Добавить статью
6:24, 3 июля 2013 68006

Салттуу билим деген эмне?

Дүйнөнүн башка элдери сыяктуу эле, кыргыз элинин байыртадан келе жаткан салттуу билими, өз алдынча жашоо образы, кыргызды кыргыз кылып сактап турган каада-салт, үрп-адаттары, социалдык билимдери, салттуу медицинасы, таза-табит тамактары болгон.

Салттуу медицина...

Күн санап улам жаңы дарылар чыгып, СССР мезгилинде колдонулган аспирин, анальгин, тетрациклин сыяктуу дарылар азыр зыян деп колдонулбай, оорулардын дагы түрлөрү көбөйүп, кээ бирлери кайгылуу өлүм менен аяктап жаткан мезгилде кыргыздын салттуу медицинасына кайрылуу зарыл болуп турат. Бөйрөк оорусунда кыргыздар кулакты кайрыган, башкача айтканда, кулактын артынан кан алган. Мунун эмнеге пайдасы бар экенин билген адам барбы? Мүмкүн азыр абдан кымбат операция же өлүм менен аяктап жаткан бөйрөктүн жетишпестиктерине ошол дабаа болоор.

Бир элдик дарыгердин ички органдарды (бөйрөктү, ичеги-карынды, боорду) кыргыздар байыртадан бери эле сулу, арпа менен эле тазалап келгенин, азыр дагы ал ошолор менен элди дарылап жатканын уккам. Бирок кантип? Ал дарыгер өзүнүн дарылоо ыкмасын китеп кылып жаза албайт.

Болгону ушундай салттуу билимдерди эл аралап чогултуп, китеп кылып чыгарып, маалыматтар базасына киргизип, сактап калуу керек.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Жеңишгүл Өзүбекованын жакында «Эң биринчи сүйгөнүм» деген китеби жарыкка чыкты. Жазуучу эжебиз кыргызды алаамат оорулардан, жок болуп кетүүдөн сактайм деп чуркап жүрөт. Чет мамлекеттерден келген тамак-аштардын, оюнчуктардын, буюмдардын зыяндуу жактарын изилдеп жүргөн чагы. «Адамдар тигил ооруга бул дары экен десе, аны кымбат экенине карабастан алып ичишет, ал эми ден-соолугуңду сакташ үчүн ачка бол, тазаланган суу ич десе, жаа бою качышат», – дейт Ж. Өзүбекова, – Кыргызда тамырчылар ооруган адамды кырк күн дак сууга отургузган эмеспи. Биздин эл дарылоонун эң бир керектүүсү – ачка болуу экендигин мурда эле билген», – дейт.

Мына, урматтуу окурман, Пол Брэгг жазган ачка болуунун кереметин кыргыздар байыртадан эле билишкен. Ысыгы ашып кеткендерди дак суу, суугу ашып кеткендерди ысык шорпо менен дарылашкан.

Ошондой эле бүгүнкү күнү кайсы чөп кандай ооруга дары экенин билбей калганыбыздын кесепетинен кыргыздын салттуу медицинасы андан бетер унутулуп баратат.

Мисалы, балканы отко кызытып туруп, эти ысыган баланын башын жоолук менен чүмкөп, балкага муздак суу чачкан. Андан чыккан ысык буудан бала дем алган. Андан кийин баланы тумчулап жаткырып коюшкан. Эртеси күнү бала эч нерсе болбогондой, туруп чуркап ойноп кеткен. Азыр эмне кылабыз. Эти ысыган балага дары беребиз. Дары баланы жакшы кылганы менен, башка органдарына, болгондо да ички органдарына терс таасирин тийгизет.

Адам корккондо жүрөк ордунан кадимкидей эле козголуп калат. Жүрөктү өз убагында көтөрбөсө, ал адам бара-бара арыктап, өңдөн азып, оорукчан болуп, аягы кайгы менен бүтөт. Кыргызда көкүрөктөгү кабыргалардын ортосунан колду салып жүрөктү таап, акырын өйдө көтөрүп дарылаган элдик дарыгерлер бар. Аны да билген адам жасаш керек.

Ал эми жаш бала коркуп калса, баланын оозуна колун салып апапташкан, андан да көбүрөөк корксо, баланын бутунан кармап башын ылдый кылып үч жолу босогого башын тийгизишкен.

Ал эми Америкада жүрөгү түшкөн адамды эмнеден жүрөгү түшсө, кайра ошону менен дарылайт. Иттен коркуп калса, кайра итке талатып, парашюттан түшүп келатып коркуп калса, кайрадан парашют менен ташташат экен. Ошондо ордунан козголуп калган жүрөк кайрадан ордуна түшүп калат дешет.

Кыргыздар экзема оорусун дагы дарылашкан. Бирок азыркы учурда аны кантип дарылоо керектигин билген адам калбай калгандыктан, ушул оорудан жапа чеккендер, жакшылап дарылана албай келе жатышат...

Таптакыр маани берилбей жүрө берип, салттуу билимдерибиз жок болуп эле келе жатат.

Кыргыздын түпкүлүгүн, дегеле кыргызды кыргыз кылып сактап келген социалдык илимдери көп. Бир эле мисал – жети ата билими. Кыргыз жети ата өтмөйүнчө өз уруусунан, туугандарынан кыз алып, кыз берген эмес. Эгер жети ата өткөнгө чейин кыз алып, кыз берсе, тукум бузулат деп эсептешкен. Чындыгында ошондой. Ушундай улут үчүн абдан пайдалуу жети ата илимин кийин биз, тилекке каршы, уруу-урууга бөлүнүүгө, жаман нерселерге пайдаланып кеттик.

