Добавить статью
13:48, 19 августа 2025 14

Муратаалы бийге арналган мамлекеттик,регионалдык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө негиздеме

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган иш-чарада 1720-жылдары туулган Бирназар бий жана анын уулу Муратаалы бий (1782-1884) абдан кыйын учурда журт керегине жараган элдик адамдар болгонун жарыя кылды.

Муратаалы бий Бирназар улуу Ысык-Көл өрөөнүн абдан катаал учурда башкарган саналуу адамдын бири катары ошол кездеги маалыматтар топтолгон бардык архивдик материалдарда жазылып, тарыхый жана көркөм адабияттарда сүрөттөлөт. Изилденип чыккан фактыларга таянып айтсак, анда анын ата-бабалары мекендеген жер — Ысык-Көл өрөөнү үчүн күрөшүп, өз эли — бугу уруусун башка уруулар менен жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгы, келечеги үчүн ынтымакташып, сырткы коркунучтан коргоого бүткүл өмүрүн арнаганы чындык.

Эл менен бийликтин ортосундагы эң ишенимдүү мамиле, жакындык Муратаалы бийдин доорунда Ысык-Көл жергесинде болгону жана башкалардан айырмаланып турганы тууралуу орус архивиндеги маалыматтарда чагылдырылган. Тарыхчы Белек Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхы» деген эмгегинде да аны бир нече жолу эскерип, Муратаалы бий 1882-83-жылдардын айланасында кайтыш болгону тууралуу маалымат берет.

Бирназар бий Муратаалы бийди гана эмес, кыргыздын регионалдык саясый элитасынын айныксыз өкүлү катары бизге белгилүү болгон Тилекматтын атасы Жылкыайдарды да өз уулундай өстүргөн. Алгач Бирназар бийлигин тун уулу Эсенаманга өткөргөн. Бирок Эсенаман дуйнөдөн эрте кайтып, анын керээзи менен Муратаалы бийликке келген.

Падышалык доордогу орус администрациясындагы архивдик материалдарда, алардын окумуштуу чалгынчыларынын маалыматтарында  кыргыз тарыхы тууралуу совет доорунда жазылган тарыхый, адабий-көркөм чыгармаларда Муратаалы бийдин ысымы эскерилип, анын ошол доордогу кыргыз элинин саясый элитасынын өкүлүнүн катарына кирген бугу уруусунун таасирдүү бийи экендигинен кабар берет.

Кыргыз тарыхы темасына калем шилтеген жазуучулар Т.Касымбековдун «Кел–кел», К.Осмоналиевдин «Көчмөндөр кагылышы», Э.Медербековдун «Кызыл жалын» романдарына Муратаалы бий тарыхый кейипкер катары кирген. Муратаалы бий кыргыздын элдүүлүгүн түптөөгө салым кошкон кыргыздын белгилүү бийлеринин бири. Анын жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн  кармандыгы, алысты көргөн даанышмандыгы, намысты бийик туткан баатырдыгы, адамдык бийик касиети кылган ишинде көрүнүп турат.

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык жылдарында да тарыхты казган окумуштуулар эмгектеринде Муратаалы бий тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле элдик санжыра булактарда маалыматтар арбын. Мисалы, казак ханы Кененсарынын Кыргызстандын түндүгүнө жасаган жортуулундагы аларга каршы урушка Муратаалы бийдин адамдары катышып, анын уулу Калмурза эки жолу жекеме-жекеге чыгып, Наурузбайдын найзакерлерин сайып түшкөн. Муратаалы улуу Калмурзанын Жантайдын кызын алганы да белгилүү. Ушул багытта жана жаны архивдик ачылыштардын негизинде өтүп жаткан жыйында кеңири маалымат берилип, кеп болот.

Россиянын императорлук армиясынын башкы штабынын офицери, окумуштуу, казак эл өкүлү Чокон Валихановдун беш томдук жыйнагында «Боромбай Бекмуратов менен Муратаалы Бирназаровдун» ысымдары дайыма катар турат жана мөөр — ыйгарым укук бугу элинин Россия империясы менен болгон дипломатиялык карым-катынашына байланыштуу Муратаалыга 1853- жылы берилгени жазылат.

