Добавить статью
7:05, 15 декабря 2014 65340

Памирдеги боордошторго сапар

Ооган Ислам Республикасындагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга 2014-жылдын ноябрь айында гуманитардык жардам жеткирип келдик.

Бул катардагы тѳртүнчү экспедиция. Биринчи экспедиция 2008-жылы август айында, экинчиси декабрь айында Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн буйругу менен аткарылган. 2013-жылы ноябрьда барганда жана 2014- жылы ноябрь айында экспедиция Ѳкмѳттүн буйругу менен ун, кум шекер, туз, кийим кече, жууркан тѳшѳк, дары дармек жеткирди. Экспедициянын жетекчиси катары Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, курамында депутат Мирлан Бакиров жана тийиштүү министрлик, ведомстволордон ѳкүлдѳр болушту.

Белгилүү болгондой, гуманитардык экспедиция Тажик Республикасынын Тоолу-Бадахшан автономия облусунун (ТБАО) Мургаб жана Ишкашим райондору аркылуу ѳтѳт. Эки мамлекеттин ортосундагы достук катнаштын ушундайда кереги тиерин биз жон терибиз менен сезип жүрѳбүз. Биздин коопсуздугубузду сактоо боюнча Тажикстандын күч органдары жакшы аракет жасашат. Кыргызстандын чек арасынан ѳткѳндѳн тарта кайра чыкканча коштоп жүрүштү.

Ооган Ислам Республикасынын Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздардын абалы дагы эле оор. Мындай жашоону душманыма да каалабайт элем. Эмне себептен чечкиндүү саясий чечимге келе албайбыз? Эгерде алардын жашоосу 200 жыл бизден 300-500 жыл дүйнѳлүк цивилизациядан артта калбаса аларга кош кѳңүл салып койсок болот эле.

Биздин маршрут Бишкек-Ош-Мургаб (Тажикстан)-Кичи Памир (Афганистан)-Мургаб -Чоң Памир (Афганистан)-Мургаб –Ош-Бишкек болчу. Тилекке каршы Мургабка келгенде ТБАО чек ара жетекчиси генерал биздин экспедицияны экиге бѳлүп эки жака жиберди. Биз макул болбоско аргабыз болбогондуктан, «конокпуз» деп кала бердик. А. Алымкулов жетектеген бир бѳлүгүбүз Кичи Памирге кетти, М.Бакиров жетектеп бир бѳлүгүбүз Улуу Памирге жѳнѳдүк.

Мургабтан 6 КАМАЗды үчтѳн эки жака бѳлүп жѳнѳдүк. ТБАОнун Зор Кѳл аймагындагы Харгуш заставасынын жанындагы чек арадан Ооганстандын Улуу Памирине ѳттүк. Улуу Памирге биз кечки саат 4-5 чамасында жеттик. Кыргыздар каз катар тизилип тосуп алышты. 200 гѳ жакын адам келишиптир. Кыргызстандан гумм жардам жѳнѳдү дегенде эле оогандык кыргыздар чек арага жакын жерге боз үй, чатырларын куруп бизди күтүп жатышыптыр. Биз жеткенде 6 күндѳн бери күтүп жатабыз дешти. Аялдарын, бала-чакаларды кошуп жакынкы кыштоого топтоп коюшуптур, анткени суук 30-35 градуска чейин жетип, бизге арнап тигилген боз үйлѳргѳ бары батышмак эмес.

Жан алы калбай бүгүн бул жерде коносуңар дешип койлорун союп бышырып, чий боорсок, каттамаларын даярдап отурушуптур. Түндүн бир маалына чейин бир боз үйдѳ ортого от жагып (отун жок, кѳң жагышат), экинчи боз үйдѳ темир меш жагып баарлашып отурдук. Азаттыктын кабарчысы Али Токтакунов, аларды ырдатып, «Кара жорго» бийлетип чоң тамаша уюштурду. Депутат алардын кѳйгѳйлѳрүн угуп суроо салып отурду. Мен болсо айыл башчыларын (алар Ооган ѳкмѳтү тарабынан дайындалып, шура деп аталышат) утур утурлап жаныма чакырып алып ѳзүмчѳ каттоо жүргүздүм. Чоң Памирде Беш Кѳнѳк, Байтѳбѳт, Моло, Ыстык, Шобур (Шамалдуу), Толубай деген 6 айыл (шура) бар, аларда 135 үй-бүлѳѳ жашайт экен. Адам саны 707 плюс-минусу менен. Кѳпчүлүк үй-бүлѳѳ бай жашашат, азчылыгы кембагал. Бай деген үй-бүлѳѳнүн 200-700 чейин кой, эчкиси, 10-30 топоз, 10-30 тѳѳ, 3-4 жылкысы бар, ал эми кембагалынын 10 го чейин кой, эчкиси, 1 топозу болсо болду болбосо жок. Ошого байланыштуу кедей эркек киши үйлѳнбѳй калат. Кыздын калымы 10 жамбы, ал эми бир жамбы 10 жандыкка тете.