Кыргыздын салттуу улуттук тамактары да көп. Мындан 6-7 жыл мурда басма сөз беттеринен мындай жаңылык окугам. Анда «Америкалык окумуштуулар өндүрүлгөн буудайдын курамында 40тан ашык витамин бар экенин табышты» жазылган.

Кыргыз эзелтен эле буудай өндүрүп бозо салган. Буудайды өндүрүп сүмөлөк жасаган. «Аа, – деп ойлогом ошол мезгилде, – демек, кыргыз өндүрүлгөн буудайдын курамында канча витамин бар экенин билбесе билбегендир, бирок анын ден соолукка пайдалуу экендигин билген экен да».

Мына салттуу билим...

Мындай али чети оюла элек, биз билбеген, билсек да маани бербеген салттуу тамактарыбыз канча көп. Маселен, калменде деп аталган тамакты жемек тургай, уга да электерибиз бар. Анын кайсы ооруга дары экенин мындай коюп, эмнеден жасалганын билбейбиз.

Ал эми гүлазыкты турмушубузда күнүмдүк оңой жасалуучу тамак катары жаңы технологиялар менен киргизип алсак да болмок. Буга киришкен жан жок.

Ал эми кыргыздын салттуу улуттук оюндарынын стратегиялык жагы абдан зор экенин айтып жүрүшөт. Алсак, балдардын дене мүчөсүн, интеллекттин өстүрүүнү көздөгөн улуттук оюндары толтура. Бир эле мисалга кайрылсак, кыздар ойногон топ таш (беш таш) оюну кыздардын колдорунун булчуңдарын өстүрүү менен бирге, аң-сезимин, ойлоо мүмкүнчүлүгүн, кебин өстүргөн. Бул оюнда эмне үчүн ташты тандап алышкан? Эмне үчүн беш таш? Буга кызыккан адам жок. Биз муну майда-барат, мүмкүн артта калган нерсе катары көрөбүз. Бирок колдун манжаларындагы ар бир нерв чекиттеринен мээге берилүүчү «кабарлар» жөнүндө түшүнүгүбүз да жок. Ошондуктан бул оюндун маанисин чечмелеп бере албайбыз.

Кыргыздын каада-салты десе, келин алуу, уул үйлөө ж.б. абдан популярдуу гана салт-санаабыз эсте калган, бирок жүрүм-турум жөнүндө кыргыз элинин салттуу билимдери улам колдонуудан чыгып келет.

Алалы, эмне үчүн улуу адамдардын жолун кесип өтпөш керек? Мүмкүн бул жерде биздин али түшүнүгүбүз жетпеген, биз көрбөгөн мээр, аура маселелери тургандыр...

Эмне себептен эркектердин баш кийимин, кийимин тебелеген же аттаган эмес? Кыргыз эли байыртадан көчмөн, жоокер эл болгон. «Эр жигит эл четинде жоо бетинде» болуп эркектер айыл четинде жоодон коргоп, күнү-түнү күзөттө турган, элин-жерин коргогон. Ошондуктан, эркектер ыйык болгон.

Эркектин орду сакталбаган үйдө, азыркы мезгилде эркек өз баасын унутуп, ата-журтту коргоо, үй-бүлөнү сактоо милдеттерин унутуп, үйдөн кут кетип, ырыскы токтобой, балдарынын тарбиясыз өсүшүнө шарт түзүлүп жатат.

Эмне үчүн кыз киши улуу кишилерге артын салбаш керек?

Эмне үчүн колду башка албаш керек? Илгери колун башына жазданып жатып уктап калып, каза болуп калган жоокерлер болгон экен. Мында, айкалышкан манжалардан кан өтпөй калабы же дагы башка нерсеси барбы, эми муну изилдөө медиктердин иши...

Эмне үчүн отко суу сеппеш керек?

Эмне үчүн жаакты таянбаш керек?

Эмне үчүн бутту же колду айкалыштырбаш керек? Ушуга окшогон толгон-токой салттуу эрежелер бар.

Ушунун баары салттуу билим. Бардыгынын жообу бар. Бирок жообун билбей калгандырыбыз канча да, «ой жөн эле айта беришет да» дегендер канча.

Алсак, кыргызда бектердин, бийлердин, байлардын, даткалардын жана башкалардын өздөрүнүн маданияты болгон. Маселен, бектер капа болгонун да, кубанганын да билдирген эмес. Бектин келиндери колго суу куюнун, чай куюп-сунуунун, дасторкон салуунун-жыюунун, дегеле күнүмдүк жашоонун ар бир кыймыл-аракетин өз орду, ыгы менен жасоого үйрөнүшкөн. Булар дагы салттуу билим катары изилденип, өз баасын ала элек. Азыркы мезгилде республика боюнча түрк кинолорун көрүп, андан Султан Сулаймандын убагындагы маданиятка, ошол мезгилде кийилген кийим-кечелерге, жүрүм-турумдарга суктанып, тамшанып турган мезгилибиз. Ал эми түрктөр кайрадан өз эски буюм-теримдерин, кийим-кечелерин калыбына келтирип турган чагы.

Кыргыз кайсы илимге, медицинага таянып жашаган? Кандай тамак жеген да, кандай шартта жашаган?! Эмне кийим кийген? Мына ушул маселелердин үстүндө баш катырар мезгил өтүп баратат. Бүгүн болбосо качан? Мен болбосом ким? – деп шымалана киришүү керек. Болбосо салттуу билимдерди билгендер арабыздан азайып баратат.

Анткени, кыргыздын салттуу билими – кыргыздын кылымдап чогулткан турмуштук бай тажрыйбаларынан улам келип чыккан билим.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×