Добавить статью
7:14, 10 декабря 2014 92227

Россия падышалыгынын кыргыз жериндеги башкаруу-соттук саясатынын элдик ырларда баяндалышы

Орус падышалыгынын мезгилинде кыргыздын башкаруучулары сот иштери да, кылмыш иштери да, укуктук маселелер, жарандык укуктары да манаптардын түздөн-түз текшерүүсүндө турган, ооба мындан башка да болуштарда элдик сот деген иштеген. Андан башка соттордун элдик курултайы чукул чакырылган, мында деле кедейдин укугу тепселенген бойдон калган, бирок булардын деле чечими, токтомдору орус башкаруучусунун жана манаптын же анын адамдарынын көзөмөлүндө болгон. Ошондуктан Россия падышалыгынын мезгилинде кедей эч качан теңчиликке жеткен эмес. Сот иштери адамдардын байлыгына, аймактагы ээлеген кадыр-баркына жараша болгон. Демек, бий менен казылар колунда бар, бийликте отурган манаптардын, байлардын айтканын аткарууга тийиш дегенди билдирген.

Ал эми бул туралуу эл ырларында:

Ат менен чапан айыпка,

Тендик бербей зайыпка.

Чолок, мунжу, майыпка.

Нар өлтүргөн пулдууга,

Эр өлтүргөн кундууга ,

Арзын айтып ыйласа,

Көз салбаган мундууга, - деп ырдалган ырдагы маалыматты тарыхый маалыматтар менен иликтеп, К.Yсөнбаевдин пикирине таяна турган болсок : «Катардагы кыргызга жалаа жабуу жана ага жок жерден малды уурдады деп, кылмыш козголсо, анда бай адам утушка ээ болгон».

Элдин арызын эч ким уккан эмес, назарына да албаган, ал эми манаптар , орус бийлигинин башкаруучулары карап да койбогон. Мындай маалыматтардын бири Шамшы болуштугундагы Пишпек уездинин бир бай адамы 1910-жылдын 23-апрелинде 374 боз үйдүн ээси катарында кедейдин үстүнөн бийге арызданат, натыйжада кедейге бий, «тогуз» кара малдан айып салат, мындай тогуздап айып төлөтүү кыргыз кедейлерин жок жерден шылтоо менен айып төлөтүп, жакырчылык чегине жеткирген, кемсинткен. Демек, элдик ырда баяндалган окуялардын чындыгы бар экенин тарыхый фактылар да далилдеп жатат.

Ошентип элдин аң-сезимин манаптар, орус падышалыгынын отордук саясаты элди изоляциялап, биротоло баш көтөргүс кылып баш ийдирип алышкан, мындай башкаруу, сот иши элдин келечекке болгон үмүтүн үздүргөн, алардын сабатсыздыгынан манаптар, орус башкаруучулары пайдаланган улуттук жигерин мокоткон. Аны менен бирге эле кыргыздын карапайым эли кур бекер эле орус оторчулардын сотунан, бийлигинен акыйкат издешкен. Демек, бий жана казынын укуктары чексиз болгон, аларды эч ким көзөмөлгө алган эмес.

Жогорудагы ырда баяндалгандай соттолгон шордуудан ар кандай белек-бечкек, урмат-сый көргөн, акча алган, анысы аз келгенсип ак жеринен соттолгон, же айып төлөгөн, бий, казы жең ичинен алган акчасын, малын, буюмун болуш, бай, манаптар менен бөлүшкөн, демек, сот иштери-бий, казы, орус башкаруучулар үчүн гана кызмат кылган жана баюунун бир туткасы болгон.

Ал туралуу элдик ырларда:

Бай, манапка кул болгон,

Бакыр кедей карыбы.

Байларга бүтөм тогуз ой,

Күндө майрам, күндө той.

Бай-манаптын кылганы,

Барымталап карма сой.

Калың малы жүздөн кой,

Катын албай кедей бой.

Кыз качканда кырк жылкы,

Кегедеги бүтөм ой.