Эң кѳйгѳйлүү маселе бул элдин крут болуп бараткандыгында. Аларда эне менен ымыркайдын ѳлүмү ѳтѳ жогору. Бир дагы үй-бүлѳѳ эненин жана баланын ѳлүмүнѳн куру калган эмес. Сурасаң 6, 9 же болбосо андан деле кѳп балдары тѳрѳлгѳндѳн кийин 1-2 күндѳн баштап 1-5 жашка чейин жашап чарчап калышкан. Колдорунда калганы 1, 2 эле перзент.

Атайын барган дарыгерлер: кардиолог Рашит Марипов, гинеколог Индира Мырзалиева, терапевт Ороз экспедициядагы эң керектүү адамдар болду. Рашид ѳтѳ бийик чебер адис катары, бүгүнкү күнү доктордук дисертациясын жактоо алдында турат, сапарда экспедициянын мүчѳлѳрүнүн ден соолугун эле карабастан, Кичи Памирге барып боордоштордун ден соолугун текшерип, дары дармекти таратып кеп-кеңештерин айтып келди. Ал эми Индира менен Ороз Улуу Памирдеги кишилерди гана эмес атайын жыйылып келген аялдардын, бала-бакыранын ден соолуктарын текшерип кеңештерин, талаптарын айтып келишти. Дүйнѳ элдеринин ичинде биздин ооганстандагы боордошторубуздун турмушундай жумуртканын ичинде калгандай калк бар бекен? Деңиз деңгээлинен 3,5-5,0 миң метр бийиктикте, дарак ѳспѳгѳн, чымчык учпаган жерде, дүйнѳлүк цивилизациядан оолакта, адамзаттын, маданияттын ѳнүгүшүнѳн кабары жок изоляцияда калгандыктан буларды «караңгы экен» деп кээ бирѳѳлѳр айтып келишип, коомчулукка дагы ошондой пикир таратууда. Албетте, алар ѳздѳрү менен ѳздѳрү болуп, ѳздѳрү билген, ата-бабаларынан калган мурасты, салтты сактап жашап келатышканы анык. Мисалы боз үйдѳ баарлашып отурганда биздин арабыздан бироо «силерде сүйүү барбы?» деп сурап калды. «Сүйүү жок» деп жооп берди, анткени алар кыздары тѳрѳлгѳндѳ эле энчилеп, кудалап коюшат, ал кыз чоңойгуча кимге күйѳѳгѳ чыгарын билет, башка бирѳѳнү сүйүп, же качып кетүү жок, «бул уят, ѳлүмгѳ тете» дешти.

Мен оогандык кыргыздарга Кыргыз Мамлекети биринчи ирет 2008-жылы жѳнѳткѳн гуманитардык экспедициясында гуманитардык жүктү топтоп, жеткирүүгѳ жоопту кызматкер катары барган элем. Экспедицияны андагы Миграция жана ишке орноштуруу боюнча Мамлекеттик комитеттин тѳрайымы Айгүл Рыскулова жетектеп барган. Экспедиция биринчи болгондуктан, жолдо бир топ кыйынчылыктарга дуушар болгонбуз, биринчиден Тажикстандын күч органдары биздин экспедицияны Мургаб айылында 2 күн андан кийин Шаймак айылында 1 күн кармап жатышкан, чек арада кооптуу болуп жатат деп, экинчиден табият сыноосу - жолду кыян алып кетип, оңдогончо жолдо бир түнѳп, жайында август айы болчу, тажик-афган чек арасындагы Памир (Пяндж дайрасынын башы Памир дайрасы деп аталат) дайрасы ѳтѳ кең, терең болгондуктан ѳтѳ албай Улуу Памирге деген гуманитардык жүктү ошол эле жылы кышында декабрь айында суу байып, тоңгондон кийин жеткиргенбиз. Анда биринчи экспедиция жүктү Кичи Памирге гана жеткирип, Улуу Памирдегилер менен суунун аркы ѳйүзү, берки ѳйүзү болуп учурашып сүйлѳшүп келген элек. Бир гана ошол кездеги Памирдеги оогандык чек арачылардын башчысы Эгемберди дайрадан ѳтүп келип, бардык абал тууралуу кеп салып берген.

