Добавить статью
11:59, 3 сентября 2013 0

Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр

Нарындагы ири курулуштун күңгөйү жана тескейи

Белгилүү болгондой, учурда Нарын районунун Орток жана Дөбөлү айыл аймактарында Жогорку Нарын суу электр бекеттеринин (ЖНСЭБ) алгачкы курулуш жумуштары бир айдан бери жүрүп жатат. Иштин жүрүшү менен КРнын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев 30-август күнү жеринде таанышты.

Кайнаган иш, жайнаган адам

Нарын шаарынан Нарын дайрасынын тескейин чыгышты карай бойлоп, Орток айыл аймагы башталган чекке жеткенде эле, бир убакта ээн талаа болгон аянтта эки кабаттуу имараттын пайда болгондугу көрүндү. Анын жанында сырты жалтырап бүткөн чакан бир кабаттуу төрт чарчы үй бүтүп калыптыр. Атайын темир тосмолор менен тосулган аянттын ичинде катар-катар тизилген контейнерлер көзгө урунду. Андан ары дагы үч имараттын( бирөө эки, экөө бир кабат) салынып жаткандыгын, ар бир имаратта балдардын иштеп жаткандыктарын көрүп чынында ыраазы болуп кетет экенсиң. Жагдай боюнча оболу «Металлстрой» жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) прорабы Жаныбек Төлөев кеп салып берди.

1-августа иш башталган. Азыр чакан дүкөндүн 80 пайызы бүтүп калды. Ал эми бул эки кабат имарат административдик кеңсе болот. Анын 60 пайызы аяктады. Артындагы үч имарат жатаканалар. Бизге караштуу ушул курулуштарда жалпысы 109 адам иштеп жатат. Анын 65и жергиликтүү тургундар. Учурда 175 контейнер келди. Иштегендерден сырттан келгендер 3 маал, жергиликтүүлөр түшкүсүн тамактанышат. Бир айдын ичинде эки жолу аванса акча берилди, - деди Ж.Төлөев.

Ушул имараттардын аралары каршы терши казылып, суу киргизгенге ылайыкташтырылыптыр. Казылган жерлерге болсо Ж.Төлөев жоопкер эмес болуп чыкты. Көрсө булардан сырткары дагы бир нече компаниялар иш аткарышууда экен.

Биздин милдет таза жана ыплас суулар үчүн түтүктөрдү салуу болуп саналат. Азыркы тапта 19 адам ишти аткарышууда. Баары жергиликтүү балдар. Хундай үлгүсүндөгү экскватор жана Хово унаасы менен ишти аткарып жатабыз. Берилген тапшырма боюнча жалпы узундугу 1 000 метр аралыкты 2,80 см тереңдикте казышыбыз керек. Учурда 300 метр жер казылып даярдалды, - дейт суу-каналды жүзөгө ашырып жаткан прораб Темирбек Асаналиев.

Нараак жакта дөгдүрчөдө унаалар, шоңшойгон бийик кандайдыр шаймандар турат. Жакындап барып, ал жерден алачыктай болгон чатырды дагы кезиктирдик. Мындагылар бургулоочулар болуп чыкты.

Биз 17-августан бери иштеп жатабыз. 26 адамдын үчөө жергиликтүү жарандар. Анткени биздин жумушту негизи адистер аткарышат, - деген КРнын Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин Түндүк геологиялык чалгындоо экспедициясынын (ушундай тил сынган мекеменин) бургулоо тобунун жетекчиси Жекшенбай Калыгулов жасалуучу жумуштардын жөн-жайы менен тааныштыра баштады.

Мобу сиз сураган эки шоңшогой биздин бургулоочу станокторубуз. Булардын мунусу 800, тигиниси 1500 метр тереңдикке чейин казганга кудуреттүү. «Русгидро» менен түзүлгөн келишим боюнча биз 730 метр аралыкты бургулайбыз. Учурда бир станок менен 93 мм диаметрден 29 жердеги чекиттерди 10 метр тереңдикте казып бүттүк. Жумушубуз болсо эки нөөмөттө жасалып жатат. Же болбосо биз сутка бою иштейбиз. Мындан сырткары экинчи станок менен сууну изилдөөдөбүз. Азыр ал 38 метр тереңдикке чейин казып жетти. Биз казган суулар ичкенге болобу же болбойбу, аны изилдешет, - дейт Ж.Калыгулов

Төртүнчү жолуккан замандашыбыз Эшимбек Айтбаев болуп чыкты. Бул жигит жогоруда аталган агенттиктин чалгындоо партиясынын жетекчиси экен. Жекшенбайга баш ийбеген же аны баш ийдирбеген өзүнчө эгемендүү Эшимбектин карамагындагы 19 адам ( анын 9у жергиликтүү) топурактын кыртышын чалгындоону жүзөгө ашырышууда.

