Добавить статью
5:42, 30 октября 2014 72293

Эки аймактын эки башка капчыгы

Жергиликтүү бюджет жамаатка тиешелүү

Соңку жылдары өлкөбүздө жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) жараянына толук кандуу эмес абалда болсо дагы, акырындык менен аларга акча каражатын ыйгаруу ишке ашырылып келүүдө. Ар бир ЖөБдүн өз алдынча өнүгүүсүнө албетте, накталай акча каражатынын болушу башкы ролду ойноору белгилүү. Ушундан улам жергиликтүү бюджеттер (ЖБ) айыл аймактарда ар кандай суммада топтолууда. Биз Нарын районунун эки айыл аймагындагы өздөрүнүн мындайча айтканда «жеке менчик» акчаларынын чогултулушу жана чыгымдалышы тууралуу сөз кылууга далалат жасадык.

Бирөөнүкү 1,5, бирөөнүкү 9 миллион сом

Нарын районунда 15 айыл аймагы бар. Алардын он төртүнүн ЖБ капчыгы негизинен бирдей эле 1-3 миллион сом болсо, жалгыз Эмгекчил айыл аймагынын ЖБ каражаты 9 млн сомдон ашат. Маселен райондогу бышыкчылыктуу жана сугат айдоо аянты арбын саналган Жан-Булак айыл аймагынын быйылкы жылдагы ЖБ каражаты 1 млн 469,2 миң сомду түзсө, Эмгекчилдин өздүк жеке акчасы Жан-Булактан 6,2 эсеге көп болууда. Мунун себеби Эмгекчилде алтын кенин ылгоочу ишкананын бар экендиги менен түшүндүрүлөт. Береги эки айыл аймактын окшоштугу экөө тең бир гана айылдан тургандыгы.

Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Жумабүбү Эсенканова быйылкы жылдагы жалпы бюджет 3 млн 639,6 миң сом менен бекитилгендигин билдирди. Бул акчанын 1 млн 469,2 миң сому ЖБ болсо, калган акча теңдештирилген гранттан келген каражат болуп саналат. Ал эми Эмгекчил айыл аймагынын каржы бөлүм башчысы Батма Жолочиева өздөрүнүн жалпы бюджети 12 млн 121,6 миң сом менен бекитилгендигин, бул каражаттын 9 млн 137,5 миң сомун ЖБ түзөөрүн маалымдады. ЖБга түшкөн акчаларга баам салганда Жан-Булак айыл аймагы (мындан ары Ж) жер салыгынан 220 миң, Эмгекчил (мындан ары Э) 127 миң, жалпы патенттен Ж 40 миң, Э 94 миң, огороддон Ж 16,5 миң, Э 38,3 миң, кайра бөлүштүрүү корунун ижара төлөмүнөн Ж 157,4 миң, Э 48,1 миң, транспорт салыгынан Ж 140 миң, Э 317 миң, айыптан эки айыл аймак тең 5 миңден, атайын каражаттан Ж 50 миң, Э 90,8 миң сомду ушул жылы чогултушу керек экен. Мындай алганда салыктын жана төлөмдөрдүн салмактары негизи бирдей. Бирок Жан-Булак айыл аймагы киреше салыгынан 675 миң сом божомол планды кабыл алышса, Эмгекчилдиги 2 млн.60 миң сом деп бекитилген. Себеби Эмгекчил айыл аймагында Солтон-Сары алтын кен ишканасы орун алгандыктан улам КРнын өкмөтүнүн токтомунун негизинде ушул кен ишкананын кирешесинин белгилүү пайызы айыл аймакка которулуп турат. Натыйжада жогорудагы киреше салыктан сырткары 3 млн.284 миң сом кен байлыктан атайын чегерилмекчи. Мына ушундай аймагында кен байлыгы иштетилген Эмгекчилде акча каражаты Жан-Булакка караганда 6 эседен көп болууда.

Эми чыгымдоого назар салсак, Жан-Булактын айылдык Кеңеши учурдагы оңдоого 82,7 миң сом бөлсө, Эмгекчил 750,7 миң, ар кандай чыгымга Ж 376,3 миң сом караса, Э 577,1 миң, бала бакчанын тамак-ашына Ж 74,8 миң, Э 270 миң, электр кубатына Ж 172,3 миң, Э 792,7 миң, транспортко Ж 98,4 миң, Э 220 миң сомду бекитишиптир. Жан-Булакка салыштырмалуу Эмгекчил айыл аймагынын депутаттары каналды оңдоого, көпүрө салууга деп 4 млн. 372 миң, көмүр алууга 458 миң, чарбалык жабдыктар үчүн 596 миң сомду бөлүп беришкен.

Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Дүйшөнбек Шеримбеков ЖБдан каралган ар кандай чыгымдардан быйылкы жылы Жан-Булак айылынын борбордук көчөсүн түнкү жарыктандыруу үчүн чырактарды алууга 120 миң сом жумшалып жаткандыгын белгилесе, Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Эсенбек Кылжыров ЖБдан айылдагы бала бакчанын тамак-ашына жана имараттын септиги үчүн 350 миң сом, орто мектептин оңдоо жумушуна 816,1 миң сом, мектептин короосун брусчаткалоого 401,1 миң сом, айылдагы таза суу үчүн 150 миң сом, китепканага эмерек алуу үчүн 85 миң сом жана айылдын башкы планын чийүү үчүн топографиялык картасын (съемка) чийдирүүгө 443 миң сомду жана жогоруда белгиленгендей дээрлик 4,4 млн.сомду 1200 гектар аянтка суу алып келүү үчүн бөлүнгөндүгүн маалымдайт.

Элеттиктердин энөө тиричилиги

Ошентип жергиликтүү бюджеттери асман менен жердей айырма болгон эки айылга барып, эң өкүнүчтүү абалга да тушуктук. Ушул эки айылда тең калк катмарынын өздөрүнүн капчыктары үчүн кызыкчылыктары жокко эсе экендиги айгинеленди.

Кеп кезеги Эмгек айыл тургундарында.

Ырысбек аттуу жаран: айыл өкмөттө акча бар экенин билебиз. Бирок кайда жумшалат билбейт экенмин.

Алсейит Арстанбеков: Үч-Чат деген жерибизге суу чыгарганга, таза сууга, ФАПка, мектепке, китепканага акча берилип жатат деп жыйналышта айтышкан. Чынында кайсынысына канча акча бергендерин билген деле жокмун.

Сабыр Жумабеков, 84 жаштагы карыя:- Чогулушка деп айтып калышат. Мурда көп киши барчубуз. Кийин барбай деле калдык, балам. Ал эми баланча акчаны жерге, машинага бер дешет, айткандарын беребиз. Мисалы бизде ГАЗ-53, Ауди деген машиналар бар. Бирок акчаны кайда жумашашат, аны айыл өкмөттөгүлөр өздөрү эле билбесе, биздин ишибиз деле жок да, айланайын.

Жунус Бектуров, айылдык ардагерлер Кеңешинин төрагасы: 2013-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөттө 7 млн сом калдык калды деп укканбыз. Ал акчаны кандай пайдаланып жатат, чынында жабык, элге белгисиз.

Нарынбек Максымбаев, айыл өкмөттө жер адис: Айылдык Кеңештин 11 депутаты бар. Бюджетти алар бекитишет. Жарым жыл сайын айыл өкмөт акча каражатынын чыгымдары боюнча элге жана депутаттарга отчет берилип турат. Эми биздин эл кызык да. Жыйналышка кел деп чакырсак, оңой менен келишпейт. Анан түшүнүп-түшүнбөй эле бир нерселерди айта беришет.

Ал эми Жан-Булак айылынын тургундары мындай пикирлерин билдиришти.

Ташболот Апсалиев, айылдык аксакалдар сотунун төрагасы: Мына мени айылдык кеңештин сессияларына такыр чакырышпайт. Ошондуктан бюджет ачык-айкын эмес.

Шүкүрбек Абдыралиев, айыл аймактагы «Кызыл-зоо Достук» суу пайдалануучулар бирикмесинин башчысы:- Айыл өкмөттөгүлөр айткан жер салыгын, ФПСтеги жерге салыгын, огород, соцфонд дегендерин баарысын төлөймүн. Жыйналыш болоорун угам, бирок чынында катышпаймын деле. Негизи бюджет боюнча ишим деле жок. Менин жумушум бизге тиешелүү 1280 гектар сугат жер бар, ошого сууну камсыздоо жана акчасын өндүрүү.

Табылды Капысов, фермер: Жерге, сууга, үйгө деген салыктарын өз убагында төлөп турам. Бюджет боюнча жыйналыш болоорлугун укпаптырмын. Себеби кызыкпаймын деле. Бирок чын эле биз берген акча кайда, эмнеге жумшалып жатат деп сурап, билип турбаган менин күнөөм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
59223

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
92740

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
64203

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
66051

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
72282

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
102070

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
171777

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
123738

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
115565

16-11-2012
«Калкка кеңеш» галстукчандарга эмне деп кайрылат?
75427

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×