Муратаалынын элдин тагдыры челип жаткан кездеги саясый позициясы, анын өз ою, максаты, бийик кадыр-баркы болгондугун айгинелеген документтер ошол доордогу архивдик материалдардын негизинде 1998-жылы чыккан «Кыргызстан-Россия, Взаимоотношений XVIII-ХХ в.в.» деген жыйнакка киргизилген.

Бугу уруусунун Россия империясына 1855-жылы кошулушу бугуларды сырткы жана ички кагылышуулардан куткара алган жок. Кокон кандыгынын басымы арткан, алар жана казак урууларынын кысымга алуу аракети токтогон эмес. Кокон кандыгын жетектеген саясий топтор менен мамилесин бузбай Муратаалы бий, Тилекмат манап, Чоң Карач бий бир тарап болуп, 1855-1856-жылдары кокондуктар салган зекеттен баш тартпай, төлөп турат. Албетте мындай көрүнүш орус бийлиги менен Муратаалы бийдин ортосунда терс мамиленин түзүлүшүнө алып келет. Орус колониялык администрациясынын бир канча ирет берген коркутуу мүнөзүндөгү эскертүүсүнө ал моюн сунбастан, өз позициясынан кайтпай турган.

1855-1861-жылдары болгон бул окуялар архивдик документтерде сакталып калган. Бул маалыматтар академик Б.Жамгырчиновдун «Очерки политической истории Киргизии с России» деген 1959-жылы Москва шаарында жарык көргөн эмгектеринде кеңири чагылдырылган. Автор Казак ССРинин, Өзбек ССРинин жана Москвадагы Россия империясынын тышкы саясат архивинин материалдарына таянган. Бирок Муратаалы бий өз кызыкчылыгынан, бийлигинен жалпы элдин кызыкчылыгын жогору коюп келген. Ал башында турган Тилекмат, Чоң Карач бийлер орус бийлиги менен да кызматташууга аракет жасашат.

1861-жылы кокондуктар Муратаалы бийге кайрадан кайрылышат. Алардын көздөгөнү бугу манаптарын орус бийлигине каршы коюу эле. Муратаалы бий орус бийлиги менен кызматташуудан баш тартпайт, ошону менен катар Зарыпбектин ага манап кызматына шайланышына каршы болот. Бир гана Муратаалы эмес, эл арасында чоң кадыр-баркы бар бугу уруусунун Тилекмат, Чоң Карач, Балбай жана башка манаптары, Ч.Валихановдор да кээ бир адамдарды бийлике коюуда каршылыгын көрсөтүшөт.

Муратаалы бийдин орус империясына каршы турушу 1867-жылы бир канча кырдаалдарды камтыган окуялардан кийин гана токтолот. Ошол учурда Муратаалы, Бала Карач, Балбай, Нурдөөлөт жана башка манаптар бугулардын айрым айылдарынын Текеске жана Кегенге чектеш, мурдагы өздөрүнүн жайлоолоруна көчүүнү орус бийлигинен өтүнгөн. Орус бийлигинин Ысык- Көлгө орношуна каршылык көрсөткөн манаптардан Балбай баатыр, Сабатар молдо жана башкалар колго түшүрүлөт да, бул Балбай баатырдын өлүмү менен аяктайт.

Тарыхый документтерден көрүнүп тургандай, Муратаалы бий «кантсем элимди кыйын абалдан чыгарам?...» деп, кырдаалга байланыштуу кокондуктар менен да, орус падышалыгы менен да, кыргыз уруулары менен да абалга жараша мамиле жасаган. Ал өз кызыкчылыгынан элдин тынчтыгын жогору койгон.

Муратаалы өмүрүнүн акырына чейин өз ата-бабалары мекендеген Кегендин Нарынколунда (Сары-Жаз, атактуу Кан-Теңиринин түндүк жагы ) жашап, дүйнөдөн өткөн. Ошол жерде Муратаалы бийдин атындагы дарыя азыр да бар.

Кыргыз элинин тарыхындагы абдан катаал шарттарда да өзүнүн намыстуу руху-духун сактаган Муратаалы бийдин элесин эскерүү жалпы эл үчүн абдан керек. Кыргыз элинин тарыхындагы намысты туу туткан,өз камын эмес, элдин камын көрүп, анын келечеги үчүн күрөшкөн чыгаан адамдарды эскерүү аркылуу гана мамлекеттүүлүк түптөлө алат.

бирназар бий, муратаалы бий
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×