Биз ар бир обьекти салынчу жерлерди изилдеп беребиз. 17-августан бери төрт тарабы 2 чарчы метр болгон 34 жерди 5 метр тереңдикте казып бүттүк. Жумушка жараша дагы кошумча адамдарды ишке алышыбыз мүмкүн, - деп кеп кылды Э.Айтбаев. Алар орун алган жерден түштүк-чыгыш тарапта да адамдар жүрөт. Алысыраак жактан ал жактагы талаа бопбоз болуп көрүнүп турду.

Ал жерге бетон завод курулууда, - дешти чалгындап, бургулоочу адистер бизге. Болжолдоп алганда 50 сотыйдай жер 3-4 метр тереңдикте казылып, 1 гектардан ашуун аянт текши шагыл менен төшөлгөн экен. Атайын КамАЗ унаасы, грейдер, жаңы өндүрүшкө кире элек жабдык көзгө урунду. Ал жердеги адамдардын арасынан жетекчибиз деп орто жаштан өткөн салабаттуу кишини көрсөтүштү. Ошентип биз бешинчи жетекчи менен кеп салышып турдук. КРнын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызсуукесипкурулуш» ачык акционердик коомунун нөмөөткер (вахталык) жетекчиси Ыйман Батыркулов азырынча 1,8 гектар аянтка кичи бетон завод салынып жаткандыгын шарданалады.

ГЭСтерди (СЭБ) курууга кубаттуу бетон завод керек. Ал заводду ишке киргизүү үчүн ушул кичи завод салынууда. Азырынча бетонду балдар кол менен жасап жатышат. Буюрса 15-сентябрда завод ишке кирет. Мына бул кытай өндүрүшүнөн чыккан JS-750 деген жабдык толугу менен алынып келинди. Электр чубалгысы тартылып, атайын ТП орнотулуп бүттү. Ушул кичи завод суткасына 200 куб бетон чыгарат. Ал эми төмөн жакка болсо 12 гектар жерге чоң завод курулат. Анын кубаттуулугу саатына 80 куб болот,-деп түшүндүрмө берди Ы.Батыркулов мырза. Бул жерде 23 адам иштеп жатса, анын алтоо жергиликтүү тургундар экен.

Каршылашуу кайдан чыкты?

Ошентип бир эле жерде бир нече мекеме-ишканалар күжүлдөп иштеп жаткан курулуштарды аралап, жумушту топтун өкүлдөрү менен баарлаша кеттик. Дал ушул маалда бир катар кептер калкып чыга келди.

Биздин бригададагылар эки күн иш таштадык, - деди жасалгалоочу жумушчулардын арасынан өзүн Талантбек Мамбеткулов деп тааныштырган жергиликтүү жаран. Анын айтымында, кеп төркүнүнө негизинен үч себеп түрткү болгон.

«Мен 2-августан бери иштеп келе жатам. Иштегенден бери 6,5 миң сом аванса беришти. Жумуш эртең мененки саат 8ден кечки чаат 7ге чейин болчу. Иш таштаганга биринчи Нур деген прорабдын бизге болгон жаман мамилесинен келип чыкты. Ал айтор бизди кулдай эле жумшаганга барды. Экинчиси тамак начар бериле баштады. үчүнчүсү ичкен суубуз жаккан жок. Ачык айтканда айрымдарыбыздын ичибиз өтүп, кээ бир балдардын ичтери ооруй баштады. Акыры 28-29-августа 30дай бала иш таштагандан кийин Нур деген прораб кетип, алмаштырылды. Тамак болсо жакшы берилип калды. Суу боюнча санэпидден кишилер келишип текшерип жатат деп уктук. Ал эми жумуш убактысы кечкисин 1 саатка кыскартылды», - дейт Т.Мамбеткулов. Ошону менен катар Т.Мамбеткулов эч кандай келишимсиз эле иштеп жаткандыктарын билдирди. Береги кинелерге курулушту ишке ашырып жаткан «Металлстрой» ЖЧКнын башкы архитектору жана курулуш иштеринин аткаруучу директору Сергей Чечулин макул эмес.