Ырда баяндалгандай бай-манаптар карапайым элдин эсебинен ар кандай «кошумча деп жыйымдарды» жыйнап алып, шапар тээп, күндө той, күндө жыргал жашоону кыргыз жана орус башкаруучулары жашоо кечиришкен.

Аны менен бирге эле орус келгиндеринин администрациясы өзүнүн милдеттерин гана аткарбастан, алар полиция жана сот иштерин да аткарышкан. Орус падышалыгынын башкаруучулары жумуштарды аткарууда чон жана кичине чиновниктердин бары, анын ичинде аскердик чини боюнча подполковник, полковниктер, эмгек акысы менен үй-бүлөсүн толук камсыз кыла алышпаган. Алардын аялдары аргасыздан кошумча жумуштарды аткарууга дуушар болгон, маселен: кийим тигүүчү, билим берүүдө жана тамак жасап сатышкан. Демек, материалдык аспектиден караганда орус келгиндеринин башкаруучулары жарды болушкан жана маданий борбордон алыс болгон, ошондуктан орус коомунда бул аймакта эмгектенүү, орусиядагы орустар үчүн «сүргүн» катары эсептелген менен кошумча баюнун жана кирешенин булагы болгон.

Кыргыз жерине келгиндердин айрымдары орус бийлигине каршы чыккан же падышанын бийлигин жактырбагандарды, Орусияда айып төлөткөн же Орто Азияга сүргүнгө айдаган, ал эми айрымдары бул аймакка чиновник болууну каалап келгендер жана келгиндер негизинен мамлекеттен кредит алгандар, ошондой эле келгиндердин айрымдарынын үй-бүлөлүк абалынын туруксуздугунан, ошондой эле орус чиновниктердин аздыгынан же кызмат абалынын жогорулоо үчүн келишкен. Ошону менен катар эле алардын арасынан да өз ишине жоопкер болгон чиновниктерди кезиктирүүгө болот.

Ошол эле кезде авантюристтерди, паракорлорду, элдик революцияны колдогондор да болушкан. Мына ушундай башкаруучулар кыргыз жерине келишип орус падышасынын отордук саясатын ишке ашырышкан, айрым учурларда полициянын башчысынын үстүнөн арыз түшсө, анда ишти пристав кароого укугу бар, бирок ал анын ишинен кемчилик таппайт.

Ал эми акын Молдо Кылыч ал туралуу ырларында:

Замананын дартынан,

Далай адам улушту,

Пайда табам дегендер,

Көп залалды көрүштү.

Караңгы элди чайкаган,

Чала болот кыргызга.

Жамандык чыкса жарашып,

Өзүнчө салбай калыска,

Эрегишип тил албай

Yйөзгө барат арызга.

Айгак болуп жөгөрөп,

Жетип барат алыска.

Билсе кимди аясын,

Дини башка болгон сон,

Yркүнгө кайдан карасын.

Санына салып кишенди

Шибердин айдайт жолуна.

Г. И.Бройдонун билдирген маалыматына таянсак, анда ырда айтылган маалыматтын чындыгына ишенебиз, маселен: «Полиция бөлүмүнүн башчысы Матвеевдин старчыны кайсы бир кыргызга протокол түзөт, кыргыз 10 сом берет, кол коюлган протокол тытылат. Анын бары күбө алдында болот. Пара берген кыргыз тытылган протоколдун бир нече айрыктарын жыйнап алат. Бул иш боюнча бир арыз прокурорго, экинчиси губернаторго жөнөтүлөт. Ишти текшерүү ошол эле Матвеевге жүктөлөт». Натыйжада жең ичинен иш бүтөт жана арызданган болуш кызматынан түшөт жана 7 суткага камалып, иштен бошотулган. Жаңы болгон болуш жана катчы менен тил табышып алып, андан ары Матвеев өзүнүн ыплас ишин уланта берген.

