынып калмак», - дейт ардагер энергетик.

Мындай пикирди Нарын районундагы Дөбөлү айылынын тургуну Токтобек Кененбаев төмөнкүчө бышыктады.

«Анда ушул жерлер Тянь-Шань районундагы Ленин атындагы колхозго тиешелүү болчу. Мен колхоздо башкы агроном элем. Жаңылбасам 1984-жылдын жай мезгилинде Москвадан орустар келишет экен, эл менен жыйналыш өткөрүлөт деп айтылып калды. Анан айтылгандай жыйын болду. Алар биздин колхоздун талаалары аркылуу каналдар казылып, 4 ГЭС куруу болжолдонуп жаткандыгын жана ошондой эле Кичи Нарын капчыгайына да 4 ГЭС салынаарын айтышты. Жыйын болуп, колхозчулар макул деген протоколдор толтурулган», - деп эскерет союз маалындагы кырдаалды Т.Кененбаев.

Ал эми Нарын районундагы Кеңеш айылынын тургуну, 84 жаштагы Жолдош Кашкаев аксакал мамлекеттин тынччылыгын, эл бүтүмдүгүн кааларын айтат.

«Эми айланайын, биздин жерлерге ГЭСтер салынат деп союз учурда эле айтылчу. Бирок эмнеге салынбай калганын деле билбейт экенбиз. Биз тынчтыкты каалайбыз. Эл бүтүн болсо, чыр-чатактар чыкпаса эле ушундай иштер жасалат да. Балдар иштейт, светтер өчпөйт. Башка бизге эмненин кереги бар», - деген насаатын да айтып өттү.

Кубанычтарды көрө албастык же «кайран элдин» экинчи сериясы

Ошентип 12-күнү Нарын дайрасынын Нарын районундагы Кайыңды айылына жакын Саске же болбосо «Марал Кечүү» деген жерине Нарын-1 СЭБинин курулушунун ачылышы өткөрүлдү. Оболу эки тик учак удаа келип конушуп, андан Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев жана кийинкисинен «Русгидро» ААКнын башкармасынын төрагасы Евгений Дод баштаган адамдар келишти. Саат 11ден өткөндө асмандан үчүнчү тик учак көрүнүп, ал айланып келип мерчемделген жерге конду. Тик учактан түшкөн президент Алмазбек Атамбаев жана аны коштогондор эл алдына келишти.

 Салтанат аземди Нарын облусунун жетекчиси Канатбек Муратбеков ачты. Сөз мамлекет башчысына берилди. Алгач А.Атамбаев орус тилинде куттуктоо сөзүн айтып, анан элге негизинен өлкөдөгү соңку кырдаалдар боюнча кайрылуу жасады.

