Добавить статью
11:02, 4 марта 2025 86

Тажикстан менен чек араны тактоо келишиминин маанилүүлүгү боюнча кайрылуу

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы — эгемендигибиз менен көз карандысыздыгыбыздын негизи жана эң маанилүү таянычы. Ал эми аны бузулгус кылып коргоо өлкөнүн бүтүндүгүн сактоочу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоочу шарттардын негизгилеринин бири.

Мамлекеттик чек араны коргоо биз бүт өмүрүбүздү арнаган коопсуздук кызматтарынын жоопкерчилигиндеги эң негизги милдеттердин бири болуп келген. Ушуга байланыштуу кыргыз-тажик чек арасындагы маал-маалы менен чыгып турган чыр-чатактарда жабыркагандарды биз чын жүрөгүбүздөн аяй билебиз, жоготууларына кайгырабыз, мындан улам да чек ара талаш-тартыштарын жөнгө салуу боюнча талап кылынган иштер аткарылбагандыгына жөндүү нааразычылыктарыбыз бар болчу.

Биз бүгүн генералдар клубунун мүчөлөрү жана курамында коопсуздук органдарынын (КГБ-УКМК) мурдагы жетекчилигинин өкүлдөрү бар ардагерлер Кыргызстан элин тарыхый окуянын ишке ашышы менен – Тажикстан Республикасы менен чек араны тактоо боюнча келишимге кол коюлушу менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Кыргызстандын 30 жылдык көз карандысыздыгында кыргыз-тажик чек арасындагы маселелердин жөнгө салынбагандыгынан улам Баткен облусунда жашаган жай тургундарыбыздын өмүрүнө жана тынч жашоосуна коркунуч туулуп келген, чек ара бөлүктөрүндөгү бул так эместиктер эки бир тууган элдин ортосуна от жаккан, Борбор Азия аймагынадагы тынчтык менен ынтымакка доо кетирип турган. Кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация иш чараларынын аякташы аймагыбыздагы тынчтыкты кылымдарга камсыздайт жана Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин кылымдарга гүлдөп-өсүшүнүнүн кепилдиги болуп бере алат. Биз баарыбыз күбө болгонубуздай, Өзбекстан Республикасы менен чек ара көйгөйлөрүн чечкендей эле Тажикстан Республикасы менен да чек ара маселелеринин тарыхый кыска мөөнөттө чечилиши Кыргызстандын азыркы саясий жетекчисинин — Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун көздөгөн ишинде артка кайтпаган туруктуулугунан, чечкиндүүлүгүнөн жана саясий эркинин күчтүүлүгүнөн улам ишке ашты.

1006,84 километрге созулган кыргыз-тажик чек арасынын татаал участокторун ченеп-тактап чыккан оңой эмес иште адискөйлүгүн, туруктуулугун жана мекенчилдигин көрсөткөн Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын бардык кызматкерлери, адистери өзгөчө ыраазычылыкка татыктуу. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдө чечүүчү жана орчундуу салымды Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча кыргыз делегациясынын төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал полковник, Кыргызстандын баатыры Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев кошкону баарыбызга айкын болуп калды.

Бул маанилүү күндөрдө Биз — коопсуздук органдарынын генералдары жана офицерлери Мекенибиздин чектерин баатырдык жана мекенчилдик менен коргоп курман болгон чек арачы жоокерлердин рухунун алдында башыбызды ийип таазим этебиз жана ошондой эле Баткен облусунун элине Кыргызстандын бүтүндүгүн сактоодогу көп жылдык туруктуулук менен чыдамкайлыгы үчүн чексиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Биздин көз карашыбыз боюнча кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо иш-чараларынын аякташы Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен чектешкен аймактары толугу менен жөнгө салынганын билдирет. Мындай жакшы жагдай биздин элдин биримдиги, гүлдөп-өсүшү жана тынчтыкта жашап, жеңиштерди карай барышы үчүн эң зор мааниге ээ.

Генералдар клубунун жана улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлеринин тапшыруусу менен жана алардын атынан

Клубдун президенти, запастагы генерал-лейтенант Иманкулов К.А.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×