Добавить статью
5:15, 27 марта 2014 70581

Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?

Ала-Тоо жергеси эгемендик алганы кубанычтар менен кошо кайгыларга да кириптер болду. Өнөр-жай, айыл чарба тармактары талкаланса, тоо кен болсо тоодой балээге кабылды. Булар эми экномикалык, социалдык жагдайлар. Ал эми, башкаруу жараяны дагы деле бир нукка түшө албай энтигүүдө. Бийликте айрыкча сот бийлиги чыныгы жана анык ашкере «чулдук бий» экендигин көрсөтүүдө. Айтор, соттон адилеттик күткөндөрдүн күдөрлөрү болуп көрбөгөндөй жыл сайын кетип бара жаткансыйт.

Айран ичкен кутулуп, челек жалаган тутулуп…

Бир караганда учурда жарандардын баарысы эле соттон сотко арызданып, сүйрөлүп жүргөндөй сезилип кетет. Себеби, ар качандан бир качан: «Ишти облустук сот бузду, эми Жогорку сот (ЖС) караганы калды. ЖС бузду, иш кайра баланча райондук сотко келди»,- деген кеп сөздөрдү эшитесиң. Төмөндө ушундай кырдаалдардын экөөнө эле токтолууга аргасызбыз.

2011-жылдын 14-ноябрь күнү Нарын шаардык мериясы №459-б буйругун токуйт. Ал буйрукту шаардык билим берүү бөлүмү (ШБББ) кош колдоп кубаттап, 14 күндөн кийин №43 буйругун кабылдайт. Натыйжада, ШБББнын алдында борборлоштурулган бухгалтердик кызмат түзүлүп, шаардагы бала бакчалардын эсепчилери 2012-жылдын 9-январынан тарта бошотулат.

«Биз иштеп жаткан бухгалтерлер сынаксыз иштешибиз керек», - дешет эсепчилер.

Ал эми, ШБББ: Штат кыскарды. Ошондуктан, бухгалтерлер сынак аркылуу жумушка келесиңер,- дейт.

Акыры бир пикирге келүү мүмкүн болбой, башында төрт, кийинчерээк үч бухгалтер сотко даттанышат. «Чоң Казат» ушинтип башат алат. Натыйжада Нарын шаардык соту 2012-жылдын 7-февраль күнү алгачкы ишти карап, эсепчилердин доо арызын канааттандырбайт. Иш Нарын облустук сотто күчүндө калтырылат. ЖСдан болсо иш бузулуп, кайра Нарын облустук сотко жиберилет. Ошентип арадан бир жыл өтүп, «Санта-Барбара» сериясы экинчи жылга оойт. Акыры, Нарын облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук тутумдук экинчи жолку отуруму 2013-жылдын 16-январында өткөрүлүп, чечим эсепчилердин пайдасына чечилет. Албетте, мерия жана ШБББ мындай чечимге макул болбой ЖСга кайрадан кайрылат. ЖСда болсо иш 2013-жылдын 1-апрель күнү экинчи жолу каралып, облустук соттун чечимин бузуп, ишти кароо дагы деле Нарын облустук сотуна жиберилет. «Чубактын кунундай» чубалжыган иш облустук соттон 2013-жылдын 3-сентябрь күнү үчүнчү жолу териштирилип, жарым жартылай доогерлердин, демек эсепчилердин пайдасына чечим чыгарылат. Мындай чечимге сөссүз нааразы болгонго машыккан тарап ЖСга арыз бүркөт. Арадан 3 ай өткөндөн кийин ЖС 2013-жылдын 6-декабрь күнү үчүнчү жолу чогулуп, А. Ажибраимованын жетекчилиги менен ишти карап, эсепчилерге 68 миң 400 сомдон 132 миң 528 сомго чейин каражат өндүрүлсүн деген чечимге келет.

«Биз эки жылдан бери сүйрөлүп келе жатабыз. Акыры соттор футбол тобундай каалагандай тебишип, болгону бир жылдык эмгек акыларыбызды төлөтүүгө чечим кабыл алды. Жогорку сотко эле 3 жолу бардык. Бирок, мына март айы келип ортодон 3 ай өттү. Ал эми, Жогорку соттун чечими аткарыла элек. Айтор соттун чечими аткарылбагандан кийин, башканы кеп кылып кереги жок экен», - деди 2012-жылдан бери өздөрүнүн кызмат орду үчүн күрөшкөн бухгалтердин бири Майрам Ысмайылова.

