Добавить статью
10:57, 11 февраля 2014 21804

Урматтуу Жамин Акималиевич, арбакты сыйласаңыз обонду ээсине кайрырсыз!

Бир топ жылдан бери көөдөндө жүргөн бир чындык жөнүндө Муратаалы Күрөңкеевдин 150, Атай Огомбаевдин 110 жылдыгына байланыштуу «Тогуз кайрык» конкрусу жөнүндө берүүнү көрүп калып, гезитке кайрылуу даярдап, иним Темирбекке бир ооз айтсам «ал киши ңзү деле кайрыйт болуш керек, кантип эле ушунча элге белгилүү обонду өзүнө ыйгарып алсын дегенинен токтоп калгам. Үч жыл мурун «Жаңы агым» гезитине «Жан эргиткен жалжалымдын сыры» деген көлөмдүү маекти окуганымдан кийин чындыкты элге жеткирүүнү туура көрүп гезиттин редактору Аскер Сакыбаевага кайрылсам ал Акималиев мырзага айткан экен ал киши мага телефон чалып, эртеси ипподромдон жолукмак болгонбуз. Бирок ал киши негедир келген жок. Обон жөнүндө сөз кылбады. Эми «Көк Асаба» гезитинин акыркы санында «Жалжалым» Акималиевдин ыры дагы жүрөт.

1967-жылы раматылык Шекербек Шеркулов менен Талас шаардык маданият үйүндө бирге иштешип калдым. Биз менен Жеңишбек Бопоев, Сыргак Смадияров, Айчүрөк Иманалиеванын атасы Бообек, апасы Сапинарлар жана башка бир топтор иштешип, концерт тик программа менен Казакстанга чейин кыдырып, күнү-түнү бирге жүрүп, ал кишинин таалимин алганбыз. Өзүнүн обон-күүлөрүнөн башка, өзгөчө Атай Оогонбаевдин чыгармаларын бизге көп үйрөткөн жагы бар. Ошол чыгармаларынын бири Атайдын Кетмен-Төбөнүн базарында Сейдана менен айтышкан обону элге кеңири тарап, элдик обонго айланып кеткен, себеби обон айтышка чейин эле элге тарап кеткен обон болгон. Таластын мурунку муундагы ырга ышкыбоздор 50-жылдары эле секетбай ырларды ушул обон менен созолонтуп жүрчү. Учурда деле 70 жаштын тегерегиндегилер ошону ырдашат.

Атайдын бир тууган иниси Бектендин оозунан да, Шеркулов Шекербектен угуп жүргөн айтышты бир нече жолу уккам. Атайдын үзөңгү жолдошу Кожокул Кайнаев деген аксакал 90дон ашып каза болду. Раматылык мага бир нече жолу кайрылып, Атайдын обонун кайрысаңар боло деп жүрүп көзү өтүп кетти.

Ошол обонду кийинки кездерде мен абдан сыйлаган, кыргыздын белгилүү окумуштуу - аграрниги Жамин Акималиевич «Жалжалым» деп менчиктеп жүрөсүз, көрсө обон эле эмес сөзүн дагы Аалы Токомбаевден кытып коюптурсуз. Өзщүңүз 1964-жылы чыгардым дейсиз ага чейин эле эл ырдап жүгөн обон сиздин жашыңыз менен жашташ болуп жатпайбы. Аалыкеңдин алдынан көзү тирүүсүндө өтүпсүз, а Атай ыраматылыктын алдынан кантип өтөсүз?

Урматтуу Жамин Акималиевич, сиз элге окумуштуу катары жана жакшы аткаруучу катары таанымал адамсыз, ошондуктан Атай маркумдун обонун публично өзүнө кайтарып койсоңуз айкөлдүк иш кылган болоор элеңиз. Бул обонду, айтыштын текстине чейин билген адам катары жана мен жогоруда аттарын атаган жигиттер өнөр бакан комузчу, обончу, ырчы жигиттер, алар обондун Атайдыкы экенин далилдеп беришээрине бөркүмдөй ишенип, сиздин жакын кайнагаңыз, Атайдын жээни, Шекербектин шакирти.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×