Чыныгы ээнбаштык болуштун салыгында болгон, алар «чыгым, журтчулук, ынтымак, жардам» деп каалагандай салыкты жыйнап алган, алардын укуктарын эч ким чектеген эмес, кайра орус бийлиги алары колдоп турган. Болуштар кол алдындагы адамдарды каалагандай башкарган, кээде алар үй буюмдарына деп ашыкча салыктарды да төлөтүшкөн. Кээде уурулук кылбаган адамды да коркутуп кол койдуруп камап салган учурлар болгон. Демек, орус келгиндеринин башкаруучулары, жергиликтүү болуштар артыкча укуктарынан пайдаланып ээнбаштыкка барган жана орус чиновниктери да элди башкаруу боюнча тарбиясынын, тажрыйбасынын жоктугу, мындай ыкма менен башкаруу илдети кадимки жашоонун ыргагына айланган, акыры келип элдин канына синип бара берген жана кадимки жашоонун формасы болуп калган. Ошол эле кезде чиновниктердин бир азы гана кыргыздардын тилин билген. Көбүнчө адмнистраторлор тилмечтерге көз каранды болушкан, которуу учурунда тилмечтери туура эмес же тигил же бул тараптан пара алып алган учурлар кездешкен. Кээде арызды тилмеч татарлар окуп түшүнгөн, түшүндүргөн.

Кыргыздардан тилмечтер аз болгон, болсо да сабатсыз жазган. Демек, тилмеч кандай которсо администрациянын иши да, сот иштери да ошого жараша чечилген. Көптөгөн орус чиновниктери аскер адамдары да болушкан, ошондуктан компетентсиз болушкан. Бул жөнүндө географ жана саякатчы М.Венюков: «Сан жагынан алып караганда орус офицерлери өтө көп болгон, алар орустардын жана мусулмандардын мыйзамдарын жакшы билген эмес, деп жазган.

Ошентип моралдын өтө төмөнкү денгээлдиги жана материалдык байлыктын жетишсиздигинен паракорлук күчөп- кеткен, күчөй берген. Паракорлук күчөп кеткендиктен аны жоюуга областтык адмнистрация, юстиция министрлиги менен бирге күрөшүүнү ойлогон , бирок эч кандай натыйжа бербеген, анткени «жен ичинен иш бүткөн» деген сөз өкүм сүргөн, мындай ишке кыргыздар да көнө баштаган, акырындык менен канына сине берген. Кимдин колунда бар болсо же «оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн»,-деген лакаптын эл арасында пайда болушуна себепкер болгон. Мына ошентип кыргыздын жашоосуна, салтына жат болгон жашоо образ, орус келгиндери келгенден баштап кадимки жашоонун нугуна айлана баштаган. Бирок орус падышалыгы аймакты каратып алуу менен бирдикте келгин орустар, алгачкы күндөрү элдин салтын сактоого көп аракет кылган, ошол эле кезде казылардын башкаруу –сот иштерине бир аз өзгөртүүлөрдү киргизүүгө далалаттанган. Бирок алар сот иштерин дурус билген эмес, ошондуктан, элдик судиянын иши 1886-жылы гана казы менен бийдин сот иши ишке ашкан. Алар сот ишин жүргүзүү менен пара алууну уланта берген же уруулаштарынын кызыкчылыгын көздөшкөн. Ошондуктан сот иши кээде бир нече айлап, жылдап сот иши жүргүзүлгөн. Ооба алар орус оторчуларынын гана эмес, жергиликтүү сот ишин билбеген адамдар болушкан. Кыргыздын бийлери сот ишин адатка эмес, уруулук кызыкчылыкка карап, байлыгына карап жүргүзгөн, анысы аз келгенсип бийлер укуктук билими болгон эмес.

