Добавить статью
7:08, 17 февраля 2014 57845

Муфтиятты реформалоонун негизги принциптери

Ушуга чейинки коррупцияга жол ачуу мүмкүнчүлүгү бар система муфтиятта структуралык өзгөрүүгө түрткү болууда. Негизги көйгөй финансылык кирешенин, аны иштетүүнүн жана көзөмөлдөөнүн жөнгө салынуусунда жатат. Мындан тышкары муфиятта жолго салынышы керек болгон башка көйгөйлөр да бар. Ошондуктан муфтиятты реформалоодо негизги принциптерди белгилеп алуу керек.

Абройлуу муфтият жана муфтиятка болгон ишеним

Коргоо кеңешинде белгиленгендей Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына (муфтиятка) өзгөчө көңүл бурулууда. Азыркы учурда муфтиятты мамлекеттик орган катары кабыл албай туруп ага колдоо көрсөтүү туура чечим. Анткени муфтиятты мамлекеттик орган катары кабыл алууга укуктук-финансылык шарттар түзүлгөн жок. Ыйман фондунун негизинде мамлекеттик бюджетке тийишпестен туруп каржы маселесинде муфтиятка көмөк көрсөтүү менен көптөгөн укуктук идеологиялык сын пикирлерден алыс болуп, мусулмандардын ортосундагы ынтымакты чыңдоо жана муфтияттын аброюн көтөрүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Кыргызстан дин башкармалыгына болгон ишенимди чыңдоо жана башкармалыктын аброюн көтөрүү маселесинде "духовный лидер" деген түшүнүктү жаратуу менен Христиан дүйнөсүн үлгү албоо керек. Анткени Христиан дининде дин адамдары догмалык мүнөздө ыйыктыкка ээ болсо, Ислам дининде дин адамдары ыйык эмес сыйлуу (гана) болуп эсептелет. Ошондуктан муфтияттын мусулмандар тарабынан абройлуу болушу Ислам динин коомго туура түшүндүрүп, туура жана сапаттуу диний кызмат көргөзүү аркылуу гана ишке ашат. Ал эми муфтияттын ишенимге ээ болуусу Исламдын негиздерине таянуу менен өзүнүн милдеттерин так жана (аз чыгымга) натыйжалуу аткарып, адилеттүү, ачык айкын иш алып баруусунда жатат.

Курултай жана уламалар кеңеши

Муфтияттагы көйгөйлөрдү чечүү баарынан мурда Курултайдын укуктарын жана делегаттарды туура белгилөөгө көз каранды. Муфтиятты диний чөйрөнүн же болбосо молдолордун гана муфтияты катары көргүбүз келбесе анда мүмкүн болушунча Кыргызжеринин бардык аймактарынан (дайындоо эмес) шайлоо жолу менен келүүсүн камсыз кылуу керек. Ошондуктан делегаттар ар бир айыл өкмөтүнөн сунушталып, имамдардын жанында сөзсүз муфтият структурасында иштебеген адамдардан да кошулушун камсыз кылуу керек. Ошондо, муфтият жалпы мусулмандардын башкармалыгы боло алат. Ушундай жол менен шайланып келген Курултай тарабынан шайланган муфтий моралдык жактан мусуландардын атынан өкүлчүлүк кылуу укугуна ээ болот. Мыйзам бузуу сыяктуу тийешелүү органдар тарабынан кызматтан алыстатылганга чейин Курултайдан башка эч бир күч муфтийди кызматтан ала албашы керек. Ошондо гана муфтий туруктуу иштей алат жана биринчиден Теңирге, андан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Курултайга гана баш ийип, саясий оюндардын болуу мүмкүнчүлүгү азаят.

Уламалар кеңешинин түзүлүшү бир мамлекетте каттоодо турган коомдук уюм үчүн туура эмес чечим. Уламалар кеңешин мыйзам чыгаруу органына (Жогорку Кеңешке) окшоштуруу логикалык жактан туура эмес. Анткени Мыйзам чыгаруу органы мамлекеттик структурада гана көз карандысыз жана эң жогорку башкаруу органы катары мааниге ээ болот. Муфтият өзүнчө мамлекет эмес жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары коомдук уюмдардын иш аракетин ансыз да жөндөп, көзөмөлдөп турат. Коомдук уюмдун башчысы баарынан мурда мыйзамдарга баш ийет жана Кыргыз коомчулугуна (Курултайга) жоопкер болуп эсептелет. Чыгымдарга жана саясий оюндарга жана ошондой эле кээ бир улаймалардын амбициясына жол ачкан бул органдын мүчөлөрүнүн санын (жетиге чейин) азайтып диний маселелерде гана чечим чыгаруучу орган катары калтыруу керек. Бул кеңеш диний маселелерде гана ой пикирин айтууга укуктуу болуп, кадр жана финансы маселелерине кийлигишпеши керек. Анткени диний билими бар адам кадр жана финансы маселесин да чечүүгө кудурети жете бербеши мүмкүн. Ар бир маселени татыктуу жактар колго алганы туура болот.

