Добавить статью
6:56, 24 июня 2013 67281

Манас транзиттик борбору жабылсынбы?

Кыргыз өкмөтү Атамбаевдин көптөн бери айтып келе жаткан пикирин утурлай АКШнын Манас транзиттик борборуна байланыштуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Жогорку Кеңеш 20 - июнда мыйзам долбоорун жактырды. Көп тармактуу жана глобалдык мүнөзгө ээ болгон Манас авиабазасына байланыштуу маселени талдоо үчүн төмөнкү негизги факторлорго токтолуу керек деп ойлойм.

1. Эл аралык мамилелерди белгилеген дүйнөлүк система

Советтер Союзунун кулашы менен эки полярдуу дүйнө системасы бузулуп АКШнын патронажында бир полярдуу дүйнө түшүнүгү кире баштаган менен бул көз караш практикада калыптана алган жок. Бул көрүнүш эл аралык мамилелердеги дүйнөлүк системанын калыптанышына байланыштуу ар түрдүү көз караштардын чыгуусуна себеп болууда. Бул көз караштардын кээ бирлерине токтоло кетсек: АКШнын патронажында бир полярдуу дүйнө системасы, Россия менен Кытайдын биргелешип Америкага алтернатива катары чыгуусу мүмкүн болгон эки полярдуу дүйнө системасы, ылдам өнүгүү темпине ээ болгон Кытайдын алтернативасын эске алган эки полярдуу жана ар бир аймактын өзүнө тийешелүү аймактык күчтөрүн эске алган көп полярдуу дүйнө түшүнүгү. Бул көз караштардан чыккан конкреттүү жыйынтык: Эл аралык мамилелерди белгилей турган консенсуска ээ болгон кандайдыр бир дүйнөлүк система аныктала элек.

2. Дүйнөлүк системанын жана дүйнөдөгү ички саясий системалардын негизин түзгөн идеялык негиз

Канчалык дүйнөлүк системанын аныктала электигин айткан менен дүйнөлүк системанын философиялык негизин адам укугу, эркиндиги, индивиддин чыныгы ордун аныктоо же болбосо жеке эркиндиктин ыйыктыгы жана ушул максаттарды негиз кылган демократиялык системанын мамлекеттүлүктүн жана эл аралык мамилелердин легитимдүүлүгүн өлчөөчү философиялык саясий-теориялык негиз катары каралгандыгын айтууга болот. Ал эми бул көз караштар негизинен Америка жана Франция революциясынын жемиши болгондуктан канчалык АКШ га алтернативалык мүнөздөгү мамлекеттер пайда болбосун жыйынтыгында Батыштын, Американын дүйнө таанымынын тассиринде экендиги айгине. Ал тургай кансыз согуш мезгилинде Батышка каршы Чыгыш блогун жетектеп турган СССР дагы Батышка каршы тезистерди батышчыл дүйнө таанымын колдонуу менен ишке ашырган. Мындайча айтканда, Батыштык баалуулуктар баштатан эле таасирдүү болуп келүүдө.

3. Коопсуздук

Коопсуздукту бири-бири менен байланыштуу болгон эки блокто карашыбыз керек: эл аралык коопсуздук жана мамлекеттик коопсуздук. Эл аралык коопсуздуктан мурда мамлекеттик коопсуздукка учкай токтоло кеткенибиз оң. Мамлекеттик коопсуздук дегенде мамлекеттин бүтүндүгүн, атуулдарынын бейпилдигин камсыз кылууну негиз кылган физикалык коопсуздук эң негизгиси экендиги талашсыз. 2010-жылдагы окуялар мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуудагы акыбалыбызды ачык көргөздү. Бир канча күнгө созулган ички маселелерди чечүүдө башка мамлекеттерге жана өзүбүз мүчө болгон уюмдарга жардам үчүн кайрылуубуз ички коопсуздуктун алсыз экендигин жана канчалык тышкы күчтөргө көз каранды экендигибиздин далили.