28-август күнү бул жакта электр энергиясы болгон жок. Ал иш таштоого кирбейт. Ал эми анын алдында биз иштеп жаткандарга аванс акча тараттык. Дароо айрым жумушчулар спирт ичимдик ичишти. Анан прораб аларды иштен бошотуптур. Бирок анын мамилесинен улам өзү жумуштан кетти. Келишим болсо түзүлүп жатат. Жергиликтүү тургундардын 36сы менен келишим түздүк. Табель толтурулуп жатат. Албетте жаңы келгендер бар. Алар менен дагы келишим түзүлөт. Ал эми суу ташыган цестерна дезинфекцияланды. Эми сууну фляга, констрлар менен ташып келүүдөбүз. Биз сууну Кайыңды айылындагы суу чоргодон алып келебиз, - деп жооп кылды С.Чечулин. Ал ошону менен катар жалпы маалыматтарды дагы билдирди.

С.Чечулиндин айтымында, азыр 5 гектар жерде эле иш жүрүп жатат. Ушул имараттар 2014-жылдын апрелинде толук ишке берилет. Ал эми мындагы шаарча 17 гектар аянтты ээлеп, анда 124 орундуу 17 жатакана, 54 орундуу төрт жатакана, 25 орундуу мейманкана, ар бири 200 орундан эсептелген эки ашкана, медициналык, жууп-тазалоочу жана унаа токтотулуучу жайлар, стадион, спорт аянтчалар, клуб, кинотеатр, дүкөн салынат. Ошондо жалпысы 2190 адам иштейт. Алардын 1800ү жергиликтүү тургундар болот.

Жагдай боюнча Нарын райондук санэпид көзөмөл борборунун (РСКБ) адистери тарабынан 18 бөлүктөн турган санитардык көрсөтмө берилгендигин Нарын РСКБнын башкы дарыгери Туратбек Мурадилов белгиледи.

Бизге 27-август күнү мында иштеген айрым жумушчулар оозеки кайрылуу кылышкан. Биздин адистер тарабынан суунун анализи алынып, жыйынтыгында жалпы микроб саны нормадан көп чыккандыгы аныкталды. Натыйжада сууну 3 тонналык цистерна менен ташып келүүгө тыюу салынды. Экинчиден тамак бышыруучу жай шартка туура келбегендиги, муздаткычтын жоктугу, атайын кийимдер кийгизилбегендиги болуп жалпысы 18 бөлүктөн турган санитардык көрсөтмөлөрдү 5-сентябрга чейин аткаруу боюнча көрсөтмө бердик. Ал эми «Металлстрой» ЖЧКнын аткаруучу директору Сергей Чечулинге 5 миң сомдук айып салынды, - деди Т.Мурадилов.

Премьердин канаттаануусу жана капачылыгы

Ошентип кечке жуук КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев 30-август күнү Нарын районунун аймагында курулушу башталган ЖНСЭБдин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мен курулуштун жүрүшүнө курулушчу катары айтсам канааттандым. Бирок азырынча даярдоо жумуштар гана жүрүп жатат. Чоң курулуштар али алдыда. Ага чоң даярдыктар керек. Ошондуктан айыл өкмөттөргө тиешелүү жерлерди пайдаланган жарандар пайдалана беришсин. Биз ГЭС курулат экен деп айдабай же чөптөрүбүздү сугарган жокпуз деген туура эмес, - деди Ж.Сатыбалдиев суроолорго жооп кайтарып жатып. Анткени ал жерден жергиликтүү тургундардын атынан Аятбүбү Касымалиева аттуу жаран өкмөт башчысына атайын кайрылууну жолдоду. Мындан сырткары Ж.Сатыбалдиев Нарын суу электр бекеттерине барчу жолдогу Дөбөлү жана Алыш айылдарынын жолдору келерки жылы толук асфальтталаарын, Кумтөр боюнча экопост эл менен кеңешүүдөн кийин Нарын шаарына же Эки-Нарын айылына жакын жерге орнотулаарын билдирди.

Эртеси күнү же болбосо 31-августа Ж.Сатыбалдиев Нарын шаарынан Эгемендик күндү белгилеп, салтанат-шааниге катышты. Аземди ачкан Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев кыргыз элинин улуу күнү менен казганактаган элди куттуктап, алдыда өткөрүлүүчү Нарын шаарынын 145 жылдыгына кайдыгер карабаган жарандарга ыраазычылык билдирди.