Ал эми, орус администрациясы бийлердин иш кагаздарын текшерген да эмес.Н.Дингельштеддин жазгандарына караганда: Түркестандагы жана кыргыз жериндеги сот иштерин орус бийлиги таптакыр эле иши болгон эмес, болсо да көңүл кош мамиле жасаган. Ошондуктан бийлер, соттолгондордон «бий алым» салыгын алышкан, ал салык 10 пайызды түзгөн. Түркестандагы орус оторчуларынын сот иштеринде да кемчилик көп болгон (1886-жыл, мировой соту) жана округдук, (областтык) сотторунда. Судиялардын теңинен көбүнүн билими талапка жооп берген эмес. 1882-жылы 17 уезддин ичинен 10 адамдын гана жогорку жана орто билими болгон. Ал эми 4сү эч жерде окуган эмес, бирок сот иштери боюнча практикасы болгон, ал эми калган 3-сүнүн билими да, иштеген кызматы да эч кандай талапка жооп берген эмес. Албетте сот иштерине оторчулардын администрациясы кийлигишип турган. Генерал-губернатордун циркуляры 30.7.1868-жылы областтын аскер губернаторунан, анын жардамчыларынан, бөлүмдүн аскердик-округдук башкаруучуларынан бийликти тартып алган. Аларга түшкөн граждандык, кылмыш иштер боюнча арыздар адмнистрациянын көзөмөлүндө турган. 29. 1880-жылдары аскер-губернатор бардык сот иштерин жүргүзгөн инстанцияларды текшерип турган, керек болсо кызматынан кетирген кемчиликтери үчүн жазалаган.

Чындыгында бул иш аракеттери аскердик-губерниянын жана административдик басымга айрыкча адвокаттар дуушар болгон, себеби жергиликтүүлөрдөн арыздар түшкөн. Мисалы: 1877-жылы бийдин кабыл алган чечиминде адвокатка каршы резолюция кабыл алып жарыялаган, анда: «жергиликтүүлөрдөн түшкөн арыз боюнча, ал адам аймактан четке чыгарылган». Мындай көрүнүштөр Түркестанда жана кыргыз жеринде 30 жылдан кийин деле өкүм сүргөн. Мисалы, 1908-жылы самарканддык Лейбензон аттуу присяжддык сотту, элдик соттун чечиминин негизинде пара алгандыгы үчүн күнөөлөнгөн. Бул үчүн Лейбензон мырзаны самарканддын окруждук соту сөгүш берген. Бирок, орус бийлиги кечирген эмес, натыйжада Лейбензон мырза аймактан чыгарылган. Демек, орус оторчуларынын аймактагы сот бийлиги кээде элдин талабын аткарууга кайсы бир деңгээде аткарууга аракеттенгенин да байкоого болот, бирок мындай чечим элдин арасында чыр –чатак чыгып кетпесин деп гана жана элди тынчтыкта кармоо үчүн, элди сооротуу максатында көз боемочулук катары кароо керек экенин белгилейбиз.

Элдин сот ишине болгон ишеними азайган, ал туралуу Курманжан датканын арманында:

Алакандай элимин,

Аздыгына күйөмүн.

Тили буруу душмандын,

Кастыгына күйөмүн.

………………………

Башчысынан айрылып,

Чачылганга күйөмүн.

Демек, орус келгиндеринин келиши менен элдин эл уулдарынын улам азайышы, куугунга алынышы, алардын ордун кузгун сыяктуу эл башчыларынын ээлик кылуусу жана тили буруу келгиндердин элди, жерди башкаруусу жана элдин чачыранды болуп эч кимге баш ийбей баш аламандыкка кириптер болгонун ырда баяндоо менен бирге эле, коомчулукта орус келгиндеринен кыргыздар паракорлукту, жатып ичерликти, шылуундукту орус отрчуларынан кыргыздардын башкаруучулары үйрөнүп, натыйжада ээн баштык, жемкорлук кыргыздын аң-сезимин биротоло ажырыктын тамырындай чырмай баштаган, кыргыз эли улуттук салтынан ажырай баштаган жана баш аламандыкка кириптер болгон, ошондой эле кыргыз коомунун негизги өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы, локомотиви «пара берүү, бара берүү» деген принцип болуп калган, ошондой эле 60 жылдай элди башкарган орус оторчуларынын саясаты элдин, улуттук, укуктук эркин мокоткон жана эркиндикке, боштондукка чыгуусун акырындап жарата берген.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×