Добавить статью
5:40, 23 сентября 2014 28759

Жергиликтүү бюджет жамаатка тиешелүү

Нарын шаарынын бир чөнтөгү

Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти (ММД) тарабынан өткөн 2013-жылы жергиликтүү бюджетке 2 миллион 100 миң сомду түшүрүү тапшырмасы тагылса, мекеме аны 99,6 пайызга же болбосо тагылган төлөмдөрдү 10 миң сомго кем аткарган. Бирок аталган департамент Теңир Тоо дубанынын жалгыз калаасынын капчыгын бул суммадан дээрлик бир нече эсе көбөйтсө болот деп чотту кагат. Көрсө 3 жыл илгери эле ММД бир жылда 1 миллион сомго жакын акча каражатты жергиликтүү бюджетке салым кылчу экен.

Капчыгың канча ММД?

Нарын шаардык салык кызматынан алынган маалымат боюнча 2013-жылы 109 миллион 547,1 миң сомго салыктык жана салыктык эмес жыйымдарды Нарын шаарынан чогултуу жараяны белгиленген. Облустагы жалгыз шаардын салыкчы кызматкерлери планды 102, 6 пайызга аткарышкан. Натыйжада 112 млн 395,6 миң сом республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшүрүлгөн. Бул каражаттын 56 млн 927,3 миң сому жергиликтүү капчыкка салынган акча болуп саналат.

Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кумар Насырдинов план негизи каражаттардан теңме тең республикалык жана жергиликтүү бюджетке берилерин белгилейт. Жалпы алынуучу салыктардын жана жыйымдардын дээрлик жарымы эмгектенгендердин киреше салыгынан (53,9 млн. сом) чогултулган. Ал эми биз сөз кылуучу муниципалдык менчиктеги жерлерден алынуучу ижара төлөмү менен сатуу акысы жергиликтүү бюджеттин чөнтөгүнүн 4 пайызына жакынын түзөт. Анткени салыктык эмес жыйымдын ушул түрү толугу менен100 пайыз шаардык бийликтин каражаты болуп саналат.

Ошентип кеп башында учкай айтылгандай шаардык ММД өткөн 2013-жыл үчүн жер тилкелеринин ижарасынан 1 млн 600 миң жана жерлерди сатуудан 500 миң сомду жыл ичинде жыйнап, жергиликтүү бюджетке чегерүү вазыйпасын алышкан. Бирок ММД жетекчиси Мухамбеткадыр Мамбетакунов берегидей каражат жыйноого толук кошулбайт.

«Биз быйылтадан тарта шаардан жер сатууну токтотуп жатабыз. Чындыгында сата турган деле жер калбаптыр. Сатылгандары болсо арзыбаган гана акчага соодаланган экен. Ал эми ижарага берилген жерлерди тактап, мыйзамдуу иш кылсак жана ижара акысын көбөйтүүдөн эле мурунку жылдардагыдан бир нече эсе көп каражатты жергиликтүү бюджетке түшүргөнгө болот», - дейт М.Мамбетакунов мырза.

Жагдай боюнча баам салып, өткөн жылдардагы Нарын шаарынын сатылган жана ижарага берилген жерлеринен түшкөн кирешени карап чыкканда, бир катар кызыктуу сандар калкып чыкты.

Ар кандай баанын ажырымы

Нарын шаарынан 2010-жылы 2038,77 чарчы метр аянт 94 миң 447 сомго сатылган. Же болбосо бир чарчы метр жердин наркы болгону 46 сом 33 тыйынга арзыган экен. 2011-жылы болсо дээрлик 450 миң сомго 3454 чарчы метр жер пулданса, 2012-жылы 4966,9 чарчы метр жер 1 миллион 200 миң 900 сомго бааланып, бир чарчы метр жердин куну 241 сом 78 тыйынга жеткирилген. Өткөн жылы 1888,9 чарчы метр жер 257 миң 65 сомго менчикке берилип, жер наркы 136,09 сомду түзгөн. Ал эми шаарда дал ошол төрт жыл илгери «кызыл китеби» бар, бир тоголок таш түшүрүлбөгөн жайдак менчик 4 сотый, же болбосо 400 чарчы метр жер тилкесинин сатуу наркы эң четки деп эсептелген РТС (Жаңы-Жер) чөлкөмүндө 25-30 миң сомго бааланган эле. Ушундай эле жеке менчик турак жай курууга кесилген Жаңы-Жер аймагында жер аянты өткөн жылы 70-80 миң сомду чапчып, быйылкы жылы 100 миң сомго чыгууда. Ошол эле учурда 2010-жылы жер тилкелерин сатуудан жергиликтүү бюджетке 955 миң сом түшүрүү тапшырмасы тагылып, жыл жыйынтыгында 586 миң сом каражат түшүрүлгөн жана белгиленген план 62 пайызга аткарылган. 2012-жылы жогоруда белгиленгендей 1 млн.200 миң сомго жер аянты сатылса, бюджетке түшкөнү 700 миң сом болгон. Натыйжасында жерди саткандагы акча менен жыйналган каражаттын асман менен жердей айырма чыккандыгынын да жөн-жөнү өзүнчө кончтон булайып чыга келди.