Ышкынга баргандар, ойлору башкалар

Эки пенде ышкынга чогуу барышат. Бирөө ышкын издейт, бирок экинчисинин оюу башкада болот. Мына ушуга окшогон эки жаран өз ара соода кылышып, акыры экөөнүн ойлору ар башка болгондуктан соттошо башташат. Аларды соттор 3 жылдан бери оромпой тептирип келе жаткандыктары белгилүү болду. Экөө тең айылдаштар, чогуу иштешкен курбалдаштар. Анда кеп башынан болсун.

«Мен союз убагында Чет-Нура айылына там салгам. 1994-жылы тамымды ушул айылдык Токтобек Баатыркановдун «Нива» унаасына башма-баш алмашкам. Ал бир жыл жашап, кайра атасынын үйүнө көчүп кеткен. Там ошол бойдон кароосуз калды. Акыры унаанын документин бүтүрүп бер десем, ар кайсы шылтоолорду айтып жыл өткөрө берди. Бирок, унаа Ак-Талаа районунда жашаган адамдын наамында экен. Тамга киши жашабагандыктан эскире баштады. Мен болсо унааны ал, тамымды бер дедим. Себеби унаасын кандай алсам, ошондой акыбалда токтотуп койгом. Акыры айла кеткенде тамды башка адамга сатып жибердим. Бирок, Т.Баатырканов сотко арыз жазып, 2011-жылдын 10-майынан бери кайра-кайра сот болуп жатат. Жогорку сотко 3 жолу бардык. Айтор, жалпысы 8 жолу сот болду окшойт. Мен соттордун минтип мышык-чычкан кылып кел жаткандыктырын бир нерседен эле көрөм. Анткени, 2011-жылы Атамбаев президенттикке талапкер болуп Нарынга келгенде ушул Баатырканов ат мингизип тосуп алган. Ал КСДПнын мүчөсү, Чет-Нура айыл аймагы боюнча координатор. Ошондуктан, ат мингизгендерге өзүнчө мыйзам барбы деп ойлойсуң», - деди азыркы учурда Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы Ак-Булуң айылынын тургуну Сагынбек Ибаков.

Мындай кинеге экинчи тараптын өкүлү Токтобек Баатырканов макул эмес.

«Өзү менин жанымды койбой жатып «Ниваны» алып кеткен. Биз айылдык кеңештен күбөлөндүргөнбүз, тил кат дагы алышканбыз. Кийин унааны талкалап салып, кайра ал дейт. Экинчиси, мен жайлоодо жүргөн маалда үйдөн эмеректерди чыгарып, атамдын үйүнө алып барып таштаган жана башкага сатып жиберген. Көрсө ал тамды күрөөгө коюп банкттан акча алып жүрчү экен. Ошентип чыр чыгып, соттошуп жатабыз. Туура Атамбаевге ат мингизгеним чын. Бирок, президентке таянганымды далилдесин да. Унааны айдай албай талкалап, бузуп салса, кайра мен алмак белем», - дейт Т.Баатырканов.

Ошентип, ушул эки адамдын эле өз ара соода чыры Жогорку сотто 2011-жылдын 5-октябрында (төрагалык кылуучу Р.Сариев), 2012-жылдын 12-ноябрында (төрайымдык кылуучу Д.Арстанбаева) жана 2013-жылдын 24-июнунда (төрайымдык кылуучу Н.Сатыбалдиева) үч жолу каралган экен. Андан соң чырдашуу Нарын райондук сотунда 2013-жылдын 6-декабрь күнү каралып, иш 2014-жылдын 11-февралында Нарын облустук сотто териштирилди. Бирок, чечимге нааразы болгон Сагынбек Ибаков кайрадан Жогорку сотко арызданууда.

Өз ар жүргүзүлгөн аласа менен бересенин айынан эки тууган 3 жылдан бери соттон сотко сүйрөлүп жүрүшөт.

Булардай убара тарткан, жапа чеккен, убактылары кеткен, эң башкысы бөөдө эле убайым тарткан адамдар канча болду экен өлкөдө?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
158341

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
77571

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
108337

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×