Эгемендик баа жеткис байлык. Биздин ата-бабалар сактап келген Кыргызстанды өнүккөн өлкө кылып келечек муундарга өткөрүп берүү биздин милдет. Ага биргелешкен аракет менен жетебиз. Ошон үчүн ар бир жаранга «Кыргызстанга мен эмне кылдым деп иштөөгө чакырамын», - деп кайрылды Ж.Сатыбалдиев. Коомчулуктун атынан облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Кайып Калназаровго сөз берилди. Ал мындан 22 жыл мурун «Легендарлуу парламентте» олтуруп, Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы үчүн өзү да кол көтөргөнгө катышкандыгын бактылуулук катары баалап, бирок ушул жылдарда өлкө коррупцияга батып, эл байлыгы таланып-тонолуп жоголгондугун, ошондуктан мамлекеттүүлүктү сактап калууда ачык-айкындуулуктагы эл башкаруу саясатынын иштелип чыгышы керектигин белгиледи.

Салтанат азем облустук, шаардык мекеме-уюм ишканалардын жүрүштөрү менен башталды. Ал эми Нарын районунун айыл аймактары тарабынан «Кыргыз көчү» жүрүшү өткөрүлүп, жүрүштөрдүн шаңын бийиктикке чыгарды. Мындай жагдайга ыраазы болгон өкмөт башчысы уюштуруучу башкы үч жаранга (Нарын районунан Нарынбек Карыбековго, шаардан Салтанат Эсенамановага жана театрдан Акелең Кускаковго) атайын кол сааттарды ыроолоду. Ал эми Нарын шаарында Эгемендик күнгө арналган салтанат шаанинин алгачкы аземи чокондолгондон кийин өкмөт башчысы ат тизгинин шаардын батыш тарабында орун алган Борбор Азия Университетинин (БАУ) аймагына бурду. Алгач Ж.Сатыбалдиев БАУнун футбол аянтчасында эгемендик күнгө карата БАУ тарабынан өткөрүлүп жаткан жергиликтүү аймактар аралык футболдук топтордун (командалардын) финалга чыккан оюнчуларына топту тээп берип, оюнду баштаганга батасын жолдоду. Анан кийин былтыр пайдаланууга берилген теннистик корттон бут кийимин чечип салып, облус жетекчиси Канатбек Муратбеков менен бир нече мүнөт теннис ойноду. Мындан соң БАУнун болочоктогу курулуштары тууралуу маалыматтар келтирилди.

Сиздер быйыл курулуштар башталат деп билдиргенсиздер. Ал эми Университеттин кандай салынышы жөнүндө сүрөттөрүн көргөнбүз,билебиз. Мындай техникалар болсо азыр бардык жерде бар. Бирок тилекке каршы курулуш башталбай жатпайбы. Мына биз Нарын каскаддары курулчу жерге барып келдик. Былтыр сүйлөшүү болгон, азыр болсо курулуш жүрүп жатат. Ал эми БАУ боюнча 10 жылдан бери эле күтүп келүүдөбүз. Биз мамлекет тарабынан бардык шарттарды аткардык. Ошондуктан сизден чоң өтүнүч, курулуштар башталса. Болбосо жергиликтүү элде нааразычылыктар бар экендигин билсеңиздер керек,-деди өкмөт башчысы тараптардын өз ара ачык асман алдында жолугушуу маалында БАУнун курулуш директору Грант Робертсон кайрылып.

Курулушту биз негизинен 27 пакетке бөлдүк. 18-сентябрда болсо алгачкы имараттарды салуу үчүн казуу иштер башталат. Сиз келип катышып кетиңиз. Ошондо оболу 170 адам ишке тартылат. Алардын көбү жергиликтүү элден болот. Ошону менен катар Нарындан 15 курулуш компания менен иштешсек дейбиз. Келерки жылы 3 кабаттуу академиялык имарат жана 2 кабаттуу үч жатакана пайдаланууга берилет. Ошентип 2016-жылы БАУ курулуп бүтөт жана студенттер окуй башташат, - деп жооп кылды Г.Робертсон. Ал эми БАУнун коммуникация жана коомчулук менен байланыш департаментинин башчысы Нисар Кешвани курулуштун башкы планы өзгөрүүгө дуушар болгондугун, эми ТЭНдер толук бүткөндүгүн бизге кошумча маалымат кылды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
73958

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
60335

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
65390

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
67231

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
73467

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
103810

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
175141

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
126144

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
117543

16-11-2012
«Калкка кеңеш» галстукчандарга эмне деп кайрылат?
76473

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×