Андан тышкары ички коопсуздук дегенде айрыкча динди колдонгон экстремисттик- террористтик кыймылдарды аныктоо жана алар менен күрөшүү иш аракеттеринин актуалдуулугун атасак болот. Бул маселе Кыргызстан үчүн (кыймылдарга жана кыймылдарга болгон мамлекеттик саясатка болгон) тышкы колдоолорго таянган ички саясат экендиги акыркы мезгилдерде ачыкча билинүүдө. Кайсыл диндик кыймылдарды экстремист катары кароо маселеси обьективдүү критерийлерге таянбастан кээ бир мамлекеттердин тажрыйбасына жана бийликтегилердин өздүк реакцияларына таянуу менен аныкталууда. Ушундай ички коопсуздук маселелери сөссүз түрдө эл аралык коопсуздук иш чараларынан тасирленет.

Кандайдыр бир дүйнөлүк системанын аныктала албагандыгына бул системанын өзөгүн түзүүчү философиялык негиздеги ар түрдүү көз караштардын бар экендиги да себеп болууда. Дүйнөдө басымдуу болгон батыш дүйнө таанымына альтернативалуу философиялык-теориялык көз караштар жана алардын кээ бир мамлекеттер тарабынан колдоого алынуусу, адам, укук жана мамлекет (мамлекеттик башкаруу) түшүнүгүндө фундаменталдуу айырмачылыктарды жаратууда. Кытай мамлекети экономикалык жактан гана өнүкпөстөн идеологиялык жактан да Батышка алтернатива катары каралууда. 1920 - жылдарда теориялык негизи куралган Евроазиячылык идеясы бүгүнкү күндө Дюгиндин стратегияларында негизги ролду ойноо менен Путиндин тышкы саясатында белгилүү бир деңгээлде таасирдүү болууда. Батышка алтернативалуу дүйнө таанымдардын дагы бир бутагы Исламчылык экендиги талашсыз. Мындайча айтканда Ислам маданияты (коомчулугу) өзүнө тиешелүү дүйнө таанымга, укуктук системага жана эл аралык мамилелерди жөнгө салуучу принциптерге ээ экендигин далилдөө аракетинде. Бул көз караштардын (айрыкча Исламчылык көз караштары жана иш аракеттер) батыш дүйнө таанымына келечекте күчтүү алтернатива болуусу күтүлүүдө. Ошондуктан эл аралык коопсуздуктун негизги темасы батыш маданиятына каршы турган, бул маданиятта өзүнүн өздүгүн таба албагандыктан, өздүк маданиятын маданий жол менен ишке ашыруудан үмүтүн үзгөндүктөн батыштын танымы боюнча "экстремисттик жана террористтик" деп аталган кыймылдардын жана кээ бир мамлекеттердин эл аралык коопсуздукка шек келтирүү коркунучу. Демек: Эл аралык коопсуздук түшүнүгү батыш маданиятына каршы идеялардын чабуулуна каршы турууну негиз катары алган идеялогиялык коопсуздукка басым жасоодо.

4. Экономикалык фактор

Бул жерде Манас авиабазасы үчүн Кыргыз Республикасына төлөнүүчү төлөмдөр жана жардамдар туурасында сөз кылбасак да түшүнүктүү.

Кыргыз бийлигинин Бажы биримдигине кирүү каалоосу, Манас авиабазасын чыгаруу аракети менен айкалышып турат. Мындайча айтканда Кыргыз бийлиги Россиянын таасирдүүлүгүнүн артуусун ар тараптан кабылдануу менен экономикалык жаатта да Россиянын базар үлүшүн кеңейтүүгө кызыкдар экендигин көргөзүүдө. Бул кыймыл аракет, башка мамлекеттер тарабынан ар дайым оң мааниде кабыл алына бербейт жана Кыргыз Республикасынын экономикалык жактан жол тапма талаасын таралтат.