Эсиңерде болсо, ошол экспедициядан кийин оогандык кыргыздардын документтери жок, аларга паспорт алып берүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүү зарылдыгын билдирип Бириккен улуттар уюмуна жана Ооган Ислам Республикасына кайрылганбыз. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ кайрылууда ооган кыргыздарынын тиричилик жагдайын жакшыртууга, эне-баланын ѳлүмүн азайтууга, Афган-Тажик-Кыргызстан мамлекеттери ортосунда үч тараптуу келишимдерди түзүп, Ооганстандагы чек арага жакын жайгашкан кыргыздар үчүн жеңилдетилген виза менен Тажикстандын Мургаб району менен катнашууга шарт түзүү, ошондой эле Кичи Памирликтер үчүн Гүнжүбай аймагында Улуу Памирликтер үчүн Зор-Кѳл - Харгуш аймагында сода сатык уюштуруп турууну жандандырууну (Мурда болуп турчу экен Гүнжүбайда) кеңеш катары жѳнѳткѳнбүз.

Мына мен тѳртүнчү жолу барып жатам. Тѳртүнчү жолу барып чек арага жакын жерден гуманитардык жүктү түшүрүп берип кайтып келебиз. Быйыл гана тажик чек арачыларын күчкѳ салып, ийге салып суранып жатып Улуу Памирдеги кыргыздарда түнѳп келүүгѳ уруксат алдык. Анткени дарыгер келатат кѳрүнѳбүз деген бала-чакалар, аялдар эртең менен гана келишмек, биз болсо кечирээк жеттик. Ошонтип бир кату ооруган адамды алып келип алышкан экен, биздин келишибизге жетпей ошол жерде кайтыш болуп кетиптир. Алардын айтымында инсульт болгон окшойт. Ал эми 2013-жылы барганыбызда 2008-жылы кѳрүп келген 6-7 жаштагы Айшакан деген кызды 2011-жылы күйѳѳгѳ беришип, азыр ооруп жатат деп капа болуп келгенбиз. Менин негизги максатымдын бири ошол Айшаканды кѳрүп, ден соолугун билүү эле. Биз күткѳндѳрдүн ичинен Айшаканды кайра-кайра айттырганымдан кийин эң акыркысында алып келишти. Кудайга шүгүр, ден соолугу жакшы экен, бирок бала тѳрѳп багууга али эрте, доктурдун айтуусу боюнча.

Каңырыгыбыз түтѳп, ыйлаганыбыз ыйлап жаттык кайтып жатканда. Баарыбыз үстүбүздѳгү жылуу кийимдерибизди, ашыкча жылуу ѳтүктѳрүбүздү, башка кийимдерибизди берип, кийгизип кеттик.

Тѳѳ, топоз минип келген аялдар, балдарын жылаңайлак шымы жок этегине, болоор болбос чүпүрѳк чапырактарга ороп келишкенин кѳрүп, жаныбыз ачыды. Индира доктурубуздун аларды кѳргѳндѳ кѳзүнѳн жаш эмес, жүрѳгүнѳн кан акты.

Бир жылда бир жолу гуманитардык жардам алып баруу менимче Ѳкмѳттѳн чечилген. Бирок, алардын биз барган сайын дүйнѳ таануусу кеңейип, түшүнүктѳрү ѳсүп жатканын байкадык. 2013-жылы Кыргызстанга келип, Жогорку Кеңештин Тѳрагасына, Вице-премьер министрге жана башка жетекчилерге жолугуп кеткен Миталип аксакал «мен келип буларга айтып жатам, балдарыбызды Кыргызстанга жиберип окуталы деп жатам» дейт. Чындыгында мурда алар балдарыбыз каапыр болуп кетет, кетсе келбей коет деп жибергиси келчү эмес. Бул жолу алар мурдагыдай «бизди кѳчүрүп кеткиле» дебестен, «биздин балдарды окутуп бергиле, бизге мактап, оорукана салып бергиле, жыгач жеткирип бергиле үй салабыз» деген суранычтарды айтышты.

Биз эми аларга даректүү катташыбыз керек. Жазуучуларды, ырчы, артистерди алпарышыбыз керек. Эң негизгиси, алардын ден соолугун кеңири изилдеш үчүн, так санын, мүдѳѳсүн билүү үчүн социалдык-медициналык экспедиция жѳнѳтүш керек. Биз канчалык тез каттасак, алар ошончо аң сезим, кѳз караш, дүйнѳ таануу жагынан тез ѳсүшѳт. Вахта ыкмасы менен дарыгерлерди, мугалимдерди жиберүү зарыл. Керек болсо айпозчуларды жиберип витаминдүү тамактарды жасаганды үйрѳтүү керек. Гигиена жагынан дагы агартуу абзел.

Биз кетип жатканда, рахмат ыраазылыгын билдиришип, жѳн эле мейманчылап келип тургулачы деп суранып калышты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×