Диний маселелерге байланыштуу чечим чыгаруу (фатва)

Диний маселеде чечим чыгарууну эки этапта кароо керек.

- Муфтийдин өзүнүн (жана ошондой эле ага караштуу тийешелүү бөлүмдүн) түздөн түз чечим (фатва) чыгаруусу.

- Зарыл болгон учурда (муфтийдин сунушу менен же болбосо уламалар кеңешинин демилгеси менен) диний маселелерде (гана) чечим чыгаруу укугуна ээ болгон уламалар кеңешинин чечим чыгаруусу.

Каржы маселеси

Муфтийдин өзүнүн милдетин жеткилең аткаруусу үчүн каржы булактары муфтияттан алынбашы керек. Анткени ким каржы булагын жана аны жөндөө укугун колунда кармап турса, ошол жак диний кызмат көргөзүүдө негизги ролду ойнойт. Ошондуктан каржы булактарын жана аны колдонууну муфтияттан алып кою аркылуу эмес, муфтийдин же болбосо белгилүү бир чөйрөнүн кызыкчылыгына иштеп кетүүсүнө тоскоол боло турган механизмди иштеп чыгуу керек. Бул иш чаралар жалгыз муфтийдин чечими менен эмес, муфтийге баш ийбеген курултай тарабынан шайланган жана мамлекеттик, коомдук өкүлдөрдөн турган көз карандысыз комиссиянын коллегиалдуу чечими менен ишке аша тургандай болушу керек. Эгер коллегиалдуу чечим менен ишке ашпаса же болбосо муфтийге көз каранды комиссия аркылуу ишке ашса анда жеке кызыкчылыктар пайда болот.

Финансылык кирешенин негизги булагы диний кызмат көрсөтүү, мыйзамдарга жана шариятка каршы келбегендей киреше алуу жолдорун табуу жана соопчулук иретиндеги жардамдар түзөт. Айрыкча диний кызмат көргөзүү аркылуу каржы булактарын табууга басым жасоо дин башкармалыгынын ар түрдүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүүсүнө түрткү болот. Сапаттуу диний кызмат көрсөткөндө гана башкармалык элдин ишенимине кирип алардын (финансылык) колдоосуна ээ болот. Каржы булактарынын негизгилеринден бири болгон ажылыкты уюштуруу да коллегиалдуу чечим жана көзөмөл менен адилеттүү жана ачык айкын болушу керек. Ажылыкты уюштурууда үлгү алатурган мусулман өлкөлөр бар.

Ошол эле мезгилде каржыны колдонуу чечими да ошол эле комиссия тарабынан ишке ашуусу керек. Муфтийдин жеке демилгеси менен каржы колдонуу укугу чектелип, белгилүү иш чараларда гана белгиленген өлчөмдө каржы колдонуусуна укук берилүүсү керек. Белгиленген өлчөмдөн ашкан каржылоону комиссиянын чечими аркылуу гана ишке ашыруусу керек.

Каржы маселесин көзөмөлдөө Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык тийешелүү органдар тарбынан ишке ашырылгандыктан атайын көзөмөлдөөчү органга муктаждык жок. Коомдук уюмдардан талап кылынган көз карандысыз көзөмөл комиссиясы бул максатта жетишээрлик иш алып бара алат.

Кадр маселеси

Диний кызмат көргөзүү жоопкерчилиги муфтийге жүктөлгөндүктөн кадр маселеси муфтийдин карамагында болушу керек. Анткени ишинин жыйынтыгында жоопкер жак муфтий өзү болуп эсептелет. Курултай тарабынан жоопкерчилик алган жак катары өзүнүн максаттарын ишке ашыруу үчүн өзүнүн командасын түзүүсү нормалдуу нерсе. Имамдарды жумушка дайындоочу эмес, аларадын жарактуулугун белгилөөчү критерийлерди иштеп чыгуу керек. Белгиленген критерийлерге төп келген имамдарды дайындоо муфтийдин жана казылардын укугу болушу керек.

Диний билим берүү

Диний билим берүүнү уюштуруу жана көзөмөлдөө толугу менен муфтияттан алынып билим берүү министрлигине жүктөлүшү керек. Муфтият өзү каржылаган медреселерди жана курстарды ачууга гана укуктуу болот. Ошондо дагы бул медреселердеги окуу программаларын билим берүү министрлиги жөндөп, көзөмөлдөйт. Диний билим берүү жалгыз гана динди билүү аркылуу ишке ашпастан педагогикалык изденүүнү талап кылгандтыктан билим берүү тармагына таандык маселе. Болгону билим берүү министрлигинде атайын диний билим берүүнү жөндөгөн бөлүм ачылып, ал жерге диний билими бар адамдарды тартууну жана мусулман коомчулугу менен тыгыз байланышта иштөөнү камсыз кылуу керек. Бул бир жагынан бирдиктүү программа иштеп чыгууну камсыз кылса экинчи жагынан муфтиятты да көп жоопкерчиликтен жеңилдетип диний кызмат көрсөтүүгө толук кандуу басым жасашына өбөлгө болот.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×