5. Геосаясий фактор

Борбордук Азиянын борборунда жайгашкан жана аймактык державалардын курчоосунда калган Кыргыз мамлекети аймактагы геосаясий оюндардан оолак кала албайт. Аймакка таасирдүүлүгүн арттырууну каалаган мамлекеттерден АКШ гана аймакка узак. Ал эми Россия жана Кытай аймакка жана Кыргыз жерине чектеш мамлекеттер. Бул өзгөчөлүк акыркы эки мамлекеттин аймакка жана Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саасатында АКШга караганда тасирдүү болуусун камсыздайт. Ал эми Кыргызжеринин Россия менен болгон өтмүштөгү мамилелери бул мамлекетти Кытайга караганда дагы оңтойлуу кылат. Бул геосаясий абал АКШнын аймакта, өзгөчө Кыргыз жеринде бул эки мамлекет менен атаандашуунун ордуна аймакка таасир этүүгө кызыкдар мамлекеттердин ортосунда баланс сактоо тактикасын колдонууга мажбурлагандай... АКШ экономикалык жана идеалогиялык жактан жайылуу процессинин алгачкы этаптарында турган Кытайга караганда, АКШнын саясатына кандайдыр бир деңгээлде каршы чыккан менен аны толук үзгүлтүккө учуратуу аракетин көрбөгөн Россиянын аймактагы таасирдүүлүгүнө ыраазы болгондой из калтырат. Европадагы «оппозициялык» өнөктөшү болгон Франция сыяктуу...

Бул үч мамлекеттен сырткары аймакка тасирдүүлүгүн арттырууну каалаган Туркиянын Кыргыз жериндеги ролу Кыргыз бийлигинин Манас авиабазасына болгон мамилесинде бүдөмүк калууда. Анткени авиабазанын чыгарылуусу Кыргыз бийлигинин Россиянын тассиринде экендигин гана эмес, келечекте Туркиянын аймакка (таасир этүүчү күч катары) кошулуусуна да терс таасирин тийгизет. Бул көрүнүш Атамбаевдин Туркияга болгон мамилелерине караманча каршы келет.

6. Чечим кабыл алуу методу

Тышкы саясатты белгилөөдү негизинен үч методду байкоого болот: Эмоционалдык, демагогикалык жана логикалык мамиле.

Россиянын жана орус элинин улуттук өзгөчөлүгү жана алардын өтмүштөгү Кыргыз мамлекети жана коомчулугу менен болгон мамилелеринден таасирленүү менен кабыл алынган чечимдер негизинен эмоционалдык мүнөзгө ээ болуп, Орус мамлекетин толугу менен колдогондордун да жана караманча каршы чыккандардын да санын көбөйтүүдө. АКШ жана Кытай мамлекетине болгон мамиледе да бул көрүнүш байкалат. Албетте чечим кабыл алууда өтмүшкө кайрылуу керек, бирок учурдагы жана келечектеги дүйнө түзүмү өзүнө жараша баалуулуктарды жана шарттарды жарата тургандыгын унутпоо керек. Ошондуктан мындай учурларда эмоционалдык мамиле ар дайым туура багытка алып барбайт.

Эмоционалдык мамиленин дагы бир үлгүсү курулай намыскөйлүк. «Кыргыз жери үчүн эки мамлекеттин аскердик базасы болуусу уят!» деген ураандар сыяктуу... Бир мамлекетте негизи башка бир мамлекеттин аскердик базасынын болуусу туура эмес. Бирок эл аралык мамилелерде өнөктөштүк негизинде аскердик базалардын болуусу нормалдуу нерсе катары кабыл алынат. Ал эми Кыргыздарды уят кылган нерсе бул аскердик базалардын бар болуусу гана эмес. Туура эмес башкаруунун натыйжасында келип чыккан экономикалык, социалдык жана нравалык көйгөйлөрдүн негизинде башка өлкөлөрдө аттулдарыбыздын кордолушу эл аралык коомчулукта бизди уят кылып намысыбызга тийиши керек эле.

Эмоционалдык мамиледен көп айырмаланбаган демагогикалык мамиле да саясий чечимдерде таасирдүү болушу мүмкүн. Айрыкча, кээ бир мамлекеттерге өзүн карыз сезүү, жакындаштыруу, жагынуу же болбосо ишенимге кирүү аракеттери. Мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерде демагогикалык мамиле ишенимди арттыруунун ордуна ишенимден чыгууга жана эл аралык коомчулуктун алдында мамлекеттин аброюнун түшүшүнө алып келиши мүмкүн.