«Урматтуу менин мекендештерим! Бул өлкөдөгү чоң окуя. Нарын каскаддары өлкөнүн экономикасын көтөрөт. Миңдеген адамдарга жумушчу орду пайда болот. Кийинки сүйлөшүүдө жогорку Нарынга 6 ГЭС салуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. Бирок мен акыркы 1,5 жылда бир нерсени көрдүм. Көрсө «кайран элибиз» бийликке эмес, ушакка ишенип калышыптыр. Мына жакында «Датка» бүркөрүлгөнү турат. Камбар-Атада иш жүрүүдө. Күзүндө Сары-Жазга дагы 3 ГЭС куруу үчүн кытайлар менен сүйлөшүү башталат. Башкысы биз энергетикалык көз карандысыздыктан чыгабыз. Бирок жасалган кубанычтарды көрө албагандар бар. Бакиев мен кургам, Атамбаев талкалоодо деп жатат. А биз 20 жылда чогулган кыйынчылыктан чыгып жатабыз. Мына нарындыктар сиздер малды багасыздар. Эгерде мал жаткан сарайдын кыгын 20 жыл чыгарбай койсо эмне болот. Сарайдын ичи таш болуп калат да. Ошондуктан мен көп чындыкты айтчу эмесмин. Эми айтканга туура келүүдө. Ар бир үйгө гезит таратышып, дискет беришип, Кумтөрдү бетке карманышууда. Аларды болсо айрым адамдар ээрчип, жолдорду тосушуп, электрди өчүргөнгө барышууда. Ошондо «кайран элим», «шордуу элим» деп кайгырасың. Алардын максаты экологияны коргоо же Ташиев эмес, алардын максаты Атамбаевди кетирип, ордуна өздөрүнө ыңгайлуу кишини президент кылуу. Жети-Өгүздөн болсо дептер табылган, ким канча бергени, эмне жасалганы жөнүндө. Ал дептер Атахановго жетип, андан ары жок болуп жатат. Ташиев болсо аларга курал болуп берди. Ал ишти жасап туруп анан ойлонот. Ойлонуп туруп иш кылбайбы. Эмне Данияр Үсөнов же Бакиевдер акчаларын аяшабы. Аяшпайт алар. Себеби четинен камала башташты. А биз алардын түбүнө жетүү үчүн иштеп жатабыз. Бизде качан энелерди алдыга салып, душманга аттанчу эле. Аларды «Баатыр энелер» деп айтышууда. Кечирип коюңуздар аларды Баатыр энелер деп айтканга тилим барбайт. Алар Баатыр энелерби же ОБОНдорбу? Обондор болсо көчөдө эмес, парламентте жүрүшөт. Биз элдин душмандарын, бандиттерди ээрчип кайда баратабыз. Кыргыздын душманы кыргыз болууда. Ошондуктан сабыр кылалы. Жолдорду тоспой, жол салалы. Кудайым Кыргызстанды колдосун, элибиз ыймандуу болсун. Биз балдарыбызга башка Кыргызстанды калтыралы. Качанкыга чейин тилемчи болуп жашайбыз. Алдым-жуттум бандиттерди ээрчибейли», - деген президент эл алдына келип ак батасын да берди. Мамлекет башчысынын мындай пикирлерине Евгений Дод мырза да кыйырынан кошулду.

«Салоомалейкум»,-деп саламдашкан Е.Дод, бул иш персоналдык жоопкерчилик экендигин билдирди. «Азыр Кыргызстанда чоң иштер жүрүүдө. Жогорку Нарынга каскаддарды салуу биздин компаниянын персоналдык жоопкерчиликтүү иши. Эми мен ишенем, бизден кийин да көптөгөн орусиялык жана түркүялык, кытайлык инвесторлор Кыргызстанда тынчтык, туруктуулук болсо келишет деп. Келечекте Нарын шаары гүлдөгөн шаар болот. Бүгүн болсо Орусиянын улуттук майрам туулган күнү. Дал ушул күнү иштин башталганы бизге абдан жагымдуу болууда», - деди Е.Дод.

 Маалыматка таянсак, долбоорду «Жогорку Нарын ГЭС» жабык акционердик коому ишке ашырат жана аталган коом берген маалымат боюнча жалпы 4 СЭБтин кубаттуулугу 237,7 МВт болуп, жылына орточо 942,4 млн. кВт.саат электр энергия өндүрүп чыгарып турушат.

Нарын-1,2,3 СЭБдери үчүн Нарын дайрасы 15-20 метр бийиктикте тосула турган болсо, Ак-Булуң СЭБи үчүн Нарын суусу 75 метр бийиктикте бөгөлөт.

Жалпы 4 СЭБдерди куруу 6 жылда аяктайт жана Нарын-1 СЭБинин алгачкы агрегаты 2016-жылы ишке кирмекчи. Мында эки миңге жакын адам курулуштарда иштешет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
149102

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
74777

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
73840

23-09-2014
Жергиликтүү бюджет жамаатка тиешелүү
71670

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
102237

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
67165

24-01-2014
Оро албаган орок тандайт
46692

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
60833

29-11-2013
Жамиланын талаасы
62110

28-11-2013
Калымбүбүнүн карааны
35150

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×