«Буга чейин жерлерди шаар башчылыгы өзүнчө, ММД өз алдынча, архитектура каалагандай билишип, ижараны жана сатууну калчашкан экен», - деп мунканат Мухамбеткадыр Мамбетакунов. Облустун башкы салыкчысы Жумабек Мамырбаев берегидей алешемдиктерге кошулат.

«Деги эле муниципалдык жерлерди, обектилерди, бүтпөгөн курулуштарды сатуу ачык айкын эмес. Эгерде алар ачык акцион аркылуу сатылса бюджетке бир нече эсе көп акча түшмөк. Биз билгенден комиссияны өздөрү түзүп, ыңгайлуу добуш берген бир-эки депутатты кошуп коюшат. Комиссия ар тараптуу, коомдук уюмдардын жана коомчулуктун мүчөлөрүнөн түзүлүшү керек. Эң башкысы акционго журналисттер катыштырылышы зарыл», - дейт Мамлекеттик салык кызматынын Чыгыш аймактар аралык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жумабек Мамырбаев.

Ижаранын «ишбалдасы»

Шаардык ММДдин маалыматы боюнча быйылкы жылдын башына карата шаар боюнча 87 унаа токтотуучу гараж бар. Бирок бул санга да ММД жетекчиси ишеним артпайт.

«87 гараж бар дегенибиз менен саны алда канча көп. Быйыл эч кандай документти жок эле салып алгандарды четинен аныктап, беш-алтоосун сотко берүүдөбүз. Тамынын айланасын өзү билип тосуп алгандардан алтымышка жакын жарандарга билдирүүлөр берилди. Ошондой эле ижарага жер алышып, төлөбөгөндөрдү дагы сот аркылуу өндүрө баштадык», - деп кебин андан ары улантат ММД жетекчиси. Жыйынтыгында быйыл жарым жыл аралыгында жергиликтүү бюджетке 1 млн 50 миң сом түшүрүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын 6 айына караганда 466 миң сом көп өндүрүлдү дегендикти билдирет экен.

Муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө медалдын экинчи бети бар экендиги ачыктала электигин М.Мамбетакунов мырза белгилейт. Көрсө айрым бир соода жайлары көчөгө жана ага жакын жерлерге салынып, анын ээси маселен жергиликтүү бюджетке айына 100 сом төлөп, ал эми сатуучудан 600 сомдон ижара акысын алаарлыгы да ачыкталган.

«Бул маселеге кол жетпей жатат. Ал үчүн мерия жана шаардык Кеңештин кийлигишүүсү зарыл болууда”, -дейт муниципалдык мекеменин жетекчиси.

Капчыкты кампайтуунун кайгуулу

Акыры быйыл муз ордунан 9 жылдан кийин козголду. Көрсө 2009-жылдагы Нарын шаарындагы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүнүн нарктарына аздыр-көптүр өзгөртүү киргизилгендигин эске албаганда, ижара акылары 2005-жылдан бери арзыбаган баада гана алынып келген экен. Маселен мурда соода жайлары шаардын үч аймагында бир чарчы метр жер аянты үчүн 14 сомдон 31 сомго чейин ижара акысын төлөп келишкен болсо, ММДдин сунушу менен быйыл шаардык Кеңештин сессиясынын чечими аркылуу ижара акы 30 сомдон 50 сомго чейин жогорулатылды. Май куючу бекеттер уялбастан бир чарчы метр жери үчүн 3,6 сом эле төлөп келишкендигин, депутаттар эптеп ал сумманы 20 сомдон 30 сомго чыгарышты. Короо-огороддор үчүн нарындыктар жылына бир чарчы метр жерге 1,75 сомтөлөп келишсе, ал сумма болгону 5 сомго көтөрүлдү. Айтор гараж, сарай, калкка кызмат көрсөтүүчү жайларга да нарктар белгиленип, акы төлөө 1-августан тарта күчүнө кирди.

ММДдин башкы эсепчиси Мунара Анапияева айымдын чотко салуусу боюнча бир эле соода жайлардан быйылкы жылы 1 млн.267 миң сом каражат жергиликтүү бюджетке түшүшү керек. Ал эми гараж, сарай, складдардан былтыркы жылы 103 миң сом эсептелинсе, быйыл 305 миң, ал эми келерки жылы 588 миң сомдон ашык акча жергиликтүү бюджеттин капчыгын кампайтмакчы. Ошентип келерки жылдан тарта Нарын шаарынын өзүнүн жеке чөнтөгү бир эле муниципалдык менчик жерлерден дээрлик 7-8 эсеге чейин көбөймөкчү. Мындай шыралгага дагы салым кошууга Нарын шаарынын жаңы шайланган мэри да кызыктар.

«Менин биринчи жумушум шаарды толук инвентаризациялоо болмокчу. Себеби биз песко-блок ачалы деп жер издеп, бир бош жерди таап, анан шаймандарын орнотууга келгенде ээси пайда болду. Көрсө биздин жерлерибиз так эмес экен. Ошондуктан ар бир чарчы метр жердин аныктыгына жетишибиз керек», - дейт шайланган мэр Ырахат Адиев.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-02-2012
Өлкө ресурстары - элдин ресурстары
35225

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×