Логикалык методдо чечим чыгаруучу органдар мамлекеттин улуттук күчүн, дүйнөлүк системаны, геосаясий абалды жана эң негизгиси келечектин ээси болгон кийинки муундун менталдык өзгөчөлүгүн эске алуу менен мамлекеттин жана атуулдарынын жана ошондой эле эл аралык коомчулуктун кызыкчылыгына, пайдасына жарай турган чечимдерди кабыл алуусу керек.

Мындай чечимдерди кабыл алуу азыркы шарттарда демократиялык принциптерге таянуу менен гана ишке ашат. Демократиялык принциптерди туу тутунган Кыргыз мамлекетинин бийлиги (президент, өкмөт жана парламент) Манас авиабазасына байланыштуу чечим кабыл алуу менен өздөрүнүн канчалык деңгээлде демократиянын (коомдун кызыкчылыгынын) жана эл аралык мамилелердин прициптерине маани бере тургандыгын далилдешет.

Сунуш,

- Эл аралык мамилелерди белгилей турган дүйнөлүк системанын аныктала электигин эске ала турган болсок Манас авиабазасы сыяктуу стратегиялык мүнөздөгү маселеде Россиянын таасирдүүлүгүн арттыруучу чечимден алыс болуу абзел. Эки полярдуу дүйнөлүк системага тийешелүү болгон кайсыл бир блокту (идеологияны) кармануу же болбосо кайсыл бир мамлекеттин таасирдүүлүк талаасына кирүү методу азыркы шарттарда эч кандай пайда алып келбейт.

- Батыштык баалуулуктарды эмес жалпы адамзатына тийешелүү баалуулуктарды кармануу маселеси актуалдуу болуп жаткан мезгилде мусулман (мамлекет эмес) өлкө катары Кыргыз мамлекети Россиянын эл аралык масштабтагы саясий-идеологиялык иш аракеттеринин таасиринде калбоого аракет кылышы керек. Анткени мындай чечим келечекте Кыргызжериндеги идеологиялык негизге таянган коопсуздук маселелерин арбытышы мүмкүн.

- Кыргыз жеринде эки мамлекеттин аскердик базасынын болуусу Кыргыз мамлекетинин Рассиянын ансыз да артып жаткан таасирдүүлүгүнө кандайдыр бир деңгээлде теңдештирүүчү күч катары каралуусу керек. Бул Кыргыз жеринин коопсуздугуна шек келтирүүчү эмес, Россиянын бир тараптуу (аскердик) таасирдүүлүгүнүн натыйжасында пайда болуу мүмкүнчүлүгү болгон коопсуздук маселесин чектөөчү фактор болуп эсептелет.

- Аймакта кайсыл бир мамлекеттин өзгөчө таасирдүү күчкө ээ болуусу аймактагы башка мамлекеттердин кызыкчылыктарына каршы келет. Аймактагы таасирдүүлүгүн арттырууну каалаган Россиянын бул иш аракеттеринин башталгыч очогу болуу милдетин алууга ниеттенген Кыргыз мамлекети келечекте ички жана тышкы саясий туруксуздуулуктардын сахнасына айланышы мүмкүн. Ошондуктан Кыргыз бийлиги Кыргыз жеринде бизге коңшу болбогон жана ошондой эле Россияга алтернативалуу мүнөздөгү АКШ жана Түркиянын таасирдүүлүгүнө да ыңгайлуу шарттарды түзүүсү абзел.

- Атамбаев айткандай, Манас авиабазасы ал жерден чыгышы керек, бирок Кыргызжеринен эмес. Американын аскердик базасын азыркы абалынан да кеңейтилген абалда Кыргыз жеринин Тажикистан менен болгон чек ара аймактарына жайгаштыруу керек. Эгер бул жакка аскердик базаны жайгаштырууга жетишсек экономикалык, аскердик даярдык жана стратегиялык жактан да Кыргыз мамлекетине пайда алып келээри бышык.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×